Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы

 4 сессиясы

2024-жылдын 18-апрели № 14

 

Спорт комплекстин тегерегиндеги теректерди кырктыруу жөнүндө

 

Шекер айылындагы А.Жакыпбеков көчөсүндөгү муниципалдык менчикте турган спорт сарайынын батыш тарабындагы теректерди кырктыруу үчүн;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айылындагы А.Жакыпбеков көчөсүндөгү муниципалдык менчикте турган спорт сарайына кирүүгө жол салуу максатында, жерди бошотуу үчүн батыш тарабындагы теректер жана мончонун айланасындагы эскилиги жеткен теректер кыркылсын.

 

2. Теректерди кыркуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Талас райондук башкармасынан уруксат алынсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К. Э. Иманалиев