ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрелиндеги № 7
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы ички жолдорду муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы ички жолдорду башкача айтканда Сары-Камыш, Кызыл-Өрүк, Тору-Айгыр, Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы айылдарынын ички жолдорун айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу боюнча Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы Сары-Камыш, Кызыл-Өрүк, Тору-Айгыр, Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы айылдарынын ички жолдору айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2.Ички жолдорду муниципалдык менчикке алуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов