Загрузка документа…
ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрелиндеги № 11
Жайкы мал багуу акысын жана көчүп-конуу тартибин бекитүү жөнүндө
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы айыл тургундары жана мал багуучулар менен биргеликте өткөрүлгөн элдик жыйындардын (Чырпыкты, Кош-Көл айылдары-26.03.2024, Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Тамчы айылдары-27.03.2024, Сары-Камыш айылы 28.03.2024) протоколдору жана чечимдери менен таанышып, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы айыл тургундары жана мал багуучулар менен биргеликте өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдери бекитилсин.
2.Мал багуучунун эмгек акысы төмөнкү өлчөмдө чектелсин: кой-эчки ар бир башка 80сом (налог, тузу ичинде), бодо мал (уй, жылкы)-500сом, тайга-1000сом.
3.Мал багуучулардын көчүп-конуу графиги:
-Айыл ичиндеги малдар 1-апрелден 10-апрелге чейин тоого чыгарылат. Субай малдарды айыл ичинде алып калууга тыюу салынат.
-Кашардагы малдар 10-15-майга чейин тоого чыгарылат.
-Күзүндө тоодон уй, жылкы 15-октябрдан баштап, кой, эчкилер 1-ноябрдан баштап келүүгө уруксат берилет.
4.Көчүп-конуу графигин бузуп, өз убагында көчпөгөн жана эрте келген малчы, фермерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүү жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
5.Элдик жыйындардын чечимдерин жана жергиликтүү кеңештин токтомун аткарбаган малчы, фермерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүү жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов