Загрузка документа…
ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2024-жылдын 20-майындагы № 3
Жергиликтүү бюджетти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” VIII бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык,
2024-жылга Тору-Айгыр айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.2024-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 118 412 200 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин. Анын ичинен:
- 115 712 200 сом жергиликтүү бюджет,
- 2 700 000 сом атайын каражаттар.
2.2025-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 128 293 100 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
3.2026-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
140 181 600 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
4.Жыл ичиндеги акча каражатын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.А.Мамбетов