Загрузка документа…
ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2024-жылдын 20-майындагы № 4
Долбоорлорго өздүк салым кароо жөнүндө
2024-жылга карата Дем берүүчү грантка өткөн долбоорлорго өздүк салым жергиликтүү бюджеттен карап берүү жөнүндө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тору-айгыр айылындагы К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинин ички электр чубалгыларын толук реконструкциялоо боюнча түзүлгөн долбоордун жалпы суммасынын (2 444 098 сом) 30%, 733 229(жети жүз отуз үч миң эки жүз жыйырма тогуз) сом акча каражаты өздүк салым катары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралсын.
2.Сары-Камыш айылындагы М.Ноорузбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин чатырын алмаштырууга түзүлгөн долбоордун жалпы суммасынын (1 889 600сом) 30%, 566 880 (беш жүз алтымыш алты миң сегиз жүз сексен) сом акча каражаты өздүк салым катары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралсын.
3.Чырпыкты айылындагы “Нур бала” бала бакчасынын жылуулук системасын оңдоо, жылуулоо үчүн түзүлгөн долбоордун жалпы суммасынын (2 868 801сом) 30%, 860 640 (сегиз жүз алтымыш миң алты жүз кырк) сом акча каражаты өздүк салым катары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралсын.
4.Тамчы айылындагы “Жаш муун” бала бакчасынын 1-кабатын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоордун жалпы суммасынын (5 998 797сом) 50%, 2 999 399 (эки миллион тогуз жүз токсон тогуз миң үч жүз токсон тогуз) сом акча каражаты өздүк салым катары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов