Загрузка документа…
ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2024-жылдын 05-июнундагы № 12
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кош-Көл айылынын тургуну Ж.А.Мукамбетовдун кайрылуусун угуп, талкуулап, 21 адамдын колу коюлган макулдук кагазынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467токтому менен бекиген (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №488, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) “Мамлекеттик маанидеги объектилерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” ЖОБОнун 4-пунктуна ылайык, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, КПСС мүчөсү, коомдук жана саясий ишмер Мукамбетов Аваздын ысымы Кош-Көл айылындагы жаңы конуштун долбоорлонгон №7 көчөсүнө ыйгарылсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү баласы Мукамбетов Жеңишбек Авазовичке милдеттендирилсин.
3. Мукамбетов Аваздын ысымын ыйгарууга ылайыктуу көчөнү аныктоо, сунуштоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов