Загрузка документа…
ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2024-жылдын 05-июнундагы № 1
Тору-Айгыр айылына капчыгайга платина куруу долбоору жөнүндө
Айыл аймагындагы суу жетишсиздигин чечүү, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында, Тору-Айгыр айылынын тургуну жана райондук суу чарба бөлүмүнүн инженери Акеев Таалайбек Мырзапаровичтин кайрылуусун угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба департаментинин жооптуу адамдары менен
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевдин жолугушуп, такташуусунун жыйынтыгы менен таанышып, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тору-Айгыр айылына капчыгайга платина курдуруу үчүн сметалык проектисин түздүрүүгө 15 000 000 (он беш миллион) сом акча каражаты Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, иш алып баруу жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов