Редакцияот 17.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын  Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

 

2024-жылдын 17-июнундагы № 1

 

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын аталышын өзгөртүү боюнча

 

        “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Эл  депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

        1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын аталышы “Касым Тыныстанов айыл аймагы” болуп өзгөрүлүшүнө макулдук берилсин.

        2.Айыл аймагынын административдик-аймактык борбору болуп Тамчы айылы калтырылсын.

       3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                    Э.А.Мамбетов