Загрузка документа…
ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2024-жылдын 17-июнундагы № 7
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын, КР Бюджеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 «Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Типтүү Жобону бекитүү тууралуу» Буйругунун негизинде Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында биргелешкен мониторинг жана баалоо иштерин уюштуруп жүргүзүү максатында Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн:
1) Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрагасы- Мамбетов Элнар Асангазиевич-Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы;
2)Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү:
Мамбеталинеа Гүлбара Асанбековна -Жергиликтүү кеңештин депутаты;
Абдыкасымов Улан Өмүрбаевич - Жергиликтүү кеңештин депутаты;
Эшимканов Нурдан Кырманбекович- Жергиликтүү кеңештин депутаты;
Рысалиева Гульзат Рымбековна- башчынын орун басары-жооптуу катчы;
Байбосунова Эльнура Керимбаевна- чыгашалар боюнча башкы адис;
Мукамбетова Гульнура Картайбековна- Чырпыкты айылдык клубунун көркөм жетекчиси, инвестиция боюнча иш алып баруучу;
Айтбеков Адитет Яныш-Тилекович- Сары-Камыш айылынын айыл башчысы;
Жолалиев Эрмек Сураналиевич- Кош-Көл айылынын айыл башчысы.
2.Биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү Жобо кабыл алынсын (Тиркеме 1);
3.Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Типтүү Жобого ылайык айыл аймак ченинде аткарылып жаткан иштерге байкоо жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын;
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Э.А.Мамбетов