Загрузка документа…
ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2024-жылдын 17-июнундагы № 8
Көл жээгиндеги унаа токтоочу жайларга кирген автоунаалардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Айыл аймагындагы көл жээгиндеги унаа токтоочу жайлардын ишин көзөмөлдөө жана эс алуучулар менен жергиликтүү тургундардын арасында пикир келишпестиктердин алдын алуу максатында, унаа токтоочу жайларга кирген автоунаалардын тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин кайрылуусун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынында жайгашкан пляждарда иш алып барган ишкерлер менен айыл өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу келишим түзүлсүн.
2.Пляждарда иш алып барган адамдарга пляждын санитардык тазалыгын сактап, жоопкерчилик менен иш алып баруу тапшырылсын.
3.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы көл жээгиндеги унаа токтоочу жайларга кирген автоунаалардын тарифи:
- 1(бир) жеңил автоунаага 100 ( бир жүз) сом;
- 1(бир) минивен автоунаасына жана 1 (бир) микроавтобуска (маршрутка) 150 (бир жүз элүү) сом;
- 1(бир) автобуска 200 (эки жүз) сом өлчөмдө бекитилсин.
4. Пляждардагы ишти көзөмөлдөөгө жоопкер адам дайындалсын жана райондук салык кызматы менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин “Агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жана “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов