Редакцияот 27.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы

 

2024-жылдын 27-майы № 2

 

“Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө.

        “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу Жобону угуп, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын V сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн, кабыл алынган Жобого ылайык иш алып барылып, “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын. (Жобо тиркелет).

 

2. “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн токтомдун аткарылышын камсыздоо жана кабыл алынган Жобо боюнча көзөмөл жүргүзүп иш алып барып ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын текшерип, кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бекитемин:____________________

 

Төрага: Мамыралиев А.Т.

Күмүштак айылдык аймагынын

жергиликтүү  өз алдынча башкаруу

Кенешинин I чакырылышындагы

депутаттарынын 2024-жылдын

27-майындагы V сессиясынын

№2 токтому менен бекитилген

 

 

“Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө 

ЖОБО

I. Жалпы түшүндүрмө

1.1 Бул Жобо “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу  тартибин аныктайт;

1.2 “Ардактуу атуул” наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары – айыл өкмөтү, айылдык Кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар,  көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот;

1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү кабыл алып, арыздарды  Жобонун талаптарына  ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен айылдык Кеңешке жөнөтөт;

1.4 “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп,  жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон  тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;

1.5 “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 6  адамга гана ыйгарылат. 3 адамга 31-августта берилет, 3 адамга жылдын жыйынтыгы менен берилет.

II. “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын  ыйгаруу үчүн негизги талаптар:

2.1 Күмүштак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң  салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон,  айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;

2.2 Күмүштак айылынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;

2.3 Айылга инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес  адамдарына, чет элдик адамдарга.

III.   “Күмүштак Айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби.

3.1 “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” төш белгисин жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен  жүргүзүлөт;

3.2 “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө,  Күмүштак айылдык Кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат;

3.3 ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин  кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:

Ø  Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер  жеке жарандар, коомдук уюмдар  тарабынан сунушталган болсо:

• Талапкер  боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык   протоколдук чечими;

• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн  макулдук берүүсү;

• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;

• өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;

• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);

Ø  Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер  мекеме, ишканалар  тарабынан сунушталган болсо:

• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун чечими;

• өмүр баяны,  мүнөздөмө, сунуш;

• “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айыл чарбасына, анын элге сиңирген эмгектери,       

алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;

• өздүк баракчасы сүрөтү менен;

• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

• паспортунун көчүрмөсү.