Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы
2024-жылдын 27-майы № 3
“Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Күмүштак айыл өкмөтүнүн аппараттык кеңешмесинин 2024-жылдын 24-майындагы №01-10/251 чыгыш сандуу “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына сунуштамасын карап чыгып талкуулап, Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагына көп жылдык мээнет менен эмгектенип, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, маданий тармагы боюнча өсүшүнө, айыл-чарба багытынын өркүндөшүнө, сапаттуу медициналык жардамдарды көрсөтүүсүнө, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн салымдары үчүн, жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн төмөндөгү жарандар “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
- Жакышов Русланбек Шергазиевич;
- Нарботоев Токтогул ;
- Молдалиев Нарбек Наматбекович;
- Алымкулов Турсунбек Алымкулович;
- Агынаев Аскер;
- Курманбеков Анатай Анарбекович.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Мамыралиев А. |