Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы
2024-жылдын 27-майы № 4
Айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлери жана айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлери аукционго коюлбай калгандыгына байланыштуу ижарага түз берүү жөнүндө
Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлери жана айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлери аукционго коюлбай калгандыгына байланыштуу 2024-жылдын 1-октябрына чейин ижарага түз берүү максатында жана ошондой эле айылдык Кеңештин депутаттарынын ижарага түз берүү жөнүндөгү уруксат, сунуштарын угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) аукционго коюлбай калган жерлери жана Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы аукциого коюлбай калган жерлери түз берүүдө ижара акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- №7-контурдагы Кош-Арык массивиндеги айдоо-суугат жерлери 10 коэффициент менен берилсин;
- №946-контурдагы Культурный массивиндеги айдоо-суугат жерлери 20 коэффициент менен берилсин;
- Ижара акыдан тышкары Мамлекеттик соц.фонд алымы жана салыгы чегерилсин.
2. Аталган жерлер атаандашуу жолу менен ижарага берилсин. Келишимде ижара убактысы көрсөтүлүп 2024-жылдын 1-октябрына чейин түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |