Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы
2024-жылдын 27-майы № 5
“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматованын сунушун угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
2. Суугат сууну пайдалануу боюнча:
· Көл-Түкөк каналы боюнча Боо-Терек айылы үчүн ар бир сууга гектарына:
-Жөөк менен суугаруу үчүн – 220 сом;
-Көп жылдык чөп суугаруу үчүн – 250 сом.
· БТК каналы боюнча:
-Боо-Терек айылы үчүн “Көтөрмө” насосунан 1 саатка – 50 сом;
-Кыргызстан айылы үчүн “Жал” насосунан 1 саатка – 100 сом.
· “Жики” каналы боюнча:
-1 гектарына 1 жылга – 1000 сом.
· “Бош-Моюн” каналы боюнча Кызыл-Бакыр элине 1 гектарына 1 жылга -500 сом;
· Көл-Түкөк каналынан Оро айылы үчүнар бирсуугат үчүн – 250 сом;
· БТК каналы боюнча Оро айылы үчүнбир жолку сугарууга 1 литр сууга – 0,05 тыйын.
3. Техникаларды пайдалануу боюнча:
· Экскаватор МТЗ саатына – 10 литр күйүүчү май, кызмат акысы – 500 сом;
· Погрузчик горизонтальный саатына – 15 литр күйүүчү май, кызмат акысы – 700 сом;
· КАМАЗ 1 рейсине 1800 сом;
· Зерновой комбайн “ЛИДА” бир гектарга – 30 литр күйүүчү май, кызмат акысы 2000 сом.
4. Ичүүчү суу боюнча 1 айга:
· Айыл элине 1 түтүнгө – 100 сом;
· Мектеп, бала бакчаларга – 4000 сом;
· Мончолорго – 2000 сом;
· Дүкөндөргө – 100 сом;
· Айыл өкмөтүнө – 300 сом;
· №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна – 500 сом;
· Үйгө суу киргизүүгө уруксат алуу үчүн – 5000 сом.
5. Таштанды боюнча ай сайын:
· Кыргызстан, Жон-Коргон, 1-май айылы боюнча ар бир түтүнгө – 25 сом;
· Боо-Терек айылы боюнча ар бир түтүнгө – 30 сом;
· Мектептерге, бала бакчаларга – 200 сом;
· №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна – 100 сом;
· Дүкөндөргө – 100 сом.
6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |