Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы
2024-жылдын 27-майы № 6
Бешкемпирова Анаркандан 7 сотых жер аянтын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине сатып алуу жөнүндө
Боо-Терек айылынын тургуну Бешкемпирова Анаркандан 7 сотых жер аянтын 560 000 сомго айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатып алууга уруксат берүү жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкемпирова Анаркандан 7 сотых жер аянтын (6-02-02-1001-19-92 кодировкасындагы) айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жергиликтүү бюджеттен 560000 сом акча каражатка сатып алууга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Күмүштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына мамлекеттик актысын алуу үчүн акча каражатын которуу жагын жана Бешкемпирова Анарканга 560 000 (беш жүз алтымыш миң) сом акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы, Боо-Терек айылындагы Бешкемпирова Анаркандан 7 сотых жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатып алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адисине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |