Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы
2024-жылдын 27-майы № 7
Суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) карыздары үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Күмүштак” муниципалдык ишканасы жаңы ачылгандыгына байланыштуу, СПАлардын мурдагы карыздарын жабуу үчүн Күмүштак айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевдин сунушун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СПАлардын төмөнкү карыздары Күмүштак айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин:
- Боо-Терек айылындагы “Курама-Төр” СПАсынын мурдатан келе жаткан салыкка жана соцфондко болгон карызы 280952,18 (эки жүз сексен миң тогуз жүз элүү эки сом он сегиз тыйын) сом жана Бакай-Ата суу чарба башкармалыгына болгон карызы 205070 (эки жүз беш миң жетимиш) сом.
- 1-Май айылындагы “Элдан-Суу” СПАсынын салыкка жана соцфондко болгон карызы 109305,29 (бир жүз тогуз миң үч жүз беш сом жыйырма тогуз тыйын) сом.
Жалпысынан 595327,47 ( беш жүз токсон беш миң үч жүз жыйырма жети сом кырк жети тыйын) сом Күмүштак айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |