Загрузка документа…
АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он үчүнчү сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры №119
“Семетей” жер тилкелеринин бекитилген тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Атбашы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8 ноябрындагы №265 токтомун, ошондой эле 400 адамдан турган жер тилкесин алууга жарандардын бекитилген тизмесин карап, Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Атбашы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жер комиссиясы 400 адамдан турган бекитилген тизме боюнча тактоо процедураларын жүргүзсүн.
2. Тактоолордун жыйынтыгы боюнча жашаган жерин таштап кеткен же өзгөрткөн, каза болгон жарандардын өздүгү аныкталган убакта документ түзүлсүн.
3. Жер комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү комиссиянын актысына ылайык көчүп кеткендердин, каза болгондордун же жашаган жерин өзгөрткөндөрдун ордуна социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарды киргизүүнү сунуштайт.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э Мусурманкуловго жүктөлсүн.
Төрайым | Д.Абыканова |