Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы
2024-жылдын 27-майы № 8
Боо-Терек айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы кабыл алынган №1 токтомунун 4-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы кабыл алынган №1 токтомунун 4-пунктунда көрсөтүлгөн “Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда ич ара бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүм башчысынын сунушунун негизинде айылдык Кеңештин депутаттарынын сессиясында талкууланып каралып, Кеңештин токтому менен жүргүзүлсүн” деген пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевдин сунушун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 30-январындагы кабыл алынган “Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндөгү” №1 токтомунун 4-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
· Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткаруу процессинде зарыл учурда бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруулар Күмүштак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын сунушунун негизинде Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевдин токтому менен жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын жоопкерчилик менен камсыздап, аткаруу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге жана Күмүштак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |