Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы
2024-жылдын 27-майы № 9
1-Май айылындагы көрүстөн жайгашкан жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө
1-Май айылынын тургундарынан келген 2024-жылдын 20-майындагы №6 кириш сандуу кайрылууну карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылынындагы №579-контурундагы 12,60 гектар жер тилкеси көрүстөнгө трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |