Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы
2024-жылдын 27-майы № 10
Баткен согушунда кайтыш болгон Жаңыбай уулу Тилектин эстелиги Кыргызстан айылындагы мурунку Оро айыл өкмөтүнүн имаратынын астына коюу жөнүндө
Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевдин сунушун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын V сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылындагы мурунку Оро айыл өкмөтүнүн астына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн макулдугу мененБаткен согушунда баатыр катары кайтыш болгон Жаңыбай уулу Тилектин эстелиги коюлсун.
2. Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы, Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн керектүү уруксат иш кагаздарын алууга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Мамыралиев А. |