АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 31-октябры №184
Атбашы айыл аймагынын №13-3.23 га, №35-0.5 га контурларында жайгашкан жалпы аянты 3.73 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Атбашы айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси К.Бөкөбаевдин Атбашы айыл аймагынын №13-3.23 га, №35-0.5 га контурларында жайгашкан жалпы аянты 3.73 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, 2023 жылдын 6 декабрынын райондук комиссиясынын корутундусунун негизинде Атбашы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Атбашы айыл аймагынын №13-3.23 га,№35-0.5 га контурларында жайгашкан З.Ж Исмаиловага таандык жалпы аянты 3.73 гектар жерди агро минералдык завод куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жөнөтүлсүн.
Төрайым | Д.Абыканова |