Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
2024-жылдын 31-майы № 18
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Арал айылынын тургуну Жунушова Айгүлдүн материалдык жардам катары Арал мектебинин эски имаратын бузуудан чыккан курулуш материалдарын турак-жай курууга пайдалануу үчүн жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну Жунушова Айгүлдүн арызы канааттандырылсын.
2. Арал орто мектебинин эски имаратын бузуудан чыккан курулуш материалдары материалдык жардам катары арыз ээсине берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |