АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 19-декабры №189
Атбашы айыл аймагынын №111 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0.8 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Атбашы айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси К.Бөкөбаевдин Атбашы айыл аймагынын №111 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0.8 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, 2023 жылдын 15 декабрынын №39 жер комиссиясынын протоколунун негизинде Атбашы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Атбашы айыл аймагынын №111 контурунда жайгашкан Кочкор уулу Мунарбекке таандык жалпы аянты 0.8 гектар жерди байпак чыгаруучу фабрика куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жөнөтүлсүн.
Төрайым | Д.Абыканова |