Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
2024-жылдын 6-июну № 20
2024-2025-жылдарга көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралуу Жобону жана иш чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын аткаруу максатында 2024-2025-жылдарга көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралуу Жобо жана иш чаралар планы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралуу Жобо жана 2024-2025-жылдарга белгиленген иш-чаралар планы бекитилсин.
2. Иш чараларды уюштурууга жергиликтүү бюджеттин тиешелүү статьяларынан акча каражаты каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |
|
| Каракол айылдык кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 20 токтому менен бекитилди |
Каракол айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелер
1. Жалпы жоболор
1. Айыл аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №262 буйругунун негизинде иштелип чыкты.
2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Айыл өкмөтү эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
2. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
4. Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдетүү.
5. Жеке турак жайларда жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди түзүүгө жол берилет.
6. Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды каптарга бөлүштүрүп иргейт.
7. Таштандылар салынган каптарды же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат учун атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
8. Таштанды салынган каптарды чогултуучу аянттардын же таштандылар салынган каптардын ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
9. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оӊдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
10. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер айыл өкмөтү, айыл башчылары жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
11. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган каптарды коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
12. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
13. Кызмат көрсөтүүчү тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражатары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
14. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
15. Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү Каракол айыл кеңешинин ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук төлөөгө милдеттүү.
16. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
17. Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
18. Кыймылсыз объекттерди курууну жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
19. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бакдарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
21. Көчөлөргө жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
22. Калк массалык турдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
23. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
24. Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуштиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
25. Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу турмуштиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
26. Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
27. Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
28. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо айыл өкмөтү же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
29. Таштандыларды жок кылуучу жайларды кутуу үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
3. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
54. Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөтүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
55. Айыл аймакта тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
56. Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
57. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
58. Газондорго, гүлзарларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тартуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
5. Жашылдандыруу
59. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
- бак-дарактарды отургузуу,
- бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер
- жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөр коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү;
- куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
- газонду багуу боюнча жумуштар
- тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөр кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
- скверлерди жана бакчаларды тосуу;
- айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
60. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- Жалпы пайдалануудагы аймактарда
- парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө айыл өкмөтү тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
- турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо
- үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
- уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында өткөл жердеги уюмдардын жетекчилерине;
61 . Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
62. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дон кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дон кийин жүргүзүлөт.
63. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.
64. Таажыны санитардык кыркуу иштерине эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
65. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрунүүсүн камсыз кылуу максатында жүргузүлөт, Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
66. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
67. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
68. Айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат,
69. Жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;
70. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
- жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
- тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;
- бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды тогуучу жайларды уюштурууга;
- калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;
- жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн чогултуу, компост салуу үчүн атайын болунгон жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
- от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
6. Тышкы жарыктандыруу
72. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө айыл өкмөтү дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
73. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.
74. Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
75. Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
76. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементгери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
77. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
78. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминацияньш жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу айыл өкмөтү менен макулдашылат.
7. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
79. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
80. Бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
81. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
82. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу айыл өкмөтүнүн атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодесине ылайык жаза чараларын көрөт.