Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
2024-жылдын 6-июну № 22
Дем берүүчү үлүштүк грантка өздүк салым катары акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылындагы Р.Айдаралиев орто мектебинин терезе эшиктерин алмаштырууга дем берүүчү үлүштүк грантка өздүк салым катары акча каражатын бөлүү максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдагы өткөрүлгөн тендерден үнөмдөлгөн акча каражаты эсебинен 450,0(төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты Көпүрө-Базар айылындагы Р.Айдаралиев орто мектебинин терезе эшиктерин алмаштырууга дем берүүчү үлүштүк грантка өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |