Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
2024-жылдын 6-июну № 25
Каракол жайлоосуна кетүүчү жолдорду оңдоого Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылга аткарылууга белгиленип жаткан, “Каракол жайлоосуна кетүүчү жолдорду оңдоо” долбоорун Талас өнүктүрүү фондусуна өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып,кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол жайлоосуна кетүүчү жолду ремонттоого Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор даярдалып, тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |