Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
2024-жылдын 6-июну № 26
Айыл тургуну Апышов Бактыбектин дарылануусуна материалдык жардам катары акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айыл тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө
Айыл тургундарынын 2016-2021-жылдары айыл өкмөтүнүн башчылык кызматын аркалаган Апышов Бактыбектин дарылануусуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну Апышов Бактыбектин дарылануусуна жергиликтүү бюджеттин социалдык иш-чаралар бөлүмүнөн 70,0(жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |