Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
2024-жылдын 6-июну № 28
Каракол жайлоосунда топоз багуучулардын жайыты жөнүндө
Каракол жайлоосундагы топоз багуучуларды топоздорун алыскы жайыттарга(атайын топоздор жайылган бийик тоолордо жайгашкан жайыттарга) жаюу боюнча чектөө киргизүү жөнүндөгү депутат Сейталиев Орозбайдын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол жайлоосундагы топоздор Үч-Чат, Жанчар, Туюк-Төр, ж.б алыскы топоз жаюууга ылайыктуу жайыттарына жаюу жагы топоз багуучуларга эскертилсин.
2. Топоздорун белгиленген жайлоолорго жайбаган топоз багуучуларга айылдык кеңештин чечими менен бекитилген жаза чаралар колдонулсун .
3. Токтомдун аткарылышы “Каракол таза аймак” МИ башчысынан суралсын.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |