Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
2024-жылдын 6-июну № 29
Каракол айыл аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол айыл аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2. Жобонун айыл аймагында аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |
|
| Каракол айылдык кенештин 2024-жылдын 6-июнунун № 29- токтому менен бекитилди |
Каракол айыл аймагында үй - бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өторүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары.
6. Жергиликтүү комиссия.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты шарларда , айылдарда жана калктуу конуштарда үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажурлого , өзүн көрсөтүүгө умтулууга , башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого , ашыкча ысырапкорчулукка , элдин салт – санаасын, үрп – адатын тоготпоого жол бербөө , ата салтына жат терс салттардын күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт – санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1 Айыл аймагында үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен , жергиликтүү кеңештин депутаттарынан , ардагарлердин, аялдар жана жаштар уюмдуранынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт.
2.1 2.2 Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору Каракол айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясында талкууланып 2024-жылдын 6-июнундагы №____ токтому менен бекитилди
3. Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары жана башкалар кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттарда себет берүү,түштөндүрүү,уча тартуу ырым-жырымдарга тыюу салынат.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатууда майып койулуп келгенден кийин 3 койго чейин союу, андан ашпоосу керек. Кыркылыкка 1 кой союу, чоң ашка кой союу андан ашык союуга тыюу салынат.
4.2. (үчүлүк, жетилик, жумалык 52 күндүк, жылдык ) өткөрүүгө тыюу салынат.
4.3. Өлгөндү эске алуу ырым – жырымдары мал союну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
4.4. - Маркумду акыркы сапарга узатууда тасмалга салат, ар кандай кургатылган жер жемиш, данектерди коюу жагы токтотулсун.
4.5. Өлгөндү эске алуу ырым – жырымдарында ашыкча чыгымдар (кийит, килем, жыртыш, достору жана классташтары аркылуу мал союуп куран окутуу, ж.б) токтотулсун.
5. Үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссия өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1 Жергиликтүү комиссия
5.1. Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу үчүн айыл өкмѳтүнүн башчысынын, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын , өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган төмөндөгү курамдагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүчү комиссиясы Каракол айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 8-майындагы № 83 буйругу менен бекитилген ( 83 б. тиркеме тиркелет).
5.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп,жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара көрөт.