Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 15-майы № 04-13/150
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаментинин алдындагы “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу (мындан ары – Министрлик) Балык өнөр жай комплекси департаментинин алдындагы “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын Уставы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин репутацияны башкаруу бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн бул буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Министрликке караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо мал чарба тармагын тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр |
| Б.Э. Торобаев |
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ________№________буйругуна
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстар, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Балык өнөр жай комплекси департаментинин алдындагы
“Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын
Уставы
1- глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаментинин алдындагы “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчилилигине алат, Кыргыз Республикасы тарапта болуп саналат, ошондой эле ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик), Министрликтин алдындагы Балык чарба комплекси департаментинин актылары жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти (мындан ары – Департамент) саналат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы болот:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментин алдындагы “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызрыбхоз» при Департаменте рыбопромышленного комплекса при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз балык чарбасы” МИ;
– расмий тилде: ГП “Кыргызрыбхоз”.
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары болот.
9. Ишкана Ишкананын милдеттенмелери боюнча кепилдикти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды түзүү жана жоюу Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкана тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды түзүү жана жоюу Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкана тарабынан ишке ашырылат.
12. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары ал бекиткен жоболордун негизинде иштешет.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толугу менен жооп берет.
Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
13. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 “А”.
2- глава. Ишкананын максаты, милдеттери
жана функциялары
14. Ишкананын максаты Ишкананын балансында турган көлмөлөрдө, бассейндерде, садоктордо балык өстүрүүчү материалдарды, товардык балыктарды, өндүрүүчүлөрдү жана балыктардын эне үйүрүн өстүрүү болуп саналат. Мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүн жасалма көбөйтүү жана балык уулоо боюнча иштерди уюштуруу.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
16. мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын балыктын урук материалдарын, товардык балыкты жана балык продукциясын өндүрүүгө, балык чарба ишине байланыштуу жумуштарга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын канааттандыруу, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугуна салым кошуу;
17. аквакультура объекттерин кармоонун, тоюттандыруунун, өстүрүүнүн инновациялык көрсөтмө технологиясын түзүү;
18. ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
19. Ишкананын негизги функциялары:
1) балык чарбасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана келечегин аныктоого катышуу, калктын балык продукциясына болгон суроо-талабын канааттандыруу;
2) Ишкананын балансында турган пайдаланууга берилген көлмөлөрдө же алардын участокторун балык өстүрүүчү материалдар менен камсыздоо, селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү, чабактарды жана товардык балыктарды өстүрүү, балык өстүрүүчү материалдарды жана товардык балыктарды өстүрүү боюнча пландарды иштеп чыгуу;
3) балыктын лосось, ак балык, карп жана башка түрлөрүнүн уруктанган икрасын инкубациялоону ишке ашыруу, балыктын урук материалын жана товардык балыкты өстүрүү, балыктын эне-балыгын жана асыл тукум санын кармоо;
4) селекция иштерин жүргүзүү;
5) балыкты кайра иштетүү жана балык продукциясын ассортиментин чыгаруу;
6) уруктандырылып, тирүү өсүп жаткан икраны, балыктын урук материалын, товардык балыкты, балык продукциясын сатуу;
7) уруктандырылып, тирүү өнүгүп жаткан икраны, тамак-аш икрасын, товардык балыкты, балык продукциясынын ассортиментин, балык тоюттарын, балык тоюттарын өндүрүүгө тоют кошулмаларын импорттоону жана экспорттоону жүзөгө ашыруу, балыктардын гипофизи;
8) уруктандырылган икраны салуу жана инкубациялоо, чабактарды өстүрүү, чабактарды мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүнө чыгаруу боюнча тапшырманын жылдык план-божомолун аткаруу;
9) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдү жана пайдаланууга берилген көлмөлөрдү же алардын участокторун балык өстүрүүчү материалдар менен толтуруу;
10) балык чарбасы, балык уулоо, көбөйтүү жана боюнча балык өстүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
11) Ишкананын балансында турган асылдуулугу төмөн көлмөлөрдө жана бекитип берилген сууларда же алардын участокторунда карп-күрүч жана карп-өрдөк биргелешкен өндүрүштөрүн жүргүзүү;
12) бекитип берилген көлмөлөрдө, сууларда же алардын участокторунда балык запастарын коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
13) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдүн жана суулардын ветеринардык-санитардык абалына шайкештикти ишке ашыруу;
14) атайын эсептен, республикалык бюджеттен жана башка булактардан мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүн балык менен камсыз кылуу;
15) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдө, бекитип берилген сууларда же алардын участокторунда товардык балыкты өстүрүү боюнча пландарды иштеп чыгуу жана аткаруу, көлмөлөрдүн дамбаларын жана жээктерин бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүү;
16) балык запастарын көбөйтүү, балык суу-мелиоративдик иштер, товардык балыкты өстүрүү боюнча пландарды аткаруу, ошондой эле көлмөлөрдү, сууларды жана алардын участокторун жаш балыктадыруу графигин түзүү;
17) балык өстүрүү-биологиялык жана ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды сактоо менен уруктанган балык икрасын инкубациялоону, чабактарды өстүрүүнү ишке ашыруу;
18) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдө, сууларда жана алардын участокторунда балык ооруларын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү;
19) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдө, сууларда жана алардын участокторунда балык ооруларын алдын алуу максатында ветеринардык-санитардык кызматтар менен биргеликте балык өстүрүү-биологиялык жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү;
20) балык чарбасын өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаларды жана долбоорлорду тартуу максатында донорлор менен кызматташуу;
21) балык үчүн тоюттарды өндүрүү, товардык балыкты өстүрүү жана кармоо жана аларды кайра иштетүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
22) мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө же алардын участокторунда өнөр жайлык балык кармоону жүргүзүү;
23) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өнүктүрүү;
24) икраны инкубациялоо, жаш балыктарды өстүрүү;
25) товардык балыкты өстүрүү;
26) лосось, ак балык, карп жана башка балык түрлөрүнүн энелик балык, асыл тукум үйүрлөрүн балы багуу;
27) балык чарба чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактарга иш жана кызмат көрсөтүү, спорттук-ышкыбоздук, өнөр жайлык балык уулоону жана балык туризмин уюштуруу жана жүргүзүү;
28) ишканага кошумча киреше алып келүүчү балыктын урук материалын, товардык балыкты жана балык продукциясын ассортиментин, башка айыл чарба продукциясын сатууга.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
20. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияны сатып өткөрүүдөн киреше алууга;
2) өндүрүштүк-финансылык пландарды түзүү жана эсепке алууга;
3) эмгекти уюштурууга жана кирешелерди максаттуу бөлүштүрүүгө;
4) рыноктук конъюнктурага жараша балыктын урук материалынын, товардык жана асыл тукум балыктын, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
5) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте балык үчүн зарыл болгон тоюттарды, сүзүү каражаттарын, тармактык материалдарды, балык өстүрүүчү материалды, энелик балыкты жана асыл тукум балыкты, балык өстүрүүчү жабдууларды, башка товарларды жана жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
6) кеңеш берүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
7) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
8) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
9) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
10) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке жактарды мыйзамдарда белгиленген тартипте тартууга;
11) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө, тренингдерге катышуу үчүн жиберүүгө;
12) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну ишке ашырууга;
13) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон Ишкананын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүүгө;
14) өзүнө чарбалык башкаруу укугунда таандык болгон көлмөлөрдү, сууларды, балык өстүрүүчү жабдууларды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана башка материалдык баалуулуктарды менчик ээсинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
15) белгиленген максаттарга жана милдеттерге ылайык Ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
21. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иш аткарып жана кызмат көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражатынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
5) Ишкананын зарыл отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
22. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
4-глава. Ишкананын мамлекеттик башкаруу
органынын компетенциясы
23. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
9) коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
24. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана стратегиялык өнүктүрүү планы үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызматтан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.
25. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы милдеттүү :
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же башка сыр болуп саналган мыйзам менен корголуучу Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү
ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
26. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
27. уюштуруучуга ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуш киргизүү;
28. ишкананын түзүмү менен штаттык расписаниесин макулдашуу;
29. ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётту, республикалык бюджетке чегерилүүчү таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
30. ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
31. ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
32. ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
33. ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
34. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу жана кызматка дайындоо жөнүндө мамлекеттик башкаруу орган менен макулдашуу боюнча сунуш киргизүү;
35. ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча мамлекеттик ишкананын жетекчисинин орун басарын кызматтан бошотуу жана кызматка дайындоо;
36. ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
37. мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
38. ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
39. канааттандырарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катары ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин жүргүзүү;
40. ишканага тиешелүү мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сакталышын контролдоо;
41. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
29) ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттун документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарууга зарыл болгон бардык башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
30) ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу, аны сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
31) ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде ишкананын жетекчисинин орун басарын кызматтан бошотууга, ага карата тартипке чакыруу чараларын көрүүгө же сыйлоого;
32) мамлекеттик ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
33) мамлекеттик ишканаларда ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
34) мамлекеттик ишканага тиешелүү мүлктү сактоону, өз багытында жана натыйжалуу пайдаланууну контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге ишкананын аймагына барып кароо жана текшерүү үчүн ыйгарым укук берүүгө.
6-глава. Ишкананы башкаруу
42. Ишкананы Ишкананын директору башкарат.
43. Директор мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган, ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ошондой эле Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган сунуш боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан кызматынан бошотулат.
44. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
45. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын ишине канааттандыраарлык эмес баа алынганда жана анын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаса, же талаптагыдай аткарбаса;
4) ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттерде;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
46. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) келерки жылга ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) ишкананын финансылык-чарбалык иши жана өнүгүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ыраатамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
47. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
48. мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, уставына жана ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
49. Ишкананын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Ишкананын ушул Уставында каралган тартипте башкарууга;
50. Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
51. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул уставына ылайык башка укуктарга.
52. Ишкананын директору милдеттүү:
a. мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүгүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
b. мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин ар кандай чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
c. Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
d. Ишкананын кызматкерлери тарабынан өзүнө белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдырын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
e. коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
f. ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ишкананын ушул уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
53. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
54. Ишкананын Директору:
55. ишеним катсыз Ишкананын атынан аракеттенет;
56. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
57. Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
58. Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
59. өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
60. Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
61. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын уставында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
62. ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
63. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
64. Ишкананын директору жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
65. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, ишкананын (уюмдун) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
66. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка укуктарга ээ.
67. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
68. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон мамилеси чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө келишимдердин негизинде түзүлөт.
6-глава. Ишкананын жетектөөчү курамы
69. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
70. директор, директордун орун басары;
71. башкы бухгалтер.
72. Өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
73. Төмөнкү адамдарга Ишкананын жетекчи курамына кирүүгө болбойт:
a. чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
b. менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде жоюлган кылмыштары бар адамдар;
c. уюмдун жетекчисинин канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда ээлеген кызматынан бошотулган адамдар;
d. менчигинин формасына карабастан мурда чарбакер субъектте жетекчи кызмат орундун ээлеген жана аны банкротко алып келген адамдар;
e. мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчи курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
9-глава. Эсеп, пландаштыруу, отчеттуулук
74. Ишкана өз ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жылдык иш планынын же 3 жана андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
75. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерди жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
76. Ишкана келишимдин предметин, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын эркин аныктайт жана тандайт.
77. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
78. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет:
79. ички аудиторго (эгерде ички аудит кызматы болсо);
80. ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
81. мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
82. Ишкана финансылык-чарбалык ишти өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы мамлекеттик ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
83. Мамлекеттик ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
84. Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын түзүү;
85. тармактын жана рыноктун сыпаттамасы, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
86. Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин болууу зарылдыгын негиздөө;
87. ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
88. товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)өндүрүү планы;
89. уюштуруу планы;
90. каржы планы;
91. тобокелдиктерди талдоо.
92. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга мамлекеттик ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы, анын ичинде өткөн жыл үчүн мамлекеттик ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
93. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
94. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
95. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
96. “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы иштин айрым товарларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды (тарифтерди) монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча белгилейт.
10-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы
97. Ишкана мамлекеттик мүлктү ыкчам башкаруу укугуна же чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп мамлекеттик менчик болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү ыкчам башкаруу укугу саналат.
98. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
99. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
100. Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
101. пайдалануудан алынган же сатып алынган кирешени, жемишти, продукцияны, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү кошо алгандагы мүлк;
102. чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
103. гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
104. юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
105. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бардык булактар.
106. Ишкана өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алган же сатып алган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын уставдык максаттарына жана иштин предметине ылайык жүзөгө ашырат.
107. Ишкананы мүлкүнөн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
108. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
109. Ишкананын таза кирешесин, ошондой эле жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине ал бекиткен таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
11-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
110. Ишкананы кайра уюштуруу биригүү, кошулуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же трансформация түрүндө болот.
Мамлекеттик ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын жана башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
111. Ишкана мамлекеттик орган же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
112. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акцияларынын жүз пайызы (үлүшү) мамлекеттин менчигинде (акционерлештирүүсүндө) турган жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананын кайра түзүлгөндүгүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом, бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатындагы мураскору болуп саналат.
113. Ишкана жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
114. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, ал ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
115. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.