КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июну № 2215-VII
Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жана Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (тиркелет);
- Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо (тиркелет).
2. Мамлекеттик органдарга укуктук мониторинг жүргүзүүдө Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жана Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жоболорду негиз катары алуу сунушталсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |