Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
2024-жылдын 6-июну № 31
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Көпүрө-Базар айылындагы айыл өкмөтүнүн бош калган имаратынын бир бөлмөсүнө укалоо жана дары челекке салып дарылоо үчүн пайдалануу үчүн түз берүү жолу менен ижарага берүү жөнүндөгү айыл тургуну Мейманбек кызы Айгеримдин арызын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мейманбек кызы Айгеримдин арызы канааттандырылсын.
2. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 15-беренесинин Жоболорунун негизинде тоорук өткөрүлбөстөн түз берүү жолу менен ижарага берилсин.
3. Муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү, муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, пайдаланууга ижарага берүү боюнча комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы бюджет жана экономика, ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |