ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-майындагы №86
”Халмион айыл аймагындагы мыйзамсыз өз алдынча куруп алган турак жайларды жана жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндөгү” 27.01.2022-жылдагы №23 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясына сунушталган Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-январындагы Халмион айыл аймагындагы мыйзамсыз өз алдынча куруп алган турак жайларды жана жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндөгү №23 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Жогоруда аталган токтомдун 2-пунктуна төмөнкудөй өзгөртүү киргизилсин: Исхак-Полотхан айыл аймагы боюнча мыйзамсыз турак-жайлар курулган жер мунапысынын субъектине бекитилип берилүүчү жалпы жер аянтын турак жай категориясына которуу, жер мунапысы боюнча комиссиянын корутундусуна ылайык мыйзамдаштыруу жагы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Кожонов З.Ы. |