Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 2192-VII
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Б.У.Сыдыков, Э.Р.Сатыбалдиев, У.З.Ормонов, А.Т.Түмөнбаев, Ж.К.Акаев, Н.К.Кадырбеков, Н.О.Сыдыгалиев, Дж.К.Исаева, А.Т.Маткеримов, С.А.Айжигитов, М.К.Алиев, М.А.Абдалиев, Ч.И.Ажибаев, Г.А.Кожокулова, Г.О.Култаева, К.А.Талиева, Ж.Таалайбек кызы, Б.К.Чойбеков, Д.Д.Бекешев, Э.Н.Сулайманов, Т.Т.Мамытов, Ы.Ы.Атажанов, Ш.Мажитова, Б.З.Түлөбаев, Л.Х.Лурова, Б.Э.Тентишев, А.Исатбек кызы, М.Ж.Сыдыков, Э.К.Кокулов, А.Алтынбеков, А.А.Козуев, Р.Ш.Жакышов тарабынан демилгеленген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |