Редакцияот 03.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 03- июну №39

 

“Токтогул шаардык кеңешинин 06.04.2023-жылдагы кезексиз XII сессиясынын №14 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 29.05.2024-жылдагы № 01-17/795 кайрылуу каты боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы, токтом кылат:

 

1.     Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык, укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия курамындагы Бекташова Т, Дорбукеева А ээлеген кызмат орундарынан кыскартылгандыгы эске алынсын.

 

2.     Ага ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин 06.04.2023-жылдагы кезексиз XII сессиясынын №14 токтомунун 3-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

 

-        3-пунктчасы “Айтмурзаев М-Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси, юрист”

-        4-пунктчасы “Көчкөнбаев А –Токтогул шаарынын мэриясынын сектор башчысы” деген редакцияда баяндалсын.

 

3.     Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

4.     Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

5.     Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

М.Т. Борбугулов