Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛ АЙМАГЫ ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-октябрындагы № 16
«Чымчык-Жар жана Кайнар айылдарынын жер аянттарын которуу (трансформациялоо) жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын негизинде, Ырыс айыл өкмөтүнүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын протоколун депутаттар талкулап, Ырыс айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча айыл өкмөтү тарабынан даярдалган иш кагаздарын негизинде Ырыс айыл аймагынын Чымчык-Жар айылындагы №56 (8,2 га), №58 (0,90 га), № 63 (0,90 га) контурларда жайгашкан 10,0 га айыл чарба категориясындагы башка жерлер жана Кайнар айылындагы №73 (2,87 га), №76 (1,0 га) контурларда жайгашкан 3,87 га айыл чарба бгытындагы жайыт жерлер калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында, жалпысынан 13,87 га жер аянты «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которуу боюнча иш кагаздарын даярдап, жерлердин категорияларына өзгөртүүлөр киргизилип жана бул маселени мыйзам ченемду чечип берүү жагы жогорку бийлик органдарынан суралсын.
3. Калктуу конуштар жерлерине которууга тандалган жалпы 13,87 га жер аянттарына түзүлгөн ген. пландар бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Мамасидиковко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ырыс айыл кеңешинин төрагасы: |
| Ш.Кадиркулов |