Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 28-июну № 110
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн 6-пунктунда "Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифтери менен басылып чыккан окуу китептерин" деген сөздөр "Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен басылып чыккан окуу китептерин жана окуу куралдарын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар билим алган атайын же адистештирилген билим берүү уюмдары үчүн атайын окуу китептерин жана окуу куралдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 17-берененин 3-бөлүгүнүн 18-пунктунда "жана Брайль шрифтинде терилген окуу куралдарын" деген сөздөр ", Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифтери менен басылып чыккан окуу китептерин жана окуу куралдарын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар билим алган атайын же адистештирилген билим берүү уюмдары үчүн атайын окуу китептерин жана окуу куралдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-июлундагы № 50 (3603) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 29-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |