Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2201-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"2023-жылдын 21-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда ташып киргизүүгө бажы алымдарынын суммаларын которууга тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2024-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA + программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору), Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Туруктуу жана жашоого туруктуу ландшафттар үчүн глобалдык өнөктөштүктүн Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA + программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Корея жана Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун Бирдиктүү донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA + программасы: Кыргыз Республикасы ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) жана 2023-жылдын
28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин Атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Тынчтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө", "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу;
"2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын финансылык отчетторуна аудит жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторду дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу жөнүндө;
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик мектептердин курулушун тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курулуш ишин лицензиялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №46-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жана Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө
"Депутаттык этика кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |