Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 29-декабры № 217
Маалымат алуу укугу жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
Ушул Мыйзамда аныкталган маалымат ээлеринин карамагында турган маалыматты ар бир адамдын алуу укугун ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу жана алардын ишинде маалыматтын эң жогорку деңгээлдеги ачыктыгына, маалымдуулугуна, айкындуулугуна жетишүү ушул Мыйзамдын максаттары болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам ар бир адамдын маалымат алуу укугун ишке ашыруу жана коргоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ар бир адам ушул Мыйзамда каралган тартипте маалымат ээлеринин карамагында болгон маалыматты алуу укугуна ээ.
3. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Ушул Мыйзам менен башка мыйзамдардын ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболору башка мыйзамдар менен ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык маалымат алууга чектөөлөрдү белгилөөгө тоскоол болбойт.
4. Ушул Мыйзамды колдонууда анын ченемдери анын максаттарын жана ушул Мыйзамдын 1-беренесинде жана 5-беренесинин 2-бөлүгүндө баяндалган маалымат алуу укугун ишке ашыруу максаттарын кыйла толук ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган ыкма менен чечмеленүүгө тийиш.
5. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) ушул Мыйзамды бузууларга байланыштуу берилүүчү даттанууларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштары, арыздары жана даттануулары менен байланышкан мамилелерге;
2) кароонун тартиби процесстик мыйзамдарда белгиленген жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусуна байланыштуу келип чыккан мамилелерге;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык алуу мүмкүндүгү чектелген маалыматты берүүгө байланышкан мамилелерге, ошондой эле ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүндө келтирилген маалыматка карата алуу мүмкүндүгү чектелген маалыматты берүүгө байланышкан мамилелерге.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) документ - документтин ушул формасы үчүн белгиленген реквизиттери бар жазуу жүзүндөгү, аудиовизуапдык, акустикалык, электрондук, оптикалык же түздөн-түз кабыл алуу үчүн жарактуу ар кандай башка формада жазылган маалымат;
2) маалымат - ушул Мыйзамда аныкталган маалымат ээлеринин карамагында турган маалыматтын формасына же булагына карабастан адамдар, предметтер, фактылар, окуялар, кубулуштар жана процесстер жөнүндө ар кандай каражаттар менен жана ар кандай алып жүрүүчүдө жазылган маалымат (билдирүүлөр, маалыматтар);
3) расмий документ - мамлекеттик сектордун субъекттери тарабынан өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде түзүлгөн жана белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн төмөнкүдөй документ:
- ар кандай материалдык алып жүрүүчүлөрдө жазылган белгилүү бир окуяларды, кубулуштарды же фактыларды ырастоочу же күбөлөндүрүүчү маалыматты камтыйт;
- укуктарды берүүгө, милдеттерден бошотууга же укуктук мүнөздөгү башка натыйжаларды түзүүгө жөндөмдүү болгон;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ыйгарым укуктуу адамдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн, берилген же күбөлөндүрүлгөн;
- мыйзамда аныкталган форманы сактоо менен түзүлгөн жана мыйзамда каралган реквизиттерди камтыган.
4) маалымат ээлери - ушул Мыйзамдын 11-беренесинде аныкталган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сектордун субъекттери;
5) маалымат алуу укугу - ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен ар бир адамдын маалыматты ар кандай формада жана ар кандай булактардан эркин издөө жана алуу укугу;
6) маалыматты пайдалануучулар - мамлекеттик сектордун субъекттерин кошпогондо, маалыматты сураган жана (же) пайдаланган жеке жана юридикалык жактар;
7) веб-сайт - Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде жеткиликтүү болгон маалыматтардын жыйындысын билдирген Интернет желесиндеги орун;
8) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий маалымат фонду - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматты пайдалануучулар таанышуусу үчүн ачык укуктук актылары, башка документтери жана материалдары;
9) мамлекеттик сектор - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, оперативдүү башкаруу, чарба жүргүзүү жана/же өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле катышуунун мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар башка юридикалык жактар.
4-берене. Маалымат алуу укугун камсыз кылуунун кепилдиктери
1. Мамлекет ар бир адамга маалымат ээсинин карамагында турган маалыматты ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана таратуу укугун кепилдейт.
2. Маалымат алуу укугу төмөнкүлөр менен кепилденет:
1) маалымат ээлеринин маалыматты берүүгө жана жарыялоого милдеттүүлүгү менен;
2) өздөрү ээлик кылган маалыматты алууну белгиленген тартипте уюштуруучу атайын түзүмдүк бөлүмдөрдү же кызмат адамдарын маалымат ээлери деп аныктоо менен;
3) маалыматты суратуу жана алуу жол-жоболорун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүү менен;
4) мамлекеттик сектордун субъекттеринин коллегиялык органдарынын ачык жыйналыштарына катышуу менен;
5) маалымат алуу укугунун сакталышына парламенттик, коомдук жана мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу менен;
6) маалымат алуу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликке тартуу менен;
7) маалымат алуу укугун натыйжалуу ишке ашырууга багытталган башка чаралар менен.
5-берене. Маалымат алуу укугун камсыз кылуунун принциптери жана ишке ашыруунун максаттары
1. Маалымат алуу укугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) маалымат ээлеринин ишинин ачыктыгы жана айкындыгы;
3) жалпыга жеткиликтүүлүк, аныктыгы жана толук болушу;
4) актуалдуулук жана өз убагында аткаруу;
5) маалымат алуу укугунун теңдиги;
6) жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо.
2. Маалымат алуу укугун ишке ашыруунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сөз жана пикир эркиндигин бекемдөө;
2) маалымат ээлеринин карамагында турган маалыматты ар бир адамдын тез жана бирдей алуусу үчүн шарттарды түзүү;
3) мамлекеттик сектордун субъекттерине карата калктын ишенимин бекемдөө;
4) коррупцияны, кылмыштардын жана укук бузуулардын башка түрлөрүн, ошондой эле ак ниетсиз мамлекеттик башкаруу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга көмөк көрсөтүү;
5) маалымат ээлеринин отчеттуулугун жогорулатуу;
6) мамлекеттик сектордун субъекттери тарабынан коомдук-укуктук милдеттердин аткарылышын коомчулук тарабынан контролдоо.
2-глава. Маалымат мамилелердин обьекти катары жана аны алуу тартиби
6-берене. Маалымат алуу укугун камсыз кылуунун жолдору
1. Маалымат алуу укугун камсыз кылуунун жолдору болуп төмөнкүлөр саналат:
1) суроо-талап боюнча маалыматты берүү;
2) мамлекеттик сектордун субъекттеринин иши жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй жолдор менен системалуу жана ыкчам түрдө ачыкка чыгаруу (жарыялоо), таратуу:
а) расмий басылмаларда;
б) жалпыга маалымдоо каражаттарында;
в) Интернет желесиндеги расмий сайттарда;
г) маалымат ээлери ээлеген жайларда жана ушул максаттар үчүн бөлүнүп берилген башка жерлерде;
д) мыйзамдар тыюу салбаган башка ар кандай ыкмалар менен;
3) жалпыга маалымдоо каражаттарында кабыл алынган чечимдер боюнча, анын ичинде жеке жана/же юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөгөн же болбосо жоопкерчиликти белгилеген же күчөткөн ченемдик укуктук актылар жөнүндө мамлекеттик сектордун субъекттеринин маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү;
4) документтерди жана материалдарды түздөн-түз алууну мамлекеттик сектордун субъектинин камсыз кылуусу;
5) мамлекеттик сектордун субъекттеринин коллегиялык органдарынын ачык жыйналыштарына эркин катышуу.
2. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо аларды расмий жарыялоонун тартиби белгиленген мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
7-берене. Жалпыга жеткиликтүү маалымат жана ачык маалыматтар
1. Эгерде маалымат алуу мүмкүндүгү ушул Мыйзамга ылайык чектелбесе, маалымат жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
2. Интеллектуалдык менчиктин объекттерине болгон өзгөчө укуктарды, ошондой эле маалыматты таратууга, берүүгө, пайдаланууга жана башка жол менен иштетүүгө ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактоо шарты менен жалпыга жеткиликтүү маалыматты адамдар өз каалоосу боюнча пайдалана алат.
3. Жалпыга жеткиликтүү маалыматтын ээси ал башка субъекттер тарабынан таратылганда мындай маалыматтын булагы катары өзүн көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.
4. Маалымат, анын ичинде Интернет желеси аркылуу таратылуучу маалымат, аны кайрадан пайдалануу максатында адам тарабынан алдын ала өзгөртүүсүз автоматташтырылган иштетүүгө жол берүүчү форматта болсо, ачык маалыматтар болуп саналат.
8-берене. Маалымат алуу укугун чектөө
1. Маалымат алуу укугу мыйзам менен гана жана улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында зарыл болгон өлчөмдө гана чектелиши мүмкүн.
2. Маалымат алууну чектөө төмөнкү шарттарды сактоо менен мыйзамга ылайык орнотулат:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана, ошондой эле купуя алынган маалыматтын ачыкка чыгарылышына жол бербөө үчүн;
2) маалыматты ачыкка чыгаруу бул максаттарга олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгондо.
3. Маалымат алууну чектөө төмөнкүдөй маалыматка карата белгиленет:
1) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзам менен аныкталган мамлекеттик сырлар тууралуу;
2) жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзам менен аныкталган жеке мүнөздөгү;
3) ыкчам-издөө иши, кылмыш-жаза процессуалдык иш чөйрөсүндөгү мыйзамда белгиленген учурларда ыкчам-издөө, тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иши тууралуу, кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш жөнүндө;
4) мыйзам менен корголуучу сырды (коммерциялык, банктык, нотариалдык, дарыгерлик, адвокаттык жана башка) камтыган;
5) расмий статистика жөнүндө мыйзамдарда аныкталган расмий статистиканы иштеп чыгууда, даярдоодо жана таратууда колдонулуучу жеке маалыматтар жөнүндө.
4. Купуя маалыматка кирген маалыматтардын тизмеги электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталат.
5. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык чектелген маалымат - алуу мүмкүндүгү чектелген маалымат болуп саналат, ага төмөнкүлөр кирет:
1) купуя маалымат - мамлекеттик сектордун субъекттеринен тышкары, жеке же юридикалык жак тарабынан алуу мүмкүндүгү чектелген жана алардын каалоосу боюнча аныкталган тартипте алар тарабынан каралган шарттарга ылайык таратылышы мүмкүн болгон маалымат;
2) жашыруун маалымат - ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык алуу мүмкүндүгү чектелген, мамлекеттик сырды, кесиптик сырды, банктык сырды, тергөө сырын же мыйзамда каралган башка сырды камтыган маалымат, аны ачыкка чыгаруу адамга, коомго жана мамлекетке зыян алып келиши мүмкүн;
3) кызматтык маалымат - мамлекеттик сектордун субъекттеринин документтеринде камтылган, ведомстволук ички кызматтык корреспонденцияны билдирген, ошондой эле мамлекеттик сырларга кирбеген, өлкөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыкчам-издөө, контрчалгындоо иш процессинде чогултулган маалымат.
6. Эгерде документте алуу мүмкүндүгү чектелген маалымат камтылса, алуу мүмкүндүгү чектелбеген маалыматтын ошол бөлүгү гана таанышуу үчүн берилет.
7. Купуя маалыматка ээ болгон маалымат ээлери аны маалымат алууну чектеген адамдардын макулдугу менен гана тарата алат.
8. Алуу мүмкүндүгү ачылган маалымат ага карата колдонулган ар кандай чектөөлөргө карабастан жашырылууга тийиш эмес.
9-берене. Алуу мүмкүндүгү чектелүүгө тийиш болбогон маалымат
Төмөнкүлөр тууралуу маалымат алуу чектелүүгө тийиш эмес:
1) калктын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жараткан же жаратышы мүмкүн болгон авариялар, кырсыктар, кооптуу табигый көрүнүштөр жана башка табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жана алардын кесепеттери жөнүндө;
2) саламаттык сактоонун, санитариянын, демографиянын, миграциянын, билим берүүнүн, маданияттын, социалдык коргоонун, экономиканын, айыл чарбасынын жана кылмыштуулуктун абалы тууралуу;
3) терроризм жана экстремизм актыларын жасоо фактылары жөнүндө;
4) абанын булганышы, экологиянын, өрт коопсуздугунун абалы, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык жана радиациялык жагдай жөнүндө, тамак-аш азыктарынын жана тиричилик буюмдарынын коопсуздугу тууралуу;
5) жеке жана юридикалык жактарга мамлекет тарабынан берилүүчү артыкчылыктар, компенсациялар жана жеңилдиктер жөнүндө;
6) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуу фактылары жөнүндө;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алтын-валюта резервинин өлчөмдөрү, алтындын экспорту/импорту жөнүндө;
8) мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын түзүү жана сарптоо жөнүндө; мамлекеттик карыздын учурдагы абалы жөнүндө; мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана кызмат адамдарын күтүүгө кеткен чыгашалар жөнүндө; мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансылык жана башка жардам көрсөтүүчү жактар жөнүндө, бул жактардын макулдугу болгон учурда; резервдик фонддордун чыгымдары жөнүндө;
9) мамлекеттик, муниципалдык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө, мүлктү алуунун шарттары, бул мүлктү алган юридикалык жактардын аталыштары, анын ичинде тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү жөнүндө;
10) мамлекеттик сектордун субъекттери жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуулар жөнүндө;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык алуу мүмкүндүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, саясий, социалдык жана башка мотивдер боюнча массалык репрессиялар, анын ичинде архивдердеги материалдар жөнүндө;
12) иши улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын, саясий жана жогорку административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары жана мүлктөрү жөнүндө декларациялар жөнүндө;
13) калк жашаган пункттардын башкы пландары жөнүндө.
3-глава. Маалымат алуу чөйрөсүндөгү мамилелердин субъекттери
10-берене. Субъекттердин тизмеги
Маалымат алуу чөйрөсүндөгү мамилелердин субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат;
1) маалымат ээлери;
2) маалыматты пайдалануучулар.
11-берене. Маалымат ээлери
1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн маалыматтардын ээлери болуп мамлекеттик сектордун субъекттери, ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген критерийлерге ылайык келген мамлекеттик эмес сектордун субъекттери таанылат.
2. Мамлекеттик эмес сектордун субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген, атайын же өзгөчө укукка же табигый монополияга ээ болгон юридикалык жактар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо шарттарына, алардын баасына жана шарттардын жана баалардын өзгөрүүсүнө тиешелүү маалыматты алуу мүмкүндүгүн берүү бөлүгүндө;
2) катышуунун мамлекеттик же муниципалдык үлүшү жок юридикалык жактар мамлекеттик бюджеттен коомдук пайдалуу милдеттенмелерди аткаруу үчүн бөлүнгөн каражаттардын колдонулушуна тиешелүү маалымат бөлүгүндө.
12-берене. Маалымат ээсинин милдеттери
Маалымат ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) маалыматты пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
2) маалыматты коргоо боюнча чараларды көрүүгө;
3) өз карамагында турган документтердин эсебин системалуу түрдө жүргүзүүгө;
4) маалыматка суроо-талаптын эсебин жүргүзүүгө;
5) маалыматты пайдалануучулардын документтер же алардын көчүрмөлөрү менен иштеши үчүн атайын жерлерди аныктоого, ошондой эле аларга көчүрмө алууга, сүрөткө тартууга, көчүрүп алууга, сканерден өткөрүүгө, ар кандай алып жүрүүчүгө жаздырууга ж.б. укуктарды берүүгө;
6) маалымат алууну камсыз кылуу үчүн атайын түзүмдүк бөлүмдөрдүн же жооптуу адамдардын болуусуна;
7) анык, так жана толук маалыматты берүүгө;
8) маалыматты пайдалануучуларга алардын маалымат алуу укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүгө;
9) ушул Мыйзамда белгиленген башка талаптарды аткарууга.
13-берене. Маалымат алууну камсыз кылууга жооптуу адамдар
Маалымат ээси анын карамагында турган маалыматты алууну камсыз кылуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн же адамдын милдеттерин аныктоого жана ишин камсыздоого жооп берет, анын ичинде маалыматка болгон суроо-талапты канааттандыруу боюнча аны иштеп чыгуу, системалаштыруу, талдоо жана контролдоо жана суроо-талапты тариздөөдө консультация берүү үчүн да жооптуу.
4-глава. Маалыматты суроо-талаптын негизинде берүү
14-берене. Маалыматка суроо-талаптарды жиберүүнүн формалары
1. Маалыматка суроо-талаптар маалымат ээлерине төмөнкү формада жөнөтүлөт:
1) оозеки түздөн-түз кайрылуу, телефон же интернет аркылуу (мындан ары - оозеки суроо-талап);
2) маалымат ээсине почта же факс (документтин түп нускасын милдеттүү түрдө жиберүү менен), чабарман аркылуу түздөн-түз берилүүчү же байланыштын электрондук каналдары аркылуу берилүүчү жазуу жүзүндөгү суроо-талап.
2. Маалыматты алып жүрүүчүнүн бүтүндүгүнө жана сакталышына зыян келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, эгерде суроо-талаптын өзүндө жооп берүүнүн башка артыкчылыктуу формасы түз каралбаса, суроо-талапка жооп ошол суроо-талап жөнөтүлгөн формада канааттандырылат.
Мындай учурларда суроо-талапка жооп маалыматты алып жүрүүчүнүн бүтүндүгүнө жана сакталышына зыян келтирилбеген суроо-талаптын өзүнүн формасына же башка формага ылайык келүүгө тийиш.
3. Маалымат ээсинин карамагында маалымат эки жана андан көп тилде турган болсо, ал арыз ээси сураган тилде берилет.
15-берене. Маалымат берүү жөнүндө оозеки суроо-талап
1. Оозеки түрдө маалымат арыз ээсинин суроо-талабы боюнча берилет.
2. Эгерде оозеки суроо-талапка оозеки жооп арыз ээсин канааттандырбаса, ага жазуу жүзүндө же электрондук түрдө суроо-талап жөнөтүүнүн тартиби, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык маалымат алуунун башка ыкмалары түшүндүрүлөт.
3. Ар бир оозеки суроо-талап электрондук журналга катталууга тийиш, анда арыз ээси, (жооп алуунун артыкчылыктуу формасына жараша арыз ээси өзү көрсөткөн) байланыш маалыматтары, суроо-талаптын датасы жана убактысы, суроо-талаптын предмети, ошондой эле суроо-талап боюнча оозеки маалымат берген адам жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
16-берене. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талаптын формасы жана мазмуну
1. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талапта милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) суроо-талап жиберилип жаткан органдын аталышы жана (же) маалымат ээсинин кызмат адамынын фамилиясы, инициалдары;
2) жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, байланыш маалыматтары (арыз ээси өзү көрсөткөн артыкчылыктуу формасына жараша);
3) юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) үчүн - юридикалык жактын (филиалдын, өкүлчүлүктүн) аталышы, байланыш маалыматтары;
4) кандай маалымат берилиши керектигин жана анын бар же жоктугун аныктоого маалымат ээсине мүмкүндүк берүүчү суралган маалыматтын сыпаттамасы.
2. Арыз ээси анын пикири боюнча суроо-талабын иштеп чыгууга жардам берет деп эсептеген башка ар кандай маалыматты бере алат, бирок өзүнүн суроо-талабынын себептерин көрсөтүүгө милдеттүү эмес.
3. Маалымат ээлери жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талаптын типтүү бланкын иштеп чыгууга жана өз орун жайларында, ошондой эле онлайн режиминде - тиешелүү сайтта же тиркемеде аны алууну камсыз кылууга милдеттүү.
4. Арыз ээси өз каалоосу боюнча типтүү бланктын формасын колдонууга же ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарды эске алуу менен суроо-талапты эркин формада берүүгө укуктуу.
17-берене. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талаптарга жооп берүү мөөнөттөрү
1. Арыз ээсинин каалоосу боюнча маалымат ээси келип түшкөн суроо-талаптын катталуу номерин жана датасын арыз ээсине берет.
2. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талапка жооп 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.
Мөөнөт суроо-талап алынган күндөн тартып эсептелет жана жооп жөнөтүлгөн күнү аяктайт (почта бөлүмүнө жеткирүү, арыз ээсинин өз колуна, анын чабарманына же өкүлүнө жеке тапшыруу же электрондук түрдө жөнөтүү).
Эгерде суроо-талап башка маалымат ээсине жөнөтүлсө, мөөнөттү эсептөө бул маалымат ээси суроо-талапты алган күндөн тартып башталат.
Белгиленген мөөнөттүн ичинде суроо-талапка жооп даярдоо мүмкүн болбогондо же маалыматтын көлөмүнүн чоңдугуна же үчүнчү жактар менен макулдашууга байланыштуу кыйла кыйынчылыктар болгон учурда, маалымат ээси кийинкиге жылдыруунун себептерин көрсөтүү менен арыз ээсине тиешелүү жазуу жүзүндөгү (электрондук) кабарламаны баштапкы мөөнөт аяктаганга чейин жөнөтүп, суроо-талапка жооп берүү үчүн мөөнөттү кошумча 10 жумуш күнгө чейин узартууга укуктуу.
3. Белгиленген мөөнөттө суроо-талапка жооп бербөө же жооп берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарламанын жок болуусу маалымат берүүдөн баш тартуу деп эсептелет.
18-берене. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талапты кароонун жана канааттандыруунун тартиби
1. Маалыматка болгон ар бир суроо-талап маалымат ээси тарабынан датаны, арыз ээсинин байланыш маалыматтарын, суроо-талаптын предметинин кыскача туюндурмасын көрсөтүү менен ал келип түшкөн күнү катталат жана маалымат алууну камсыз кылуу үчүн жооптуу адамга өткөрүп берилет.
2. Катталгандан кийин суроо-талап суралган маалыматты издөө жана жооп үчүн зарыл документтердин топтомун түзүү үчүн жооп даярдоого жооптуу адамга жиберилет.
Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талаптарга жооптор толук болуп, кайталап суратуу зарылдыгын жаратпоого тийиш.
3. Суроо-талапка берилген жооп төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) суроо-талаптын предметинин кыскача туюндурмасы, берилүүчү маалыматтын жана документтердин тизмеги, суроо-талапты аткаруучунун фамилиясы, инициалдары жана кызмат орду, жоопко кол коюлган дата камтылган жооптуу адамдын суроо-талапты аткарганы жөнүндө маалыматы;
2) берилүүчү жазуулар, Интернет тармагында, анын ичинде маалымат ээсинин сайтында жеткиликтүү маалыматтын электрондук версияларына шилтемелер, ошондой эле берилүүчү документтердин көчүрмөлөрү же алар боюнча маалымдамалар;
3) маалыматты бергендиги үчүн акынын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө маалымат (маалымат берүү акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылган учурларда);
4) ушул Мыйзамдын бузулушу жөнүндө даттанууларды кароого ыйгарым укуктуу органдардын аталышын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен суроо-талапка берилген жоопко даттануунун негиздери, мөөнөттөрү жана тартиби.
19-берене. Маалымат алуунун кошумча кепилдиктери
1. Эгерде суратылган маалымат башка маалымат ээсинин карамагында турган болсо, анда арыз ээсинин суроо-талабы келип түшкөн датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде суроо-талап алгач ага келип түшкөн маалымат ээси суроо-талапты тийиштүү маалымат ээсине кайра жөнөтөт жана бул тууралуу арыз ээсине кабарлайт, бул тууралуу каттоо журналында белгиленет.
2. Эгерде суратылган документтер элге жарыя кылынган болсо, анда жоопту даярдоого жооптуу адам жоопто маалымат элге жарыяланган тийиштүү булакка шилтеме кылууга укуктуу. Ошону менен бирге суроо-талапка берилген жоопто милдеттүү документтерден тышкары, маалымат элге жарыя кылынган тийиштүү булактын реквизиттери көрсөтүлөт.
20-берене. Маалыматты берүүгө байланышкан чыгымдар
1. Суроо-талаптарга жоопторду даярдоо ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, маалымат ээлери тарабынан акысыз жүзөгө ашырылат.
2. Он беш беттен ашкан көлөмдөгү документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн көчүрмөлөөнү талап кылган маалыматты берүү жөнүндө суроо-талаптар үчүн көчүрмөлөө кызматтарынын өздүк наркынан ашпаган акы алынышы мүмкүн.
Мамлекеттик сектордун субъекттери тарабынан маалымат берилген учурда, көчүрмөлөө кызматтарынын наркынын бирдиктүү реестри, стандарттары жана прейскуранты жана аларды төлөө шарттары, анын ичинде калктын социалдык аярлуу категорияларын акы төлөөдөн бошотуунун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
21-берене. Суратылган маалыматты берүүдөн баш тартуу үчүн негиздери
1. Суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылууга тийиш, эгерде:
1) суратылган маалымат ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык алуу мүмкүндүгү чектелген маалыматтын категориясына кирсе;
2) суроо-талап ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга ылайык келбесе, жоопту берүүгө жооптуу адам тарабынан арыз ээсине мындай кемчиликтерди четтетүү боюнча жардам сунушталган шартта;
3) ошол эле арыз ээсинин ушундай эле суроо-талабы, же ошол эле арыз ээсинин ушундай эле суроо-талабы боюнча маалыматка кыйла дал келген суроо-талап башка маалымат ээсинин кароосунда турган болсо же ал боюнча акыркы үч айдын ичинде жооп берилсе;
4) суралган маалымат бул маалымат ээсинин карамагында болбосо же болууга тийиш эмес болсо.
2. Маалымат берүүдөн баш тартуу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) суралып жаткан маалыматтын кыскача сыпаттамасы, маалыматты берүүдөн баш тартууга негиз болгон мыйзамдардын ченемдерине конкреттүү шилтемелер, жоопту берүүгө жооптуу адамдын фамилиясы, инициалдары жана кызмат орду;
2) ушул Мыйзамдын ченемдеринин бузулушу жөнүндө даттанууларды кароого ыйгарым укуктуу органдардын аталышын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен суроо-талапка берилген жоопко даттануунун негиздери, мөөнөттөрү жана тартиби.
5-глава. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин иши жөнүндө маалыматты элге жарыялоо
22-берене. Расмий маалымат берүү
1. Расмий маалымат аны мамлекеттик сектордун субъектинин веб-сайтында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыкма менен элге жарыялоо аркылуу берилет. Расмий маалымат алуунун башка ыкмалары кошумча каралышы мүмкүн.
2. Расмий маалымат берүү төмөнкүлөрдү элге жарыялоо аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) белгиленген жарыялоо тартибин жана мөөнөттөрүн сактоо менен ченемдик укуктук актыларды;
2) мамлекеттик сектордун субъекттеринин учурдагы чечимдери жана расмий окуялары жөнүндө маалыматты;
3) кабыл алынган чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча маалыматтык түшүндүрүүлөрдү;
4) мамлекеттик сектордун субъекттеринин иш натыйжалары жөнүндө ар жылдык баяндамаларын;
5) мамлекеттик сектордун субъекттеринин ченемдик укуктук актылардын майнаптуулугуна жана натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары жөнүндө ар жылдык отчетторун, ошондой эле мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жөнүндө отчетторун;
6) процесстик мыйзамдарда жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо менен иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган соттук актылардын тексттерин;
7) башка маалыматтык материалдарды.
23-берене. Учурдагы чечимдер жана расмий окуялар жөнүндө маалыматты элге жарыялоо
1. Мамлекеттик сектордун субъекттери төмөнкүлөр боюнча расмий маалыматты элге жарыялайт:
1) мамлекеттик сектордун субъекттеринин жетекчилеринин жана орун басарларынын кызматка киришүүсү же кызматтан бошотулуусу;
2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, ошондой эле мамлекеттик сектордун субъекттеринин бюджеттерин кабыл алуу, республикалык жана жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын, анын ичинде коммуналдык жана башка төлөмдөрдүн ставкаларын жана төлөө тартибин өзгөртүү;
3) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктүк объекттерди башкаруу боюнча укуктук актыларды кабыл алуу;
4) жер ресурстарын бөлүштүрүүгө байланышкан укуктук актыларды кабыл алуу;
5) толугу менен же жарым-жартылай чет өлкөлүк юридикалык жактын менчигинде турган объекттерди курууга байланышкан укуктук актыларды кабыл алуу;
6) мамлекеттик сектордун субъектинин каалоосу боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жана аларды аткаруунун жүрүшү;
7) адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн көрүлгөн чаралар;
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кол коюуга жиберген мыйзамдын ага каршы пикири менен Кыргыз Республикасынын Президенти тараптан кайтарып берилишинин себептери;
9) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору түшүндүрмө кыскача каты (бар болсо) жана аларга салыштырма таблицалары (ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурларда) менен бирге, адистештирилген экспертизалардын корутундулары жана ишкердиктин субъекттеринин эксперттик корутундулары (бар болсо), мыйзамдарда каралган тартипте аларды коомдук талкуулоонун аяктагандыгы жөнүндө отчеттор.
2. Чечимдерди, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган мамлекеттик сектордун субъекттери же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик сектордун субъекттери маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыздайт.
24-берене. Иштин натыйжалары жөнүндө ар жылдык баяндамалар
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын элине ар жылдык кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иштердин абалы жөнүндө баяндамаларын элге жарыялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан камсыз кылынат.
2. Мамлекеттик сектордун субъекттери отчеттук мезгил ичиндеги өз иши жөнүндө баяндамаларды элге жарыялайт, аларда отчеттук мезгил ичинде социалдык-саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн динамикасы, атап айтканда бюджеттик каражаттарды чыгымдоо, республикалык бюджетке жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык түшүүлөрдүн булактары жана көлөмү, рыноктун айрым секторлору боюнча өндүрүштүн жана керектөөнүн көлөмү, ички жана тышкы инвестициялардын көлөмү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо, калктын миграциясы, экология сыяктуу багыттар боюнча, ошондой эле өздөрүнүн ишинин башка багыттары боюнча негизги статистикалык көрсөткүчтөр чагылдырылат.
25-берене. Суроо-талап боюнча соттук актыларды элге жарыялоо жана берүү
1. Ар бир адам иштин маңызы боюнча кабыл алынган жана сот тарабынан эл алдында жарыя кылынган соттук актыларды кандай ыкма менен болсо да, анын ичинде аларды басма сөз басылмаларында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, жыйнактарды же электрондук маалымат базаларын түзүү жолу менен толук же жарым-жартылай жарыя кылууга укуктуу.
2. Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды басма сөз басылмаларында жарыялоо кошумча күбөлөндүрүүсүз жүргүзүлөт. Соттук актылардын тексттеринин мазмунун бурмалоого жол берилбейт. Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды жарыялоо ушул Мыйзамдын талаптарына да жооп берүүгө тийиш.
3. Ар бир адам ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган мөөнөттөрдө соттук актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алууга укуктуу.
26-берене. Соттук актыларды элге жарыялоого карата негизги талаптар
1. Иштин маңызы боюнча кабыл алынган жана эл алдында жарыяланган соттук актылардын тексттери жалпыга жеткиликтүү болуу үчүн ачык жана ушул берененин 2, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган ченемдерди эске алуу менен элге жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдеринин жана корутундуларынын тексттери толук көлөмдө элге жарыяланат.
2. Жалпыга жеткиликтүү болуу үчүн ачык соттук актылардын тексттеринде, ошондой эле суроо-талап боюнча берилген соттук актылардын көчүрмөлөрүндө жакты (жеке же юридикалык жакты) идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарууга болбойт. Мындай маалыматтар инициалдар, литердик же санариптик белгилер менен алмаштырылат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш болбогон маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
1) жеке адамдын аты, атасынын аты, фамилиясы;
2) жеке жактын жашаган же турган жеринин дареги, анын телефондорунун же башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтасынын дареги;
3) паспорттук маалыматтар, жеке номерлер (коддор) жана жеке жактардын жарандык абалынын актыларынын жазууларына тийиштүү маалыматтар;
4) транспорт каражатынын техникалык паспортунун маалыматтары;
5) ага каршы соттук талаптар сот тарабынан мыйзамсыз жана негизсиз деп таанылган юридикалык жактын аталышы жана идентификациялык номери;
6) жакты идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалымат.
4. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарга төмөнкүлөр кирбейт:
1) соттук актыны кабыл алган судьянын же соттук коллегиянын курамынын фамилиясы жана инициалдары;
2) эгерде прокурор жана адвокат соттук териштирүүгө катышса, алардын фамилиялары жана инициалдары;
3) өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу менен соттук териштирүүгө катышкан мамлекеттик сектордун субъекттеринин кызмат адамдарынын фамилиялары жана инициалдары;
5. Соттук актылардын реквизиттерин, киришүү жана резолюциялык бөлүктөрүн кошпогондо, териштирүү жабык соттук жыйналыштарда жүргүзүлгөн иштер боюнча кабыл алынган соттук актылардын тексттери элге жарыяланууга жатпайт.
6. Териштирүү жарым-жартылай жабык соттук жыйналыштарда жүргүзүлгөн иштер боюнча кабыл алынган соттук актылардын тексттеринде жабык соттук жыйналыш үчүн негиз болуп саналган маалыматтар элге жарыяланбайт.
27-берене. Маалыматтык материалдарды элге жарыялоо
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлик органдарынын түзүмү жана алардын иштөө тартиби жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтык материалдарды элге жарыялайт. Жыйынтыкталган маалыматтык материалдарда мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмдөрүнүн сыпатталышы, анын ичинде алардын негизги ыйгарым укуктары жана башкаруу предметтери, ошондой эле алардын жетекчилеринин фамилиялары, алардын жумушчу телефондору, кызматтык даректери, калк менен иштөө режими камтылат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же анын тапшырмасы боюнча башка аткаруу бийлик органы тарабынан маалымдамалар (жыйнактар) түрүндөгү расмий маалыматтык материалдарды элге жарыялоо каржыланат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары, расмий маалымдама басылмаларда ишинин максаты жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жарандарды тейлөө болуп саналган башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык консультациялардын, нотариустардын, китепканалардын, окуу жайлардын, коммуналдык кызматтардын жана башка уюмдардын иш чөйрөсү, аталыштары жана даректери жөнүндө маалыматтар камтылат.
3. Расмий маалымдама басылмалардын кайра басыла турган мөөнөтү аларда камтылган маалыматтын актуалдуулугунун сакталып турушуна жараша эсептелет. Маалымдамалардын тиражы мурдагы мезгилде таратылган нускалардын санынын негизинде аныкталат. Маалымдамалар жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарын чекене сатуу пункттарында сатып алуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
28-берене. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин маалыматты таратууну камсыз кылуу боюнча милдеттери
Соттордон тышкары, мамлекеттик сектордун субъекттери төмөнкүлөр жөнүндө маалыматты жеткиликтүү формада элге жарыялоого милдеттүү:
1) өздөрүнүн функциялары, тапшырмалары, ыйгарым укуктары жана милдеттери жөнүндө;
2) бюджеттик каражаттар тууралуу, атап айтканда:
а) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору;
б) бекитилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
в) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын пайдалануу, мамлекеттик сектордун субъекттеринин катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу долбоорлор жана иш-чаралар боюнча техникалык жардамдын (көмөктөшүүнүн) каражаттарынын чыгымдалышы;
г) бюджеттик отчеттуулук;
д) мамлекеттик аудиттин жана финансылык контролдун натыйжалары;
е) жарандык бюджет;
ж) бюджеттик программалардын долбоорлорун жана бюджеттик программалардын ишке ашырылышы жөнүндө отчетторду коомдук талкуулоону өткөрүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө калкка кабарлоого багытталган маалыматтык билдирүүлөр, пресс-релиздер;
3) мамлекеттик сектордун субъектинин учурдагы иши жөнүндө:
а) стратегиялык пландар жана алардын ишке ашырылышы жөнүндө отчеттор;
б) аймактарды өнүктүрүү программалары жана алардын ишке ашырылышы жөнүндө отчеттор;
в) мамлекеттик жана тармактык программалар, концепциялар, доктриналар, стратегиялар, тиешелүү тармакты өнүктүрүү пландары, ошондой эле алардын ишке ашырылышы жөнүндө отчеттор;
г) тармактын (чөйрөнүн) өнүгүүсүнүн абалын жана динамикасын мүнөздөгөн статистикалык маалымат жана көрсөткүчтөр;
д) жалпыга жеткиликтүү электрондук маалыматтык ресурстардын, ошондой эле алардын карамагындагы ведомстволук маалымат базаларынын (банктарынын), реестрлердин, регистрлердин, кадастрлардын тизмектери;
е) жасалган иштер жөнүндө аналитикалык баяндамалар жана серептер, ошондой эле аткарылган иштер тууралуу отчеттор жана баяндамалар;
ж) мамлекеттик сектордун субъекттеринин жетекчилеринин жана расмий делегацияларынын расмий визиттери жана иш сапарлары тууралуу маалыматтар;
з) мамлекеттик сектордун субъекттери уюштурган расмий иш-чараларда кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар;
и) мамлекеттик сектордун субъекттеринин жетекчилеринин жана ыйгарым укуктуу адамдарынын расмий билдирүүлөрүнүн жана сүйлөгөн сөздөрүнүн тексттери;
к) мамлекеттик сектордун субъекти жумушчу орган болуп саналган консультациялык-кеңеш берүүчү органдардын (кеңештердин, комиссиялардын) иши;
л) мамлекеттик сектордун субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:
а) мамлекеттик сектордун субъекти тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги жана сыпаттамасы;
б) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тартибин аныктоочу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар;
в) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторингдин натыйжалары;
г) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжасы боюнча даттануунун тартиби;
5) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө;
6) эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө:
а) ишине мамлекеттик орган катышкан эл аралык уюмдардын тизмеги;
б) мамлекеттик сектордун субъектинин ыктыяры боюнча чет мамлекет, эл аралык же чет өлкөлүк уюм жана (же) фонд тарабынан берилген жана пайдаланылган гранттар жөнүндө маалыматтар;
в) мамлекеттик сектордун субъектинин ыктыяры боюнча эл аралык келишимдерди жана эл аралык кызматташтык программаларын ишке ашырууга мамлекеттик сектордун субъектинин катышуусу жөнүндө маалыматтар;
г) мамлекеттик сектордун субъектинин ишинин маселелери боюнча эл аралык уюмдардын корутундулары, эксперттик баалоолору, сунуштамалары жана башка аналитикалык материалдары;
д) мамлекеттик сектордун субъектинин ыктыяры боюнча эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү башка маалыматтар;
7) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө:
а) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар;
б) мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планы;
в) ачык конкурс, аукцион, бир булактан баа сунуштарын суратуу ыкмалары менен, ошондой эле товардык биржалар, товардык-сырьелук биржалар аркылуу мамлекеттик сектордун субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алуулар, анын ичинде аларды өткөрүүнүн шарттарын, аларга потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн катышуу тартибин, мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүп жаткан мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү комиссиялардын, эксперттин, бирдиктүү оператордун аракеттерине (аракетсиздигине), чечимдерине даттануунун тартиби;
8) уруксат берүүчү иш-аракеттерди (лицензиялоо, аккредитациялоо, каттоо жана башкалар) жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө;
9) мамлекеттик сектордун субъекттеринин иш-аракеттерине карата жарандардын жана уюмдардын суроо-талаптарын же даттанууларын кароонун жана канааттандыруунун тартиби, ошондой эле аларды тариздөөнүн болжолдуу үлгүсү жөнүндө;
10) мамлекеттик сектордун субъекттеринин карамагында турган бардык материалдарды документтештирүү системасы жөнүндө;
11) жарандардан жана уюмдардан мамлекеттик сектордун субъектине келип түшкөн кайрылуулары жөнүндө, мындай кайрылууларды кароонун жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө;
12) мамлекеттик сектордун субъекттеринин иши жөнүндө аналитикалык баяндамалар, иши тууралуу отчеттор, маалыматтык мүнөздөгү серептер жөнүндө;
13) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун абалы, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар, болжолдонгон жана пайда болгон өзгөчө кырдаалдар, алардан калкты коргоонун ыкмалары жана жолдору жөнүндө, ошондой эле мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сектордун субъекти тарабынан калкка жеткирилүүгө тийиш болгон башка маалыматтар жөнүндө;
14) жарандардын мамлекеттик сектордун конкреттүү субъектине мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүүсү жөнүндө;
а) жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү тартиби;
б) мамлекеттик кызматтын бош мамлекеттик кызмат орундарынын, муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат орундарынын тизмеги;
в) мамлекеттик кызматтын бош мамлекеттик кызмат ордун, муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерге карата квалификациялык талаптар;
г) мамлекеттик кызматтын бош мамлекеттик кызмат ордун, муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө карата конкурстардын шарттары жана жыйынтыктары;
д) конкурска катышкан талапкерлердин комиссиянын чечимине макул болбогон учурларда конкурстук комиссиянын чечимине даттануу тартиби;
15) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сектордун субъекттери, анын ичинде эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө;
16) мамлекеттик сектордун субъекттеринин, алардын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн, аларга баш ийген уюмдардын жетекчилери жөнүндө (фамилиясын, атын, атасынын атын жана өмүр баянын көрсөтүү менен); мамлекеттик сектордун субъекттеринин түзүмү, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери жана функциялары, почта даректери, маалымдама кызматтарынын телефондору жана даректик реквизиттери, анын ичинде электрондук почта дареги, алардын кызматкерлеринин саны жана эмгек акы фондунун өлчөмү жөнүндө;
17) мамлекеттик сектордун ведомстволук субъекттери жөнүндө: уюмдардын тизмеги, алардын почта жана юридикалык даректери, телефондору; алар аткаруучу милдеттердин жана функциялардын сыпаттамасы, аларды түзүү, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө маалыматтар, алардын кызматкерлеринин саны, ишинин негизги көрсөткүчтөрү, эмгек акы фондунун өлчөмү;
18) мамлекеттик сектордун субъекттеринин жарандардын жана уюмдардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдөрүнүн телефон номерлери жана даректик реквизиттери, анын ичинде почта дареги, электрондук почта дареги, бул бөлүмдөрдүн иштөө тартиби жөнүндө;
19) мамлекеттик сектордун субъекттеринин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн тизмеги, телефон номерлери жана даректик реквизиттери, анын ичинде почта дареги, электрондук почта дареги жөнүндө;
20) ишине мамлекеттик сектордун субъекттери катышкан эл аралык уюмдардын тизмеги жөнүндө;
21) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана эл аралык кызматташтык программаларын ишке ашырууга мамлекеттик сектордун субъекттеринин катышуусу жөнүндө.
29-берене. Маалымат таратууну камсыз кылуу боюнча соттордун милдеттери
1. Соттор өздөрүнүн расмий сайттарына төмөнкүлөрдү камтыган маалыматты жайгаштырат жана элге жарыялоого милдеттүү:
1) соттун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жана соттун ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка актылардын тексттерин;
2) сотко кайрылууда пайдаланылуучу документтердин формасына жана мазмунуна карата коюлуучу талаптарды жана/же бул документтердин үлгүлөрүн, көрсөтүлгөн документтерди сотко берүүнүн тартибин;
3) сотто каралууга тийиш болгон иштердин категориялары боюнча мамлекеттик алымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө маалыматтарды;
4) соттук жыйналышты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун көрсөтүү менен, сотто турган иштерди угууга дайындоо жөнүндө маалыматтарды;
5) соттук актыларга даттануу тартибин;
6) эл аралык укуктук мамилелерге байланышкан аткаруу иш-аракеттерин жасоо тартибин;
7) соттор тарабынан иштерди кароонун соттук практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмөнү, жалпылоону жана серептерди, соттордун иши жөнүндө серептерди;
8) Жогорку соттун пленумунун, илимий-консультациялык кеңештердин, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин иштери жөнүндө маалыматтарды;
9) Жогорку соттун, Конституциялык соттун басылмаларынын электрондук версияларын;
10) соттун бюджети, анын чыгашалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды;
11) соттордун жетекчилеринин жана соттордун расмий делегацияларынын расмий визиттери жана иш сапарлары жөнүндө маалыматтарды.
2. Соттун расмий сайтында, ал эми ал болбогон учурда Жогорку соттун расмий сайтында сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча судьянын ишине, анын ичинде судьяга кандай формада болбосун сатып алуу, коркутуу, ошондой эле процесстен тышкары кайрылуунун башка формаларында кысым көрсөтүү жолу менен кийлигишүүлөргө жол берилбестиги жөнүндө маалымат жайгаштырылат.
Конкреттүү соттук иш же соттун (судьянын) өндүрүшүндө турган материал боюнча соттун төрагасына, анын орун басарына же судьяга жазуу жүзүндө же оозеки түрүндө келип түшкөн кайрылуу, соттук териштирүүнүн катышуучулары болуп саналбаган мамлекеттик сектордун субъекттеринин, уюмдун, кызмат адамынын же жарандын кайрылуусу же болбосо соттук териштирүүнүн катышуучуларынын процесстик мыйзамдарда каралбаган формадагы кайрылуусу процесстен тышкары кайрылуу деп түшүнүлөт.
Процесстен тышкары кайрылуулар жөнүндө маалыматты элге жарыялоо тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.
30-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда расмий маалыматтарды таратуу
Мамлекеттик сектордун субъекттеринин басма сөз кызматтары, ошондой эле калк менен маалыматтык иш алып барууга жооптуу кызматчылары жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды мамлекеттик сектордун субъекттеринин иши жана чечимдери жөнүндөгү маалыматтар жана материалдар менен камсыз кылат.
6-глава. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин документтерин жана материалдарын түздөн-түз алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу
31-берене. Түздөн-түз алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу формалары
Мамлекеттик сектордун субъекттеринин документтерин жана материалдарын түздөн-түз алуу мүмкүндүгү төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) мамлекеттик сектордун субъекттеринин расмий маалымат фонддору;
2) китепканалык фонддордун расмий маалыматы;
3) Интернет желесиндеги веб-сайттар.
32-берене. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин расмий маалымат фонддоруна коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
1. Мамлекеттик сектордун субъекттери расмий маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү фонддорун түзөт.
2. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин расмий маалымат фонддорунан маалымат алуу мүмкүндүгү мамлекеттик сектордун тиешелүү субъекти жайгашкан жерде маалыматты пайдалануучуларга түздөн-түз жеке тааныштыруу жолу менен камсыз кылынат.
3. Укуктук актылар, башка документтер жана материалдар расмий маалымат фондуна киргизилет жана аларга кол коюлган же болбосо тийиштүү документтерди жана материалдарды кароого байланышкан актыларга кол коюлган күндөн тартып бир жумадан кечиктирилбестен таанышуу үчүн жеткиликтүү болот.
4. Документтердин жана материалдардын алуу мүмкүндүгү чектелген маалыматты камтыбаган бөлүктөрү тийиштүү документке кол коюлган күндөн тартып бир жумадан кечиктирбестен таанышуу үчүн даярдалууга жана жеткиликтүү болууга тийиш.
5. Документтерди жана материалдарды алууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик сектордун тиешелүү субъектинде таанышуу үчүн көктөмөлөр, ошондой эле документтердин жана материалдардын контролдук нускалары менен көктөмөлөр түзүлөт. Көктөмөдөгү документтер жана материалдар хронологиялык тартипте жайгаштырылат. Таанышуу үчүн түзүлгөн көктөмөлөрдө документтерди жана материалдарды кеминде айына бир жолу тизмелөө жүргүзүлөт, тизмелөө ошондой эле көктөмөлөрдө жайгаштырылат. Документтердин жана материалдардын көктөмөлөрүн мындай тизмелөө маалыматтары каталогдорго бириктирилиши мүмкүн.
6. Мамлекеттик сектордун субъекттери көктөмөлөрдө түзүлгөн документтердин жана материалдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт жана аларды алууга тиешелүү талаптарды коёт.
7. Көктөмөлөр менен иштөө үчүн документтерден жана материалдардан көчүрмө бөлүгүн жасоого, ошондой эле алардан көчүрмөсүн жасоого мүмкүндүк берүүчү шарттары бар атайын жерлер белгиленет. Документтерди жана материалдарды көчүрүү үчүн берүүнүн шарттарын жана тартибин тиешелүү мамлекеттик сектордун субъекттери белгилейт.
33-берене. Расмий маалыматтын китепкана фондуна жеткиликтүүлүгү
1. Мамлекеттик сектордун субъекттери өздөрүнүн карамагында турган расмий баяндамаларды, маалыматтык материалдарды, расмий маалымдама басылмаларын жана башка документтерди жана материалдарды китепканаларга жөнөтөт.
2. Алынган документтердин жана материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын китепканаларында расмий маалыматтын жалпыга жеткиликтүү фонддору түзүлөт.
34-берене. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин Интернет желесиндеги сайттары
1. Мамлекеттик сектордун субъекттери өз иши тууралуу расмий маалыматтарды жайгаштыруу үчүн Интернет желесинде сайттарды түзүүгө милдеттүү. Ушул Мыйзам үчүн мамлекеттик сектордун субъектинин Интернет тармагындагы сайты деп Интернет тармагы аркылуу аларды алуу жүзөгө ашырылган, "KG" домен зонасындагы бир дарек менен бириктирилген маалыматтардын жыйындысы түшүнүлөт.
2. Мамлекеттик сектордун субъектинин сайтында ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган маалымат жайгаштырылат.
3. Мамлекеттик сектордун субъектинин Интернет желесиндеги сайты анда жайгаштырылган документтер жана материалдар менен акысыз таанышуу жана акысыз электрондук көчүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин Интернет желесиндеги сайтында жайгаштырылган документтердин жана башка расмий маалыматтардын электрондук версияларынын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик сектордун тиешелүү субъекттери тартат.
4. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин сайтында төмөнкү маалыматты камтыган материалдар жайгаштырылууга тийиш:
1) толук расмий аталышы же кыскартылган аталышы;
2) мамлекеттик сектордун субъектинин жобосу жана/же уставы (түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жобону кошкондо);
3) мамлекеттик сектордун субъектинин функцияларын жана иш тартибин аныктоочу ченемдик документтер;
4) жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана милдеттерин козгогон ченемдик укуктук актылар;
5) суроолор жана жооптор, актуалдуу маселелерди жана ченемдик документтердин долбоорлорун талкуулоо (форум);
6) окуялар жана жаңылыктар (мамлекеттик сектордун субъектинин иши жөнүндө басма сөз кызматынын билдирүүлөрү);
7) тармактагы же өздөрүнүн тейлеген чөйрөсүндөгү иштин абалы (саясат жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары, статистикалык маалыматтар, тармактын тарыхы жана жетишкендиктери ж.б.);
8) мамлекеттик сектордун субъекти өз функцияларына ылайык жарыялаган актуалдуу материалдар;
9) өткөн жылдагы иштин жыйынтыктары;
10) тармак боюнча тапшырмаларды ишке ашыруунун пландары;
11) типтүү документтер (өтүнмөлөр, бланктар жана аларды толтуруу боюнча нускамалар);
12) бош кызмат орундары (ачык бош орундар жөнүндө), жумушка кирүү тартиби (мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүү тартиби, талаптар), жумушка кирүүдө зарыл болгон документтер (талапкер бериши зарыл болгон документтердин жана формалардын тизмегин камтыган файлдардын реестри);
13) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендерлерди өткөрүү жөнүндө маалыматтар;
14) электрондук кол тамганы пайдалануу менен юридикалык жана жеке жактардан отчетторду, каттарды, арыздарды, даттанууларды жана башка формадагы кайрылууларды кабыл алуу;
15) байланыштар (байланыш маалыматтарынын реестри: почта даректери, веб-даректер, электрондук почта даректери, телефондор, факстар);
16) жайгашкан жери, иш тартиби;
17) жетекчилер жөнүндө жалпы маалымат жана мамлекеттик сектордун субъекттеринин жетекчилеринин кабыл алуу графиги;
18) ведомстволук органдар жана уюмдар;
19) республикалык жана эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуу;
20) графикалык иллюстрациялар жана фотогалерея (мүмкүнчүлүккө жараша);
21) бөлүмдөр боюнча издөө;
22) калк, жеке сектор жана Интернет пайдалануучулар үчүн мамлекеттик сектордун субъекти сунуш кылган сервис-кызмат көрсөтүүлөр;
23) бюджеттин кирешелери жана чыгашалары жана аудиттин натыйжалары, аудит жөнүндө отчеттор, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктары же сунуштамалары;
24) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетин түзүү (кирешелер), кароо, бекитүү, тактоо, аткаруу (чыгашалар) жана аудиттин натыйжалары, аудит жөнүндө отчеттор, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктары же сунуштамалары;
5. Мамлекеттик сектордун субъектинин веб-сайтындагы маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилүүгө тийиш. Веб-сайттын башка тилдерде версиялары болушу мүмкүн.
6. Мамлекеттик сектордун субъекттери веб-сайттарды түзүүгө жана колдоого адистештирилген уюмдарды келишимдик негизде тартууга укуктуу. Адистештирилген уюм тарабынан камсыздалып жаткан маалыматтын аныктыгы, толуктугу жана актуалдуулугу жана ушул Мыйзамдын башка талаптарынын аткарылышы үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик сектордун тиешелүү субъекттери тартат.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы бардык ченемдик укуктук актылардын толук тизмегин жана тексттерин камтыган укуктук маалыматтар боюнча борборлоштурулган банктын иштөө тартибин аныктайт. Борборлоштурулган банктын укуктук маалыматтарын алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мамлекеттик сектордун субъектинин веб-сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.
8. Айыл өкмөтүнүн, райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана айыл аймагынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин иши жөнүндө маалымат тиешелүү райондук мамлекеттик администрациянын веб-сайтына жайгаштырылат.
7-глава. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин коллегиялык органдарынын ачык жыйналыштарына катышууну камсыз кылуу
35-берене. Жыйналыштардын ачыктыгы
1. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин жабык жыйналыштарын кошпогондо, жыйналыштар коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
2. Жыйналыштардын ачыктыгы тиешелүү жыйналыштарга катышууга өтүнмө берген адамдардын аларга катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү менен кепилденет.
3. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин жабык жыйналыштары ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык алуу мүмкүндүгү чектелүү деп саналган маалымат катышкан маселелерди талкуулоо учурларында өткөрүлөт.
4. Соттук жыйналыштарга катышуу процесстик мыйзамдарда же соттордун ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу актыларда каралган тартипте камсыз кылынат.
36-берене. Жыйналыштарга катышууну уюштуруу
1. Мамлекеттик сектордун субъекттери ай сайын пландалган жыйналыштарды өткөрүү планын, жыйналыштардын күн тартибин, ошондой эле аны өткөрүү датасын, убактысын жана ордун көрсөтүү менен жыйналыш күнүнө чейин бир жумадан кечиктирбестен өзүнүн сайтында жайгаштырат.
2. Жеке жактар, юридикалык жактардын өкүлдөрү мамлекеттик сектордун субъекттеринин жыйналыштарына катышууга укуктуу.
3. Жыйналыштарга жеке жактардын жана/же юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылуу максатында мамлекеттик сектордун субъекттеринде тийиштүү жыйналышка катышууну каалагандарды жазуу жүргүзүлөт. Келүүчүнүн жазылуусу жана анын өздүгүн ырастаган документинин болушу жыйналышка катышуу үчүн негиз болуп саналат. Жазууда жыйналышка катышууну ар кандай адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, ал эми юридикалык жактын өкүлү үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, юридикалык жактын аталышы, ошондой эле ээлеген кызмат орду камтылууга тийиш.
4. Жыйналыштарды өткөрүү залында келүүчүлөр үчүн орундар жабдылат. Орундардын саны жазылгандардын санына жараша эсептелет, бирок алар мамлекеттик сектордун субъекттеринин жыйналыштарында бештен кем болбоого, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жыйналыштарында ондон кем болбоого тийиш.
Келүүчүлөрдүн сандык чектөөсү ашып кеткенде жана алардын ичинен кимдир бирөө келбей калган учурда төмөнкүлөр жыйналышка катышуу артыкчылыгына ээ болушат:
1) жыйналышта кабыл алынуучу чечим укуктарына жана эркиндиктерине түздөн-түз тийиштүү болушу мүмкүн болгон адамдар;
2) ушул органдын жыйналыштарына мурда катышпаган же башка жазылгандарга караганда көп катышпаган адамдар;
3) жыйналышка катышууга башкалардан мурда жазылган адамдар.
5. Мамлекеттик сектордун субъекттери он-лайн режими аркылуу жыйналыштардын жеткиликтүүлүгүн кошумча уюштурууга укуктуу.
37-берене. Келүүчүлөрдүн жыйналыштарга катышуу тартиби
Соттук жыйналыштарды кошпогондо, мамлекеттик сектордун субъекттеринин жыйналыштарына келүүчүлөрдүн катышуу тартиби, соттук жыйналыштарды кошпогондо мамлекеттик сектордун тиешелүү субъекттеринин иш регламентинде аныкталат.
8-глава. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин карамагында турган маалыматтарды алууну уюштуруу
38-берене. Маалымат алууга көмөктөшүү боюнча уюштуруу чаралары
1. Мамлекеттик сектордун субъектинин түзүмүндө маалымат алууну уюштуруу мамлекеттик сектордун субъектинин түзүмүндө иштеп жаткан кызматка же бөлүмгө, же конкреттүү кызмат адамына жүктөлөт.
2. Маалыматты сураган адамдарды маалымат менен камсыз кылуу боюнча функция мамлекеттик сектордун тиешелүү субъекти жөнүндө жоболордо аныкталууга тийиш.
3. Маалыматты сураган адамдарды маалымат менен камсыз кылуу боюнча функцияларды ишке ашыруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу адистештирилген кызматтардын, бөлүмдөрдүн, кызмат адамдарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги ушул кызматтар жана бөлүмдөр жөнүндө белгиленген тартипте бекитилген жоболордо жана кызматтык нускамаларда белгиленет.
4. Маалымат алууну камсыз кылуу боюнча функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик сектордун субъектинин ыктыярына жараша маалыматтык кызматтарды берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар келишимдик шарттарда тартылышы мүмкүн. Бул уюмдардын реквизиттери (уюмдун атылышы, почта дареги, телефон номери жана факс номери, электрондук почта дареги, веб-сайты) жалпыга маалымдалууга тийиш.
5. Маалыматты алуу жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу эрежелери мамлекеттик сектордун субъекти тарабынан ушул Мыйзамга ылайык белгиленет.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эрежелерде маалымат алууну камсыз кылуу боюнча милдеттер жүктөлгөн тийиштүү уюмдардын, кызматтардын, бөлүмдөрдүн аталышы жана иштөө режими же кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар; берилүүчү маалыматтын категориялары, аны берүүгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү (автоматташтырылган маалымат системасынан алуу тартибин кошкондо), кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн тартиби жана маалымат алуунун башка шарттары камтылууга тийиш.
39-берене. Маалымат системаларында маалымат алууну уюштуруу
1. Маалымат системаларында маалымат алуу укугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик сектордун субъекттери:
1) мамлекеттик сектордун субъекттеринин маалымат системаларын электрондук башкаруунун архитектурасынын коомдук сегментине туташтырат;
2) мамлекеттик сектордун субъекттеринин маалымат системаларында маалыматтарды Интернет желесиндеги сайттарга ачык маалыматтар форматында жайгаштырууну уюштурат;
3) суроо-талаптарды алуу жана суралган маалыматты берүү үчүн электрондук почта дарегин көрсөтүп берет;
4) расмий веб-сайтта, порталда жайгаштырылган маалыматтын мазмуну, аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Мамлекеттик сектордун субъекттеринин электрондук документтеринде ушул документтер үчүн белгиленген бардык реквизиттер көрсөтүлөт. Маалымат электрондук түрдө берилген учурда анын аныктыгы электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамда белгиленген тартипте электрондук кол тамга коюлат.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарынын борбордоштурулган жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн, ачык маалыматтар порталы түзүлөт. Бул порталды түзүүнүн, иштетүүнүн, аны пайдаланууну уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
40-берене. Маалымат алууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик сектордун субъекттеринин милдеттери
1. Мамлекеттик сектордун субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамга ылайык берилүүгө тийиш болгон маалыматты камтыган расмий документтерди, алар кабыл алган актыларды, ошондой эле өздөрү укук улантуучулары болуп саналган мамлекеттик сектордун субъекттеринин актыларын белгиленген мөөнөт ичинде сактоого;
2) берилүүчү маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун, аны берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоону камсыз кылууга;
3) расмий документтерди элге жарыялоонун мыйзамда белгиленген тартибин сактоого.
2. Эгерде берилген маалыматтар так эмес же толук эмес маалыматтарды камтыса, мамлекеттик сектордун субъекттери маалыматты сураган адамдын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү арызы боюнча, мүмкүн болгон кыска мөөнөттө, бирок арызды алган күндөн тартып жети жумуш күндөн кечиктирбестен, берилген маалыматты тактоого же толуктоого милдеттүү.
3. Мамлекеттик сектордун субъекттери өздөрү жалпыга маалымдоого тийиш болгон расмий документтердин реестрин жүргүзөт. Реестр ар бир чыккан документтин аталышын, кабыл алынган датасын, номерин жана аны элге жарыялоо жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Реестрди жүргүзгөн субъекттер ушул реестрге карата башка милдеттүү талаптарды белгилеши мүмкүн.
4. Соттук актылардын мамлекеттик реестрине жергиликтүү соттор жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту үчүн иштин маңызы боюнча белгиленген формада кабыл алынган бардык соттук актылар отуз күндүн ичинде киргизилет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту үчүн - жарыяланган күндөн тартып киргизилет.
5. Алуу мүмкүндүгү чектелген соттук актыларды кошпогондо, Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актылар адистештирилген сайтта ачык жайгаштырылат.
9-глава. Ушул Мыйзамды ишке ашыруунун кепилдиктери
41-берене. Уюштуруу кепилдиктери
1. Маалымат ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруунун тартибине карата анын ичинде маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптын предметин, иштөө режимин, расмий маалымат фонддору менен таанышуу тартибин тактоо боюнча телефон аркылуу акысыз кыскача маалымдамаларды берүү мүмкүнчүлүгүн уюштуруу;
2) иши ушул Мыйзамды ишке ашыруу маселелери боюнча маалымат ээсинин карамагында турган маалыматтарды алуу мүмкүндүгүн берүү менен байланышкан адамдардын системалуу окуудан өтүүсүн камсыз кылуу;
3) маалыматты жана алып жүрүүчүлөрдү архивдик иш, жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүүнү жана сактоону, ал эми мындай талаптар жок болгон учурда, маалыматтын жана маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн сакталышын жана бүтүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү шарттарга ылайык камсыз кылуу.
2. Соттордун карамагында турган маалыматтарды алууну камсыз кылууну контролдоону соттордун төрагалары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашырат. Маалымат алууну камсыз кылууну контролдоону жүзөгө ашыруу тартиби соттордун ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу актылар менен белгиленет.
42-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө коомчулукка маалымдоо
Мамлекеттик сектордун ар бир субъекти ушул Мыйзам боюнча жарандардын укуктары жана аларды жүзөгө ашыруу ыкмалары жөнүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана зарылчылыкка жараша жарандык коом менен кызматташтыкта калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
43-берене. Маалыматты берүү боюнча милдеттерди бузгандык үчүн жоопкерчилик
Маалыматты берүү боюнча милдеттерди же ушул Мыйзамдын башка талаптарын бузган күнөөлүү адамдар мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
10-глава. Маалыматты берүүдөн баш тартуу боюнча даттануу тартиби
44-берене. Маалыматты берүүдөн баш тартуу боюнча даттануу
Маалыматты берүүдөн баш тартуу, ошондой эле маалымат ээсинин ушул Мыйзамдын талаптарын бузган башка аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери маалыматты колдонуучунун тандоосу боюнча Мыйзамдын ушул главасында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жогору турган органга же кызмат адамына, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменге), же болбосо Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
45-берене. Маалыматты берүүдөн баш тартуу боюнча жогору турган органга же кызмат адамына даттануу
Маалыматты берүүдөн баш тартуу, ошондой эле маалымат ээсинин ушул Мыйзамдын талаптарын бузган башка аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери ушул Мыйзамдын 46-48-беренелеринде каралган тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.
46-берене. Даттанууну берүү тартиби жана мөөнөттөрү
1. Маалымат ээсинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) маалыматты колдонуучунун даттануусу даттанылган аракетти (аракетсиздикти) маалымат ээсинин жасагандыгы жөнүндө ага белгилүү болгон учурдан тартып, же болбосо даттанылган чечим тапшырылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жогору турган органга же кызмат адамына жазуу жүзүндө кол менен, почта, факс, курьер же байланыштын электрондук каналдары аркылуу берилет. Даттануу маалыматты колдонуучунун өкүлү тарабынан талаптагыдай таризделген ишеним каттын негизинде берилиши мүмкүн, анын көчүрмөсү даттанууну берүүдө ага тиркелүүгө тийиш.
2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) даттануу жиберилген жогору турган органдын аталышы жана кызмат адамынын фамилиясы, инициалдарды;
2) маалыматты колдонуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы, өкүлдүн (эгер болсо) фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) берилген даттанууга жооп алуунун артыкчылыктуу формасына жараша маалыматты колдонуучунун жана (же) анын өкүлүнүн байланыш маалыматтары;
4) маалыматты колдонуучунун даттануусуна негиз болгон жагдайлардын сыпаттамасы;
5) даттанууну берген адамдын талаптары;
6) даттанууну берүү датасы;
7) даттанууну берген адамдын колу.
3. Маалыматты колдонуучу жана (же) анын өкүлү ар кандай кошумча маалыматты, анын ичинде даттанууда баяндалган жагдайларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн бериши мүмкүн.
47-берене. Даттанууну кароо тартиби
1. Маалыматты колдонуучунун даттануусу 15 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө каралууга тийиш. Даттанууну кароо мөөнөтү даттануу жиберилген жогору турган орган же кызмат адамы даттанууну алган күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет жана даттанууда көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары боюнча маалыматты колдонуучуга чечим жиберилген күнү аяктайт.
2. Маалыматты колдонуучу даттануу боюнча чечим чыгарылганга чейин кайсыл учурда болбосун арызды кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүч менен кайрылууга укуктуу, мындай учурда даттануу каралбайт.
3. Маалымат ээси ушул Мыйзамдын жоболоруна карама-каршы келбеген даттанууларды кароонун ички тартибин аныктоого укуктуу. Маалыматтын ээси өз жайларында, ошондой эле веб-сайтта анын шарттарын жайгаштырып жана ага жеткиликтүүлүктү камсыз кылат жана ар кандай адамдын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берет.
48-берене. Чечимдин мазмуну
1. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча даттанууну караган жогору турган орган же кызмат адамы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) даттанууну толугу менен же жарым-жартылай канааттандырат;
2) даттанууну канааттандыруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартат.
2. Даттанууну кароо боюнча чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) чечим кабыл алуу датасы жана орду;
2) даттанууну караган жогору турган органдын же кызмат адамынын аталышы;
3) маалыматты колдонуучунун толук аталышы (юридикалык жактар, филиалдар, өкүлчүлүктөр үчүн), маалыматты колдонуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты (жеке жактар үчүн), ага чечим жиберилген байланыш маалыматтары;
4) анын чечимине, аракетине, (аракетсиздигине) даттануу берилген маалымат ээсинин аталышы;
5) даттануу предмети;
6) аныкталган иш боюнча даттанууну караган жогору турган органдын же кызмат адамынын тыянактары негизделген фактылар, далилдер жана тигил же бул далилдер кабыл алынбаган жүйөлөр;
7) даттанууну караган жогору турган орган же кызмат адамы жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;
8) даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим;
9) даттанууну караган жогору турган органдын жетекчисинин же кызмат адамынын колу.
3. Анын даттануусун кароо боюнча чечим менен макул болбогон маалыматты колдонуучу Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде белгиленген тартипте сотко даттанууга укуктуу.
11-глава. Корутунду жоболор
49-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Маалымат алуунун кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 5-декабрындагы № 89 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 12, 580-ст.);
2) "Маалымат алуунун кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 18-октябрындагы № 147 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 498-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 981-ст.);
4) "Маалымат алуунун кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 982-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 121-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 96-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 870-ст.);
8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Маалымат алуунун кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамынын 1, 2-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1201-ст.);
9) "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 47 Мыйзамынын 4, 5-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 3, 179-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 732-ст.);
11) "Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 53 Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткарсын:
1) мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштарды киргизсин;
2) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу уюштуруу чараларын чечүүгө багытталган сунуштарды Президенттин кароосуна киргизсин;
3) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
4) өздөрүнө караштуу органдардын укуктук актыларынын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү камсыз кылсын;
5) ушул Мыйзамды колдонуу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу боюнча иштерди жана ушул Мыйзамдын жоболору жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурууну камсыз кылсын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн, ошондой эле өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 15-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|