Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2214-VII
"Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Абдалиев, Ш.К.Ташиев, К.А.Талиева, К.К.Сулайманов, М.А.Маматалиев, Ш.Мажитова, А.А.Козуев, Г.О.Култаева, Ж.Э.Садырбаева, Ч.И.Ажибаев, С.М.Зулпуев, М.М.Мураталиев, У.З.Ормонов, М.О.Темирбаева, Ж.Таалайбек кызы, Ч.А.Султанбекова, Т.Н.Сарыбашов, Б.Э.Тентишев, М.Ж.Сыдыков, Б.З.Түлөбаев, Т.А.Масабиров, Н.К.Кадырбеков, А.А.Исираилов, Т.И.Икрамов, А.Т.Түмөнбаев, Ж.П.Нурбаев, Б.А.Эргешов, И.К.Кубанычбеков тарабынан демилгеленген "Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |