АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын отуруму
2023-жылдын 27-январы № 7/1
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетин Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен сессияда каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 2022-жылда 39 232 (отуз миллион эки жүз отуз эки) миң сомго, чыгаша бөлүгү 30 890,6 (отуз миллион сегиз жүз токсон миң алты жүз) миң сомго киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн 8 341,4 (сегиз миллион үч жүз кырк бир миң төрт жүз) сомго, башкача айтканда 8 341,4 (сегиз миллион үч жүз кырк бир миң төрт жүз) сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2023-жылга карата жалпысы 31 069,3 (отуз бир миллион алтымыш тогуз миң үч жүз) сом, анын ичинен атайын эсеп 5 633,8 (беш миллион алты жүз отуз үч миң сегиз жүз) сом жана жайыт үчүн 200,0 (эки жүз миң) миң сом эсебинде бекитилсин.
3. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2022-жылдын эсебинен калган 8 341,4 (сегиз миллион үч жүз кырк бир миң төрт жүз) сом өлчөмүндөгү калдык акча каражаты сметанын негизинде жумшалсын.
4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата болжолдуу планы 33 354,3 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.
5. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата болжолдуу планы 34 425,4 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.
6. Ак-Таш айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлердин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 01-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” № 451 токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 20 (жыйырма), анын ичинен кенже кызматкерлерге 2 (эки) штат бирдиги бекитилсин жана айыл башчылардын эмгек акысы жетектөөчү адис коэффиценти менен, ченге кошумча төлөмдөр төлөнүп берилсин.
7. Ак-Таш айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын жыл ичиндеги эмгек маянасы үчүн 599,9 (беш жүз токсон тогуз миң тогуз жүз) сом каралсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык Кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы |
| А.Аматов |