КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кичи- Кемин айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-марты №3/4
Депутаттардын иш планын бекитүү жөнүндө
Кичи-Кемин айылдык Кеңеши
Кичи-Кемин айылдык кеңешинин 2024-жылга карата каралган иш планын карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана Кичи-Кемин айылдык кеңешинин 11.03.2024-жылдагы №3/3 токтому менен бекитилген Регламенти, Кичи-Кемин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи-Кемин айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кичи-Кемин айылдык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э.У.Орозбаков |