Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 33/1
Жеке менчиктеги жер тилкесинин максатуу багытын калкты тейлөө тармагына өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн 15.05.2024-жылдагы №146 сандуу катын, Ш.Койчубаевдин 15.05.2024-жылдагы арызын жана Кароол айылдык кеңешинин “Айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын” сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин талабына ылайык, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн Мырза-Арык айылынын жашоочусу Койчубаев Шайырбек Шарабидиновичке таандык Шералы айылынын Т.Акматов көчөсүндөгү идентификациялык коду 5-06-14-1004-0878 сандуу жеке менчик жер тилкесинин максаттуу багытын калкты тейлөө тармагына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы жана Кароол айыл аймагынын башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кароол айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.М.Эралиев |