Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 33/2
Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн 15.05.2024-жылдагы №146 сандуу өтүнүч катын жана Кароол айылдык кеңешинин “Айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, жана энергетика боюнча турктуу комиссиясынын” кортундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын талабына ылайык, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн Кароол айылынын жашоочусу Эсебаев Жанболот Шариповичке таандык Кароол айылынын М.Акжолов көчөсүндөгү идентификациялык коду 5-06-14-1002-0115 сандуу жеке менчик жер турак жайынын максаттуу багытын мектепке чийинки билим берүү мекемесине ылайыкташтыруу жана 70 (жетимиш) орундуу 3 (үч) тайпалык бала бакча ачууга макулдук берилсин.
2. Бул мектепке чийинки билим берүү мекемесинин аталышы “Кароол” мектепке чийинки билим берүү мекемеси деп аталсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы жана Кароол айыл аймагынын башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кароол айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.М.Эралиев |