Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 33/3
Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн 16.05.2024-жылдагы №147 сандуу катын, карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын 12-беренесинин талабына ылайык, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн Мырза-Арык айылынын “Курманбек баатыр” (Күнгөй) участкасындагы 924-контурундагы 0.43 га №940-контурундагы 0.73 га жалпысынан 1.16 га жер тилкесинин категориясын “Таза жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Кароол айыл аймагынын башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кароол айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.М.Эралиев |