Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 33/4
Кароол айыл аймагынын Кароол айылынын тургуну Амирбеков Алмазбек Амирбековичке “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кароол айыл аймагынын Кароол айылынын калкынын жалпы жыйындарында, аксакалдар сотунун, аксакалдар кеңешинин, коомдук уюмдардын, жана айыл башчысынын, өкмөт мүчөлөрүнүн, Кароол айылдык кенешинин “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын жана А.Амирбековдун эмгек жолун, айыл аймактын экономикалык, социалдык- маданий жактан өсүшүнө, жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымын эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик адиминистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34,39-беренелеринин 1-пунктунун негизинде Кароол айылдык кенешинин кезексиз 33-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагынын Кароол айылынын тургуну Амирбеков Алмазбек Амирбековичке Кароол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуулу” наамына тиешелүү күбөлүк, медаль жана атайын кызыл лентага кетчү каражаттарды жергиликтүү бюджеттен чечип берүү жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Э.М.Эралиев |