Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышы
2024-жылдын 20-майындагы № 20
Кыдыр Аке айыл аймагына караштуу Эңилчек айылындагы мечитти жер тилкеси менен Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушунун жана жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагына караштуу Эңилчек айылындагы мечитине жана жер тилкесине болгон муниципалдык менчик укугу токтотулуп, Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков