Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышы
2024-жылдын 20-майындагы № 21
Теплоключенка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 6-февралындагы №25 “Теплоключенка айылынын квартал башчылары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 6-главасына ылайык айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айылынын квартал башчылары жөнүндө Жобосу өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков
Тиркеме
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 21-майындагы
№ 21 токтому менен бекитилди
Теплоключенка айылынын квартал
башчылары жөнүндө Жобо
1.Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык квартал башчылардын иш-аракетин жөнгө салат.
1.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп жашаган жери боюнча жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу үчүн айыл аймагынын бир бөлүгүндө өз алдынча уюму түшүнүлөт.
1.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу квартал башчылары түрүндө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда ишке ашырылат.
1.4. Коомдук өз алдынча башкаруунун аймагынын чектери тургундардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
1.5. Квартал башчылары жергиликтүү кеңеште аларды эсепке алып каттоо учурунан тартып өзүнүн статусуна ээ болот.
1.6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык формалары өз ишинде өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешине отчет берет.
1.7. Квартал башчылыкка аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер айыл өкмөтүнүн тескөөчү укуктук-ченемдик актысы менен дайындалат.
2. Квартал башчысына коюлуучу квалификациялык талаптар
2.1. Квартал башчыларына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим, атайын орто кесиптик же орто билим (бардык багыттагы)
2) Стажы жана иш тажрыйбасы:
- тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы талап кылынбайт.
2.3. Профессионалдык компетенциялар:
Маалымдуулугу:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө, Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө, Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы, Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясы, Жергиликтүү жамааттардын Уставы;
- өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Көндүмдөрү:
- өз ишин жана айыл өкмөтүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- башка органдар менен жана жергиликтүү калк менен өз ара аракеттенүү;
- чыр-чатактарды жөнгө салуу;
- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана чогулуштарды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышууларды жүргүзүү.
2.4. Квартал башчылар 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Эгерде дайындалган мөөнөттүн ичинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткара албаса, анда дайындалган мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
2.5. Квартал башчылар 18 жаштан жогору, айылда жашаган, билими бар Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
2.6. Айыл өкмөтүнүн кызматкери, муниципалдык ишканалардын жумушчулары, айылдык кеңештин депутаттары квартал башчысы боло албайт.
2.7. Квартал башчылардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө функцияларды аткаргандыгы үчүн айылдык кеңеш тарабынан сый акы белгиленет.
3. Жеке сапаттар
3.1. Квартал башчылар төмөнкү жеке сапаттарга ээ болушу керек:
- өзгөчө кырдаалдарга тез жана адекваттуу аракеттенүү, өзгөрүүлөргө даяр болуу;
- кызматташуу (өз ара колдоо, түшүнүү, өз ара жардам көрсөтүү);
- уюштуруучулук жөндөмдүүлүк ( команда менен уюштуруу процесстерин макулдашуу);
- этиканы сактоо (,жүрүм-туруму, адеби, сылыктык, тартип ченеми);
- максаттуулугу (уюмдун баалуулуктарына, идеологиясына жана стратегиясына басым
жасоо менен максаттарга жетүү);
- тынымсыз өзүн-өзү өркүндөтүүгө умтулуу, курчап турган чындыкты сын көз караш
менен кабыл алуу жана кайра карап чыгуу;
- толеранттуу болуу (сабырдуулук).
4. Квартал башчылардын милдеттери
1) Айылдын маселелерин талкуулоо учурунда жергиликтүү кеңештердин ишине катышууга;
2) Айылды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо (ишембиликтер), ички ирригация тарамдарын (арык, каналдарды) тазалоо жана сугат сууну элге жекирүүгө көмөктөшүү, ашар иштерин уюштурууга;
3) Кварталда жашаган тургундардын маалыматтык базасын түзүү, анын ичинде аярлуу топтор менен иш алып барууга активдүү катышуу менен көмөктөшүүгө;
4) Кварталда үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алууга көмөктөшүүгө;
5) Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу тажиясында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, айыл өкмөтүнө өз убагында маалымат берүүгө;
6) Кварталда аракечтик, баңгилик ( кара куурайды жок кылуу жана тамеки чегүүгө тыюу салуу иш-аракеттерине активдүү катышууга;
7) Жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
8) Айыл өкмөтү тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында так жана туура аткарууга;
9) Кварталдын тургундарынын арасында коомдук саясий абалдын туруктуу сакталышына көмөктөшүүгө;
10) Жарандардын курултайларынын, чогулуштарынын чечимдеринин аткарылышын уюштурууга;
11) Курулуш эрежелерин сактоого, турак жайынын тегерегин таза кармоого, турак үйлөрдү жана үй алдындагы участкаларды күтүүгө, өрт коопсуздугун жана санитардык нормаларын сактоого, жер, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, маданият жана тарых эстеликтерин коргоого коомдук контроль жүргүзүүгө, табылган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды айыл өкмөтүнө киргизүүгө;
12) Санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык өрттү контролдоо жана коопсуздук чараларын жүзөгө ашырууда тийиштүү мекемелерге көмөк көрсөтүүгө;
13) Коомдук тартипти күтүүдө укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;
14) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин укуктук-ченемдик актыларын жана айыл өкмөтүнүн чечимдерин жергиликтүүкалкты маалымдоого жана алардын аткарылышын уюштурууга;
15) тургундарга зарыл болгон мезгилде талап кылынган жактарга мүнөздөмө (характеристика) жазып берүү жана ал үчүн жоопкерчилик тартууга;
16) Кварталдарда турак-жайларды милдеттүү түрдө камсыздандырууну жүргүзүүгө, берилген планды ишке ашырууга;
5. Кварталда жергиликтүү тургундардын чогулуштарын өткөрүү
5.1. Тиешелүү кварталда, анын ичинде көп кабаттуу батирлердин жашоочуларын кошкондо, кварталдын чектеринде жашаган жана катталган тургундардын жалпы чогулуштары өткөрүлөт.
5.2. Кварталдык чогулуштарга төмөнкүлөр катыша алат:
а) тийиштүү кварталда катталган 18 жашка толгон, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү.
б) айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жана мамлекекеттик органдардын өкүлдөрү.
5.3. Кварталда жашаган тургандардын санынан 30 %дан ашык добуш алган чечимдер укуктуу деп эсептелинет.
5.4. Кварталдык чогулуштардын катышуучуларынын тизмесин түзөт, протоколун жазат жана айыл өкмөтүнө өткөрөт.
6. Жыйынтыктоочу бөлүк
6.1. Квартал башчылардын ишин уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары тарабынан жүргүзүлөт. Квартал башчылар түздөн-түз айыл өкмөтүнүн башчысына, башчысынын орун басарына жана жооптуу катчыларга баш иет.
6.2. Тийиштүү кварталдын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдору, квартал башчылардын отчеттору жергиликтүү кеңеште сакталат.
6.3. Бул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде киргизилет жана жергиликтүү кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.