Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 19-июну № 3-Д
Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал
шарттарында калкка жеке азык-түлүк топтомдоруменен
жардам берүү Тартибин бекитүү жөнүндө
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы даярдыгын камсыз кылуу, өзгөчө кырдаал аймагындакалктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө алдын ала даярдоо, жеке азык-түлүк топтомдорун алдын ала түзүү, сактоо, жаӊылоо, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясын ишке ашыруу (-2023-2026-жылдар) боюнча иш-чаралар планынын 2-этабын “Өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткандарга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү” тууралуу 12.3-пунктунда күтүлгөн натыйжаларга жетүү алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 14-пунктунун 5-пунктчасына ылайык буйрук кылам:
1. Өзгөчө кырдаал шарттарында калкка жеке азык-түлүк топтомдору менен жардам көрсөтүүнүн Тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрү ушул буйрукту жетекчиликке жана иштөөгө кабыл алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысы, ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оорук башкармалыгынын башчысы:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук булактарда, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
6. Буйрук тиешелүү тараптарга жеткирилсин.
7. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин МУА |
А.М. Мамбетов |
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин 2024-ж. “19” июнундагы № 3-Д буйругуна тиркеме |
Өзгөчө кырдаал шартында калкка жеке азык-түлүк топтомдору менен жардам көрсөтүүнүн Тартиби
1. Өзгөчө кырдаал шартында калкка жеке азык-түлүк топтомдору менен жардам көрсөтүүнүн Тартиби (мындан ары - Тартип) ыкчам чара көрүүнү камсыз кылууга, өзгөчө кырдаал шартында калкка алгачкы бир нече күндүн ичинде, жашоону калыбына келтирүү этабы башталганга чейин жардам көрсөтүүгө багытталган.
2. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – КР ӨКМ) кампаларында жеке азык-түлүк топтомдорун түзүү, узак мөөнөткө сактоону уюштуруу, сактоонун мөөнөттөрүн жана шарттарын, ошондой эле өзгөчө кырдаал аймагына жеткирүү, жооптуу органдарга – Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссияларга жана калкты социалдык колдоо боюнча комиссияларга өткөрүп берүүнү аныктайт.
3. Ушул Тартиптин талаптары өзгөчө кырдаалдын таасиринен зыян тарткан мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аларга тиешелүүгү боюнча, ошондой эле алардын дарегине жөнөтүлүүчү азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардамдарынын башка түрлөрүнө да алардын чечимдерине ылайык колдонулат.
4. Өзгөчө кырдаал шарттарында калкка жеке азык-түлүк топтомдору менен жардам көрсөтүүнүн Тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде эл аралык чукул жардам жаатындагы мыйзамдарга, ошондой эле мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларга, техникалык регламенттерге, ГОСТторго жана улуттук стандарттарга ылайык регламенттелет.
5. Бул Тартип калкка “жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндөгү жардамдын азык-түлүк бөлүгүн камтыйт, алардын номенклатурасы жана ченемдери Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – КР ӨКМдин чечими менен бекитилет. Мында номенклатура жана ченемдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.
6. “Жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндөгү гуманитардык жардам сапаттын жана коопсуздуктун эл аралык жана улуттук стандарттарына ылайык келүүгө, жарактуулук мөөнөтү бар аталыштарга карата жетиштүү жарактуулук мөөнөтүнө ээ болууга тийиш (Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кампаларына коюуда жеке азык-түлүк топтомдорунун жарактуулук мөөнөтү ГОСТ боюнча белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн кеминде бештен төртүн түзүүгө же 18 айдан кем болбоого тийиш).
7. Калкка жардам көрсөтүү үчүн Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга максаттуу түрдө келип түшкөн тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Мыйзамына, мыйзам алдындагы актыларга жана ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Ушул Тартиптин максаттары үчүн терминдер жана аныктамалар төмөнкүдөй маанилерде колдонулат:
1) өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыркаган калктын аялуу топторуна төмөнкүлөр кирет: үч же андан көп балалуу үй-бүлөлөр; кош бойлуу аялдар; үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр; жашы жете элек балдары бар толук эмес үй-бүлөлөр (жалгыз бой эне/жалгыз ата), ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары бар үй-бүлөлөр; улгайган жарандар; өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында ден соолугуна зыян келтирилген жарандар; өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында каза болгон (өлгөн) жарандардын үй-бүлөлөрү/жакын туугандары;
2) эл аралык чукул жардам - эл аралык акчалай кайрымдуулуктар, акысыз берилүүчү активдер, товарлар, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр, чукул кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды кошуп алгандагы кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, авариялык-куткаруу жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча башка кечиктирилгис жумуштар, чукул кырдаалдан жапа чеккен калктын жашоо шарттарын калыбына келтирүү же чукул кырдаалга чейинки мезгилге салыштырмалуу бул шарттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга туруктуулукту күчөтүү жана өзгөчө кырдаалдардын коркунучун азайтуу боюнча демилгелер;
3) социалдык жактан колдоо - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-экономикалык, укуктук жана башка мүнөздөгү социалдык кызматтардын комплекси;
4) жеке азык-түлүк топтому - өзгөчө кырдаалдарга кабылган калктын негизги физиологиялык керектөөлөрүн кыска мөөнөттүү канааттандыруу үчүн арналган Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген номенклатурага жана ченемдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын калкынын негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык стандарттарына ылайык келген негизги тамак-аш түрлөрүнүн зарыл санын камтыган тамак-аш азыктарынын топтому.
9. Өзгөчө кырдаал шарттарында “жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндө жардам көрсөтүү тууралуу маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ыйгарым укуктуу адамдардын чөйрөсү;
2) Жарандык коргонуу комиссиялардын жайгашкан жери, электрондук почтасынын дареги, телефон номери жана толук почталык дареги;
3) ӨК аймагына “жеке азык-түлүк топтомдорун” жеткирүү графиги жана калкка жардам көрсөтүүгө байланыштуу болгон башка маалымат.
10. КР ӨКМдин кампаларында узак мөөнөткө сактоо үчүн жеке азык-түлүк топтомдорун коюуну уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын, ошондой эле Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарынын негизинде ишке ашырылат – ТР CU 021/2011 “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө”, Бажы бирлигинин Техникалык регламенти – ТР CU 022/2011 “Тамак-аш азыктарын маркировкалоо боюнча”, Бажы бирлигинин Техникалык регламенти - ТР CU 034/2013 “Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө”, ЕАЭБ Техникалык регламенттери – ТР ЕАЭБ 040/2016 “Балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө”, Эл аралык стандарт – ISO 22000: 2005 (R) “Азык-түлүк коопсуздугун башкаруу тутумдары. Тамак-аш өндүрүү жана керектөө чынжырынын бардык уюмдар үчүн талаптар”. Мындан тышкары, кампаларга карата талаптар боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 258 “Мамлекеттик материалдык резервдин нускамаларын жана мамлекеттик материалдык резерв системасында сактоодо табигый жоготуу стандарттарын бекитүү тууралуу” буйругунун тиешелүү бөлүмдөрү аткарылат.
11. Узак мөөнөткө сактоо үчүн “жеке азык-түлүк топтомдорунун” номенклатурасы Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат жана төмөнкү ГОСТтор менен жөнгө салынат, бирок чектелбейт:
– Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 32125 – 2013 Эт консервалары. Бышырылган эт. Техникалык шарттар. КР ЭжКМдин Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо борборунда катталган; – Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 12250 — 2023 Өсүмдүк гарнирлери жана майы бар балык консервалары. Техникалык шарттар Кыргызстандарттын 2023-ж. 07.09. № 31 – СТ буйругу же Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 13865 — 2000 Май кошулган табигый балык консервалары менен киргизилген. Техникалык шарттар;
– KMС 999:2020 Төө буурчактан жасалган консервалар Техникалык шарттар, Кыргызстандарттын буйругу № 28 – ST 2020.08.07. же ГОСТ Р – 54679 – 2011 Төө буурчактан жасалган консервалар. Техникалык шарттар. Статусу: TR CU – 021/2011. CSM буйругу №28 – ST 26.04. 2016.;
– Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 1129 – 2013 Күн карама майы. Техникалык шарттар же Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 32190 – 2013. Өсүмдүк майлары. Кабыл алуу эрежелери жана үлгүлөрдү алуу ыкмалары. КР ЭжКМдин стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо борборунда катталган;
– Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 6292 – 93. Күрүч. Техникалык шарттар жана мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 6293 – 90. Күрүч. 2010-жылдагы даярдоо жана жеткирүү талаптары. КР МЭКтин стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо борборунда катталган;
– Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 33222 – 2015. Ак кант. Техникалык шарттар;
– Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 14032 – 2017. Токоч (галет). Жалпы техникалык шарттар;
– Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 5550 – 2021. Гречка. Техникалык шарттар;
– Мамлекеттер аралык стандарт ГОСТ 32573 – 2013. Кара чай. Техникалык шарттар.
Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кампаларында узак мөөнөткө сактоо үчүн аныкталган “жеке азык-түлүк топтомдорунун” – бүткүл номенклатурасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 “Шайкештигин баалоо жаатындагы айрым маселелер жөнүндө” токтому менен белгиленген, талаптарга ылайык милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон өнүмдөрдүн тизмесине киргизилген.
12. Калкка жардам көрсөтүү үчүн кампалардагы номенклатура жана стандарттар боюнча “жеке азык-түлүк топтомдорунун” азайтылгыс корунун көлөмү Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жөнгө салынат.
13. “Жеке азык-түлүк топтомдорун” узак мөөнөттүү сактоодо негизги милдет алардын сапаттык жана сандык коопсуздугун, сактоонун коопсуздугун жана максаттуу пайдалануу үчүн дайыма даяр абалда кармоону камсыз кылуу болуп саналат.
Бул милдет уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин уюштуруу, ГОСТ (КМС) боюнча туура кабыл алуу, кампага коюу жана сактоо, ошондой эле өз убагында тейлөө, жаңылоо
жана алмаштыруу аркылуу ишке ашырылат.
14. Кампаларга коюлган “жеке азык-түлүк топтомдору” Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарынын жана сапат стандарттарынын талаптарына жооп бериши керек, узак мөөнөттүү сактоого даярдалышы керек, ал эми алардын сапаттык абалы – жогоруда көрсөтүлгөн ГОСТторго ылайык өнүмдүн (товардын) сапатын тиешелүү документтери жана жөнгө салынган сактоо мөөнөттөрүн тастыктаган документтери бар сертификаттар, тестирлөө протоколдору менен ырасталышы керек.
15. Калктан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, коомдук жана эл аралык уюмдардан белгисиз таңгактагы товарлардын сапатын ырастоочу документтери жок өзгөчө кырдаалдар аймагына жөнөтүлгөн азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам өзгөчө кырдаалдар аймагындагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын чечимдери менен жөнгө салынат жана узак мөөнөткө сакталуучу “жеке азык-түлүк топтомдору” менен биргеликте коюлбайт.
Ошол эле учурда өзгөчө кырдаалдын таасири астында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлгөн азык-түлүк жардамынын сапатын текшерүү Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялардын суроо-талабы боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү адистери тарабынан жеринде жүргүзүлүшү мүмкүн.
16. Кампаларга коюлган “жеке азык-түлүк топтомдору” учурдагы ченемдик-техникалык документтерге (Техникалык регламенттер, улуттук стандарттар жана ГОСТ стандарттары) ылайык өндүрүүчү тарабынан белгиленген мөөнөттөргө ылайык сактоого кабыл алынат.
17. Узак мөөнөттүү сактоо үчүн “жеке азык-түлүк топтомдору” ченемдик-техникалык документтерге ылайык бир атайын таңгакка (картон кутуга) салынып, 10 күндүк мөөнөткө комплект түрүндө бүтүндөй бирдиктер менен гана сакталат. Атайын таңгак (картон куту) коопсуз ташуу үчүн жетишээрлик бекем, герметикалык каптоону камсыз кылууга тийиш, жүктөөдө жана түшүрүүдө ажырабастан, ийилбестен жана сынбастан туруштук берүүгө тийиш. Кантты, дан эгиндерин, консерваларды салып, өзүнчө сактоо үчүн кутунун ичинде атайын бөлүнгөн аянтчалар (катарлар) бар. Өсүмдүк майлары бөлөк жеткирилиши, ошондой эле атайын идиштерде же таңгактарда (пленкадан, кутуларда) сакталышы керек. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кампаларына жеткирүүдө таңгактын үстүңкү бөлүгү (кутунун) герметикаланууга тийиш. Кабыл алуу процессинен өткөндөн кийин таңгактар (кутулар) өзгөчө түскө ээ болгон жана толук герметикаланууну камсыз кылган атайын калың чаптама менен кайрадан капталат.
18. Узак мөөнөткө сактоого коюлган жана кабыл алынган “жеке азык-түлүк топтомдору” 100% таразага тартылууга, кайра эсептелүүгө, өлчөнүүгө жана алардын сырткы түзүлүшүнүн, таңгакталынган, консервацияланган жана маркировкаланган абалынын текшерилүүсүнө жатат. Азык-түлүк топтомдорунун ар бир түрүн таразага тартуу, кайра эсептөө жана текшерүү алар боюнча ГОСТ стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. Эгерде берилген өнүм ГОСТко жана Техникалык регламентке, ошондой эле ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн жеткирүү мөөнөтү, таңгактоо жана маркировкалоо боюнча талаптарга жооп бербесе, “жеке азык-түлүк топтомдорун” КР ӨКМдин кампаларына кабыл алууга жол берилбейт.
19. “Жеке азык-түлүк топтомдорунун” кабыл алынган күнү болуп кампа жайгашкан аймактагы бөлүмдүн башчысынын (аскердик бөлүктүн командири) колу менен КР ӨКМдин Оорук башкармалыгына телефонограмма жана коштоочу документтер менен ырасталган ушул Тартиптин тиркемесинде көрсөтүлгөн үлгү боюнча кабыл алуу актыга кол коюлган күн эсептелет.
20. Узак мөөнөткө сактоо үчүн кампаларга коюлган “жеке азык-түлүк топтомдору” алардын сапаттык абалы жөнүндө документтер (сертификаттар жана лабораториялык изилдөөлөр) менен камсыз болушу керек.
21. Сертификатталган өнүмгө “жеке азык-түлүк топтомдорунун” атайын таңгагы (картон куту) зарыл маалыматтар менен маркировкаланышы керек:
– материалдык баалуулуктардын аталышы;
– өндүрүүчүнүн аты;
– чыгарылган күнү, алынган күнү, таза салмагы (саны);
– таңгак бирдигинин саны;
– бир жерде таңгакталган бирдиктердин саны;
– чыгарылган күнү (айы, жылы);
– жарактуулук мөөнөтү (өндүрүлгөн айы)
– өнүм даярдалган ченемдик документтин белгилениши, сапат боюнча документинин номери (ГОСТ).
Сырткы беттеринин биринде чыгарылган убакыт маркировкасы чоң шрифт менен жазылат. Мисалы, 2025-жылдын АПРЕЛЬ айы. Убакыт маркировкасы өнүм менен бирге сактоо мөөнөтүнүн ичинде сакталат.
22. Узак мөөнөттүү сактоочу кампаларга кабыл алууну уюштуруу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүктөрү жана ал тарабынан ушул максатта түзүлгөн өзүнчө комиссия тарабынан ишке ашырылат. Бул комиссия лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары менен коштолгон Техникалык регламенттердин, улуттук стандарттардын, кабыл алуу боюнча ГОСТтордун көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алат.
23. “Жеке азык-түлүк топтомдорунун” ар бир келип түшкөн партиясы товардык-транспорттук баракчалары менен коштолушу керек жана берилген өнүмдүн сапатын тастыктаган документтерге, шайкештик сертификатына, ал эми башка республикалардан келип түшкөндө – келип чыгышынын сертификатына ээ болууга тийиш.
Консерваланган эт, кант жана өсүмдүк майы үчүн физикалык, химиялык жана бактериологиялык анализдердин болушу керек.
24. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү комиссияны тартуу менен жыл сайын, кварталына бир жолудан кем эмес сактоо жана иш кагаздарын жүргүзүү тартибин кароону уюштурат жана чогуу текшерүү жүргүзөт.
Жазында сырткы түзүлүшүн текшерүү уюштуруп, айына эки жолу өткөрсө болот.
“Жеке азык-түлүк топтомдорундагы” өнүмдүн сапатын контролдоо өзүнчө буйрук менен уюштурулат жана узак мөөнөттүү сактоодогу өнүмдүн сапатын баалоо боюнча адистештирилген жана сертификатталган лабораторияларда жылына бир жолудан кем эмес текшерилет.
25. Узак мөөнөттүү сактоочу кампалардан “жеке азык-түлүк топтомдорун” тийиштүү эсепке алууну, сактоону, берүүнү, чыгарууну, алмаштырууну жана жаңылоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Тартиптин талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын Уставынын талаптарына, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөлөрүнө жана башка колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.
26. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын узак мөөнөттүү сактоочу кампаларынан “жеке азык-түлүк топтомдорун” жаңыртуу жана алмаштыруу үчүн чыгаруу алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин 6 ай мурун башталат жана жүргүзүлөт.
27. Кампалардан “жеке азык-түлүк топтомдорун” жаңылоо жана алмаштыруу үчүн кампалардан чыгаруу жөнүндө чечимди Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин 6 ай мурун кабыл алат.
“Жеке азык-түлүк топтомдорун” алмаштыруу жана жаңылоо процессин жөнгө салуу үчүн ар бир учурда Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу чыгарылат, ички комиссия же кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн ведомстволор аралык комиссия түзүлөт. Ошол эле учурда социалдык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу керек.
28. “Жеке азык-түлүк топтомдорду” жана азык-түлүккө кирбеген товарларды узак мөөнөттүү сактоочу кампаларына функционалдык милдеттерине түздөн-түз тиешеси бар жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген адамдар гана киргизилет.
Мезгил-мезгили менен көзөмөл жана текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн комиссиянын ар бир баруусунда өзүнчө буйрук чыгарылат.
Кампада сакталган “жеке азык-түлүк топтомдоруна” жана азык-түлүккө кирбеген товарларга түздөн-түз тиешеси жок адамдарды киргизүүгөкатуу тыюу салынат.
29. Бул тартиптин талаптарын так сактоо үчүн жоопкерчилик аймагында кампа жайгашкан бөлүктөрдүн жетекчилерине (аскердик бөлүктөрдүн командирлерине) жана кампа башчысына жүктөлөт.
3. “Жеке азык-түлүк топтомдорун” жана азык-түлүк эмес товарларын узак мөөнөткө сактоочу кампаларына болгон негизги талаптар
30. “Жеке азык-түлүк топтомдорун” жана азык-түлүккө кирбеген товарларды узак мөөнөткө сактоо үчүн кондиционер жана температураны сактоо системасы бар, терезелери жок, жылытылбаган кампалар колдонулат, тышкы жана ички шыбактарынын отко туруктуулугу үчүнчү даражадан кем эмес (ички дубалдарын акиташ менен актоого жол берилет), кургак, зыянкечтер менен булганбаган, нымдуулуктан жана бөтөн жыттардан таза болушу керек. Ошол эле учурда, азык-түлүккө кирбеген товарларга “жеке азык-түлүк топтомдорун” колдонуунун бардык этаптарында - алууда, кампаларга коюуда, калкка жеткирүүдө, жаңыртууда жана алмаштырууда узак мөөнөттүү сактоо шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарлар кирет. Азык-түлүккө кирбеген товарларга төмөнкүлөр кирет: тоңдургучтар, жүктөөчү электрокаралар, текчелер, стеллаждар, таңгактоочу кутулар, идиш-аяктар, суу контейнерлери, биринчи кезекте керектелүүчү буюмдар, оруп-жыйноо жана өрт өчүрүүчү жабдуулар, ошондой эле кампаларда “жеке азык-түлүк топтомдору” менен чогуу сактоого тыюу салынбаган башка товарлар.
31. Узак мөөнөттүү сактоогоо коюлган “жеке азык-түлүк топтомдорунун” жана азык-түлүккө кирбеген товарлардын сапатын сактоо аларды кабыл алууну сапаттуу уюштуруу, температуранын жана нымдуулуктун шарттарын сактоо, сапатты көзөмөлдөөнү камсыз кылуу жана сактоо үчүн санитардык талаптардын сакталышы менен камсыз кылынат.
32. Кампалар кургак болуусу, оң абалдагы ички жана тышкы видеокөзөмөлдөө камералары, табигый вентиляциясы жана кондиционери, бекем жабылган эшиктери менен камсыз кылынуусу керек.
Жылытуу, суу менен камсыздоо жана мажбурлап желдетүү үчүн түзүлүш колдонуудагы стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.
33. Кампаны жарыктандыруу электр орнотмолорунун эрежелерин толук сактоо менен, айнек капкактары жана торлору бар электр лампаларын колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Электр зымдары тиешелүү талаптарга жооп бериши керек.
34. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кампалар Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш, өрт өчүрүүчү жабдуулар жана өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен камсыз кылынат.
35. Кампалар электр энергиясы, анын ичинде автономдуу энергия булактары менен камсыз болушу керек.
36. Кампалардын эшиктери нөөмөт бөлүмүнө алып баруучу коопсуздук сигнализациясы менен жабдылышы керек.
Эшиктер кулпуланып, мөөр басылып, пломбаланышы керек.
Кулпулардын ачкычтары, мөөрү жана пломбалоочу шаймандары бөлүктүн башчысы (аскердик бөлүктүн командири) тарабынан сейфте сакталууга тийиш.
37. Кампада иштөө үчүн техникалык жактан жарактуу электр жүктөгүчтөр колдонулат. Ичтен күйүүчү кыймылдаткычы бар жүктөгүчтөрдү колдонууга тыюу салынат.
38. Кампаларда санитардык ченемдер так сакталышы керек. Кемирүүчүлөрдүн, таштандылардын жана башка буюмдардын болушуна кескин түрдө жол берилбейт.
39. Сандык жана сапаттык сактоо үчүн жоопкерчилик дайындалган материалдык жооптуу адамга жүктөлөт.
40. Кампаларга “жеке азык-түлүк топтомдору” жана азык-түлүк эмес товарлар келгенге чейин кампалардын товарларды кабыл алууга техникалык даярдыгын, алардын санитардык ченемдеринин талаптарына шайкештигин, туруктуулугун, өрткө каршы коргонуу, инвентарлар жана жабдуулар менен камсыз болушун текшерүү зарыл. Кампалардын кабыл алууга даярдыгы бөлүктүн башчысы (аскердик бөлүктүн командири) бекиткен акт менен таризделет.
41. Сактоо учурунда “жеке азык-түлүк топтомдоруна” жана азык-түлүк эмес товарларга туруктуу мониторинг жүргүзүү видеокөзөмөл тутумун колдонуу менен, анын ичинде аралыктан (онлайн) дагы жүргүзүлөт.
Кампага пландан тышкаркы баруу зарыл болгон учурда материалдык жооптуу адам арызды билдирме менен кошо берет жана бөлүм башчыдан тиешелүү уруксат алат.
Кирип чыккандан кийин анын максаты жана милдети, себептерин жоюу ж.б.у.с. көрсөтүү менен акт түзүлөт. Чейректик текшерүүлөр, сапаттык текшерүүлөр жана башка текшерүүлөрдүн түрлөрү ушул Тартиптин 22, 24 жана 29-пункттарында берилген.
42. Температураны жана абанын салыштырмалуу нымдуулугун сактоо үчүн кампаларга жылуулоодон тышкары көзөмөлдөө приборлору, желдетүү жана кондиционердик иштөө түзүмү орнотулат.
Кампаларды желдетүүдө кондиционерди иштетүү процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүн, жылуулук өткөрүүнү жана абанын физикалык касиеттерин эске алуу керек.
Абанын берилген температурасын кармап туруу үчүн жазында табигый желдетүү сырттагы абанын температурасы кампадагы абанын температурасынан төмөн болгон салкын убакта жүргүзүлүшү мүмкүн.
Желдетүү температура жана нымдуулук шарттарын жөнгө салуу боюнча белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
43. Кампаларда санитардык эрежелерди сактоо үчүн айына бир жолу кылдат тазалоо иштерин жүргүзүү жана таңгактардын чаңын шыпыруу керек.
Кампалардын полун жарым жылда бир жолудан көп эмес нымдуулуктун жогорулашына жол бербестен жууш керек.
Ар бир кабыл алуудан, чыгарылгандан жана товарларды жылдыруудан кийин кампа тазаланат.
44. Жылдын каалаган убагында транспорттун кирүүсүн камсыз кылуу үчүн кампага кирүүчү жолдор жакшы абалда болушу керек.
Ушуну менен бирге кампалардын жана башка курулуштардын ортосундагы аралыктар өрт коопсуздугунун учурдагы ченемдеринжетекчиликке алуу менен сакталуусу зарыл.
Кампалардын айланасы таштандылардан жана кардан тазаланып, жамгыр жана эриген сууларды агызуучу арыктар толук кандуу оң абалда кармалууга тийиш.
45. Кампалар материалдык баалуулуктарды узак мөөнөткө сактоо шарттарына жооп бериши керек, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына, ошондой эле кампаларды долбоорлоонун колдонуудагы стандарттарына жооп бериши керек жана материалдардын сандык жана сапаттык коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
46. Кампаларда тараза (өлчөөчү гирялардын топтому менен товардык тараза) жана өлчөөчү приборлор (лента, штангенциркуль ж. б.) болушу зарыл.
47. Кампада тыюу салынат:
– тамеки тартуу жана ачык от колдонуу;
– тиричилик электр жылытуу приборлорун колдонуу;
– убактылуу электр зымдарын уюштуруу;
– шамдарды жарыктандыруу үчүн колдонулат, ж.б.
48. Кампалар абанын температурасын жана нымдуулугун өлчөө үчүн приборлор (белги берүүчү) менен жабдылышы керек, анын ичинде маалыматтарды аралыктан (онлайн) алуу. Кондиционер тутуму бар кампалардагы абанын температурасы +5 ºС төмөн болбошу керек жана +25 ºС жогору болбошу керек, салыштырмалуу нымдуулук 70% ашпоого тийиш. Кампаларда абанын температурасынын жана нымдуулугунун кескин өзгөрүшүнө жол берилбейт.
Абанын температурасын жана нымдуулугун өлчөө кампанын жетекчиси тарабынан абанын температурасын жана нымдуулугун эсепке алуу журналына маалыматтарды жазуу менен күн сайын жүргүзүлүүгө тийиш.
Бул учурда, негизги ыкма температура жана нымдуулук боюнча белги берүүчү аппараттан (датчиктен) маалыматтарды алыстан алуу болуп саналат.
49. Кампалар атайын жана универсалдуу металлдан жасалган текчелер, төшөөлөр жана шкафтар менен жабдылышы керек.
Ар бир текченин максималдуу жүк көтөрүмдүүлүгү текчеде же текчеге бекитилген атайын биркада көрсөтүлүшү керек. Текчелердин жана шкафтардын астыңкы текчелери, ошондой эле төшөөлөр полдон 15 см ден кем эмес бийиктикте болушу керек.
Материалдык баалуулуктарды түздөн-түз жерге коюуга катуу тыюу салынат.
50. Кампаларда материалдарды кабыл алуу жана берүү үчүн зарыл болгон жабдуулары бар атайын жайлар болууга тийиш.
51. Кампаларда төмөнкүлөр болуусу зарыл:
– оң абалдагы авариялык жарыктандыруу жана энергия менен камсыздоочу каражаттар;
– оң абалдагы видео байкоо, сигнализация жана байланыш каражаттары;
– бөлүмдүн нөөмөтчүсүнүн, жооптуу адамдардын жана жетекчиликтин телефондорунун тизмеси.
52. Кампаны ачууда материалдык жактан жооптуу адамдар эшиктердин бүтүндүгүн жана мөөрлөрдүн (пломбалардын) сакталышын жеке өзү текшерип, андан кийин коопсуздук журналына тиешелүү белги коюуга милдеттүү.
53. Жарандык коргонуу жатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кампалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык стандарттардын талаптарында белгиленген тартипте тамак-аш азыктарын сактоонун сапаты жана коопсуздугу боюнча сертификаттоодон өтүүгө тийиш.
54. Форс-мажордук жагдайда материалдык жактан жооптуу адамдар жок болгон учурда кампаларды жана жайларды ачуу жана пломбасын чечүү комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Комиссия Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүм башчысынын (аскердик бөлүктүн командиринин) буйругунун негизинде ушул гана кырдаалды чечүү үчүн түзүлөт.
4. Жардамды андан ары бөлүштүрүү үчүн жеке азык-түлүк топтомдорун уюштуруу, жеткирүүнүн жана өткөрүп берүүнүн тартиби
55. Өзгөчө кырдаал аймагына жеткирүү, жооптуу органдарга – Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссияларга жана калкты социалдык жактан колдоо боюнча комиссияларга өткөрүп берүү, андан ары бөлүштүрүү үчүн белгиленген үлгүдөгү коштоочу документтер, анын ичинде сапат сертификаттары, лабораториялык сыноолор жана кабыл алуу-өткөрүү актыларын түзүү жолу менен аткарылат.
56. Өзгөчө кырдаал аймагына “жеке азык-түлүк топтомдорун” жеткирүү, жооптуу органдарга – Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссияларга жана калкты социалдык колдоо боюнча комиссияларга өткөрүп берүү, андан ары бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан өз күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен ишке ашырылат.
57. “Жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндө гуманитардык жардамды жеткирүү жана бөлүштүрүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
– жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан расмий катталган “өзгөчө кырдаалдын” негизинде, тиешелүү аймактагы Жарандык коргонуу боюнча туруктуу комиссиянын чечимдеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин областтар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн чечиминин негизиндеги жазуу жүзүндөгү суроо-талап;
– Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынган чечим, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, авариялык-калыбына келтирүү, авариялык-куткаруу жана башка өзгөчө кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис иштерге тартылган Жарандык коргонуу кызматтарын жана кесиптик түзүмдөрүн колдоо үчүн;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кабыл алынган чечими, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышына карабастан калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоо, ведомстволук ооруканаларды жана башка саламаттык сактоо мекемелерин колдоо үчүн;
– Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын кабыл алган чечими, анын ичинде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү менен биргеликте катышуусу менен комплекстүү жана командалык-штабдык машыгууларды колдоо үчүн.
58. “Жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндөгү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жана жеткирүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын типтүү буйругу менен өзгөчө кырдаал болгон тиешелүү аймакта Жарандык коргонуу боюнча туруктуу комиссиянын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарынын, Жарандык коргонуу боюнча жетекчинин орун басарынын – Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечиминин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин (токтомдор, тескемелер), Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын – Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин негизинде таризделет.
59. “Жеке азык-түлүк топтомдорун” жана азык-түлүккө кирбеген товарларды ташуу үчүн транспорт каражаттары алдын ала даярдалып, төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
– тамак-аш азыктарын ташуу үчүн күнүмдүк минималдуу ташуу ченеми 100 тоннадан кем эмес, оң абалда болуусу жана учурдагы санитардык жана техникалык стандарттарга;
– жүк ташуучу унаалар толугу менен капталган (заводдук) жана/же брезенттик чатыры менен капталдары бүктөлүүчү болуусу;
– жүк ташуучу унаалардын жана контейнерлердин жүк отсектеринин ички бети жуула турган жана уулуу эмес материалдардан жасалышы керек;
– жүк ташуучу унаалардын жана контейнерлердин жүк отсектери тазаланып, тамак-ашты ташуу талаптарына;
– айдоочулар азык-түлүк жүктөрүн ташууга бардык керектүү уруксаттарга ээ болуусу.
Мындан тышкары, жүк ташуучу унааларды жана/же контейнерлерди ташуу үчүн пайдаланууда тамак-аш азыктарынын булганышын жана органолептикалык касиеттеринин өзгөрүшүн болтурбоочу шарттарды камсыз кылуу зарыл.
60. “Жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккен калктын тизмелери тиешелүү аймакта туруктуу Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан, анын ичинде КР ӨКМге караштуу ККББнын АИУС менен байланышта болгон СМЭВ “Түндүк” аркылуу “AИС “Санарип аймак” модулунун базасында түзүлөт.
61. Өзгөчө кырдаал шарттарында “жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндөгү гуманитардык жардамды кабыл алуунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү эсебин тиешелүү аймактагы Жарандык коргонуу боюнча туруктуу комиссия, анын ичинде КР ӨКМге караштуу ККББнын АИУС менен байланышта болгон СМЭВ “Түндүк” аркылуу “AИС “Санарип аймак” модулунун базасында жүргүзөт.
62. Калкка “жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндөгү жардам көрсөтүүнү бирдиктүү координациялоо Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы социалдык өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы – Жарандык коргонуунун Социалдык кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Жарандык коргонуунун СНЛК лабораториялары, саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган – Жарандык коргонуунун Медициналык кызматы менен биргеликте алардын аймактык бөлүмдөрүн тартуу менен ишке ашырат.
Калкка жардам көрсөтүү жана “жеке азык-түлүк топтомдорун” жүктөө, жеткирүү, калкка өткөрүп берүү үчүн тартылган бардык күчтөрдүн аракеттерин координациялоо боюнча түздөн-түз ишти Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Оорук башкармалыгы ишке ашырат.
63. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган гуманитардык жардам көрсөтүүчү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча координациялоо тобунун, МОГОнун алкагында эл аралык уюмдардын аракеттерин колдойт жана координациялайт, жалпы мониторингди жана баа берүүнү, өзгөчө кырдаал аймагында калкка көрсөтүлүп жаткан жардам жөнүндө маалыматтардын чогултулуп, жалпыланышына жалпы мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү камсыз кылат.
5. Өзгөчө кырдаал аймагындагы гуманитардык жардамды эсепке алуу жана сактоо
64. Өзгөчө кырдаал шарттарында “жеке азык-түлүк топтомдорун” жана азык-түлүккө кирбеген товарларды эсепке алуу жана сактоо мөөнөтү минималдуу болушу керек. Өзгөчө кырдаал аймагына жеткирүүдө жардамдын негизги бөлүгү Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссияларга жана социалдык коргоо комиссияларына жеткирилиши жана өткөрүлүп берилиши керек.
65. “Жеке азык-түлүк топтомдорунун” белгилүү бир бөлүгүн тамак-ашка болгон жардамдын бардык муктаждыгынын 1/5 бөлүгүнөн ашпаган бөлүгүн кыска мөөнөткө өзгөчө кырдаал аймагында 3–5 күндөн ашпаган мөөнөткө сактоого жол берилет, тамак-аш азыктарын сактоонун коопсуздугун камсыз кылуучу шарттарды сактоо шарты менен.
66. Өзгөчө кырдаал шарттарында “жеке азык-түлүк топтомдорун” мажбурлап сактоо жана/же түшүрүү учурунда алардын бузулушуна жана таңгактарды (кутуларды) кутудан чыгарууга жол берилбейт.
Калкка 5 күндөн ашпаган мөөнөттө берилгенге чейинки кыска мөөнөткө түшүрүү жана сактоо жерлери алардын коопсуздугун жана сактыгын камсыз кылуучу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен макулдашуу боюнча аныкталат.
Сактоо, сактоону уюштуруу жана өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссияларга жүктөлөт.
67. Ташуу учурунда “жеке азык-түлүк топтомдору” үчүн ушул Тартиптин 10 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн бардык стандарттары жана талаптары сакталат.
Тамак-аш өнүмдөрүн ташууда бузулган жана жараксыз автотранспортту пайдаланууга катуу тыюу салынат.
68. Өзгөчө кырдаал болгон жерде бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан гуманитардык жардамдын, анын ичинде өзгөчө кырдаал аймактарында азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардамдын эсепке алынышын, сакталышын жана бөлүштүрүлүшүн Жарандык коргонуу боюнча туруктуу комиссиялар аркылуу камсыз кылууга милдеттүү. Алынган гуманитардык жардам тууралуу маалымат Жарандык коргонуу боюнча туруктуу комиссия, социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан топтолушу керек. Гуманитардык жардам боюнча бирдиктүү маалымат Жарандык коргонуу боюнча комиссияларда жалпыланат жана бардык кызыкдар тараптарга, анын ичинде “АИС “Санарип аймак” жардамы менен СМЭВ “Түндүк” жана КР ӨКМге караштуу ККББнын АИУС аркылуу таратылат.
69. “Жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндөгү гуманитардык жардамды ташуу, түшүрүү, сактоо жана акыркы алуучуга өткөрүп берүү боюнча чыгымдар Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебинен жүзөгө ашырылат. Башка гуманитардык жардамды жеткирүү, түшүрүү, сактоо жана өткөрүп берүү боюнча чыгымдар тараптардын макулдашуусу боюнча, анын ичинде донордун эсебинен же мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча алардын эсебинен келип чыгышы мүмкүн.
6. Өзгөчө кырдаал шарттарында жардам алуу укугу
70. Өзгөчө кырдаал шарттарында жардам алууга төмөндөгүлөр укуктуу:
1) өзгөчө кырдаалдардын таасирине дуушар болгон аймакта турган Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, алар болгон убактысына карабастан;
2) өзгөчө кырдаалдын натыйжасында жабыркаган калк, анын ичинде коопсуз жайларга эвакуацияланган калк, коңшу мамлекеттерден келген качкындар.
7. Өзгөчө кырдаал шарттарында калкка “жеке азык-түлүк
топтомдору” менен жардам көрсөтүүнү каржылоо булактары
71. Өзгөчө кырдаал шарттарында “жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндөгү жардам, анын ичинде аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кампаларына алдын ала салуу төмөндөгү каражаттардын эсебинен түзүлөт:
1) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, социалдык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн эл аралык уюмдардан колдоо көрсөтүүнүн;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын бөлүп берүүнүн чегинде республикалык бюджеттен максаттуу каражат бөлүүнүн;
3) чет мамлекеттердин, жеке жана юридикалык жактардын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, социалдык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын, анын ичинде атайын эсептерге түшкөн каражаттардын.
8. Өзгөчө кырдаал шарттарында “жеке азык-түлүк топтомдору”
менен калкка бөлүнгөн жардамды көзөмөлдөө жана отчеттуулук
72. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кампаларынан “жеке азык-түлүк топтомдору” түрүндөгү жардамды кампадан өз убагында чыгарууну, жеткирүүнү жана андан ары бөлүштүрүүгө берүүнү өзгөчө кырдаал шарттарында контролдоого жана координациялоого КР ӨКМдин Оорук башкармалыгы ӨКМдин түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте түздөн-түз жүргүзөт.
73. Калкка жардамды бөлүштүрүү, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кампаларынан, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрү аркылуу бөлүнгөн “жеке азык-түлүк топтомдорун” колдонуунун натыйжаларына жетишүү жөнүндө отчет Жарандык коргонуу боюнча туруктуу комиссия тарабынан жардам алгандан кийин 5 күндөн кечиктирбестен берилет.
74. Жардамды бөлүштүрүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле тартылган
уюмдардын иши жөнүндө маалыматтар Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
75. Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Оорук башкармалыгы “жеке азык-түлүк топтомдору” чыгарылган жана өзгөчө кырдаалдар аймагына жеткирилген күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен толук отчет берет жана Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте кампаларда “жеке азык-түлүк топтомдорунун” керектүү санын толуктоо боюнча иштерди уюштурат.