Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 31-майындагы № 13-95 буйругу менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
Энергетика илим-изилдөө институту
Кыргыз Республикасынын энерготутумунун электр бөлүмүндөгү
бүлүнүүгө бөгөт коюу жана жоюу боюнча калыптык нускама
Бишкек – 2024
Жалпы бөлүм
1. Арналышы жана колдонуу тармагы
1) Ушул Калыптык нускама ыкчам ишкерсандын ар кандай звенолордун ортосундагы бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча функцияларын бөлүштүрүү жөнүндө жалпы жоболорду аныктайт:
- энерготутумдардын, энергокомпаниялардын, ЭТИ, РЭТдин тескемерлери;
- электр чордондордун нөөмөт башчылары;
- көмөкчордондордун нөөмөтчүлөрү же ЫКБнын аларга барабар ишкерсандары;
Калыптык нускама ошондой эле бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча негизги жоболорду камтыйт. Калыптык нускаманын текстинде тескемердик башкаруу деңгээли астында төмөндөгүнү түшүнүү керек:
- энерготутум - "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын борбордук тескемердик кызматы;
- Энергокомпания - Кыргыз Республикасынын энергокомпанияларынын тескемердик кызматы;
Ушул Калыптык нускамада тажрыйбада кездешүүсү мүмкүн болгон бардык учурларды алдын ала көрө билүү мүмкүн эмес. Ошондуктан Калыптык нускаманын талаптарын аткаруу менен бирге ишкерсан, технологиялык нускамалардын жана регламенттердин жоболору жана талаптарын колдонуу аркылуу Калыптык нускамада каралбаган, бүлүнүүнү жана бүлүнүү кырдаалды жоюу менен байланышкан өзүнчө конкреттүү маселелерди чечүүдө керектүү демилге жана өз алдынчалыкты көрсөтүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда мындай өз алдынча аракеттер ушул Калыптык нускаманын негизги жоболоруна карама-каршы келбеши керек.
Бүлүнүүнү жоюуда ыкчам ишкерсан негизги аракеттенген жетектөөчү иш кагаздын талаптарын так сакташы керек: Электр чордондордун жана тармактардын техникалык пайдалануу эрежелери (ТПЭ), Электр жабдууларын жайгаштыруу эрежелери (ЭЖЭ), электр жабдууларын пайдалануудагы (ЭЖП) Эмгекти коргоо боюнча эрежелер (коопсуздук эрежелери), Энергетикалык өндүрүштүн ишканаларында жана мекемелеринде кызматкерлер менен ишти уюштуруу эрежелери. Бүлүнүү кырдаалдарды жоюуда электр энергиясынын базарындагы келишимдик милдеттемелер, учурдагы иш кагаздарга ылайык аткарылбашы мүмкүн.
2) Ушул Калыптык нускамада, шаардык жана айылдык бөлүштүрүү тармагындагы бүлүнүүлордү жоюнун атайын маселелеринен тышкары, Кыргыз Республикасынын энерготутумунун электр бөлүгүндөгү бүлүнүүлордү ыкчам жоюу маселелери каралат.
Бүлүнүүнү ыкчам жоюу катары бузулган жабдууну (тармактын тилкесин) энерготутумдан ажыратуу, ошондой эле операцияларды жүргүзүүнү түшүнүү керек, алардын максаты:
- тейлөөчү ишкерсандын жана бүлүнүүгө дуушар болбогон жабдуу үчүн коркунучту жоюу;
- бүлүнүүнүн өөрчүшүнө бөгөт коюу;
- пайдалануучуларды азыктандырууну жана электр энергиянын (жыштык жана чыңалуу) сапатын кыска мөөнөттө калыбына келтирүү;
- энерготутумдун жана анын айрым бөлүктөрүнүн бүлүнүүдон кийинки туруктуу түзмөгүн түзүү;
- бүлүнүү учурунда өчүп калган жабдуунун абалын жана аны ишке кошуу мүмкүнчүлүгүн текшерүү.
3) Ушул Калыптык нускаманын негизинде ар бир энергокомпанияда, ЭТИ, РЭТ, электр чордондо жана көмөкчордондо пайдаланылып жаткан жабдуунун электрдик бириктирүүлөрү жана режимдеринин тузмөктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуучу электр бөлүгүндөгү бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча жергиликтүү нускамалар түзүлүшү керек.
4) Ушул Калыптуу нускаманын талаптарын билүү төмөндөгү кызматкерлердин категориялары үчүн милдеттүү:
- энерготутумдун тескемеринин башчысы жана анын орун басарлары;
- энергокомпаниялардын техникалык жетекчилери жана алардын орун басарлары;
- БДКнын, энергокомпаниялардын, ЭТИ, РЭТ, таяныч көмөкчордондордун нөөмөттөгү тескемерлери;
- энергокомпаниялардын ишенимдүүлүк кызматтарынын башчылары жана алардын орун басарлары;
- электр чордондордун техникалык жетекчилери, алардын пайдалануу боюнча орун басарлары, ЭТИ техникалык жетекчилери, пайдалануу боюнча инженерлер;
- электр чордондордун нөөмөт башчылары;
- электр цехтеринин жана электр чордондордун блоктук жабдууларынын нөөмөт башчылары;
- нөөмөттөгү көмөкчордондун жана аларга барабар болгон ЫКБ кызматкерлери;
- электр станциялардын (энергоблоктордун) нөөмөттөгү электрэпкерлери жана энергоблоктордун машинисттери;
- электр станциялардын электр цехтеринин башчылары жана алардын орун басарлары;
- көмөкчордондордун жана көмөкчордондор тобунун башчылары;
- электр чордондордун электр цехтеринин жана ЭТИ тиешелүү кызматтарынын инженерлери;
- ЫДК башчылары жана алардын орун басарлары, ЭТИ жана РЭТ режими боюнча инженерлери;
- энергоблокторду пайдалануу боюнча башкы мастер жана мастерлер;
- өндүрүш-техникалык кызматтардын башчылары;
- электр лабораторияларынын башчылары.
5) Ушул Калыптуу нускаманын жогоруда саналып өткөн кызматтарды ээлеген кызматкерлер үчүн зарыл болгон маалыматтарынын көлөмү карамагындагы кызматкерлер үчүн төмөндөгү адамдар тарабынан жергиликтүү шарттарга жараша билиш керек:
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК БДКсынын башчысы;
- энерготутумдардын, электр чордондордун, ЭТИнин техникалык жетекчилери;
- электр чордондордун электр цехтеринин башчылары;
- көмөкчордондор кызматтарынын, ЭТИнин ЫДК башчылары.
6) Калыптуу нускамада төмөндөгү кыскартуулар кабыл алынды:
ККА — камдыкты кошуу автоматикасы;
ТӨА — электромагниттик талааны өчүрүү автоматы;
АРЖА —асинхрондук режимди жоюу автоматикасы;
АКК — автоматтык кайра кошуу;
ЧЖА — чыңалууну жогорулатуу автоматикасы;
ДАЖ — дүүлүгүүнү автоматтык жөнгө салуу;
ККЖА — кубаттуулукту азайтуу автоматикасы;
AT — автотрансформатор;
ЖЖА — жыштыкты жонго салуу автоматикасы;
АЧ —электр өткөргүчүнүн аба чубалгысы;
ЖЖ — жогорку жыштык;
ББТ — башкы буу тээги;
ББК — башкы башкаруу калканы;
Ү — үйлөгүч (желдеткич);
КӨК — өткөргүчтөр тутумун дифференциалдык коргоо;
ЭЗЖ — "эки зым — жер";
БЭТ - Бирдиктүү энергетикалык тутум;
КЧ — кыска чабыш;
КОК — киргизүүлөрдү обочолоого көзөмөл;
МК — метрологиялык кызмат;
ТОТ — тутумдар ортосундагы электр тармактары;
ЧНБ —чордондун нөөмөт башчысы;
БАКК — бир фазалуу автоматтык кайталап кошуу;
ЫКИТ — ыкчам-көчмө ишкертоп;
ЫТК — ыкчам-тезгемердик кызмат;
БТБ — биргелешкен тезгемердик башкаруу;
БЭТ — бириктирилген энергетикалык тутум;
БК — булунууго каршы автоматика;
ЭТИ — электр тармактар ишканасы;
АТБ — аймактык тезгемердик башкаруу;
РКА— реле коргонуусу жана автоматика;
ЖАЖС —жүктөлүш астындагы жөнго салуу;
БТ — бөлүштүргүч түзмө;
РЭТ —райондук электр тармагы;
БЭК – бөлүштүрүүчү энергия компаниясы;
ЖӨАА — ашыкча жүктү өчүрүүчү атайын автоматика;
КӨ — кошуучу өчүргүч;
СК — синхрондук компенсатор;
ӨК — өздүк керектөө;
РКжАК — релелик коргоо жана автоматика кызматы;
ӨТ — өткөргүчтөр тутуму;
ӨИЖЖ — өчүргүчтүн иштебей калышын жөнгө салуучу жабдуу;
КЖ — куру жүрүш;
А — айлануучу (соркыскыч);
БТП — борбордук тезгемердик пункт;
БТК — борбордук тезгемердик кызмат;
БТБ —борбордук тезгемердик башкаруу;
РКжАБК— релелик коргоо жана автоматика борбордук кызматы;
ЖАКК — жыштыкты автоматтык кайталап кошуу;
ӨБӨ — өткөргүчтү бириктирүүчү өчүргүч;
ЭЭМ — электрондук-эсептөөчү машина;
ТЭБ — электр термелүүлөрдүн борбору.
2. Жетектөөчү техникалык ишкерсандын бүлүнүүлөрдү жоюудагы укуктары жана милдеттери.
1) Бүлүнүү кырдаал келип чыккан учурда энерготутумдун нөөмөттөгү тескемери, энергокомпаниянын нөөмөттөгү тескемери тескемердик пунктта жогорку техникалык администрациянын (башкы тескемер, энерготутумдун тескемеринин башчысы жана алардын орун басарлары) адамдарынын бар экендигине карабастан, эгерде кызматы боюнча жогорку деңгээлдеги адам бүлдүрүүнү жоюу боюнча жетекчиликти өзүнө кабыл албаган болсо, чечимди жеке кабыл алып жана нормалдуу иштоо тартибин калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу менен бүлүнүү абалды жоюу үчүн толук жооптуу болот. Ошол эле учурда белгиленген адамдардын тескемер тарабынан белгиленген бүлүнүүнү жоюу планына дал келбеген буйруктары, тескемер үчүн сунуш гана болуп саналат, ал эгерде аларды туура эмес деп эсептесе аткарбай коюуга укуктуу.
Бирок тескемердик пункттагы жогорку техникалык администрациянын адамы, эгерде тескемердин аракеттерин туура эмес деп эсептесе же эгерде акыркы анын көрсөтмөлөрүнө макул болбосо, булунууну жоюу жетекчилигин өзүнө алууга же аны башка адамга тапшырууга укуктуу. Бүлүнүүнү жоюу жетекчилигин өткөрүп берүү ыкчам журналга жазылат же ыкчам журналды алмаштыруучу башка журналга жазылат.
Ушул учурдан баштап тескемер бүлүнүүнү жоюу жетекчилигин өзүнө кабыл алган адамдын бардык буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кыңк этпестен аткарат. Бүлүнүүнү жоюу жетекчилигинен четтетилген тескемер өзүнүн жумуш ордунда калып, карамагындагы ишкерсандар менен бардык ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана бүлүнүүнү жоюуну жетектеген адам тарабынан тастыкталган буйруктарды бере алат.
Энерготутумдун тескемери, энергокомпаниянын тескемери бүлүнүүнүн келип чыккандыгы тууралуу, бүлүнүүнү жоюуну кечиктирбестен, таандыктыгы боюнча энерготутумдун жетекчилигине, энергокомпаниянын жетекчилигине жана ага ылайык энерготутмдун башчысы тарабынан бекитилген тизмеси боюнча башка адамдарга, энергокомпаниянын башкы директорлоруна кыскача формада кабарлоого, ошондой эле зарылчылык болгон учурда (анын ичинде бир канча деңгээлдердеги бүлүнүүдө) төмөнкү деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга маалымдоого милдеттүү.
2) Электр чордондогу бүлүнүүнү жоюу ЧНБнын түздөн-түз жетекчилиги астында жүргүзүлөт. Цехтердин (блоктордун) нөөмөт башчылары ЧНБга иштин нормалдуу иш тартибинин бардык бузулуулары жөнүндө билдирүүгө жана анын бардык көрсөтмөлөрүн аткарууга милдеттүү.
Бүлүнүү учурунда электр чордонунда болгон бардык ишкерсандар, анын ичинде цехтердин башчылары бүлүнүүнү жоюу менен байланышкан маселелерде ЧНБга баш ийет.
3) Бүлүнүү учурунда электр чордонунда болгон цехтердин башчылары зарылчылыкка жараша нөөмөттөгүлөргө бүлүнүү шарттарда жабдууларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымдашы керек.
4) Электр чордонунун техникалык жетекчиси, электр чордонун пайдалануу боюнча техникалык жетекчинин орун басары же ЭТИнин техникалык жетекчиси жана цехтин, РЭТдин, кызматтын же көмөкчордондор тобунун башчылары бүлүнүүнү жоюуну жетектөөдөн, бүлүнүүнү жоюуну аткара албаган карамагындагы ыкчам ишкерсанды, жетекчиликти өзүнө кабыл алып же башка адамга тапшыруу менен четтетүүгө укуктуу.
Нөөмөтчүнү алмаштыруу тууралуу жогорку деңгээлдеги дагы, ошондой эле карамагындагы дагы ыкчам ишкерсанга маалымдалат.
Бүлүнүүнү жоюу жетекчилигин кабыл алган адам, кызматына карабастан четтетилген нөөмөтчүнүн бардык милдеттерин өзүнө кабыл алат жана жогорку даражадагы ыкчам ишкерсанга баш ийет.
5) Бүлүнүү учурунда блокту башкаруу калканында, электр чордонунда, көмөкчордондо, ЭТИде, РЭТте, энергокомпанияда, БДКнын тескемердик пунктунун имаратында бүлүнүүнү жоюуга түздөн-түз катышып жаткан гана адам, административдик-техникалык кызматкерлер жана технологиялык кызматтардын адамдары гана болууга укуктуу. Ага ылайык, мындай адамдардын тизмеси энерготутумдун тескемеринин башчысы, энергокомпаниянын, электр чордонунун, ЖЧЭТИнин техникалык жетекчиси тарабынан бекитилет.
6) Бүлүнүүнү жойгондон жана энерготутумдун, электр чордонунун, көмөкчордондун иши калыбына келтирилгенден кийин, бул жабдуунун оңдолушу үчүн жооптуу ишкерсан тиешелүү нөөмөттүк ишкерсандан уруксат алып бузулган жабдууну оңдоого шашылыш түрдө киришүүсү керек.
Бүлунүүдон кийин оңдолгон жабдуу аны цехтин, көмөкчордондун (көмөкчордондор тобунун) башчысы же анын ордун алмаштыруучу адам тарабынан кабыл алынгандан кийин гана, иштетиле турган жабдуу, ыкчам кароосунда турган ыкчам ишкерсандын учурдагы жоболорго ылайык уруксаты менен ишке киргизилүүгө тийиш.
7) Бүлүнүүнү иликтөөнү уюштуруу учурдагы “Кыргыз Республикасынын энерготутумунун уюмдарынын энергия өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүчү уюмдарынын ишиндеги тартип бузууларды иликтөө жана эсепке алуу боюнча эрежелерине” ылайык ишке ашырылышы керек.
3. Электр чордондорунун, ЭТИнин, энерготутумдардын, ыкчам ишкерсандардын бүлүнүүнү жоюудагы милдеттери, өз ара мамилелери жана жоопкерчиликтери.
1). Борбор Азиянын БЭТне кирген бир канча энерготутумдарды кучагына алган бүлүнүүлөрдү жоюну жетектөө “Энергия” КДБ тескемери тарабынан ишке ашырылат; Кыргыз Республикасынын энерготутумуна тиешелүү болгон бүлүнүүнү жоюу энерготутумдун тескемеринин жетекчилиги астында ишке ашырылат.
Электр чордонундагы бүлүнүүнү жоюу ЧНБ жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
Ири энергоблоктору бар электр чордондорунда которууларды аткаруу жана бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча операцияларды өндүрүүнүн тууралыгы үчүн жоопкерчилик төмөндөгүлөргө жүктөлөт:
- башкы электр тузмөгундө (генераторлор, байланыш трансформаторлору) —электр цехинин нөөмөтүндөгү башчыга;
-- ӨК энергоблоктору бөлүгүндө —тиешелүү энергоблоктордун нөөмөтүнүн башчысына;
-- БЖ ӨК энергоблокторунда — башкы нөөмөтчү электр эпкерине.
Көмөкчордондордо бүлүнүүлөр көмөкчордондун нөөмөтчүсү, ЫЧИТнын, көмөкчордондор тобунун устаты же башчысы тарабынан көмөкчордондорду тейлөө түрүнө жараша жоюлат.
Жергиликтүү мааниге ээ болгон жана энерготутумдун ишине таасирин тийгизбеген электр тармагындагы бүлүнүүлөр ЭТИ, РЭТ тескемеринин жетекчилиги астында жоюулат.
2) Энерготутумдун нөөмөттөгу тескемеринин, энергокомпаниянын нөөмөттөгү тескемеринин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык буйруктары карамагындагы ыкчам ишкерсан тарабынан сөзсүз аткарылышы керек.
Эгерде энерготутумдун тескемери же энергокомпаниянын тескемеринин буйругу карамагындагы ыкчам ишкерсанга туура эместей сезилсе, ал муну тескемерге айтууга милдеттүү. Тескемер өзүнүн буйругун тастыктаган учурда нөөмөтчү аны аткарууга милдеттүү. Жогорку дэнгээлдеги ыкчам ишкерсандын адамдардын өмүрүнө, жабдуунун бүтүндүгүнө коркунуч туудурса же электр станциясынын, көмөкчордондун ӨК азыгын жоготууга алып келиши же өзгөчө жоопкерчиликтүү пайдалануучулардын электр энергиясын жок калтырышы мүмкүн болгон буйруктарын аткарууга тыюу салынат.
Атайылап туура эмес берилген буйрукту аткаруудан өзүнүн баш тарткандыгы жөнүндө нөөмөтчү ишкерсан мындай буйрук берген тескемерге жана ишкананын техникалык жетекчисине кабарлоого милдеттүү.
3) Бүлүнүүнү жоюу учурундагы энерготутумдун жана энергокомпаниянын, ошондой эле ЭТИнин жана электр чордондун деңгээлиндеги бардык ыкчам сүйлөшүүлөр жана буйруктар электрондук жабдууларга жазылышы керек.
4) Бүлүнүүнү жоюу аяктагандан кийин, жоюну жетектеген нөөмөтчү бүлүнүү жөнүндө белгиленген формада билдирүү жазат.
5) Бүлүнүү болгондо электр чордондун (көмөкчордондун) жетекчилиги, негизги цехтердин (көмөкчордондун) ишкерсандары атайы белги аркылуу билдирилиши же жергиликтүү нускамага ылайык жергиликтүү радиотүйүн боюнча кабарланышы керек.
6) Энерготутумдун тескемеринин, энергокомпаниянын тескемеринин, СНБнын, көмөкчордондун нөөмөтчүсү, ЭТИнин тескемеринин талабы боюнча кайсы гана болбосун кызматкер БДПга, электр чордонго, көмөкчордонго ошол замат келүүгө тийиш.
7) Бүлүнүүнү жоюу учурунда ЧНБ ББКда болууга милдеттүү, ал эми кетип калса өзүнүн жаңы жайгашкан жерин кабарлашы керек.
8) Бүлүнүүнү жоюу учурунда жылуулук цехтеринин жана энергоблоктордун нөөмөттөрүнүн башчылары эреже катары өзүнүн жумуш орундарында болууга жана бул цехтерде (энергоблоктордо) бүлүнүүнүн болушуна жол бербестен, жабдуунун нормалдуу иштешин колдоого багытталган бардык чараларды көрүшү керек.
Цехтин (энергоблоктун) нөөмөт башчысы ЧНБга бүлүнүүнүн жүрүшү жана алар жүргүзгөн операциялар тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.
Цехтин (энергоблоктун) нөөмөт башчысы жумуш ордун таштап кетип жатканда өзүнүн жайгашкан жерин билдирүүгө тийиш.
9) Цехтин нөөмөт башчысы өзүнүн бүлүнүүнү жоюу боюнча аракеттерин ЧНБ жетекчилиги астында ишке ашырат. Электр цехинин ноомот башчысынын жайгашкан жери ЧНБ тарабынан аныкталат.
10) Көмөкчордондун нөөмөтчүсүнүн же ага барабар болгон ишкерсандын булунууну жоюу учурундагы жайгашкан жери конкреттүү кырдаал менен аныкталат. Жайгашкан жери тууралуу жогорку дэңээлдеги ыкчам ишкерсанга кабарланат. Нөөмөттөгү ишкерсаны бар бардык көмөкчордондордун башкаруу калканында тескемердин телефон аркылуу чакыруусунда (чалганда) иштөөчү БТдан ишкерсанды чакыруу сигнализациясы болушу керек.
11) ЭТИнин тескемери, эгерде ал көмөкчордондун нөөмөтчүсүнүн милдеттерин айкалыштырып жатпаган болсо, булунууну жоюу учурунда тескемердик пункттун бөлмөсүндө болууга тийиш.
12) Бүлүнүүнү жоюу учурунда жабдууну түздөн-түз тейлеген нөөмөттөгү ишкерсандын орду жергиликтүү нускама менен аныкталат.
Нөөмөттөгү ишкерсан өзүнүн жумуш ордун төмөндөгү учурларда гана калтыра алат:
- өмүргө даана коркунуч туулганда;
- кырсык болгон учурда жапа чеккен адамга биринчи жардам көрсөтүүгө чара көрүүдө;
- жабдуунун бүтүндүгүн сактоого чара көрүүдө;
- бүлүнүүнү жоюу боюнча жетекчинин буйругу боюнча.
13) Бүлүнүүнү жоюу учурунда нөөмөттү кабыл алуу жана өткөрүп берүүгө тыюу салынат; нөөмөткө келген ыкчам ишкерсан бүлүнүүнү жоюуну жетектеген адамдын ыктыяры боюнча иш аткарат.
Бүлүнүүнү жоюу создуккан учурда анын мүнөзүнө жараша жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын уруксаты менен нөөмөттү өткөрүп берүүгө жол берилет.
14) Тескемердик башкармалыктын бардык деңгээлдеринин нөөмөтчү ишкерсаны бүлүнүүнү жоюуда милдеттүү:
- эмне болгондугу жөнүндө жалпы элестетүүнү, өлчөөчү аспаптардын (жыштыктын деңгээли, кубаттуулуктун ташылуусунун өзгөрүүсү, чыңалуунун деңгээли ж.б. боюнча), сигнализация (телесигнализация) жабдууларынын, РКА иштеген жабдууларынын жардамы менен, тышкы белгилер жана келип түшкөн билдирүүлөр боюнча түзүшү керек;
- ишкерсандар жана жабдуулар үчүн коркунуч тууса, эгерде буга зарылчылык болсо, жабдууларды өчуруш керек;
- эгерде нускамада каралбаган болсо автоматтык жабдуулардын ишине кийлигишпөө;
- иштеп жаткан негизги жабдуунун, ошондой эле электр чордондордун жана көмөкчордондун ӨК жабдуусунун нормалдуу ишин камсыздоо;
- мүмкүнчүлүккө жараша бузулуунун ордун, мүнөзүн жана көлөмүн аныктоо;
- өчүп калган жана иштетүүгө жатпаган агрегаттардын нормалдуу иштөө тартибин камсыздоо.
Бүлүнүү учурунда өчүп калган жабдуу анын коргонууларын өчүргөн аракеттерди анализдеп чыккандан жана анын бузугу жоктугун жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын буйругу боюнча же жергиликтүү нускамаларга ылайык өз алдынча текшергенден кийин иштетилиши керек.
15) Жогорку деңгээлдеги нөөмөтчүгө бүлүнүүнүн кырдаалдары тууралуу аларды териштирүүгө жараша ошол замат маалымат берилиши керек.
Ыкчам ишкерсан тарабынан өз алдынча жоюлган бүлүнүүлөр тууралуу жогорку деңгээлдеги нөөмөтчүгө ошол замат кыскача маалымат берилет.
Бүлүнүүнү жоюуда операциялардын белгиленген ыраатуулугун ээрчүү аркылуу тез жана так аракеттенүү керек. Шашылыш, ойлонулбаган аракеттер бүлүнүүнүн өөрчүшүнө алып келиши мүмкүн.
Төмөнкү деңгээлдеги ыкчам ишкерсан жогорку деңгээлдеги нөөмөтчүдөн буйрук алганда аны кайталоого милдеттүү. Андан кийинки көрсөтмөлөр жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсан тарабынан мурдагы буйруктун аткарылышы тастыкталгандан кийин гана берилет. Бүлүнүүнүн жүрүшүндө анын буйруктарын аткаруу жөнүндө алдын ала маалымат үчүн өлчөөчү алеттердин, сигнализация, телесигнализация жабдууларынын жана ЭЭМдин көрсөтмөлөрү кызмат кылышы керек.
16) Энерготутумдун, энергокомпаниянын, ЭТИнин, РЭТтин, электр станциясынын жана көмөкчордондун ыкчам ишкерсанынын бардык жумуш орундарында булунуу кырдаалдардагы нөөмөттүк ишкерсандын аракеттеринин тартибин аныктоочу булунуулорду жоюу боюнча нускама болушу керек.
Нускамалар ушул Калыптуу нускаманын жана жогорку деңгээлдеги ыкчам органдардын нускамаларынын талаптарына дал келиши керек.
17) Бүлүнүүнү жоюуда ыкчам ишкерсан биринчи кезекте байланыш менен камсыздалат, зарылчылык болгон учурда калган сүйлөшүүлөр токтотулат; башка адамдарга байланыштын ыкчам-тескемердик каналдарын пайдаланууга тыюу салынат.
18) Бүлүнүү учурунда бузулган жабдуунун оңдолушун тездетүү үчүн ЧНБ, ЭТИнин тескемери, көмөк чордондун нөөмөтчүсү электр чордонго, көмөкчордонго, электр өткөрүү чубалгысына зарыл болгон оңдоочу ишкерсанды чакырууга тийиш.
19) Бүлүнүүнү жоюуну жетектеген тескемер, бүлүнүүнү жоюуга административдик-техникалык ишкерсандардын ичинен адамдардын катышып жаткандыгына карабастан бүлүнүүнү жоюуда аракеттердин тууралыгы үчүн жооптуу.
4. Тескемердик башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ыкчам ишкерсандарынын ортосунда бүлүнүүнү жоюу боюнча функцияларды бөлүштүрүү
1) Бүлүнүү болгондо тескемердик башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ыкчам ишкерсандары милдеттүү:
- бүлүнүү кырдаалды тез баалоо жана ишкерсандардын жана ошол замат жабдуулардын коопсуздугун камсыздоочу чараларды көрүү;
- бүлүнүүнүн өөрчүшүнө бөгөт коюу;
- бүлүнүүнү мүмкүн болушунча тезирээк жоюу;
- пайдалануучуларды электр энергиясы менен нормалдуу камсыздоону калыбына келтирүү.
Бул милдеттерди аткаруу үчүн тескемердик башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ыкчам ишкерсандарынын, б.а. Энерготутумдун, ЭТИ, РЭТ тескемеринин жана электр чордондорунун жана электр тармактарынын ыкчам ишкерсандарынын ортосунда бүлүнүүнү жоюу боюнча функциялар так чектелиши керек.
2) Ар кандай деңгээлдердин ыкчам ишкерсандарынын ортосунда функцияларды бөлүштүрүү жогорку деңгээлдеги тескемердик башкаруунун нускамасынын талаптарына ылайык түзүлгөн, бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча жергиликтүү нускамалар менен, төмөндөгү жоболордун негизинде аныкталышы керек:
— төмөнкү деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга бүлүнүүнү жоюу жана алардын өнүгүүсүнө бөгөт коюу боюнча бардык операцияларды өз алдынча жүргүзүү укугу берилиши мүмкүн, эгерде мындай операциялар объектилердин ыкчам ишкерсандарынын аракеттеринин координациясын талап кылбаса жана бүлүнүүнүн өнүгүүсүн пайда кылбаса же аны жоюу кечиктирилбесе;
— төмөнкү деңгээлдеги ыкчам ишкерсан энерготутумдагы бүлүнүүнү жоюу учурунда жабдуунун ыкчам баш ийүүчүлүгүнө жараша энерготутумдун, энергокомпаниянын тескемери менен байланышта болууга, ага ЭТИ, РЭТ, электр чордону (көмөкчордондогу) иштин абалы жөнүндө маалымат берүүгө, зарыл болгон маалыматты өз учурунда берүү жана жогорку деңгээлдеги тескемердин буйруктарын так аткарууга милдеттүү;
— энерготутумдун, энергокомпаниянын тескемерине, эгерде бул зарылчылыктан улам келип чыкса, анын ыкчам башкаруусунда же кароосунда болбогон жабдуудагы бүлүнүүнү жоюунун жүрүшүнө кийлигишүү (алардан керектүү маалыматты алуу, токтотуу, өзгөртүү) укугу берилет.
3) Төмөнкү деңгээлдеги ыкчам ишкерсан жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга жабдуунун таандык болуусуна ылайык, өзүнүн объектисиндеги иштоо тартибин төмөндөгү бузулуулары тууралуу маалымат бериши керек:
— автоматтык өчүрүүлөр, кошуулар, чыңалуунун жоголушу;
— ар кандай чыңалуудагы электр тармактарынын байланышы ишке ашырылуучу транзиттик аба чубалгыларынын жана трансформаторлордун иштөө тартибиндеги ашыкча жүк жана кескин өзгөрүүлөр;
— генераторлордогу, электр аба чубалгыларындагы, трансформаторлордогу симметриялык эмес иштоо тартибинин келип чыгышы;
— көзөмөлдөгу түйүндөрдөгү чыңалуунун төмөндөшү, жабдуудагы чыңалуунун жол берүүгө мүмкүн болбогон өлчөмдө жогорулашы;
—генераторлордун, СК ашыкча жүктөлүшү;
— ДАЖ, ЖАЖ жабдууларынын иштеши;
— термелүүлөрдүн келип чыгышы;
—электр чордондогу (көмөкчордондогу), ошондой эле анын жанындагы КЧнын тышкы белгилери;
— коргонуулардын өчүрүү жана белги берүү, АКК, ЖАКК, ККА жабдууларынын, иштоотартиби жана бүлүнүүгө каршы автоматиканын иштеши;
—электр агынынын жыштык термелүүлөрү;
— жабдуунун, АЧнын өчүү себептери.
4) Электр чордонунун жана ЭТИнин жергиликтүү ыкчам ишкерсанына андан кийин жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга билдирүү менен бүлүнүүнү жоюу боюнча бир катар өз алдынча аракеттерди жүргүзүү укугу берилет жана милдеттерине киргизилет.
Ыкчам ишкерсандын өз алдынча аракеттери эки категорияга бөлүнөт:
— тиешелүү тескемер менен байланыштын бар экендиги же жоголушуна карабастан;
— тиешелүү тескемер менен байланыш жоголгон учурда гана.
5) «Энергия» КДБсынын тескемерине байланыштын бар экендигине же жоголушуна карабастан энерготутумдун тескемерине кийин билдирүү менен бир катар өз алдынча аракеттерди жасоо укугу берилет:
— эгерде бул транзиттик чубалгылардын жол берүүгө мүмкүн болбогон ашыкча жүктөлүшүнө жана туруктуулугунун бузулушуна алып келбесе, Борбордук Азиянын Бириктирилген энерготутумунун (БА БЭТ) бардык электр станцияларындагы резервдик кубаттуулукту, БЭТтен өзүнчө ишке бөлүнгөн учурда, анын жыштыгын БЭТте төмөндөгөн учурда жогорулатуу менен пайдаланууга;
— энерготутумда (же анын бөлүгүндө) ал БЭТтен синхрондуу эмес ишке бөлүнгөн учурда жыштыктын жана чыңалуунун нормалдуу деңгээлдерин калыбына келтирүүгө бардык зарыл болгон чараларды көрүү;
— БА БЭТ же БЭС менен БА БЭТтен бөлүнгөн энерготутумдун (же анын бөлүгүнүн) синхрондуу ишин калыбына келтирүү боюнча даярдыкка бардык чараларды көрүү;
— энерготутумдун бөлүмдөрүн асинхрондуу иштоо тартиби келип чыккан байланыштары боюнча бөлүштүрүү жүргүзүү;
— эгерде ЖЖА жабдуулары иштегенде жана кубаттуулуктун бардык болгон камдыктарын пайдалангандан кийин БЭТтеги жыштык 49,5 Гцтен төмөн болуп кала турган болсо, ошондой эле БЭС менен энерготутумдун (БА БЭТ) байланыштарынын туруктуулугунун бузулушуна бөгөт коюу үчүн өчүрүү жүргүзүү, пайдалануучуларды чектөө;
— бир же бир канча козомолдук түйүндөрдө генераторлорду жана СК толук жүктөө жана жол берилген бүлүнүүлүк ашыкча жүктөө менен, чыңалууну жүктөлгөн учурундагы өзгөртүү жабдууларды колдонуу, сагактоо реакторлорун өчүрүү, тармактын түзмөгүн өзгөртүү, жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын ыкчам башкаруусунда же карамагында болбогон жабдууну кайта кошуу, ошондой эле пайдалануучуларды өчүрүү же чектөө аркылуу чыңалууну калыбына келтирүү.
6) Бүлүнүүнү жоюуда энерготутумдун тескемери милдеттүү:
— БА БЭТ (БЭТ), энерготутумдун паралеллдүү иштеген бөлүктөрүндөгү кубаттуулуктун жыштыгын жана ташылышын жөнгө салуудагы карамагындагы ыкчам ишкерсандын аракеттерин координациялоо;
— энерготутумдун бөлүнгөн бөлүктөрүнүн синхрондуу ишин жана пайдалануучуларды энергия менен нормалдуу камсыздоонун кыска мөөнөттө калыбына келтирүүгө бардык чараларды көрүү;
— ар кандай чыңалуулардагы тармактарды байланыштырып турган транзиттик чубалгылардын жана трансформаторлордун жол бергис ашыкча жүгүн жоюуга пайдалануучуларды өчүргөнгө чейин жеткен бардык чараларды көрүү, эгерде мындай жүктү азайтуу төмөнкү деңгээлдеги ишкерсандар тарабынын жоюлушу мүмкүн эмес болсо, ошондой эле түйүндөгү чыңалууну жогорулатуу үчүн;
— карамагындагы ыкчам ишкерсанга бүлүнүүнүн учурунда өчүрүлгөн транзиттик чубалгыларды жана ар кандай чыңалуулардын ортосундагы байланышты ишке ашыруучу трансформаторлорду жабдуунун таандык болуусуна ылайык кошуу жөнүндө буйрук берүү;
— тармактардын, көмөкчордондун жана электр чордондун, энерготутумдун бөлүктөрүнүн өчкөн тилкелерине чыңалуу берүү.
7) Энерготутумдун, энергокомпаниянын тескемери, бүлүнүүнү жоюуда, ага түздөн-түз баш ийген ишкерсандын аракеттерин координациялоого жана эки же андан көп объектилердин анын ыкчам башкаруусунда (карамагында) турган жабдууга карата ырааттуу аракеттерин талап кылуучу операциялардын өндүрүшү тууралуу буйрук берүүгө милдеттүү.
5. Бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча ыкчам ишкерсанга жалпы көрсөтмөлөр
1) Ыкчам ишкерсан экинчи орунда турган маселелерди чечүү менен байланышкан операцияларга алаксыбастан, башкы маселелерди чечүүгө өзүнүн көңүлүн буруп бүлүнүүнү жоюну ишке ашырууга тийиш.
2) Бүлүнүүлүк шарттардагы бардык которуулар ТПЭ, ТКЭ жана жергиликтүү нускамаларга ылайык, буйрук берүүчү жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсан тарабынан бул тууралуу атайын эскертилбестен бардык коргоочу каражаттарды сөзсүз колдонуу менен жүргүзүлөт.
3)Бүлүнүүнү жоюуда ыкчам ишкерсан релелик коргоо жабдуулары жана бүлүнүүгө каршы автоматиканын жабдуулары менен зарыл болгон операцияларды РКжАЖК, РКжАБК, РКжАК жана БДК (таандыктыгы боюнча) көрсөтмөлөрү жана нускамаларына ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
4)Бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча өз алдынча аракеттерди аткарууда электр чордондорунун жана көмөкчордондордун ыкчам ишкерсаны төмөндөгүлөрдү жетектөөгө алууга милдеттүү:
— 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын жана БЖдагы өчкөн тилкелерине чыңалүү берүүдө, азыктандыруу тарабынан жерге өткөрүлгөн ортомдун бар экендигин (жерге толук өткөрүлгөн ортом менен иштеген 35 кВ чыңалуудагы кабелдик түйүндөргө дагы таандык) текшерүү керек;
— өчүп калган жабдууну чыңалуу менен текшерип көрүүдө, аларды КБга кошууда жана коргоосу иштебей калганда же фазасы толук кошулбаса, өчүргүчтөрдү ошол замат кол менен өчүрүү керек. Мындай учурда ыкчам ишкерсан жүктөн урган агынды КЧдагы агындан айырмалай билиши керек. КЧ белгиси агын урганда бир эле учурда чыңалуунун кескин төмөндөшү болуп саналат;
— өчкөн чубалгыларды чыңалуу менен текшерип көрүүдө эгерде акыркы аракеттен автоматтык түрдө чыгарылбай жатса АКК жабдуусун алдын ала өчүрүү керек жана бүлүнүүгө каршы автоматиканын жабдууларында зарыл болгон которууларды жүргүзүү керек;
— өчүп калган 500 кВ чыңалуудагы 200 чакырым узундуктагы чубалгыларды дүрмөт кубаттуулугуу менен сынап көрүүдө, сыноо жүргзүлүп жаткан көмөкчордондо, өзгөчө чубалгынын ачык учунда чыңалуу жол берилгенден кыйла жогорулашы мүмкүн. Жогорку чыңалуунун узак убакытка чейин таасири аппараттардын (агын жана чыңалуу трансформаторлору, реакторлор ж.б.) бузулушуна алып келиши ыктымал. Ошондуктан чубалгыларды сынап көрүүдөн мурда чыңалуу боюнча тармактагы режимди даярдоо зарыл. Айрым учурларда чубалгы карама-каршы тарабында АКК жабдуусун иштетүү аркылуу сыналат, анын түзмөгу аркылуу сыноо ийгиликтүү болгон учурда чубалгынын кошулуусун камсыз кылуучу жарым автомат иштейт.
5)Көптөгөн көмөкчордондор нөөмөттөгү туруктуу ишкерсансыз иштегендигине байланыштуу энерготутумдардын жергиликтүү нускамаларында жыштык же чыңалуу уруксат берилген маанилерден төмөндөгөндө, чубалгылар уруксат берилген маанилерден ашыкча жүктөлгөндө, ошондой эле энерготутумдун бардык же көп бөлүгүнүн чыңалуусу толук жоголгон учурларда, пайдалануучуларды бүлүнүүлүк график боюнча өчүрүү тартиби аныкталышы керек.
6)Телемеханика аркылуу башкаруучу көмөкчордондордо (гидроэлектростанцияларда) бүлүнүүлөрдү жоюу учурунда өз алдынча аракеттерди өндүрүүдө, ушул учурда көмөкчордондо (гидроэлектростанцияда) болгон нөөмөтчүлөр алардын аракеттеринин телемеханика жабдуусунун жардамы менен операцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгү бар тиешелүү тескемердин аракеттери менен макулдашылышын камсыздашы керек.
7)Бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча чечимдерди кабыл алууда тескемер төмөнкү деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын байланыш жоголуу учурунда дагы, ошондой эле байланышты жоготууда дагы, ага карабастан аткарылган өз алдынча аракеттерин эске алууга тийиш.
Байланышты калыбына келтирүүдө ыкчам ишкерсан бүлүнүүнү жоюу боюнча аткарылган аракеттер тууралуу жогорку деңгээлдеги тескемерге кабарлоого милдеттүү.
БА БЭТ бүлүнүүгө бөгөт коюу жана жоюу боюнча ыкчам ишкерсандардын аракеттери
6. Жыштыктын төмөндөөсү, электр өткөргүч чубалгыларынын ашыкча жүктөлүшү, синхрондуктун бузулушу жана чыңалуунун төмөндөө учурундагы бүлүнүүгө бөгөт коюу жана жоюу боюнча техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралар.
1) Нормалдуу шарттарда электр агындын жыштыгы стандартка ылайык колдоого алынышы керек.
2) Электр иштетки менен азыктандыруучу соркысма жана башкы айландыруучу соркысмалары бар туурасынан кеткен байланыштагы жана 150-200 МВт энергоблокторго ээ болгон жылуулук электр чордондорунун казандарынын иштөө тартиби боюнча азыктандыруучу суунун басымы жана чыгымы азайгандыгына байланыштуу жыштыктын 49,0 Гцтен терең төмөндөшүнө жол берилбеш керек.
3) Энерготутумдарда кубаттуулук таңсыктыгы капыстан келип чыкканда, жыштыктын коркунучтуу төмөндөөсүнө бөгөт коюу үчүн энерготутумдарга ЖЖА жабдуусу жана пайдалануучулардын энергия менен жабдылышын калыбына келтирүү үчүн – Энерготутумдарды пайдалануу боюнча башкаруучу материалдардын учурдагы жыйнагы боюнча ЖАКК жабдуусу орнотулушу керек.
4) Ишканаларда, ЖЖА аркылуу өчүрүлгөн оордуктарда ККА болбошуна энерготутум көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү.
5) Электр чордондорундагы өндүрүлгөн кубаттуулуктун таңсыктыгын тез жоюу үчүн төмөндөгүлөр аткарылышы керек:
а) параметрлери ТПЭ жана башка жетектөөчү иш кагаздардын талаптарына дал келиши керек болгон турбинаны жөнгө салуу тутумдары;
б) ГЭСтин гидрогенераторлорунун автоматтык жүргүзүү жана тездетилген жүктөө жабдуусунун, ошондой эле аларды СК иштоо тартибинен генератор иштоо тартибине которуу;
в) кыймылдатуу иштоо тартибинде иштеген гидрогенераторлорду автоматтык өчүрүү жабдуусу, аларды генератордук иштоо тартибинде жүргүзүү жана жүктөө;
г) электр чордондорундагы электр чордондордун ишкерсаны тарабынан энерготутумдарынын тескемерлеринин буйруктары боюнча электр чубалгыларынын жүктөлүшүн көзөмөлдөө аркылуу өз алдынча агрегаттарды жүктөө жана уруксат берилген кайра жүктөөлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү.
Агрегаттарды жүргүзүү жана жүктөө мерчендери энерготутумдун тескемери аркылуу берилет, ошол эле учурда төмөнкү мерчен ЖЖА атайы кезегинин ишинин мерченинен жогору болууга жана 49,3-49,7 Гцти түзүүгө тийиш.
6) Электр чубалгыларына ашык күч келүүнүн жана өчүп калуусунун жыйынтыгында БЭТтен таңсык энерготутумдар же энергорайондор бөлүнгөн учурда келип чыгышы мүмкүн болгон кубаттуулуктун капыстан болгон таңсыктыгы жана жыштыктын терең төмөндөөсү пайда болгон учурда жылуулук электр станцияларынын толук токтоп калуусуна бөгөт коюу максатында, учурдагы жетектөөчү иш кагаздарга ылайык жыштык боюнча бөлүштүрүү автоматикасы аткарылышы керек.
7) Туурасынын кеткен байланыштагы жылуулук электр чордондорунда энерготутум менен кошулуулардын электр тузмөгүн жана мүмкүн болгон бүлүнүү кырдаалды эске алуу менен бүткүл электр чордонунун же анын бөлүктөрүнүн электр чордондорунун өткөргүчтөрүн же ага жакын жайгашкан РЭТден азыктанган пайдалануучулар менен обочолонуп иштөөгө бөлүү түзмөгү иштелип чыгууга тийиш.
Тутумдан ажыратылган электр чордонунун бир бөлүгү бардык иштоо тартибинде жыштыкты жогорулатуу үчүн бир аз ашыкча кубаттуулукка ээ болушу керек.
Автоматика жүргүзүүчү эки орган менен иштеши керек: 45 — 46 Гц жана 0,5 с жана 47 Гц жана 30 —40 с мерчендери. Өзгөчө таңсык райондордо жайгашкан электр станцияларда АЖБга карата 46,5-47,5 Гц жана 1 с көп эмес мерчендеги селективдик эмес бөлүнүүгө жол берилет.
Бөлүнүү тузмөгүндө өчүрүлүүчү өчүргүчтөрдүн саны аз болууга тийиш.
Ыкчам ишкерсан үчүн электр чордонун автоматык жана кол менен бөлүү тартиби жөнүндө так нускамалар жазылышы керек.
8) Энерготутумдун блоктук электрочордондорунда БДК менен биргеликте электр чордондорунун 110-220 кВ АБТ жоопкерчиликтүү пайдалануучулар орун алган бир канча блоктордун жыштык боюнча автоматика менен бөлүнүүн мүмкүнчүлүгү аныкталат; ошол эле учурда татаал которуулар болбошу керек, өчүрүлүүчү өчүргүчтөрдүн саны аз болууга тийиш.
Түзмөк боюнча электр чордонун же анын бир бөлүгүн бөлүү мүмкүн болбогон блоктук электр чордондорунда алардын ӨКсынан бир же бир канча блокторду жыштык боюнча ажыратуу автоматикасы болушу керек. ӨК жүгү менен бөлүүчү энергоблоктун иштөө тартиби тажрыйбалык түрдө текшерилиши керек.
Ыкчам ишкерсан үчүн нускамада бөлүнүп чыккан энергоблокторду иште сактоо жана аларды токтоп калган энергоблокторду жандандыруу, тармакка кошуу жана жүктү жогорулатуу үчүн пайдалануу боюнча так көрсөтмөлөр камтылышы керек.
9) Кубаттуулуктун көп жоготуулары, электр чубалгыларынын өчүшү, ӨК жоготуу менен электр чордондорунун толук токтоп калышы менен коштолгон булүнүүдө энерготутумдун калыбына келүүсүн тездетүү максатында, энерготутумдар электр станциялары менен биргеликте, ал эми ири блок электр чордондору үчүн энерготутумунун тескемери менен биргеликте түзүлгөн кырдаалдарда электр чордондорунун резервдик булактардан кайрып келүү үчүн чыңалууну берүү тузмөктөрүнүн варианттары аныкталат.
10) Камдык булак катары биринчи кезекте гидроэлектрочордондорду, ал эми аларды электр тармагынын тузмөгү боюнча пайдалануу мүмкүн болбогон учурда – туурасынан кеткен байланыштар менен жылуулук электр чордондору, ошондой эле чектеш энерготутумдардын электр чубалгылары дайындалат.
Электр тармагына кошууда жана электр чубалгыларына күч келтирбестен кошууда генераторлордун туруктуулугунун жана өзүнөн өзү аракетке келүү шарттарын жоктугунун алдын ала эсептөөлөрү аткарылышы керек.
11) Бүлүнүүнү жоюуда энерготутумдун тескемери биринчи кезекте агынсыз калган электр чордонунун өткөргүчүнө чыңалуу берүүгө тийиш.
12) Электр чордонунун ишкерсаны бардык генераторлор токтоп жана ӨК жоголгондо БЖ агынсыз калганда чыңалууну кабыл алуу үчүн түзмөк даярдашы керек, ал үчүн:
а) генераторлордун өчүргүчтөрүн, ал эми генератордун өчүргүчтөрү жок болсо —трансформаторлордун блокторунун өчүргүчтөрүн бардык тарабынан өчүрүү жана алардан ыкчам агынды алып салуу керек;
б) ӨК трансформаторлорунан жүргүзүүчү агындардан ашыкча күч келүүсүнө бөгөт коюу үчүн чыңалуу берүүдө бардык 3-6 кВ чыңалуудагы ӨКнын жооптуу эмес электр кыймылдаткычтарынын өчүргүчтөрүн ажыратуу. ӨК 6/04 (3/04) кВ трансформаторлорунун өчүргүчтөрү кошулган болууга тийиш;
в) энерготутумдун тескемеринин көрсөтмөсү боюнча, ал эми байланыш жок болгон учурда агынсыз калган электр өткөргүч чубалгыларынын өчүргүчтөрүн өз алдынча өчүрүү керек;
г) БЖ бузулган бөлүгүн жана бузулган электр аппараттарын ажыраткычтар менен өчүрүү;
д) чыңалууну энерготутумдун тескемеринин билдирүүсү боюнча, ал эми байланыш жокто электр чубалгыларынын вольтметрлеринин көрсөткүчтөрү боюнча алганда чубалгынын жана ӨК камдык трансформаторлорунун өчүргүчүн иштетип, ӨК секцияларына чыңалуу берүү жана агрегаттарды бурууга киришүү керек.
Иштетүүгө жатпай турган агрегаттар алардын бузулушуна бөгөт коюу үчүн муздатуу иштоо тартибине коюлууга тийиш (турбиналардын май соркысмаларын, толгом бурулуш түзмөктөрдү иштетүү ж.б.).
13) Кубаттуулук жана энергоресурстардын жетишсиздигинде ГОСТ талаптарына ылайык жыштыкты колдоо, ошондой эле ашыкча жүктөлгөн электр чубалгыларын жүктөн бошотуу, түйүндөрдөгү чыңалууну жогорулатуу үчүн, эгерде анын мааниси булунуулук-уруксат берилгенден төмөн түшкөн болсо, энерготутумда түзүлүшү керек:
— электр кубаттуулугун пайдаланууну чектөө графиктери;
— электр энергиясын пайдаланууну чектөө графиктери;
— кубаттуулуктун капыстан пайда болгон таңсыктыгындагы азыктандыруучу борборлордун пайдалануучуларын өчүрүү графиктери;
— жергиликтүү жүктөн бошотуу графиктери.
14) Пайдалануучуларды өчүрүү жана чектөө графиктери учурдагы “Кыргыз Республикасынын энерготутумундагы электр энергиясы жана кубаттуулуктун жетишсиздигинде электр энергиясын пайдаланууну чектөө жана өчүрүү графиктерин түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык түзүлүшү керек.
15) Энерготутумдун ыкчам ишкерсаны, азыктануу булагынын ишинде калган жүктү которууга жол бербестен, электр энергиясын өчүрүү графиги боюнча пайдалануучуларды өчүрүүнүн натыйжалуулугуна катуу көзөмөлдү ишке ашырууга милдеттүү.
16) Кубаттуулуктун таңсыктыгында же энерготутумдун электр байланыштарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү чектелгенде жүктү азайтуу максатында энерготутумда жүктүн чыңалган сааттарында пайдалануу максимумун азайтуу боюнча ишканалар менен келишимдер түзүлөт.
7. Кубаттуулук же энергоресурстардын жетишсиздигинен улам электр агынынын жыштыгы төмөндөгөндөгү ыкчам ишкерсандардын аракеттери
1) ГОСТ талаптарына ылайык электр агынынын жыштыгын колдоо (жөнгө салуу) үчүн жооптуу адам энерготутумдун тескемери болуп саналат.
Андан тышкары жыштыктын нормалдуу деңгээлин колдоого паралеллдүү иштеген бардык энерготутумдар катышууга милдеттүү. Бул үчүн ар бир энерготутум (БЭТ) кубаттуулуктун белгиленген сальдо-ташуунун бир суткалык графигин аткарууга тийиш.
Эгерде БЭТте (БЭТ, энерготутумда) жыштыкты жөнгө салуу үчүн өзүнчө энерготутум, электр чордону же бир канча электр чордондору дайындалган болсо, анда жыштыкты жөнгө салуу үчүн жооптуу тескемер башка электрчордондордун жүктөн бошотуп же жүктөп жатып, ага зарыл болгон жөнгө салуучу диапазонду камсыздайт.
БА БЭТте же энерготутумда жыштык төмөндөгөндө өндүрүлгөн кубаттуулук жоголгондо же керектөө жогорулаганда “Энергия” КДБнын тескемери өзүнүн аракеттери менен калган энерготутумдардын (БЭТ) иштөө тартибине таасирин тийгизбеши керек – мисалы, электр чордондорун өзүнүн кубаттуулук сальдо-ташууну сактоо үчүн жүктөн бошотуу.
БА БЭТте, энерготутумда жыштык төмөндөгөндө ашыкча энерготутумдардын тескемерлери берүүнү азайтууга тийиш эмес, ал эми таңсык энерготутумдар – өзүнүн кубаттуулук сальдо-ташууну кабыл алууну көбөйтүшү керек, ал эми жыштыктын жол берилген төмөнкү деңгээлинде же анын жыштыкты жөнгө салуучу тескемердин командасы боюнча төмөндөөсүндө кубаттуулуктун резервдерин колдонууга тийиш.
Өндүрүлүүчү кубаттуулуктун жоготуулары келип чыккан энерготутумдун тескемери кубаттуулуктун бардык болгон өздүк резервдерин колдонууга тийиш (жогорку деңгээлдеги тескемер менен макулдашуу боюнча), ошондой эле жыштыкты жөнгө салуу үчүн жооптуу тескемер аркылуу башка энерготутумдардын (БА БЭТ) кубаттуулук камдыктардын байланыштардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен табуу жана макулдашуусу керек.
2) БЭТтеги же обочолонуп иштеген БЭТте, энерготутумда жыштыктын мүмкүн болгон төмөндөөсүнө же тутумдар аралык же тутумдар ичиндеги ашыкча жүктөлүүгө бөгөт коюу үчүн алдыдагы жүктүн өтө чоң өлчөмүнөн өтүүдө (эртең мененки же кечиндеги) БДК, “Энергия” КДБ же энергокомпаниянын тескемери кубаттуулуктун күтүлүп жаткан тең салмактуулугуна анализдегенден кийин зарылчылыкка жараша аткарышы керек:
а) муздак камдыктагы энергетикалык жабдууну бурууга команда берүү;
б) өндүрүүчү жабдууну жана ашыкча жүктөлгөн кесилиштердин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүүчү электр өткөргүч чубалгыларын оңдоо үчүн чыгарууну токтотуу (уруксат берилген билдирмеге карабастан);
в) бүлүнүүлүк даярдыктын чектеринде оңдоодон чыгаруу, ошондой эле чубалгыларды жана ашыкча райондордон кубаттуулуктун чыгуусун төмөндөтүүчү энергожабдууларды оңдоодон чыгаруу;
г) пайдаланууну чектөөнү тапшыруу (энерготутумдагы пайдалануунун жаңы чектеги деңгээли же таңсыктуу БЭТ жана энерготутумунда тапшырылган кубаттуулук сальдо-ташуу өзгөртүү).
3) Жыштык капыстан 0,1 Гцке жана андан мурдагы белгилеген мааниден көбүрөөк төмөндөгөндө (өндүрүүчү кубаттуулукту көп жоготууларда же кубаттуулук таңсыктыгы менен айрым аймактардын же түйүндөрдү бөлүүдө бир канча секунд ичинде) БДК, энергокомпания тескемерлери тескемердик пункттун алеттеринин көрсөткүчүнүн, карамагындагы ыкчам ишкерсанды сурамжылоонун жана объектилерден келген билдирүүлөрдүн негизинде көзөмөлдөнүүчү тутумдар аралык жана тутум ичиндеги байланыштардын иштөө абалын жана режимин аныкташы жана жыштыкты ГОСТ тарабынан белгиленген деңгээлге чейин (эгерде жетекчиликтин башка көрсөтмөлөрү же буйруктары келбесе) калыбына келтирүүгө, энерготутумдардагы кубаттуулуктун камдыктарын пайдалануу аркылуу, ошол эле учурда көзөмөлдөнүүчү кесилиштер боюнча кубаттуулуктун уруксат берилген ташылуусунан ашып кетпешине жол бербестен чараларды көрүшү керек.
Өндүрүлүп жаткан кубаттуулуктун жоготууларында, энергоблоктор, электр чубалгылары өчүп калганда же көмөкчордонун өчүрүүдө СНБ, энергокомпаниянын тескемерлери жогорку деңгээлдеги тескемерге бүлүнүүлүк өчүрүүлөр тууралуу ошол замат кабарлоого жана бузулууларды жоюуга чараларды көрүүгө милдеттүү.
Эгерде жыштык төмөндөөсүн уланта берсе, анда зарыл:
а) камдыктагы гидрогенераторлорду иштетүү, эгерде алар СК режиминде иштеген болсо аларды активдүү жүктөө режимине которуу;
б) электр чубалгыларынын жүктөлүшүнө көзөмөл кылуу менен уруксат берилген булүнүүлүк ашыкча жүктөөлөрдү алуу;
в) оңдоого өчүрүүнү же агрегаттардын камдыгын кармап туруу;
г) тармактык суунун температурасынын өзгөрүүсүнүн эсебинен ЖЭБге жүктү жогорулатуу;
д) пайдалануучуларда чыңалууну уруксат берилген минималдуу маанилерге чейин азайтуу аркылуу электр пайдаланууну төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү
4) Эгерде жогорудагы пункт боюнча иш-чараларды өткөрүү жыштыктын 49,8 Гцке чейин жогорулашын камсыз кылбаса, анда жыштыкты колдоо үчүн жооптуу тескемер, эгерде бул өзгөчө башка иш кагаздар менен бекитилбеген болсо пайдалануучуларды белгиленген графиктер боюнча өчүрүү аркылуу жыштыкты жогорулатышы керек. Буйрукту аткарууда БДК, энергокомпаниялардын тескемерлери тутумдар аралык жана тутумдар ичиндеги көзөмөлдөнгөн байланыштар боюнча ташууларга, нускамалар тарабынан белгиленген уруксат берилген максималдуу маанилерден жогорулашына жол бербестен байкоо жүргүзүүгө милдеттүү.
5) Өндүрүлгөн кубаттуулуктун чоң жоготууларында жана жыштыктын терең төмөндөөсүндө, эгерде АЖБнын ишине карабастан жыштык 49,0 Гцтен төмөн боюнча кала берсе, жыштыкты жөнгө салуу үчүн жооптуу тескемер 3-5 мүн. өткөндөн кийин (кубаттуулуктун бардык камдыктарын пайдалануу үчүн жетиштүү убакыт) жыштыкты пайдалануучуларды өчүрүү аркылуу жогорулатууга тийиш, ошол эле учурда тутумдар ичиндеги жана тутумдар ортосундагы ашыкча жүккө жол бербөө керек. Мындай учурда пайдалануучуларды жыштыкты жөнгө салуу үчүн жооптуу тескемердин командасы боюнча өчүрүү бардык энерготутумдарда алардын тапшырылган кубаттуулуктун сальдо-ташууларын аткарууга карабастан жүргүзүлүүгө тийиш.
Пайдалануучуларды өчүрүүлөрдүн зарыл болгон көлөмү жыштыктан болгон жүктүн өзгөрүүсүнө белгиленген көз карандылыкка ылайык аныкталат. Маалыматтар жок болгон учурда кубаттуулукту пайдалануу жүгүнүн 1%ын калыбына келтирилген жыштыкка 0,1 Гцке өчүрүү керек.
6) Жыйынтыгында ЖЖА иштебей калуу шарттары түзүлүшү керек болгон чыңалуунун терең төмөндөшү менен коштолгон жыштык 46-47 Гцке чейин төмөндөгөндө, ЧНБ жергиликтүү нускмалар боюнча ӨК синхрондуу эмес азыктанууга бөлүү боюнча иш-чараларды өз алдынча өткөрүүгө тийиш.
7) ЖЖА иштеп кеткендеги булүнүүнү жоюудан кийин жыштыкты жөнгө салуу үчүн жооптуу тескемер жыштыкты ЖАКК жогорку мерченин 0,1 —0,2 Гцке жогорулатышы керек.
Өчүрүлгөн пайдалануучуларды кошуу тутумдар ичиндеги жана тутумдар ортосундагы кубаттуулуктун жыштыгына жана ташылышына көзөмөлдөө аркылуу жүргүзүлүшү керек.
8) Жыштыгы төмөндөгөн (49,6 Гцтен төмөн) БЭТ же обочолонгон БЭТ (энерготутумдун) иштөө учурунда, булунуулук кырдаалдардагы которуулардан тышкары электр тармактарында жана электр чордондорунда БЖда, релелик коргоо түзүмдөрүндө жана булүнүүго каршы автоматикада жана энергоблоктордун технологиялык автоматика түзүмдөрүндө пландуу которуулар жүргүзүлбөшү керек.
8. Электр агын жыштыгынын жогорулашынан улам болгон бүлүнүүнүн алдын алуу жана жоюу
1) Жыштык капыстан 0,1Гц жана белгиленген мааниге салыштырмалуу андан көп жогорулаган учурда (бир канча секунддун ичинде) БДКнын, энергокомпаниялардын тескемерлери тескемердик пункттагы телесигнализация түзмөктөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн, карамагындагы ыкчам ишкерсанды сурамжылоонун жана объектилерден келген билдирүүлөрдүн негизинде көзөмөлдөнүүчү тутумдар аралык жана тутум ичиндеги байланыштардын иштөө абалын жана иштоо тарибин аныкташы жана жыштыктын жогорулоо себептерин аныкташы керек, ал эми 50,2 Гц жогору жыштыкта электр чордондорун (ГЭС, ЖЭС, ЖЭБ) жүктөн бошотуу чараларын көрүшү керек.
2) Көзөмөлдөнүүчү байланыштарда ашыкча жүк келип чыккан учурда БДКнын тескемерлери өз алдынча аларды жүктөн бошотуу же кубаттуулуктун ташылуусун уруксат берилген маанилерге чейин төмөндөөсүн камсыздоочу электр чордондорунун жүгүн кайра бөлүштүрүү боюнча чараларды көрүшү керек.
Жүктөрдүн өзгөрүүсү жана ЧНБ электр чордондорунун жабдууларын өчүрүү боюнча жүргүзүлгөн бардык аракеттер жөнүндө ЧНБ энерготутумдун тескемерине, энергокомпаниянын тескемерине ошол замат билдириши керек – БДКнын тескемерине кабарлашы керек.
3) Жыштык 50,2 Гц жогорулаганда БДКнын, энергокомпаниялардын тескемерлери жыштыкты төмөндөтүү үчүн тутумдар аралык жана тутумдар ичиндеги байланыштар боюнча кубаттуулуктун ташылуусуна көзөмөл кылуу менен электр чордондорду жүктөн бошотууга чараларды көрүүгө тийиш.
Ошол эле учурда айкын байланыштар боюнча туруктуулукту сактоо үчүн БДКнын, энергокомпаниялардын тескемерлери жыштыктын жалпы деңгээлин төмөндөтүүгө жана байланыштар боюнча туруктуулукту сактоого жетишүү менен электр чордондорунун ашыкча бөлүктөрүндөгү жүктү жеңилдетип жана электр чордондорунун таңсык бөлүгүн жүктөшү керек.
4) ГЭСтеги жана ЖЭБдеги жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрү түгөнгөн жана жыштык 50,4 Гц жогорулаганда энерготутумдун ыкчам ишкерсаны жана электр чордондорунун нөөмөттүк ишкерсаны БДК тескемеринин уруксаты менен жылуулук электр чордондорунун энергоблокторун 5-10%га өчүрүү аркылуу жыштыкты төмөндөтүү чараларын көрөт.
5) Бөлүнгөн энерготутумдагы, БЭТ же обочолонуп иштеген аймакта жыштык андан ары жогорулаганда жана 51,5 Гц мааниге жеткенде ЧНБ түтүк соркыскычтары менен энергоблокторду буунун жылмышуучу параметрлерине которуу, дубль-блоктордогу казандарды өчүрүү аркылуу ЖЭБди жүктөн терең бошотууга өз алдынча киришүүгө, ошондой эле энергоблокторду өчүрүүгө тийиш.
Жүргүзүлгөн аракеттери жөнүндө ЧНБ БДКнын тескемерине ошол замат билдириши керек.
БДК, энергокомпанияларынын тескемерлери карамагындагы ишкерсандын, ошондой эле көзөмөлдөнүүчү тутумдар ортосундагы жана тутумдар ичиндеги байланыштардын иш тартибин көзөмөлдөөгө тийиш. Ошол эле учурда белгиленген чубалгылардын өчүрүлүшү же пландуу өчүрүлүшү менен байланышкан операцияларга тыюу салынышы же алынып салынышы керек.
9. Электр өткөргүч чубалгылары же башка жабдуу өчкөн учурдагы булүнүүлөргө бөгөт коюу
1) Чубалгылардын, байланыш трансформаторлордун, саргактоо реактордун жана башка жабдуунун бүлүнүү өчүрүүсүндө, жабдууну ыкчам башкаруусунда же кароосундагы тескемер милдеттүү:
а) көзөмөлдөнүүчү байланыштардын уруксат берилген иштөө тартибин жөнгө салуу (түзүлгөн түзмөкө, жол берилген кубаттуулуктун ташылуусу чыңалуунун деңгээлдери), ошондой эле эгерде зарыл болсо, релелик коргоону жана бүлүнүүгө каршы автоматиканы нускамага же которуулардын программасына ылайык кайра куруу боюнча операцияларды жүргүзүү;
б) ЖӨАА түзмөктөрүнүн аракети менен өчүрүлгөн пайдалануучуларды кошууга шашылыш чара көрүү, мүмкүн болбогон учурда – аларды булүнүүлүк өчүрүүлөрдүн графиги боюнча башка пайдалануучуларды өчүргөндөн (же чектөөлөрдөн) жана көзөмөлдөнүүчү байланыштар боюнча кубаттуулукту ташууну азайтуудан кийин кошуу;
в) телесигнализация жана телеөлчөө түзмөктөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн, релелик коргоо жана бүлүнүүгө каршы автоматика түзмөктөрүнүн ишин анализдөө, карамагындагы ишкерсадарды сурамжылоо жана жерлерден келген өчүрүүнүн себептеринин негизинде аныктоо жана себептерин жойгондон кийин жабдууну ишке киргизүү.
2) Аба чубалгынын бүлүнүүлүк өчүрүүсүнөн кийин каттоочу өлчөө алеттеринин, релелик коргоо түзмөктөрүнүн ишин анализдөө, көмөкчордондордогу жабдууну текшерүүдөн кийин жана көрүнүп турган бузулуулар жок болсо аны чыңалуу менен кайталап куйгузуу жүргүзүлөт; кайтадан өчкондө релелик коргоо түзмөктөрүнүн иштеп кетишине анализ жүргүзгөндөн кийин чубалгы оңдоого чыгарылат, чубалгыны кыдыруу жана осциллограммды өңүнө чыгаруу уюштурулат.
Чубалгыны ишенимдүүлүк шарттары боюнча тезирээк кошуу зарылчылыгы болгондо электр жабдуу тузмөгунүн ишенимдүүлүк шарттары боюнча же пайдалануучуларга чектөөлөрдү киргизүүдөн качуу үчүн, чубалгынын өчүшү көп учурда турксуз КЧдан келип чыкканда аны чыңалуу менен бир нече жолу кошууга жол берилет (өзгөчө зымга муз тоңгондо же чагылган түшкөндө).
Чубалгыны чыңалуу менен кошуунун алдында, чубалгыга чыңалуу берүүчү өчүргүч иштебей калганда, бүлунүүнун өөрчүшү жана пайдалануучулардын өчүрүлүшү мүмкүн болуусу менен коштолгон башка тармактык элементтер (ӨТ, АТ, АЧ) өчүшү мүмкүн экендигин эске алуу керек.
3) Жабдуунун бузулуу коркунучу же адамдардын өмүрү менен байланышкан жабдууну шашылыш өчүрүү зарылчылыгында жана иштоо тартибин тез даярдоо мүмкүн болбогон учурда аны иштоо тартибин даярдабастан өчүрүүгө жол берилет.
4) БДК тескемерлери өндүрүлүүчү кубаттуулуктун жоготууларында же электр өткөргүч чубалгыларынын тутумдар аралык же тутумдар ичиндеги байланыштардын уруксат берилген белгиленген маанилерден ашыкча жүктөлүшүн пайда кылуучу өчүрүүлөрүндө көзөмөлдөнүүчү кесилиштерди жана чубалгылардын жүгүн бошотуу үчүн кубаттуулуктун ээ болгон резервдерин булунуулук түрдө көтөрүшү керек.
Резервдер түгөнүп жана көзөмөлдөгү кесилиштердеги кубаттуулуктун бүлунүүлүк-жол берилген ташуулары жогорулап кеткенде, белгиленген ташууларды жөнгө салууга жооп берүүчү тескемер кубаттуулуктун ташылышын төмөндөтүү жана бул байланыштар боюнча паралеллдүү иштөөнүн туруктуулугунун бузулушуна бөгөт коюу үчүн азыктандыруучу борборлордон пайдалануучуларды өчүрүүгө (же өзүнүн кубаттуулуктун сальдо-ташууларын өзгөртүүгө) команда берүүгө, ал эми зарылчылык болсо пайдалануучуларды бүлүнүүго каршы автоматика каналдары боюнча аралыктан өчүрүүнө колдонууга тийиш.
10. Энерготутумдун негизги түйүндүк пункттарында чыңалуу төмөндөгөндөгү ыкчам ишкерсандын аракеттери
1) ЭТИнин, энергокомпаниялардын, БДКнын ыкчам ишкерсан тарабынан тапшырылган көзомөлдүк түйүндөрдө (КЧ, чордондордун ӨТ) чыңалууга көзөмөл жана жөнгө салуу чыңалуулардын бекитилген графиктерине ылайык ишке ашырылат.
2) Эгерде бул тармактардагы чыңалуу белгиленген бүлүнүүлүк чекке чейин төмөндөсө, электр чордондордун жана көмөкчордондордун ыкчам ишкерсандары СК менен генераторлор жана компенсаторлордун ашыкча жүк жөндөмдүүлүгүн пайдалануу аркылуу чыңалууну өз алдынча кармап турууга, ал эми энергокомпаниялардын, БДКнын тескемерлери энергоишканаларга алардын ортосунда реактивдүү жана активдүү кубаттуулукту кайра бөлүштүрүү жолу аркылуу жардам көрсөтүүгө тийиш. Ошол эле учурда айрым көзөмөлдөөчү тармактарда чыңалууну жабдуу үчүн жол берилген чектен жогорку мааниге чейин жогорулатууга уруксат берилет.
3) Бир же бир канча объектилерде чыңалуу минималдуу белгиленген деңгээлдерден төмөндөгөн учурда БДКнын, энергокомпаниянын тескемери, ошондой эле электр чордонунун, көмөкчордондун ишкерсаны карамагындагы ишкерсанды сурамжылоо, жерлерден келген билдирүүлөр, телеөлчөө жана телесигнализация түзмөктөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыңалуунун төмөндөө себептерин аныктоого жана төмөндөгү чараларды көрүүгө тийиш:
а) СК жана генераторлордун реактивдүү кубаттуулук боюнча жүгүн булунүүлүк ашыкча жүктү алганга чейин көбөйтүү. Ошол эле учурда роторду ашыкча жүктөн коргоодон генератордун өчүп калуу мүмкүнчүлүгүнүн алдын алуу керек.
Генераторлордун (СК) ашыкча жүгү тууралуу маалыматтарды алгандан кийин тескемер аларды алган ашыкча жүктөрдүн уруксат берилген мөөнөтү өткөнгө чейин, чыңалуунун төмөндөөсүнө жол бербестен жүктөн бошотууга чараларды көрүүгө милдеттүү. Болбосо ашыкча жүк ыкчам ишкерсан тарабынан алынып салынат, генераторлордун жүгү статор жана ротордун номиналдык агындарына чейин бошотулат, бул чыңалууну андан ары өтө төмөндөп кетишине жана энерготутумдун мүмкүн болгон кыйроосуна, пайдалануучуларды өчүрүүгө алып келиши мүмкүн:
б) статикалык конденсаторлордун батереясын иштетүүгө;
в) саргактоо реакторлорду өчүрүүгө;
г) ЖАЖС түзмөктөрү менен жабдылган трансформаторлордун трансформациялануу коэффициенттеринин өзгөрүүсүнө;
д) чубалгылар аркылуу кубаттуулуктун ташылуусунун төмөндөшүнө.
Бардык көрүлгөн чаралар жөнүндө ыкчам ишкерсан жогорку деңгээлдеги тескемерге кабарлоого тийиш.
4) Эгерде чыңалууну калыбына келтирүүгө карата көрүлгөн чаралардан кийин ал булүнүүлүк мааниден төмөн боюнча кала берсе, чыңалуу төмөндөгөн тармактагы пайдалануучуларды өчүрүү зарыл (азыктандыруучу борборлордогу пайдалануучуларды өчүрүү графиктери боюнча).
5) Энерготутумдун энергообъектилеринде чыңалуу төмөндөгөн учурда БДКнын тескемери чектеш энерготутумдарда ишке ашырылуучу төмөндөгү чаралар менен чыңалууну жогорулатууга жардам көрсөтүүгө милдеттүү:
а) чектеш энерготутумдардын электр чордондорунун реактивдүүлүк кубаттуулугунун резервдерин чыңалууну узакка чейин уруксат берилген маанилердин чектеринде жогорулатуу менен пайдалануу;
б) активдүү кубаттуулук боюнча генераторлорду жүктөн бошотууну пайдалануу жана чыңалуу төмөндөгөн энерготутумдарда реактивдүүлүк кубаттуулук боюнча жүктөөнү көбөйтүү.
Таңсык энерготутумдарда же БЭТте генераторлорду активдүү кубаттуулук боюнча жүктөн бошотууга жана аларды реактивдүү кубаттуулук боюнча жүктөөгө, эгерде бул ташуулардын байланыштар боюнча максималдуу жол берилгенден көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн болсо тыюу салынат.
Бирок эгерде электр тармагында чыңалуунун төмөндөөсүнүн жыйынтыгында электр чордондорунун ӨК чыңалуусу бүлүнүүлүк-жол берилгенден төмөнкү мааниге чейин азайса, энерготутумдун тескемерлери ӨК механизмдеринин иштөө режиминин бузулушуна жана электр чордондорунун агрегаттарынын толук токтоп калуусуна бөгөт коюу үчүн генераторлорду активдүү кубаттуулук боюнча жүктөн бошотууга (“Энергия” КДБ тезкемери менен макулдашуу боюнча) же пайдалануучуларды өчүрүү менен чыңалууну агрегаттардын нормалдуу иштөө тартибин камсыз кылуучу деңгээлге чейин жогорулатууга милдеттүү;
в) саргактоо реакторлордун бир бөлүгүн өчүрүү аркылуу;
г) активдүү кубаттуулуктун агымдын бөлүштүрүүсүнүн өзгөрүүсү аркылуу;
д) ЖАЖС менен трансформаторлордогу трансформация коэффиценттеринин ыкчам өзгөрүүсүнүн жардамы менен реактивдүү кубаттуулук агымдарын кайра бөлүштүрүү аркылуу;
е) электр тармактарынын түзмөгун өзгөртүү аркылуу.
6) Электр тармагындагы өчпөгөн КЧтын себебинен пайда болгон чыңалуу төмөндөгөндө тиешелүү деңгээлдеги тескемер генераторлордогу жана СКдагы ашыкча жүккө алынган мөөнөттөр өткөнгө чейин КЧ ордун аныктап жана өчүрүүгө тийиш.
КЧ ордун аныктоону энергокомпаниянын, БДКнын тескемери чыңалуунун деңгээлдерине, активдүү жана реактивдүү кубаттуулуктагы агымдарга, релелик коргоонун аракеттерине анализ жасоонун жана ыкчам ишкерсандарды сурамжылоо жана жерлерден келген билдирүүлөрдүн негизинде жүргүзүүгө тийиш.
11.Жабдуулардагы чыңалуу деңгээлдеринин жол берилген маанилерден жогорулашына бөгөт коюу
1) БДКнын, энергокомпаниялардын тескемерлери көзөмолдүк түйүндөрдөгү чыңалуулардын деңгээлдерин берилген графикке ылайык колдоого, ошондой эле жабдууларда чыңалуунун даярдоочу-заводдун, ТПЭ жана нормалары тарабынан белгиленген деңгээлдерден жогорулашына жол бербөөгө тийиш.
2) Чыңалуу бир же бир нече объектилерде жол берилгенден ашыкча жогорулаганда БДКнын, энергокомпаниянын тескемери жерлерден келген билдирүүлөр, телеөлчөө жана телесигнализация түзмөктөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыңалуунун жогорулоо себептерин аныктоого (АЧ бир тараптуу өчүрүлгөн, электр өткөргүч чубалгылары жүктөн бошотулган, саргактоо реакторлор өчүрүлгөн) жана аны төмөндөтүүгө чара көрүүгө тийиш:
—берүү иш тартибинде иштеген электр чордондордун генераторлорунун жана СК жүгүн реактивдүү кубаттуулук боюнча азайтуу, аларды реактивдүү кубаттуулуктун пайдалануу иш тартибинде өткөрүү (же пайдаланууну көбөйтүү);
— СК батареяларын өчүрүү;
— резервде турган саргактоо реакторлорун иштетүү;
— электр өткөргүч чубалгыларынын кубаттуулуктун ташууларынын жүгүнүн көбөйтүү;
— ЖАЖС түзмөктөрү менен жабдылган трансформаторлордун трансформациялануу коэффициенттерин өзгөртүү;
— жогорку чыңалуу аймагындагы чубалгыларды резервге өчүргүчтөр менен гана чыгаруу.
Чубалгыларды бир тараптуу өчүрүүдө жана чыңалуу жол берилгенден ашыкча жогорулаганда бул чубалгыны транзитке кошуу керек, ал эми бул мүмкүн болбогон учурда андан чыңалууну алып салуу зарыл.
12.Энерготутум жана электр чордондордун айрым бөлүктөрүнүн асинхрондуу иштөө тартибин жоюу
1) Энерготутумдун айрым бөлүктөрүнүн синхрондуу иштөөсүнүн бузулуу себептери төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
а) туруктуулук шарттары боюнча кубаттуулуктун тутумдар аралык транзиттик байланыштарынын ашыкча жүктөлүшү (өндүрүүчү чоң кубаттуулукту булунуулук өчүрүү, пайдалануучу кубаттуулуктун интенсивдүү өсүшү, булунууго каршы автоматика түзмөктөрүнүн иштебей калышы);
б) электр тармагындагы КБдагы өчүргүчтөрдүн жана коргогучтардын иштебей калышы;
в) байланыштардын синхрондуу эмес кошулушу.
2) Асинхрондуу жүрүштүн негизги белгилери байланыш чубалгылары жана энергообъектилер боюнча агындын, кубаттуулуктун, чыңалуунун туруктуу терең термелүүлөрү, ошондой эле синхронизмден чыккан энерготутумдун бөлүктөрүнүн ортосунда, алардын ортосунда электр байланышы сакталгандыгына карабастан жыштыктын түрдүү болушунун келип чыгышы болуп саналат.
ТЭБтин жанында жайгашкан электр чордондордун жана көмөкчордондун өткөргүчтөрүндө анын булунуулук-жол берилген маанилерден төмөндөшү менен мезгил-мезгили менен терең термелүүлөр болуп турат, анын ичинде ӨКда ӨКнын жооптуу механизмдери жана айрым агрегаттардын мүмкүн болгон өчүп калуулары кездешет.
ТЭБтин жанында жайгашкан электр чордондору үчүн кубаттуулукту силкинүү аркылуу түшүрүүдөгү генераторлордун синхронизминин бузулушу мүнөздүү.
Синхронизм бузулганда жана электр агынынын жыштыгы таңсык аймакта ЖЖА иштеп кеткен мааниге чейин терең төмөндөөсүндө автоматтык ресинхронизация жана асинхрондук иштоо тартиби бузулушу мүмкүн.
БДКнын, энергокомпаниялардын тескемерлери электр өткөргүч чубалгылары боюнча кубаттуулуктун мезгил-мезгили менен термелүүлөрүнүн жыйынтыгында энерготутум, БЭТ, аймактын синхронизмден чыккан бөлүктөрүндө пайдалануучуларды жана өндүрүлүүчү кубаттуулукту өчүрүү менен ККЖАнын иштеп кетиши мүмкүн экендигин эске алышы керек.
Асинхрондуу иштоо тартиби келип чыгышы тууралуу ыкчам ишкерсан жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга ошол замат кабарлашы керек.
Алынган маалымат жетишсиз болгондо БДКнын тескемери кырдаалды “Энергия” КДБ, энерготутум, электр чордондордун, көмөкчордондордун ыкчам ишкерсанын кошумча сурамжылоо аркылуу аныктоого тийиш.
3) Байланыштын тутумдар аралык транзиттик чубалгыларынын туруктуулугу бузулган учурда келип чыккан асинхрондуу режим АК тарабынан АРЖА жабдуулары менен жоюлушу керек. Эгерде АРЖА эмнегедир иштебей калса жана асинхрондуу иштоо тартиби уланып жатса, энерго компаниянын, БДКнын тескемери транзиттерди, асинхрондуу иштеген энерготутумдарды же АРЖА орнотулган жерлерде түйүндөрдү бөлүүгө команда берүүгө милдеттүү.
4) Энерготутумда агын, кубаттуулук жана чыңалуунун термелүүлөрү пайда болгон учурда тескемер асинхрондуу иштоо тартибинен синхрондуу термелүүлөрдү айырмалоого тийиш.
Транзиттик чубалгылар боюнча синхрондуу термелүүлөрдө эреже катары кубаттуулук өзүнүн белгисин өзгөртпөйт жана өзүнүн орточо маанисин ошол мезгил ичинде сактайт, ошондуктан синхрондуу термелүүлөрдө энерготутумдун тиешелүү бөлүктөрүндө жыштыктын туруктуу айырмалыктары болбойт.
Агындардын жана чыңалуулардын генераторлордогу жана СКдагы синхрондуу термелүүлөрү адатта нормалдуу мааниге жакын болгон (термелүүлөр пайда болгонго чейин) орточо мааниге жакын өтөт.
Синхрондуу термелүүлөр эреже катары өчүп калат, ошондуктан белгиленген учурларда энерготутумду бөлүү талап кылынбайт.
Генераторлордун синхрондуу термелүүлөрүн токтотууну тездетүү үчүн тескемер мүмкүнчүлүккө жараша аларды активдүү кубаттуулук боюнча жүктөн бошотууга жана транзиттик байланыштардын ашыкча жүктөлүшүнө жол бербестен реактивдүү кубаттуулукту жогорулатууга тийиш.
Кесилиштин ашыкча жүгүнөн улам келип чыккан тутумдар аралык байланыштар боюнча синхрондуу термелүүлөрдө кабыл алуу бөлүгүндөгү чыңалууну жогорулатуу, ташууларды резервди пайдалануу же пайдалануучуларды өчүрүүнүн эсебинен азайтуу зарыл.
13.Энерготутумдун бөлүнүшү менен байланышкан булүнүүлөрдү жоюу
1) Энерготутумдун бөлүнүүсү менен бүлунүүлөрду жоюуда БДКнын тескемери тескемердик пункттун алеттеринин көрсөтмөлөрү, объектилерден келген билдирүүлөр, карамагындагы ыкчам ишкерсанды сурамжылоо жана релелик коргоо түзмөктөрүнүн жана бүлүнүүгө каршы автоматиканын аракеттерине анализ жүргүзүүнүн негизинде бүлүнүүнун мүнөзүн жана анын келип чыгуу себептерин (электр өткөргүч чубалгыларын бүлүнүүлүк өчүрүү; негизги БТ агынсыз калышы; чубалгыларга ашыкча жүктү пайда кылган жана бөлүүчү автоматиканын иштеп кетүүсүнө алып келген өндүрүлүүчү чоң кубаттуулуктагы жоготуулар; релелик коргоо түзмөктөрүнүн жана бөлүүчү автоматиканын иштебей калышы же туура эмес аракеттери; ишкерсандын которууларды каталары) аныктоого, бузулган жерди табууга, энерготутум кайсы синхрондуу эмес бөлүктөргө бөлүнгөндүгүн, ошондой эле өзүнчө иштеген бөлүктөрдө жыштык жана чыңалуу деңгээлдерин аныктоого тийиш. Ошол эле учурда тескемер тутумдар аралык жана башка көзөмөлдөнүүчү тутумдар ичиндеги байланыштардын абалын жана жүктөлүшүн аныкташы керек.
2) Электр чордондорунун жана электр тармактарынын ыкчам ишкерсаны белгиленген бүлүнүү иш тартиби келип чыкканда төмөндөгүлөргө милдеттүү:
а) энерготутумдун тескемерине объектилердеги болуп өткөн өчүрүүлөр, жыштыктын жана чыңалуунун четтөөлөрү жана негизги электр өткөргүч транзиттик чубалгыларында ашыкча жүктүн бар экендиги тууралуу кабарлоого.
Ыкчам ишкерсан тескемердин убактысын тутумдук мааниге ээ болбогон жабдуулардын өчүрүлүшү жана кайра жүктөлүшү жөнүндөгү (туюк чубалгылардын, 35 кВ жана андан төмөнкү чыңалуу менен пайдалануучуларга кеткен чубалгылардын өчүрүлүшү) билдирүүлөр менен албашы керек;
б) жыштык жана чыңалууну калыбына келтирүүгө бардык чараларды көрүүгө;
в) статистикалык туруктуулук бузулгандагы коркунучта болгондо, электр өткөргүч чубалгыларындагы транзиттик чубалгылардан ашыкча жүктү алып салуу;
г) ӨК механизмдерин жыштык ушул электр чордондору үчүн белгиленген деңгээлге чейин төмөндөгөндө аларды синхрондуу эмес азыктанууга бөлүүгө чейин жеткен ишенимдүү иштөөсүн камсыздоо;
д) энерготутумдан бүлүнүү учурунда бөлүнгөн генераторлорду же электр чордондорун чыңалуу бар болгон учурда (же ал жоголуп кеткенден кийин пайда болгондо) синхрондоштуруу.
Жогорку чыңалуу өткөргүчтөрүндө чыңалуу жок болгон учурда өчүрүлгөн генераторлорду (ӨК бөлүү түзьөгунө кирбеген) КЗ кармап туруу зарыл: КЗ иштөө уруксат берилбеген ири энергоблоктор тез бурулууга жана жүк топтому менен тармакка кошууга даяр абалда болууга тийиш.
3) Бөлгөндөн кийин бүлунүүнүн өөрчүшүнө бөгөт коюу максатында энерготутумдун ыкчам ишкерсаны жогорку деңгээлдеги тескемердин буйругун күтпөстөн эле шашылыш түрдө энерготутумдун өзүнчө иштеп жаткан бөлүмдөрүндө жыштыкты жана чыңалууну калыбына келтирүү чараларын көрүүгө милдеттүү. Бөлүнгөн бөлүмдөрдө жыштык жана чыңалуунун жол берилген деңгээлдери сакталганда, БДКнын, энергокомпаниянын тескемери бул бөлүктөрүн синхрондоштурууга чара көрүүгө милдеттүү.
Синхрондоштуруу тутумдар аралык жана тутумдар ичиндеги байланыштарга кубаттуулуктун мүмкүн болгон таралуусун эске алуу менен жыштыктын 0,1 Гцке көп эмес айырмасында жүргүзүлүшү керек, ошол эле учурда энерготутумдун бөлүнүп калган бөлүктөрүн синхрондоштурууда ККЖА иштеп кетишине жол берилбеши керек
Энерготутумда жергиликтүү нускамаларда айырмасы чоң болгон жыштыктарды синхрондоштуруу жүргүзүүгө же жыштыктын жол берилген айырмачылыгын көрсөтүү менен синхрондуу эмес иштетүү уруксат берилген энергорайондор жана кесилиштер аныкталууга тийиш.
4) Энерготутум өзүнчө бөлүктөргө бөлүнгөндө БДКнын тескемери энерготутумдун ар бир өзүнчө иштеген бөлүгүндө жыштыкты жөнгө салууну тиешелүү тескемерге тапшырууга же жөнгө салууну өзүнө кабыл алууга тийиш.
5) Синхрондоштурууну тездетүү үчүн БДКнын, энергокомпаниянын тескемери жыштыгы төмөндөгөн энерготутумдун бөлүнгөн бөлүктөрүндөгү жыштыкты жөнгө салуу үчүн жооптуу тескемерлерге, жыштыкты жогорулатууга чараларды көрүү тууралуу, жогорку жыштыктагы тескемерлерге – анын төмөндөшү жөнүндө жыштыктын маанисин көрсөтүү менен буйрук берүүгө тийиш, анын жыйынтыгында бөлүнгөн бөлүктөрдү синхрондоштуруу жүргүзүлөт.
Кубаттуулук боюнча таңсык бөлүктө жыштыкты синхрондоштуруу үчүн зарыл болгон мааниге чейин жогорулатуу мүмкүн болбогон учурда, жыштыкты жогорулатуу пайдалануучуларды өчүрүүнүн эсебинен ишке ашырылышы керек (бардык чараларды көргөндөн кийин). Ошол эле учурда бардык деңгээлдердин тескемерлери синхрондоштуруу түзмөктөрү орун алган жерлердин тизмесине (электр станциялары жана көмөкчордондор) ээ болууга тийиш.
6) Энерготутумдарды таңсык бөлүктөрдө өчүрүлгөн пайдалануучулардын көлөмүн максималдуу кыскартуу жана тез кайтаруу максатында булунуулук ажыратууда аларды өз ара синхрондоштурууга жол берилет:
а) ашыкча бөлүктө жыштык төмөндөгөндө, бирок 49,8 Гцтен төмөн эмес болгондо аларга синхрондоштуруу жүргүзүү. Ошол эле учурда ашыкча бөлүктө жыштыктын деңгээли тиешелүү тескемер тарабынан түзүлгөн кырдаалга жараша аныкталат (жыштыктын кубаттуулук боюнча бөлүнгөн бөлүгүнүн иштоо тартиби, өлчөмү боюнча төмөндөөсү);
б) кубаттуулук таңсыктыгы менен электр тармактарынын бөлүгүнөн азыктанган бир канча көмөкчордондор менен электр түйүндөрүнүн тилкелерин азыктандыруунун кыска мөөнөттүк тыныгуусунан резерви бар энерготутумдун бөлүгүнөн азыктанууга же эгерде ага алардын иштөө тартиби боюнча жол берилсе чектеш энерготутумдардан азыктанууга которуу;
в) энерготутумдун бөлүктөрүнөн айрым генераторлорду же электр чордондорун бөлүү жана аларды энерготутумдун таңсык бөлүгү менен синхрондоштуруу.
Жыштыктын төмөндөөсү жай анча чоң эмес баскычтар менен 0,1 Гц аркылуу жүргүзүлүшү керек. Ошол эле учурда БДКнын жана энергокомпаниялардын тескемерлери тутумдар аралык жана тутумдар ичиндеги транзиттик байланыштар боюнча кубаттуулуктун ташылышына, учурдагы нускамаларда уруксат берилген максималдуу жол берилген маанилерден ашыкча ташылышына жол бербестен кунт коюп көңүл бурушу керек. Көмөкчордондун (электр станциянын) нөөмөтчү ишкерсаны синхроноскопко жана жыштыкты теңдөө учурунда бөлүктөрдү синхрондоштурууга көз салууга тийиш.
7) Эгерде бүлүнүүнүн жыйынтыгында бир катар негизги электр чордондорунда жана пайдалануучуларда чыңалуу толугу менен жоголсо, БДКнын тескемери нормалдуу жыштыктагы энерготутумдун бөлүктөрүнөн чыңалуу берүүгө, электр чордондордун ӨК азыктануусун калыбына келтирүүгө жана биринчи кезекте кубаттуу блок электр чордондорунун азыктануусун калыбына келтирүүгө милдеттүү. Андан ары электр чордондорунун жабдууларын иштетүү жана жүктүн топтомуна жараша БДКнын тескемери энерготутумдун чыңалууну жоготкон тилкелерине чыңалууну серпилүү менен бериши керек. Чыңалууну жоготкон энерготутумдун бөлүгүнүн тескемери бүлүнүүнү жоготкон учурда биринчи кезекте БЭТ тарабынан чыңалуу алуу мүмкүнчүлүгүн эске алышы керек.
Агынсыз калган тилкелерге чыңалуу пайдалануучулар тарабынан жүктү топтоо жыштыктын жол берүүгө мүмкүн болбогон төмөндөшүн, транзиттик чубалгылардын (кесилиштердин) ашыкча жүктөлүшүн жана пайдалануучуларды жаңыдан өчүрүү зарылчылыгын пайда кылбашы тармактын тилкесинин жүгүн жабуу үчүн жетиштүү болгон кубаттуулуктун резервине ээ болгон энерготутумдун бөлүктөрүнөн серпилүү менен берилиши керек.
8) Бүлүнүүнү жойгондон кийин энерготутумдагы жыштыкты жөнгө салуу үчүн жооптуу тескемер чубалгылардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү боюнча кубаттуулук резервине жана ага ээ болгон ЖАККтын жардамы менен кыска мөөнөттүк жыштыкты ЖАККтын жогорку мерченинен 0,1-0,2 Гцке жогорулатууга милдеттүү.
Эгерде кубаттуулуктун балансы боюнча буга мүмкүн эмес болсо, БДКнын тескемери пайдалануучуларда электр өткөргүч чубалгыларынын жыштык деңгээлин жана жүктөлүшүнө көзөмөл кылуу менен пайдалануучуларды кол менен куйгузуу тууралуу буйрук бериши керек.
14.Тутумдар аралык жана тутумдардын ичиндеги транзиттик байланыштарга оордук келген учурдагы булүнүүгө бөгөт коюу
1) Тутумдар ортосундагы жана тутумдар ичиндеги байланыштар боюнча кубаттуулуктун ташылышы бардык иштоо тартибинде нускамаларда уруксат берилген бүлүнүүгө-жол берилген маанилерден, ошондой эле чубалгылардын өткөргүчтөрүнүн жана жабдууларынын ысып кетиши боюнча узакка жол берилген жана бүлүнүүгө-жол берилген агын жүгүнөн ашпашы керек.
2) Булүнүүго-жол берилген мааниден ашыкча өтүүсү менен иштөөгө тыюу салынат.
3) Кубаттуулуктун булүнүүгө-жол берилген ташылуусу менен иштөөгө өтүүгө энерготутумдун максималдуу жүктөрүнүнөн өтүү мезгилинде же пайдалануучуларга чектөөлөрдү киргизүү үчүн зарыл болгон убакытта, ал эми булунүүд он кийинки иштоо тартибинде (генератор, чубалгы, автотрансформатор ж.б. өчүргөндөн кийин) – камдыкты (анын ичинде муздак) мобилдештирүү үчүн зарыл болгон убакытта ишке ашырууга жол берилет жана БДКнын тескемери тарабынан ыкчам журналга жазылат (булүнүүгө-жол берилген ташуулар менен иштөөгө өтүүнүн убактысы жана себептери көрсөтүлөт).
4) Байланыштар, чубалгылар жана жабдуулар боюнча кубаттуулуктун ташылуусунун максималдуу (бүлүнүүлүк) жол берилген маанилеринин ашыкча жүгү жоюлушу керек:
а) камдык бар болгон учурда — энерготутумдун кабыл алуу бөлүгүндөгү электр чордондорун шашылыш жүктөө жана алардын берүүчү бөлүгүн транзиттик байланыштардын жүгүн алуу үчүн, башка учурларда – жогоруда белгиленген ыкмаларды пайдалануу аркылуу;
б) камдык жок болгон учурда — генерациялоочу жабдуунун булүнүүнүн ашыкча жүгүн жана энерготутумдун кабыл алуу бөлүгүндөгү чектөөлөр жана өчүрүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле энерготутумдун ашыкча бөлүктөрүндө өндүрүлүүчү кубаттуулуктун жүгүн азайтуу аркылуу.
5) Активдүү кубаттуулуктун булүнүүгө-жол берилген ташылууларынын ашыкча болуушуна бөгөт коюу үчүн БДКнын, энергокомпаниянын тескемери ташылууларды азайтууга пайдалануучуларды азыктандыруучу борборлордон өчүрүүгө, анын ичинде шашылыш өчүрүүлөр графиги боюнча, ошондой эле АК каналдары боюнча аралыктан өчүрүүгө чейинки бардык чараларды көрүүгө тийиш.
6) БДКнын, энергокомпаниянын тескемерине пайдалануучуларды өчүрүүнү АК каналдары боюнча жетекчилик тарабынан бекитилген тизме боюнча төмөндөгү учурларда ишке ашырууга уруксат берилет:
а) эгерде ушул Типтүү нускаманын 14.4 п., боюнча иш-чаралар пайдалануучуларды өчүрүүнүн натыйжалуулугу төмөндүгүнөн улам кубаттуулуктун ташылышын бүлунүүө-жол берилген мааниден азайтууга алып келбесе;
б) байланыштагы активдүү кубаттуулуктун силкинүүсүнөн улам, ал пайдалануучулардын өчүрүүлөрүнө аракеттениши (ЖӨАА) керек болгон шарттарда автоматика иштебей калганда;
в) байланыштагы активдүү кубаттуулуктун силкинүүсүнөн улам, кубаттуулуктун ташылуусу иштеп кетүү мерченине жакындап калганда автоматика иштеп кеткенден кийин.
Жогорудагы а) жана в) пункттары боюнча пайдалануучуларды өчүрүүгө аралыктан таасир этүүдө, ашыкча жүктөлгөн байланыштарга кубаттуулуктун силкинүүсүнөн улам автоматикага кошулбаган пайдалануучулар өчүрүлүүгө тийиш.
АК каналдары боюнча пайдалануучуларды аралыктан ар бир өчүрүү тиешелүү тескемер тарабынан ыкчам журналга өчүрүүнүн убактысы жана себептерин көрсөтүү менен жазылат.
7) АК түзмөктөрү же тескемер тарабынан АК каналдары боюнча аралыктан өчүрүлгөн пайдалануучулар эгерде көзөмөлдөнүүчү байланыштар боюнча активдүү кубаттуулуктун ташылуусу мүмкүнчүлүк берсе кайрадан кошулууга тийиш. Эгерде пайдалануучуларды белгиленген себеп боюнча кошууга мүмкүн болбосо, анда аларды башка пайдалануучуларды жергиликтүү жүктөн бошотуу графиги боюнча өчүргөндөн жана көзөмөлдөнүүчү байланыштар боюнча кубаттуулуктун ташылышын төмөндөткөндөн кийин кошууга болот.
Электр өткөргүч чубалгыларындагы бүлунүүлөрдү жоюу
15. 110-500 кВ АЧ бүлунүүлөрду жоюу
1) 110-500 кВ чыңалуудагы электр өткөргүч чубалгыларынын айрым тилкелерин өчүрүү көп учурларда электр чордондорунун кубаттуулугун орчундуу чектөөгө, иштеп жаткан байланыштардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүгүнүн төмөндөшүнө, чоң райондордун электр менен жабдылышынын бузулушуна, энерготутумдун бөлүнүүсүнө алып келет.
Ошондуктан БДКнын, ЭТИнин тескемерлери өчүрүлгөн электр өткөргүч чубалгыларын тезирээк иштетүүгө зарыл болгон чараларды көрүүгө тийиш.
Бүлүнүүлүк өчүрүүлөрдүн көбүрөөк мүнөздүү себептери төмөндөгүлөр болуп саналат:
— гирлянда, зым, тростун үзүлүшү;
— жаш бутактар аркылуу туташуу;
— зымдарга бак-дарактардын кулашы;
— обочолоо булганганда же гирляндада нөлдүк обочологучтар болгондо анын туташуусу же чубалгынын астынан габариттик эмес транспорт каражаты өткөн учурда;
— шамал аралаш күн күркүрөгөн учурда мамынын тирөөчүнө өткөргүчтөрдүн шлейфтери жакындаганда обочолонуунун туташуусу;
— чубалгынын коммутациялык аппараттарынын бузулушу;
— зымдардын “бийлөөсүнүн” келип чыгуусу менен тоңголоктун пайда болушу;
— чубалгы трассасындагы өрт;
— релелик коргоо же аба чубалгынын автоматикасынын түзмөктөрүнүн селективдик эмес же жалган иштеп кетиши;
— ыкчам, релелик же оңдоочу ишкерсандын жаңылыш аракеттери.
2) Которууларды жасоодо кызматкер 500 кВ чыңалуудагы узундугу 150 чакырымдан көбүрөөк болгон электр өткөргүч чубалгылары чыңалуу астында иштетүүдө тармакка дүрмөттүк реактивдүү кубаттуулукту бере тургандыгын эске алуусу керек, бул АКК жабдууларынын иштешине жана булунуунун өөрчүшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан ыкчам ишкерсан өчүрүлгөн чубалгыга чыңалуу берүүдө тармактагы чыңалуунун деңгээлине, кошулган саргактоо реакторлордун болушуна, чубалгыга чыңалуу берүүчү жакын жайгашкан тармак жана көмөкчордондун түзмөгүнө көңүл бурууга тийиш.
3) Электр өткөргүч чубалгыларын чубалгы коргонуулары менен автоматтык өчүрүүдө АКК ишине карабастан БДКнын, ЭТИнин тескемерлери, эгерде кошуу учурунда электр өткөргүч чубалгысынын же ага тиешелүү электроаппараттардын бузулуусу жөнүндө так маалымат келбесе (жол берилген иштоо тартиби даярдагандан кийин) бардык учурларда чубалгыны чыңалуу менен кошуп көрүүгө милдеттүү.
4) Эгерде түйүндөрдү азыктандырган электр өткөргүч чубалгыларын өчүрүүдө пайдалануучуларды электр менен жабдуу бузулса, ал эми чубалгыны чыңалуу менен кошууга чыңалуу жана кубаттуулуктун ташылышы боюнча электр түйүнүнүн иштоо тартибинин даярдыгы талап кылынбаса, электр өткөргүч чубалгысын чыңалуу менен мүмкүн болушунча тезирээк кошуу жана жүктөө керек.
5) Электр өткөргүч чубалгысын бир тараптуу өчүрүүдө (аба чубалгы чыңалуу астында турганда), эгерде талап кылынса АК жана РКА менен операцияларды жүргүзүп жана чубалгыны транзитке кошуу керек.
6) Эгерде электр өткөргүч чубалгы чыңалуу менен кошуу учурунда, ал чубалгынын коргоолору менен агындын “силкинүүсү” менен өчүп калса, андан аркы аракеттер боюнча чечим кабыл алуу үчүн БДКнын, ЭТИнин тескемерлери тармактык ишканалардын жана электр станцияларынын ишкерсанынан чубалгы жабдуусунун абалын сурашы, ошондой эле чубалгы трассасы өткөн аймактагы аба ырайынын шарттарын тактоого тийиш.
7) Тутумдар ортосундагы, транзиттик чубалгыларды жана ЖЭБ жана ГЭСтен кубаттуулуктун берилишин камсыздоочу ЧНБ, БДКнын тескемерлери (ведомствого караштуу баш ийүүгө ылайык) электр станцияларынын жүгүн азайтууну оңдоо түзмөгү үчүн белгиленген технологиялык нускамадагы кубаттуулук маанисине чейин өз алдынча ошол замат жүргүзүүгө, тутумдар аралык жана тутумдар ичиндеги ашыкча жүктөлгөн электр өткөргүч чубалгыларынын жүгүн технологиялык нускамаларда көрсөтүлгөн кубаттуулук резервдерин жана пайдалануучулады энерготутумдун таңсык бөлүктөрүндө мажбурлап өчүрүүнү колдонуу, ал эми ашыкча бөлүктөрүндө – электр чордондорун жүгүн азайтуу аркылуу азайтууга милдеттүү.
8) Оңдоо түзмөгү үчүн иштоо тартиби технологиялык нускамалардагы талаптарга ылайык даярдагандан кийин (кубаттуулуктун жол берилген ташуулары, электр чордондорунун жүгү, чыңалуу деңгээлдери), өчүрүлгөн чубалгы башкаруусунда турган тескемер, чубалгыны чыңалуу менен кошуп көрүү тартибин, көмөкчордондун абалдарын (оңдоо өчүргүчтөрдүн, өткөргүч тутумдарынын, чыңалуу деңгээлдери жана аны азайтуунун мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу, чубалгынын учтарына кошулган саргактоо реакторлордун саны) эске алуу менен аныктайт.
Эреже катары, көмөкчордон тарабынан чубалгыларды чыңалууга кошуу нормалдуу электр түзмөгү менен жүргүзүлөт. ЖЭБ, ГЭС тарабынан чубалгыларды чыңалуу менен сыноо башка мүмкүнчүлүк болбогон өзгөчө учурларда гана жүргүзүлөт.
9) Эгерде чубалгы электр агынынын коргоочулары менен “силкинүү” аркылуу өчүп жатса, анда каттоочу өлчөөчү алеттердин көрсөткүчтөрү боюнча коргоо иштерине анализ жүргүзүүнүн негизинде жана көмөкчордондордо жабдууну текшергенден кийин, ошондой эле осциллограммды чыгаргандан кийин бузулган жерди аныктап жана бул районго жумуштарды аткарууга укуксуз оңдоочу бригаданы жөнөтүү керек, ошол эле учурда аны менен байланышта болуп туруу зарыл.
Эгерде чубалгынын өчүү себептери аныкталбаса, анда бир аз убакыттан кийин чубалгыга чыңалуу менен кайталап куйгузуп коруш керек.
Бузулуу табылган учурда чубалгы коопсуздук техникасынын эрежелеринин талаптарын сактоо менен оңдоого чыгарылат.
Ийгиликтүү АКК (БАКК) менен электр өткөргүч чубалгыларын өчүрүүлөрдө же чубалгыны чыңалууга ийгиликтүү кошууда жана аны транзитке бекитүүдө чубалгынын өчүү себептерин аныктоого бардык чараларды (текшерүүлөр, жабдууну текшерүү, бузулган жерлерди табуу боюнча алеттерди пайдалануу, осциллограммды чыгаруу ж.б.) көрүү керек.
10) Энерготутумдун электр өткөргүч чубалгыларынын зымдарына жана тросторуна тынымсыз тоңголоктун пайда болушуна жана суу кардын жабышуусуна дуушар болгон аймактарда БДКда тоңголокту эритүүнүн түзмөгү жана иштоо тартибинин нускамалары түзүлүп жана иштелип чыгышы керек.
11) Гидрометеорологиялык борбордон тоңголоктун пайда болушу, суу кардын жабышуусу жана катуу шамалдар күтүлүшү мүмкүн экендиги тууралуу билдирүү алганда энерготутумдардын жана тармактык ишканалардын ишкерсандары электр өткөргүч чубалгыларынын абалына көзөмөл уюштурат, өткөргүчтөрдө жана чагылгандан коргоочу тростордогу тоңголокту эритүү үчүн түзмөктөрдүн жана түзмөктөрдүн даярдыгын текшерет.
12) Тармактык ишканалардын ишкерсандары тоңголок же суу кардын жабышуусу орун алганда тоңголоктун пайда болуусунун күчөшүнө көзөмөл орнотот, бул тууралуу электр өткөргүч чубалгысы кимдин карамагында болсо, ошол тармактын жетектөөчү жана жогорку ыкчам ишкерсанга билдирет жана жергиликтүү нускамага ылайык тоңголоктун пайда болуусунун андан ары көбөйүүсүнө бөгөт коюуга чара көрөт.
Электр өткөргүч чубалгысынын ошол классы үчүн жергиликтүү нускама тарабынан белгиленген тоңголоктун калыңдыгына (диаметрине) жеткенде, тоңголокту эритүүгө билдирме жазылат. Тоңголокту эритүү зарылчылыгы жөнүндө чечимди ЭТИнин техникалык жетекчиси кабыл алат.
Тоңголокту эритүү чубалгыны өчүрүү мүмкүнчүлүгүнөн улам электр энергиясын пайдалануучуларга азыраак зыян келиши мүмкүн болгон сутканын сааттарында жүргүзүлүүгө тийиш.
Эгерде тоңголоктун салмактык жүгү электр өткөргүч чубалгыларынын бузулушуна коркунуч туудурса (зымдын үзүлүшү, обочолоочтордун гирляндаларынын үзүлүшү, тростун үзүлүшү, тирөөчтүн сынышы ж.б.), анда тоңголокту эритүү сутканын кайсы гана болбосун убагында жүргүзүлөт, зарылчылык болгондо пайдалануучуларга чектөөлөр киргизилет.
13) 500 кВ чыңалуудагы электр өткөргүч чубалгыларында тирөөчтөрдүн ортосундагы аралык 400 м жана андан көп, ошондуктан чагылгандан коргоочу тростордо тоңголок пайда болгондо салмак жүгүнүн таасири астында трос чоюлат жана электр өткөргүч чубалгысынын фазаларынын зымдарынын ортосуна түшөт, бул трос үзүлүп кетсе КЧты пайда болуусуна же шамалдын таасири астында чубалгынын зымына жакындашына алып келет.
Электр өткөргүч чубалгысынын өчүп калуусуна бөгөт коюу үчүн, тростордогу тоңголокту эритүүнү өз учурунда, сутканын кайсы гана болбосун мезгилинде жүргүзүү керек.
Электр өткөргүч чубалгысы өчүп калса аны мезгил-мезгили менен чыңалуу аркылуу кошуп көрүү жана жүк астында иштетүү керек.
14) Жылдын октябрдан март айына чейинки мезгилинде, себелеп жааган жамгырда, туурасынан соккон шамалда жана абанын 0 дөн -5°С чейинки температурасында электр өткөргүч чубалгыларынын зымдарына 1ден 15 мм чейинки калыңдыктагы бир тараптуу тоңголок топтолушу мүмкүн, бул зымдардын өтө тез термелүүсүн көбөйтөт жана туурасынан соккон шамалдын ылдамдыгы 5—15 м/с жана андан көп болгондо зымдарда “бийлөө” келип чыгат.
15) Электр өткөргүч чубалгысында зымдарда пайда болгон, 5 м көп амплитуда менен “бийлөө” тууралуу билдирүү алгандан кийин, ЭТИнин жана БДКнын тескемерлери чубалгылардын жүгүн мүмкүн болгон минимумга чейин азайтышы керек, эгерде кубаттуулуктун резерви бар болсо, ал эми ЖЭБден чыккан электр өткөргүч чубалгыларында зымдар “бийлеген” учурда, өчүргөндө электр өткөргүчтүн паралеллдүү чубалгыларына күч келбеши жана электр станциясынын жүгүн азайтуу автоматикасы жана жүктү өчүрүү автоматикасы иштеп кетпеши үчүн алардын жүгүн азайтуу керек. Ошол эле учурда бригадаларды электр өткөргүч чубалгыларын бойлото зарыл болгон шаймандары жана радиобайланыш каражаттары менен жөнөтүү, электр өткөргүч чубалгылары өчүрүлгөндө жана АКК ийгиликсиз болгон учурда релелик коргоолордун ишин текшерүү, чубалгыга текшерүү чыңалуу берип жана аны транзитке кошуу, алеттер жана осциллограммалар менен КТ ордун табуу жана бригадаларга кабар берүү. Электр өткөргүч чубалгылары кайталап өчкөн учурларда көмөк чордондордогу өчүргүчтөрдүн бири менен кайрадан иштетүү керек.
16) Эгерде чыңалууну кошууга бир канча жолу аракет кылууда электр өткөргүч чубалгысы кайра-кайра эле өчө берсе, өлчөөлөр боюнча КЧ ордун аныктоо жана аныктоо түзмөктөрү менен анын абалынын бузулган жерин текшерүү керек.
Эгерде түзмөк менен өлчөө электр өткөргүч чубалгысындагы бузулууну көрсөтсө, анда коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо менен оңдоону шашылыш уюштуруу керек.
17) Эгерде өлчөө бузулуунун жоктугун көрсөтсө, ишкерсандан трассадагы аба шарттарынын өзгөрүүлөрү жөнүндө сурамжылоо аркылуу электр өткөргүч чубалгысын мезгил-мезгили менен чыналууга кошуп коруш керек. Электр чордондорунун жана көмөкчордондордун ыкчам кызматкери, АЧны кыдырып текшерүүнү уюштуруу максатында формулалар жана графиктер боюнча КЧтын ордун аныктоо үчүн каттоочу алеттердин көрсөтмөлөрүн каттоого жана нөөмөттөгү диспетчерге кабарлоого милдеттүү.
110-220 кВ АЧ кошуу ийгиликсиз болгондон кийин, чубалгыны импульстук өлчөгүч менен текшерүү жана каттоочу алеттердин көрсөткүчтөрүн каттоо менен катар, ыкчам ишкерсан зарылчылыкка жараша бузулган жерди тактоо үчүн автоматтык осциллографтардын пленкаларын өңүнө чыгарууну уюштурууга милдеттүү.
16. Бөлүштүрүүчү электр тармактарынын АЧдагы бүлүнүүлөрдү жоюу
1) Бардык АЧ пайдалануучуларды азыктандыруу көз карашынан алганда эки категорияга бөлүнөт:
— туюк
— транзиттик
Туюк АЧ деп эсептелет:
а) бир тараптан чыңалуу алган жана көмөкчордондорду азыктандыруучу, электр чордондорунун өткөргүчтөрүнө кошулбаган чубалгылар;
б) бир тараптан чыңалуу алган жана көмөкчордондорду азыктандыруучу, электр чордондорунун өткөргүчтөрүнө бөлүштүрүүчү автоматика менен жабдылган майда электр чордондору кошулбаган чубалгылар.
2) Пайдалануучуларды агынсыз калтырууга алып келген туюк АЧ автоматтык өчүрүлүүсүндө электр чордонунун (көмөкчордондун) ишкерсаны өчүп калган чубалгынын өчүргүчүн шашылыш түрдө өз алдынча бир жолу туташтырышы керек, анын ичинде бир жолку АККнын оңунан чыкпаган аракетинен кийин дагы. Туташтыруунун алдында эгерде акыркы автоматтык түрдө чыгарылбаса АКК түзмөгүн аракеттен чыгаруу зарыл.
Бул талаптар туюк чубалгыларга тиешелүү эмес:
— 10 с көп экинчи циклдин убактысынан эки эсе АКК менен жабдылгандар. Мындай чубалгыларды кайталап кошуунун максаттуулугу конкреттүү кырдаал жана жергиликтүү шарттарга жараша аныкталат;
— чакан кубаттуулуктагы электр чордонуна кошулган, кабыл алуучу учундагы бөлүштүрүүчү автоматика иштебей калган учурда, жол бергис синхрондуу эмес кошуу мүмкүн ;
— өчүргүчтөрүндө аралыктан башкаруусу жок жана автоматтык өчүрүүдөн кийин ордунда туташтырууга жол бербегендер (иштетки өчүргүчтөн бекем коргоочу менен бөлүнгөн эмес, ал эми өчүргүч жетишерлик эмес ажыратуучу кубаттуулукка ээ);
— чыңалуу автоматтык түрдө өчкөндөн кийин энерготутумдун пайдалануучу менен макулдашуусу боюнча чыңалуу берүү.
3) Ар бир электр чордондордо ( комок чордондордо) же БЭКнин техникалык жетекчиси тарабынан кол коюлган көрсөтмөлөр тиешелүү болгон туюк АЧ тизмеси (азыктануунун резервдик булагына ээ болбогон) болушу керек.
Эгерде туюк АЧ бир жолку АККдан кийин, ошондой эле аны кийин ишкерсан кошкондон кийин өчүп калса, тескемер жабдуунун абалын жана аба ырайынын шарттарын текшергенден кийин ага чыңалуу берүүгө укуктуу.
4) Эки паралеллдүү туюк АЧы очуп калса, пайдалануучуларды агынсыз калтырып, ыкчам ишкерсан эки чубалгыны тең ушул Типтүү нускаманын 16.2 жана 16.3 пункттарынын көрсөтмөлөрүн сактоо менен кезектештириип өз алдынча иштетүүгө тийиш.
5) Эгерде транзиттик АЧнын бирөөсүн оңдоого өчүрүүдө көмөкчордондор туюк азыктандырууга өтсө, анда азыктандыруучу борбордо жана бардык ортодогу көмөкчордондордо өчүргүчтөрү менен башкаруу ачкычтарына тиешелүү тескемердин көрсөтмөсү боюнча "Транзиттик чубалгы өчүрүлдү (ТЧӨ)" деп жазылган плакаттар илинүүгө тийиш.
Мындай учурда белгиленген АЧга туюк чубалгылар үчүн каралган аракеттер жайылтылат.
6) Эгерде теле башкаруудагы көмөкчордондо АЧ өчкөн учурда тейлөөчү ишкерсан жок болсо, анда чубалгыларды туташтыруу боюнча операцияларды телебашкаруу боюнча ЭТИнин (РЭТтин) тескемери же таяныч көмөкчордондун нөөмөтчүсү жүргүзөт.
7) Автоматтык түрдө өчүрүлгөн (анын ичинде АКК түзмөгүнүн аракети ийгиликсиз болгондон кийин) транзиттик АЧ чыңалуу менен сыналат жана төмөндөгү учурларда туташтырылат:
— пайдалануучулардын агынсыз калтыруу же чектөө;
— бир же бир канча чубалгылардын жол берилбеген ашыкча жүгүндө;
— ар кандай чыңалуулардын түйүндөрүн байланыштырып турган бир же бир канча
трансформаторлордун жол берилбеген ашыкча жүгүндө;
— эгерде бул энерготутумдун иштөө тартиби боюнча жол берилсе, электр чордонунун кубаттуулугун чектөө;
— энерготутумда же анын бөлүгүндө чыңалуунун жол берилбеген төмөндөөсүндө.
Эгерде сынап көрүүдө мындай транзиттик АЧ кайрадан өчүп калса, эгерде пайдалануучулардын азыктануусун калыбына келтирүү, жол берилген ашыкча жүктү алып салууга жана чыңалууну ылайыктуу мааниге чейин жогорулатууга мүмкүн болбой жатса, анда ишкерсан бир канча убакыттан кийин аны чыңалууга кайрадан туташтырууга укуктуу.
Ийгиликсиз болгон эки жолку АККда тескемер өчүп калган АЧга дагы бир жолу иштетүүгө укуктуу.
8) Шаардын чегинен өткөн кыска чубалгылардан башка (бир канча чакырымдан көп эмес узундуктагы), эгерде алардын өчүрүлүшү ушул Типтүү нускаманын 16.7 п., саналган учурлар менен байланышта эмес болсо, АКК түзмөгү өчүрүлгөн же орнотулбаган транзиттик АЧ чыңалуу менен сыналат.
9) Өчүрүлүүсү пайдалануучулардын азыктануу ишенимдүүлүгүн азайтып же электр чордондорунун кубаттуулугун чектеген транзиттик АЧлар дагы чыңалуу менен сыналат, анын ичинде ийгиликсиз АККдан кийин дагы.
10) Ушул Типтүү нускаманын 16.7–16.9 пункттарынын көрсөтмөлөрү жайылтылбаган транзиттик АЧлар, ийгиликсиз АККдан кийин эреже катары алгач импульстуу өлчөгүч менен текшерилет. Эгерде текшерүү учурунда бузулуулар табылбаса, анда АЧны чыңалуу менен сынашат(кошулат), бузулуу табылган учурда оңдоого чыгарылат.
11) Эгерде чыңалуу менен сыноонун(кошуунун) жыйынтыгында АЧ кайрадан өчүп калса, анын абалын импульстук өлчөгүч менен текшерүү керек. Бузулуулар табылган учурда АЧны оңдоого чыгаруу керек.
Эгерде импульстук өлчөгүч менен текшерүүдө бузуктук табылбаса, АЧ чыңалуу астында “серпилүү” менен туташтырылышы жана транзитке бекитилиши мүмкүн.
АЧда импульстук өлчөгүчтөр жок болгон учурда аны туташтыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимди кыдырып текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алуу керек.
Каттоочу өлчөгүч алеттер менен жабдылган АЧда, кыдырып текшерүүчү каттоочу өлчөгүч алет тарабынан көрсөтүлгөн бузулган жерге барат.
12) Шаардын четинен өтүүчү, ушул Типтүү нускаманын 16.7 пунктунун көрсөтмөлөрү жайылтылбаган өчүп калган кыска транзиттик АЧ, чыңалуу менен сыналат жана транзитке алардын абалын кыдырып текшерүүдө аныктагандан кийин гана туташтырылат.
13) Автоматтык түрдө өчүрүлгөн транзиттик АЧ чыңалуу менен сыналат жана транзитке тескемердин жетекчилиги астында туташтырылат, эгерде өчүп калган АЧ анын карамагында турса же өчүп калган АЧ анын ыкчам башкаруусунда болсо анын уруксаты менен же электр чордондорунун жана көмөкчордондордун ыкчам ишкерсаны тарабынан өз алдынча, бирок эгерде мындай туташтыруу энерготутумдун жергиликтүү нускамаларында каралган болсо кийин тескемерге кабарланат.
17. Кабель чубалгыларындагы бүлүнүүлөрдү жоюу
1) Пайдалануучуларды агынсыз калтырууга алып келген 35 кВ жана андан төмөнкү чыңалуудагы (иштебей калган же оңдоого чыгарылган АКК түзмөгү) туюк кабель чубалгысынын автоматтык түрдө өчүүсүндө ыкчам ишкерсан өчүп калган чубалгынын өчүргүчүн ушул Типтүү нускаманын 16.2 пунктунун талаптарын сактоо менен ошол замат өз алдынча кол менен бир жолу туташтырууга тийиш.
2) Пайдалануучуларды электр менен жабдууну бузуу менен 110-220 кВ чыңалуудагы кабель чубалгысынын автоматтык өчүп калуусунда жана аны башка булактардан калыбына келтирүү мүмкүн болбогондо, ыкчам ишкерсанга өчүп калган чубалгыны “майдын басымынын” сигнализация панелинде авариялык белги жок болгон шартта кол менен бир жолу туташтырууга уруксат берилет.
3) Кабель тилкелери бар туюк жана транзиттик АЧларга ушул Типтүү нускаманын . пунктунун талаптары жайылтылат.
18. Пайдалануучулар тарам аркылуу кошулган АЧны өчүрүү
1) Ушул бөлүмдө төмөндөгү типтүү тузмөктөр боюнча аткарылган тарам аркылуу кошулган көмөкчордондор менен транзиттик АЧларда бүлүнүүлөрдү жоюу маселелери каралат:
а) жогорку чыңалуу тарабынан өчүргүчү жок (бөлүүчүсү) бир трансформатор менен тарам аркылуу кошулуучу көмөкчордон; трансформатордун кошуучу өткөргүчтөр боюнча коргоолору (ЖЖ каналдарына) АЧ өчүргүчтөрүнүн өчүрүлүшүнө таасир ЭТИшет; пайдалануучулар азыктануунун резервдик булагына ээ эмес;
б) жогорку чыңалуу тарабында бөлүүчүсү бар бир трансформаторлуу тарам аркылуу кошулган көмөкчордон; трансформатордун коргоочулары АЧнын өчүп калуусуна жана бөлүүчүнүн өчүүсүнө алып келүүчү кыска туташууга таасир этет; пайдалануучулар азыктануунун резервдик булагына ээ эмес;
в) жогорку чыңалуу тарабында өчүргүчү (алгач сактооч) бар бир трансформаторлуу тарам аркылуу кошулган көмөкчордон; пайдалануучулар азыктануунун резервдик булагына ээ эмес;
г) бир трансформаторлуу тарам аркылуу кошулган көмөкчордон, анын азыктануусу жогорку чыңалуу тарабынан башка АЧга которулат; пайдалануучулар азыктануунун резервдик булагына ээ эмес;
д) бир трансформаторлуу тарам аркылуу кошулган көмөкчордон, анын пайдалануучулары төмөнкү чыңалуу тарабынан азыктануунун резервдик булагына которулат;
е) ар кандай эки АЧдан азыктанган жана иштеген ККА түзмөгү менен төмөнкү чыңалуу тарабында өзүнчө иштеген эки трансформаторлуу тарам аркылуу кошулган көмөкчордон.
2) Тармактар аркылуу кошулган көмөкчордон менен транзиттик АЧ чубалгыларынын коргонуулары тарабынан, 17.1 пунктунун схемасы боюнча аткарылган автоматтык өчүүсүндө, АЧ чыңалуу менен сыналат, андан кийин транзитке кошулат.
АЧ трансформатордун ички бузулууларынан коргонуулар тарабынан өчүп калган учурда аны туташтыруу бузулган трансформатордун ажыраткычтарын өчүргөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
3) Тарам аркылуу кошулган көмөкчордон менен 17.1, б же 17.1, в пунктунун тузмөгү боюнча транзиттик АЧ автоматтык өчүүсүндө АЧ чыңалуу менен сыналат(кошулат) жана транзитке кошулат.
4) Тарам аркылуу кошулган көмөкчордон менен транзиттик АЧ чубалгы коргоолору тарабынан 17.1, г, 17.1, д же 17.1, е пункттарынын схемасы боюнча автоматтык өчүүсүндө жана жогорку (төмөнкү) чыңалуу тарабынан ККА түзмөктөрү иштеген учурда АЧ туташтыруу жалпы негиздерде жүргүзүлөт (ушул Калыптык нускаманын 3.2 бөлүмүн кар.).
ККА түзмөгү таасир этпей калган учурда же ал жок болсо (орнотулбаса, билдирүү боюнча өчүрүлсө) жана пайдалануучулар агынсыз калса, АЧ чыңалуу менен сыналат жана транзитке кошулат.
5) Өчүп калган тарам аркылуу кошулган транзиттик АЧ ушул Калыптуу нускаманын 17.2 — 17.4 пункттары боюнча сыноо(кошуу), АКК түзмөгү иштебей калган учурда, ал оңдоого чыгарылганда, ошондой эле анын иштөөсү ийгиликсиз болгондо жүргүзүлөт.
6) Транзитте АЧны бөлүктөргө бөлүүнү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ажыраткычтары бар тарам аркылуу кошулган АЧны кол менен туташтыруу ийгиликсиз болгон учурда, чубалгылар тарам аркылуу кошулган көмөкчордондогу жабдуунун абалын алдын ала текшерүү менен бөлүктөр боюнча чыңалуу менен сыналат(кошулат).
7) Кабель тилкелери бар тарам аркылуу кошулган АЧга ушул Калыптуу нускаманын 17 бөлүмүнүн тиешелүү пункттарынын көрсөтмөлөрү жайылтылат.
19. Өндүрүүчү булактар тарам аркылуу кошулган АЧны өчүрүү
1) Жогорку чыңалуу тарабынан өчүргүчү жок, тарамына генератор-трансформатор блогу кошулган транзиттик АЧ чубалгынын коргонуулары тарабынан автоматтык түрдө өчкөндө, АЧ чыңалуу менен сыналат(кошулат) жана транзитке генератордук өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшергенден кийин гана туташтырылат.
АЧ өчүргүчтөрүнүн өчүп калуусуна ЖЖ каналдары аркылуу таасир этүүчү трансформаторлордун ички бузулууларынан коргонуулар иштеген учурда АЧны туташтыруу трансформатордун ажыраткычтары өчкөндөн кийин гана жүргүзүлөт.
2) Жогорку чыңалуу тарабынан өчүргүчү бар, тарамына генератор-трансформатор блогу кошулган АЧ автоматтык түрдө өчүп калса, АЧ туташтыруу блоктун өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшергенден кийин гана жүргүзүлөт.
3) АЧдан тарам аркылуу кошулган генератор-трансформатор блогунун өчүргүчү толук фазалуу эмес автоматтык түрдө өчүүсүндө, ыкчам ишкерсан бул өчүргүчтү бардык фазаларын кол менен өчүрүүгө аракет кылууга милдеттүү, эгерде аракеттенүү ийгиликсиз болсо, генератордун жүгүн азайтуу жана КЖ чейин ротордун агыны боюнча тескемерден АЧны эки тарабынан өчүрүүнү ошол замат талап кылуу керек.
20. Электр өткөргүч чубалгыларынын коргонуулары толук жоголгон учурдагы ыкчам ишкерсандын аракеттери
— Электр өткөргүч чубалгысында коргонуу толук жоголгон учурда (мисалы, текшерүүдөгү негизги коргоо, резервдик - бузук):
— РКА кызматынын (электр лабораториялары)ишкерсандарын коргонууларды калыбына келтирүүгө чараларды көрүү үчүн чакыруу;
— коргонуулары бузулган электр өткөргүч чубалгыларында КЧ болгон учурда көмөкчордонду же электр чордонунун БТсы ыраакы камдыктык коргоону аркылуу толук өчүрүлүшү мүмкүн экендигин эске алуу керек;
— чубалгыларды өчүрүүгө чараларды көрүү.
Көмөкчордондун башкы түзмөгүндөгу бүлүнүүлөрдү жоюу
21. Күч трансформаторлорундагы (автотрансформаторлордогу) бүлүнүүлөр.
1) Трансформатордун автоматтык өчүүсүндө,пайдалануучуларга электр жабдуу токтогондо, эгерде көмөкчордондо камдык трансформатор болсо, нөөмөттөгү ишкерсан ошол замат камдык трансформаторду ишке туташтырууга тийиш.
2)Эгерде трансформатор камдыктык коргонуу тарабынан өчүрүлгөндө (ички бузулуулардын коргонуулары таасир эткен жок) пайдалануучуларды электр менен жабдуу бузулса, ал эми АКК түзмөгү жок болсо же таасир этпей калса, көмөкчордондун нөөмөтчүсү өчүп калган трансформаторду туташтырууну ошол замат текшербестен жүргүзүүгө тийиш.
Бул көрсөтмө пайдалануучуларды азыктандырган БЖда оңдоо иштери же которуулар жүргүзүлгөн учурга жайылтылбайт.
14) Эгерде трансформатор камдыктык коргонуунун жыйынтыгында өчүп калган учурда, иштеп жаткан трансформатор жол берилбеген ашыкча жүккө ээ болсо, өчүп калган трансформаторду өчүргүчтөр менен бир жолу туташтыруу керек.
15) 110 кВ жана төмөнкү чыңалуудагы бөлүштүрүүчү электр тармактарынын трансформаторлорун ушул Калыптык нускаманын 21.1 — 21.3 пункттары боюнча кошуу көмөкчордондун нөөмөтчүсү тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.
220 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы трансформаторлор, 500 кВ чыңалуудагы саргактоо реакторлор коргоолор менен автоматтык өчүп калуусунда, электр чордонунун жана көмөкчордондун ишкерсаны бул тууралуу, аталгандар башкаруусунда же карамагында турган тескемерге, трансформатор өчүрүлгөн коргонууларды көрсөтүү менен ошол замат билдирүүгө тийиш.
Трансформаторду кайрадан туташтыруу аны текшерип чыгып, электр тармактарынын тузмөгүн жана иштоо тартибин даярдагандан кийин, тескемердин буйругу менен жүргүзүлөт.
16) Пайдалануучуларды азыктандырган трансформатор камдыктык коргоо жана АК (АКК, ККА) түзмөгүнүн иши ийгиликсиз болушуна байланыштуу автоматтык өчүүсүндө же кол менен туташтыруу оңунан чыкпай калганда трансформатордун кошулган жерин жана агынсыз калган БТ текшерип чыгуу керек. Текшерүүдө биринчи кезекте тараган чубалгылардын коргонууларынын көрсөткүчтөрүнүн абалын текшерүү керек, анткени ушул чубалгыларда өчпөй калган КЧлар болушу мүмкүн.
Эгерде тараган чубалгыда коргонуунун көрсөткүчү иштесе, ал эми анын өчүргүчү туташтырылып турса, өчүрүлбөй калган өчүргүчтү өчүрүү керек жана БТда башка бузулуулар жок болсо трансформаторду туташтырып жана агынсыз өткөргүчтөргө чыңалуу берүү керек.
17) Камдыктык коргонуусу бар ар кандай чыңалуулардын тармактарын байланыштыруучу трансформатор, пайдалануучуларды агынсыз калтырбастан автоматтык түрдө өчүп калгандыгы жөнүндө нөөмөтчү жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга кабарлашы жана анын көрсөтмөсү боюнча аракеттениши керек.
Трансформаторду транзитке кошуу трансформаторлор менен байланыштыруучу синхрондуулукту текшергенден кийин жүргүзүлөт (акыркы бар болсо синхрондоштуруунун схемасы же колонкасы боюнча).
Транзиттик трансформаторду кайра жүктөө тууралуу нөөмөтчү, жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга билдириши жана анын көрсөтмөсү боюнча аракеттениши керек.
18) Камдыктык коргонуу менен өчүрүлгөн тарам аркылуу кошулган көмөкчордондун трансформатору, өчүрүүнүн себебин аныктоо жана жоюудан кийин, чукул туташтыргычты алдын ала өчүрүп, ажыратуучу (бөлүүчү) менен чыңалуу астында туташтырылат, эгерде ыкчам ишкерсан үчүн мындай туташтырууга нускама менен жол берилсе жана уруксат берилсе.
Эгерде өчүрүүнүн себеби аныкталбаса, анда чубалгыдан чыңалуу алынып салынат, ажыраткыч (бөлүүчү) туташтырылат, андан кийин чубалгынын өчүргүчү туташтырылат жана трансформатор чыңалуу менен сыналат(кошулат). Төмөн чыңалуу тарабынан трансформаторду чыңалуу менен сыноо(кошуу) коргоолор болгон учурда өз алдынча же жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын уруксаты менен жүргүзүлөт.
19) Трансформатор (реактор) ички бузулуулардан коргонуулардын (газ, дифференциалдуу жана ажыратуу) таасири менен автоматтык түрдө ажыратылуусунда трансформаторду (реакторду) ишке киргизүү текшергенден, сыноолордон, газды, майды анализдөө жана ишкананын техникалык жетекчисинин уруксаты менен аныкталган бузулууларды жойгондон кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
Трансформатор өткөргүчтөрдүн дифференциалдык коргонуусу менен ажыратылуусунда ыкчам ишкерсан, жогорку вольттук киргизилүүчү орун, өчүргүчтөргө, өткөргүчтөргө жана обочологучтун гирляндаларына өзгөчө көңүл буруу менен ага сыртынан текшерүү жүргүзүүгө тийиш. Эгерде бузулуулар табылбаса, трансформатор чыңалуу менен сыналат жана ишке туташтырылат.
20) Белгиге газ релеси иштеген учурда трансформаторлор, автотрансформаторлор жана саргактоо реакторлорду тейлөөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында, электр чордондорунун жана көмөкчордондун ыкчам ишкерсаны бул тууралуу аталгандар карамагында турган тескемерге билдирип жана реледен газды алуу жана акыркынын иштеп кеткен себептерин аныктоо үчүн трансформатордун жүгүн алууга жана ажыратууга ошол замат киришүүгө тийиш.
ЭТИнин, БДКнын тескемерлери электр тармактарынын иштоо тартибин которуу жана жөнгө салууну өндүрүүгө токтоосуз чараларды көрүүсү, ал эми зарылчылык болгондо пайдалануучуларды өчүрүүсү керек.
Трансформатор (реактор) өчүрүлгөндөн кийин ыкчам ишкерсан коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо менен тышкы текшерүү жүргүзүп, газ релесинен газдын жана майдын үлгүсүн алууга тийиш.
Трансформатордун (реактордун) андан аркы иштөө мүмкүнчүлүгүн ишкананын техникалык жетекчиси газ, май, өлчөө жана анын абалын аныктоочу сыноолордун анализдөөнүн жыйынтыктарын алгандан кийин чечет.
21) Трансформатордун (реактор) жылытуу боюнча нормалдуу ишин камсыздоо, ошондой эле трансформаторлордун ашыкча жүк жөндөмдүүлүгүн пайдалануу үчүн алар муздатуучу жабдуулар: үйлөөчү желдеткичтер (Ү) жана айландыруусу соркыскыч (А) менен жабдылышат. Өзгөчө муздатуучу жабдууга А жана УА бар трансформаторлор үчүн муздатууну токтотуу коркунучтуу, анткени бул майдын температурасынын кескин жогорулашына жана алардын жүктөлүшүнө жараша бир канча убакыттан кийин – муздатуу тутумдарынын автоматика тарабынан өчүрүлүшүнө алып келет.
Ошондуктан трансформатордун (реактордун) муздатуучу түзмөктөрүнүн кыймылдаткычын азыктандыруучу чыңалуу жоголгондогу бүлүнүүгө бөгөт коюу үчүн же май, суунун айлануусу токтогондугу жөнүндө сигнализациянын ишинде жана желдеткичтердин токтоп калуусунда ишкерсан чыңалууну берүүгө токтоосуз чараларды көрүүгө жана ошол эле учурда бул тууралуу тескемерге кабарлоого милдеттүү.
Эгерде чыңалууну берүү жана муздатуучу түзмөктөрдүн аракетке келтирилиши кечигип жатса, трансформаторлордун жүгүн азайтуу жана ыкчам ишкерсан үчүн нускама тарабынан белгиленген майдын температурасынын жогорулашына жол бербестен реакторлорду өчүрүү керек. Тескемерлер трансформатор (реактор) өчкөндө тармактын иштоо тартибин даярдайт.
11) 500 кВ чыңалуудагы май толтурулган жогорку вольттук киргизүүлөрдүн бузулушуна бөгөт коюу үчүн жана трансформаторлордун (реакторлордун) өчүп калуусуна таасир этүүчү КОК (киргизүүлөрдү обочолоого көзөмөл) түзмөктөрү орнотулат.
КОК түзмөктөрүнүн белгиси пайда болгондо ишкерсан ошол замат алеттин көрсөткүчүн текшерүүгө милдеттүү. Эгерде алеттин жаасы белгилүү абалга туруп калса, анда ишкерсан, ыкчам ишкерсан үчүн нускама боюнча аракеттенет.
Эгерде алеттин көрсөткүчү дайыма көбөйүп турса, ишкерсан бул тууралуу трансформатор (реактор) карамагында турган тескемерге билдирет жана аны өчүрүүнү талап кылат.
Тескемер трансформаторду (реакторду) өчүрүүгө токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.
22. Башкы өткөргүчтөрдүн агынсыз калышы
1) Жогорку чыңалуудагы ӨТ (секциялар) өткөргүчтөрдүн АКК (ККА) түзмөктөрү жок болгондо же анын аракеттенүүсү иштебей калганда пайдалануучуларды электр менен жабдуунун бузулушу аркылуу КӨКтүн таасири менен агынсыз калган учурда нөөмөтчү агынсыз калган өткөргүчтөргө чыңалууну текшербестен ошол замат бериши керек. Чыңалуу жергиликтүү нускамаларда иштелип чыккан ӨТ сыноо түзмөктөрүнө ылайык, транзиттик чубалгыдан берилет.
Көрсөтмө БТда оңдоо иштери же которуулар жүргүзүлүп жаткан учурга жайылтылбайт.
Эки ӨТ (секциялар) агынсыз калганда кошуучу (секциялык) өчүргүчтү өчүрүү жана ар бир ӨТ (секцияларды) кезек-кезеги менен сыноо жүргүзүү зарыл.
2) 6-10 кВ өткөргүч коргоочу менен кошулгандарды азыктандыруучу өчүргүчтөр, АКК (ККА) түзмөктөрү жок болгондо же анын аракеттенүүсү иштебей калганда пайдалануучуларды электр менен жабдууну бузуу менен өчүп калганда, нөөмөтчү агынсыз калган өткөргүчтөргө чубалгылардын өчүргүчтөрүн өчүрбөстөн, текшербестен “силкинүү” менен чыңалууну ошол замат берүүгө тийиш.
Чыңалуу трансформатордон же коңшу секциядан (ӨТ) берилет.
Бул көрсөтмө БТда оңдоо иштери же которуулар жүргүзүлүп жаткан учурга, ошондой эле туташтырылган өчүргүч аралыктан башкарууга ээ эмес болсо жана аны ордунан туташтыруу мүмкүн болбогон (иштетки өчүргүчтөн бекем коргоочу дубал менен бөлүнгөн эмес жана өчүргүчтүн ажыратуучу кубаттуулугу жетишсиз) учурларга жайылтылбайт.
3) Агынсыз калган ӨТ (секцияларга) чыңалууну ушул Калыптык нускаманын 22.1 жана 22.2 пункттары боюнча берүү жогорку деңгээлдеги тескемер менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
4) Пайдалануучуларды электр менен жабдууну бузбастан жана АКК (ККА) түзмөктөрүнүн иши ийгиликсиз болгондо же чыңалууну кол менен берүү оңунан чыкпай калганда нөөмөтчү КӨК аймагына кирген жабдууну текшерүүгө милдеттүү. Эгерде текшерүүдө бузулуу табылса, анда бузулган тилкени бөлүү зарыл, андан кийин бузулбаган өткөргүчтөргө кайсы гана болбосун чыңалуусу бар ӨБӨ (КӨ) транзиттик чубалгыдан чыңалуу берүү, андан ары аны туюк түзмөктөр (чубалгыларга, трансформаторлорго) боюнча азыктануучу пайдалануучуларга берүү керек. Ажыратылган тилкени бөлүү мүмкүн болбогон учурда камдык ӨТ колдонуу керек.
5) Айрым учурларда туюк тузмөктөр боюнча азыктанган пайдалануучуларга чыңалуу берүүнү тездетүү үчүн бузулбаган ӨТга азыктануу булагы бар туюк гана чубалгыларды же трансформаторлорду которуу, алар аркылуу пайдалануучуларга чыңалуу берүү жана андан кийин жогорку деңгээлдеги ыкчам адамдын уруксаты (буйругу) боюнча ар кандай чыңалуудагы электр тармактарын байланыштырып турган транзиттик чубалгыларды жана трансформаторлорду которуу менен алектенүү максатка ылайык.
6) Эгерде өткөргүчтөрдөгү чыңалуу ОИЖЖ, КӨК таасиринен улам жоголсо, ушул ӨТ (секциялар) же эки ӨТ (секциялардын) бардык бириктирүүлөрүнүн өчүргүчтөрү өчүп калса, ал эми пайдалануучуларды өткөргүчтөрдөн туюк түзмөктөр боюнча азыктандырган электр менен жабдуу бузулса, нөөмөтчү өчпөй калган өчүргүчтү өчүрүүгө жана андан ары ушул Калыптык нускаманын 22.1 пункту боюнча аракеттенүүгө тийиш.
7) Бириктирүүчүлөрдүн биринин өчүргүчү ажыратууда иштебей калганда ОИЖЖ таасири астында өткөргүчтөр агынсыз калганда аны ажыратууга аракет кылуу керек. Эгерде өчүргүч өчпөй жатса, анда жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын уруксаты менен туюк түзмөктөр боюнча азыктанган блоктоону бузуп, өчүрүүдө иштебей калган өчүргүчтүн чубалгы жана өткөргүч ажыраткычтарын өчүрүп, өчүп калган чубалгы жана трансформаторлорду транзитке кошуу керек.
8) Эгерде ОИЖЖ, КӨК таасиринен улам бардык эле бирикмелер өчүп жатпаса, анда өчпөгөн өчүргүчтүн түзмөгүн ачуунун алдында бардык транзиттик бирикмелердин өчүргүчтөрүн өчүрүү жана андан ары ушул Калыптуу нускаманын 22.7 пункту боюнча аракеттенүү зарыл.
9) Өткөргүчтөрдүн агынсыз калышы ОИЖЖ таасиринин жыйынтыгында КЧ келип чыккан бирикмелердин өчүргүчү өчкөндө чырмалуу болушу мүмкүн; мындай учурда ОИЖЖнын таасири астында ошол ӨТ (секциянын) бардык бирикмелери өчүрүлөт. Эгерде иштебей калган өчүргүчтө бузулуу белгилери жок болсо жана бирикмени туташтыруунун кармалышы пайдалануучуларды энергия менен камсыз кылуунун бузулушуна алып келсе, анда көмөкчордондун нөөмөтчүсү ушул Калыптык нускаманын 22.1 пункту боюнча аракеттениши керек. Пайдалануучуларга чыңалуу бергенден кийин нөөмөтчү жогорку деңгээлдеги ыкчам адамдын уруксаты менен көмөкчордондун нормалдуу түзмөгүн калыбына келтирүүгө, андан кийин кемчиликтүү өчүргүчтүн түзмөгүн ажыратуучулар менен бөлүүгө тийиш.
10) КӨК же ОИЖЖ жок болсо же иштебей калса өткөргүчтөрдө чыңалуунун жоголушу өткөргүчтөрдүн өзүндө дагы, ошондой эле бирикмелердин биринде дагы КЧ тарабынан пайда болушу мүмкүн. Эгерде коргоо ишине анализ жүргүзүү жана башка белгилер боюнча бирикемелердин бириндеги өчпөй калган КБ аныкталса, нөөмөтчү бузулган бирикменин өчүргүчүн ажыратууга тийиш, эгерде өчүргүч өчпөй жатса, бардык бирикмелердин өчүргүчтөрүн өчүрүү, ошол бирикмени ажыратуучулар менен бөлүү, агынсыз калган өткөргүчтөргө коңшу ӨТ жана кайсы гана болбосун транзиттик чубалгыдан жогорку деңгээлдеги тескемер же чектеш көмөкчордондордун же электр чордондордун нөөмөтчүлөрү менен макулдашуу аркылуу, андан ары туюк түзмөктөр боюнча азыктандырылган пайдалануучуларга чыңалуу берүү керек.
Калган транзиттик чубалгыларды туташтыруу жогорку деңгээлдеги тескемердин уруксаты менен жүргүзүлөт.
Эгерде бузулуу өткөргүчтөрдүн өзүндө болсо, анда бузулган тилкени бөлүп жана андан ары ушул пункттагы көрсөтмөлөрдү колдонуу менен аракеттенүү керек.
11) Коңшу ӨТ (секциядан) чыңалуу берүү мүмкүнчүлүгүндө агынсыз калган ӨТ (секциялардын) бардык өчүргүчтөрүн алдын ала өчүрүп жана туюк түзмөктөр боюнча азыктанган пайдалануучуларга чыңалуу берүү керек.
12) Бүлүнүүнү жоюу же чыңалууну кайталап берүүдө (кол менен дагы, автоматтык түрдө дагы) бузулган жабдуу алгач өчүргүчтөр менен, андан кийин ажыраткычтар менен бузулбаган бөлүккө чыңалуу берүү үчүн өчүрүлөт.
13) Өткөргүчтөрдө чыңалуу жоголгон учурда (көмөкчордондо бузулуулар жок болгондо) нөөмөтчү бүлүнүүлөордү жоюу боюнча жергиликтүү нускамага ылайык аракеттениши керек. Мындай учурда тутумдун агынсыз калган бөлүгүндө чыңалууну тезирээк калыбына келтирүү үчүн тескемердин транзиттик чубалгыларды өчүрүүсүнө тыюу салынат.
14) ӨТ трансформатордун газ коргогучунун иштешинен агынсыз калганда, (эки ӨТ менен түзмөк, чубалгыларда эки өчүргүчү жана эки трансформатору бар, ар бири ажыраткыч аркылуу тиешелүү ӨТга кошулган) трансформатордун ажыраткычын алдын ала өчүрүү керек, андан кийин чубалгынын өчүргүчү менен өткөргүчтөргө чыңалуу берүү жана агынсыз калган ӨТ калган өчүргүчтөрүн жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын уруксаты менен туташтыруу керек.
15) Эгерде өткөргүчтөрдүн тутумунун (тутумдарынын) агынсыз калышы КӨК же ОИЖЖ жоктугунан (иштебей калышы) улам келип чыкса, нөөмөтчү коргоо панелдерин карап чыгууга тийиш.
Эгерде коргоонун иши же башка белгилер боюнча бирикмелердин биринде өчпөгөн КЧ бар экендиги аныкталса, иштебей калган өчүргүчтү өчүрүүгө аракеттенүү жана өткөргүчтөргө чыңалуу берүү керек. Чыңалууну агынсыз калган өткөргүчтөргө берүү мүмкүн болбогон учурда нөөмөтчү бул тууралуу жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга билдириши керек.
Эгерде коргоо иштерине анализ жүргүзүү боюнча бузулуунун мүнөзү түшүнүксүз болсо, анда жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын көрсөтмөсү боюнча өткөргүчтөргө текшерүү жүргүзүү жана зарылчылык болсо ӨТны ӨБӨ (КӨ) өчүрүү менен ажыратуу керек, ошондой эле ар кандай ӨТга туташтырылган паралеллдүү иштеген чубалгыларды (трансформаторлорду) өчүрүү зарыл. ӨТ бузулган учурда анын бардык өчүргүчтөрүн өчүрүп жана жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын көрсөтмөсү боюнча аракеттенүү керек.
16) Өткөргүчтөрдүн коргонуусу толук жоголгондо (мисалы бир комплект текшерүүдө жатса, ордун алмаштыруучу – бузук болсо) зарыл:
—РКА (электролаборатория) кызматынын ишкерсандарын коргоону калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүүгө чакыруу;
— эгерде коргоолорду тейлөө боюнча нускамада каралган болсо автотрансформатордун жана ушул өткөргүчтөргө туташтырылган электр өткөргүч чубалгыларындагы камдык коргонууларга ыкчам тездетүү киргизүү.
23. Өчүргүчтөрдүн жана ажыраткычтардын бузулушу
1) Нормалдуу ыкчам которуулардын учурунда эки өчүргүчү бар бириктиргичтеги өчүргүчтүн бир же эки фазасын өчүрүүдө иштебей калса, нөөмөтчү келип чыккан симметриянын жоктугун бирикменин мурда өчүрүлгөн экинчи өчүргүчүн туташтыруу аркылуу жоюуга аракеттениши же өчүргүчтүн мурда туташтырылган фазаларын туташтырууга сынап(кошуп) көрүшү керек.
Өчүрүүдө иштебей калса жана экинчи өчүргүч жок болсо, эгерде мындай кылуу пайдалануучуларды агынсыз калтырууга же генераторлордун өчүп калуусуна алып келбесе бирикмени башка жагынан өчүрүү керек (мисалы, туюк жүктү азыктандыруучу транзиттик үч оромолдуу трансформатор, ж.б.). Мындай өчүрүү жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын көрсөтмөсү боюнча аткарылат.
Нөөмөтчү, иштебей калган өчүргүчтү текшериши керек жана тийимектерин катып калуу белгилери жок болсо, өчүргүчтү өчүрүүгө башкаруу ачкычынан кайталап импульс бериши керек.
Эгерде кемчилиги бар өчүргүчтү өчүрүү аракети ийгиликсиз болуп чыкса же аны менен операциялар такыр мүмкүн эмес болсо, анда көмөкчордондун электр кошууларынын түзмөгүно жараша төмөндөгүдөй аракеттенүү керек:
а) тизмекте эки ӨТ жана эки өчүргүчү бар тузмөктө кемчилиги бар өчүргүч таандык болгон ӨТнын бардык өчүргүчтөрүн өчүрүү, кемчиликтүү өчүргүчтүн өткөргүч жана чубалгы ажыраткычтарын өчүрүү (ошол эле учурда тиешелүү адамдын уруксаты менен кемчиликтүү өчүргүчтү анын ажыраткычтары менен коопсуздукту блокко коюу ишинен чыгаруу керек). Андан кийин көмөкчордондун электр туташтырууларынын түзмөгүн калыбына келтирип, ал эми кемчиликтүү өчүргүчтү оңдоого чыгаруу;
б) эгерде өчүргүчтү өчүрүү анын бузулушуна жана көмөкчордондун агынсыз калышына алып келиши мүмкүн болсо 220 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы, бир өчүргүч же ӨТ башка бирикмелеринин (төрт бурчтуктун, бир жарымдыктын ж.б. түзмөгү) бир канча өчүргүчтөрүнүн чынжыры менен бутактанган бузук өчүргүчтү ажыраткычтар менен аралыктан өчүрүүгө жол берилет.
Ар кандай электр жабдуулары үчүн ажыраткычтар менен операцияларды аткаруунун тартиби жана шарттары жергиликтүү нускамалар менен регламентке салынышы керек;
в) көмөкчордондордун өткөргүчтөрү ушул Калыптык нускаманын 23.1 а жана б пункттарында көрсөтүлгөн схемалар боюнча өзүнчө иштеген учурда, өткөргүчтөрдүн жабык түзмөгү боюнча иштөө тартибине өтүү (эгерде КБ агындары, коргонуу селективдүүлүгү, режим ж.б.) жана ушул пункттардагы көрсөтмөлөргө ылайык аракеттенүү керек;
г) эки ӨТ жана кошулууга бир өчүргүчү жана туташтырылган ӨБӨ камтыган түзмөктө бардык бузулбаган бирикмелер өткөргүч ажыраткычтары менен башка ӨТга которулат, ал эми бузулган өчүргүчтөрү менен бирикемелер ӨБӨ менен өчүрүлөт;
д) бирикменин айланма өчүргүчү менен түзмөктө кемчиликтүү өчүргүч чыңалуу менен сыналган айланма ӨТга ажыраткычтар менен туташтырылат, андан кийин айланма өчүргүч туташтырылат жана коопсуздук блокировкасын бузуу аркылуу кемчиликтүү өчүргүчтүн чубалгы жана өткөргүч ажыраткычтары өчүрүлөт.
Анын ичинде реле коргонуусу менен операцияларды которуулардын программалары (бланкалары) боюнча так жүргүзүү зарыл.
Ажыраткычтар менен операцияларды өндүрүүдө ыкчам агынды ажыратпоо жана айланма өчүргүчтүн коргонууларын аракеттен чыгарбоо керек;
е) эгерде мындай аракеттер электр чордондорунун кубаттуулугун жол бергис чектөөгө жана чыңалуунун төмөндөөсүнө алып келбесе, өткөргүчтү бириктирүүчү (айланма) өчүргүч жок болсо, ал эми пайдалануучуларды азыктандыруу башка булактарга которулушу мүмкүн болгон учурда, тиешелүү тескемер пайдалануучуларды башка азыктануу булагына которуу менен коопсуздуктун блокировкасын бузуу аркылуу кемчиликтүү өчүргүчтү өчүрүү үчүн ӨТ (секциясын) агынсыз калтырууга укуктуу.
ж) четки өчүргүчтөрдүн өчпөй калуусунда электр бирикмелеринин бир жарымдык түзмөгүндө ушул Типтүү нускаманын 23.1 а пунктунун көрсөтмөлөрүн колдонуу керек;
з) бир жарымдык түзмөктөгү ортодогу өчүргүчтүн өчпөй калуусунда ушул Калыптык нускаманын 23.1, б пунктунун көрсөтмөлөрүн ажыратуучуларда аралык иштеткиси болгондо гана пайдалануу керек. Мындай учурда бир обочолонгон айрылышка (талаа) ээ болуу жетиштүү;
и) көп бурчтуктардын түзмөктөрүндөгү кемчиликтүү өчүргүчтү өчүрүү үчүн бардык өчүргүчтөрдү туташтырылган абалда кармоо керек. Ажыраткычтар менен операцияны аралык иштеткиси болгондо жүргүзүү керек, ал эми бүлүнүүлүк учурларда жергиликтүү башкаруунун баскычтарынан ажыраткычтар менен жүргүзүлүүгө тийиш.
2) Саркынды чыгаруучу түтүктөрдөн чыгып жаткан түтүн, жараңка жана башка белгилер боюнча табылган аба өчүргүчүнүн тийимектери катып калганда, тийимектерде узакка чейин күйүп турган догодон күйүп калган фарфору, камерага кысылган абаны берүү камеранын бузулушуна жана КЧнын келип чыгуусуна алып келет. Ошол эле нерсе фарфору бузулган өчүргүч өчкөндө болушу мүмкүн.
Мындай аба өчүргүчү менен операцияларды жасоого уруксат берилбейт. Ыкчам ишкерсан өчүргүчтөгү жүктү азайтууга же алып салууга тийиш (түзмөктүн айрым элементтерин өчүрүү же жүгүн азайтуу, айланма өчүргүч менен тармак чыгаруу ж.б.).
Өчүргүчтүн жүгүн азайткандан кийин бузулган аба өчүргүчүн өткөргүч кошуучу, айланма же секциялык өчүргүч менен ажыратууга мүмкүнчүлүк бере турган схеманы чогултуу, эгерде мүмкүн болчо – ТПЭ жана ушул Калыптык нускаманын 23.1 пункту боюнча ажыраткыч (аралык иштеткиси менен) менен ажыратуу керек.
3) Өчүргүч аягына чейин өчпөй калса же бардык фазалары менен өчпөй калган учурларда агрегаттык шкафтагы жергиликтүү башкаруу баскычынын аба өчүргүчүн ажыратууга тыюу салынат.
Аба өчүргүчүн аралыктан туташтыруу иштебей калганда бардык учурларда аны агрегаттык шкафтагы жергиликтүү башкаруу баскычы менен туташтырууга тыюу салынат.
Майы түгөнгөн же майдын деңгээли кескин төмөндөгөн май өчүргүчү менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилбейт. Өчүргүчтөн ыкчам агын алынып салынат.
Андан аркы аракеттерди ушул Калыптык нускаманын 23.1 жана 23.4 пункттары боюнча жүргүзүү керек. Эгерде пайдалануучулар агынсыз калбаса жана түйүндүн схемасы мүмкүнчүлүк берсе, өткөргүч (чубалгы) ажыраткычынын ысып кетүүсүн жөнгө салуу ошол бирикмени режимдик иш-чараларды жүргүзүү жолу менен жүктөн бошотуу, ошондой эле өчүргүчтү өчүрүү менен ишке ашырылат.
Эгерде белгиленген ыкмага жол берүүгө мүмкүн болбогон учурда, эки өткөргүч ажыраткычы бар болсо, бирикменин өчүрүлгөн ажыраткычы башка ӨТга ӨБӨнү (өткөргүчтөр өзүнчө иштеген учурда) алдын ала өчүрүү менен туташтырылат, андан кийин андан коргонуу жана ыкчам агын аракеттери алынып салынат.
Эгерде мындай түзмөк түзүү ажыраткычтын ысып кетүүсүнүн төмөндөшүнө алып келбесе, ысып кеткен ажыраткыч менен бирикмеден башка бардык бирикмелер башка ӨТга которулат жана ӨБӨ өчүрүлөт.
Айланма өчүргүч түзмөктөрүндө ысып кеткен ажыраткычтар (чубалгы же өткөргүч) айланма өчүргүч аркылуу бирикмени туташтыруу жолу менен толугу менен жүктөн бошотулушу жана өчүргүчтү кемчиликтүү ажыраткычтар менен тизмектеги өчүргүч ажыратылышы мүмкүн.
Бузулган ажыраткычтарды алардан чыңалууну алып салгандан кийин гана өчүрүү керек.
4) Аба өчүргүчтөрүнүн ресивердерине абанын киришинин токтошуна алып келүчүү аба өчүргүчтөрүн кысылган аба менен камсыздоо тутумундагы бузуктуктар болгондо, ыкчам ишкерсан милдеттүү:
— кысылган аба берүү токтоп калган АКК түзмөктөрүнүн бардык түрлөрүнүн өчүргүчтөрдү туташтыруу аракеттерин ажыратуу;
— аба менен жабдуу системасы бузулган БЖга кошулган электр өткөргүч чубалгыларынын карама-каршы учтарындагы, ошондой эле ушул БТ менен автотрансформатор аркылуу байланышкан чыңалуунун башка классындагы электр өткөргүч чубалгыларынын карама-каршы учтарындагы бардык камдык коргонууларынын туташтырылган абалын текшерүүгө тийиш. Чубалгылардын өчүрүлгөн резервдик коргонуулары бар болсо аларды ошол замат ишке киргизүүгө;
— электр чордондорунда ошондой эле блок жабдуусундагы камдык коргонуунун туташтырылган абалын текшерүүгө;
— өтө зарылчылык болбосо аба менен камсыздоонун бузук тутумундагы БТда аба өчүргүчтөрү менен операцияларды жүргүзбөө;
— өчүргүчтөрдүн биринде аба жоголгондо аны иштен чыгарууга чараларды көрүүгө;
— жабдууда же электр өткөргүч чубалгысында жана аба өчүргүчтөрүн кысылган аба менен камсыздоонун бузулган тутмунда КЧ болгон учурда көмөкчордонду же коргонууларды алыска камдыктаган электр чордонун БТ толук өчүрүү мүмкүн экендигин эске алуу керек.
5) БТнын өчүргүчтөрүнүн бириндеги башкаруу чынжырларындагы туруктуу ыкчам агын жоголгондо жана аны тез калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурда зарыл:
— бузулууларды издөө жана оңдоо үчүн РКА (электр лабораториясы) кызматынын ишкерсандарын чакыруу;
— өчүргүчтү иштен чыгарууга чараларды көрүү.
6) БЖнын бардык бирикмелеринде туруктуу ыкчам агын жоголгондо зарыл:
— бузулууларды издөө жана оңдоо үчүн оңдоочу ишкерсандарды жана РКА (электр лабораториялары) кызматынын ишкерсандарын ошол замат чакыруу;
— ошол БТга кошулган электр өткөргүч чубалгыларынын карама-каршы учтарындагы, ошондой эле ушул БЖ менен автотрансформатор аркылуу байланышкан чыңалуунун башка классындагы электр өткөргүч чубалгыларынын карама-каршы учтарындагы камдык коргонуулардын туташтырылган абалын текшерүү. Чубалгылардын өчүрүлгөн камдык коргонуулары бар болсо, аларды ошол замат ишке киргизүүгө чараларды көрүү;
— өтө зарылчылык болбосо БЖдагы карама-каршы объектилерде аба өчүргүчтөрү менен операцияларды жүргүзбөө;
— электр чордондору үчүн ошондой эле блок жабдуусундагы камдык коргонуунун туташтырылган абалын текшерүү;
— жабдууда же электр өткөргүч чубалгыларында КЧ болгондо, көмөкчордон же электр чордонун БЖ коргонууларды алыстан камдыка алуу менен толук өчүрүү мүмкүн экендигин эске алуу керек.
24. СКлардын автоматтык түрдө өчүшү
1) Ички бузулуулардан коргонуу менен СКнын автоматтык өчүүсүндө, аны түйүнгө кошуу, каптаманы сыноодон откоруу, өчүп калуу себептерин аныктоо жана жойгондон кийин гана мүмкүн болот.
2) Эгерде СК көмөкчордондогу же энерготутумдагы бүлүнүү учурундагы чыңалуунун терең төмөндөөсүндөгү минималдуу чыңалуунун коргонуусунун таасири астында өчүп калса, нөөмөтчү аны түйүнгө тез туташтыруусу керек.
Электр чордондордун жана көмөкчордондордун ишкерсандарынын жерге туташуудагы аракеттери
25. Обочолонгон ортомо же агын сыйымдуулугун толуктоочу электр тармактарындагы жерге туташуу учурундагы ишкерсандын аракеттери
1) Жерге туташуу пайда болгон учурда ишкерсан ошол замат бузулган жерди издөөгө киришип жана аны кыска мөөнөт ичинде жоюуга тийиш. Бузулган жерди аныктоодогу кечигүү жердеги бир фазалуу тийишүүнүн эки фазалуу тийишүүгө өтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
ТЭЭ боюнча генератордук чыңалуу тармагындагы жерге тутатушууда 150 МВт жана андан жогорку кубаттуулуктагы турбогенераторлор, гидрогенераторлор жана кубаттуулугу ага ылайык 50 МВт жана 50 МВАр жана андан жогору болгон СК тармактан автоматтык түрдө ажыратылышы керек, ал эми коргонуулар иштебей калганда ыкчам ишкерсан ошол замат алардын жүгүн бошотуп жана түйүндөн ажыратууга тийиш.
Генераторлордун жана азыраак кубаттуулуктагы СКнын иштөөсү жерге туташууда тармактагы тийишүү агыны 5Адан көп эмес агындар менен 2 сааттан ашпаган убакытта жол берилет.
Эгерде тийишкен жер генератордун оромдорунда эмес, тармакта экендиги белгилүү болсо, анда электр чордондорунун же ЭТИнин техникалык жетекчисинин уруксаты менен генератордун, СК тармак ичинде тийишүү менен 6 саат иштөөсүнө жол берилет.
Жалын өчүрүүчү түрмөктөрү бар электр тармактарындагы жерге туташуу менен иштөө убактысы ошондой эле жалын өчүрүүчү түрмөктөрдүн иштөө шарттары (майдын жогорку катмарларындагы температура) менен дагы аныкталышы мүмкүн.
2) Обочолонгон ортом менен тармакта жерге туташуу пайда болгондугу тууралуу ишкерсан БТ өткөргөчтөрүнүн чыңалуу трансформаторлоруна кошулган обочолондурууну көзөмөлдөө алеттери, жалын өчүрүүчү түрмөктөрдүн чынжырындагы агындарды өлчөөнүн негизинде аракеттенген алеттер, агынды жогорку шайкеш түзүүчүлөр ж.б. боюнча билет.
Бир фазанын жерге темир туташуусунда бул фазанын обочолонуусун көзөмөлдөгөн алеттин фазаларынын биринин көрсөткүчү нөлгө барабар болот, ал эми башка эки фазанын алеттеринин көрсөткүчү 1,73 эсеге өсөт. Толук эмес жерге туташууда, б.а. каршылык аркылуу тийишүүдө, бузулган фазанын обочолонуусун көзөмөлдөгөн алеттин көрсөткүчтөрү боюнча агындын мааниси азаят, ал эми башка эки фазада көбөйөт. Кезектешкен жерге туташууларда алеттердин көрсөткүчтөрүндөгү четтөөлөр бирде азаят, бирде көбөйөт.
Ишкерсан айрым учурларда обочолонууну көзөмөлдөөчү алеттер жерге туташуу жок болгон учурда дагы фазалар боюнча ар кандай көрсөткүчтөрдү бериши мүмкүн экендигин эске алышы керек:
— тармактын толукталган тилкесине толукталбаган (жеткире толукталбаган) тилкени туташтыруу менен байланышкан тармактагы которууларда (ККАтын ишинде);
— жерге карата фазалардын сыйымдуулуктары бири биринен өтө айырмаланган учурларда;
— коңшу тармакта жерге өткөрүүдө жалын өчүрүүчү түрмөктөрдүн резонанстуу жөнгө салуулары менен, электр боюнча биринчи менен байланышта болбогон, ар бири тиешелүү тармакка кошулган эки чынжырлуу аткаруудагы чубалгылары бар тармактарда;
— өзүнчө трансформаторго туташтырылган радиалдуу чубалгынын бир фазасы ажыратылбаган учурда;
— “жылдыз-үч бурчтук” түзмөгу боюнча аткарылган күч трансформаторунун жогорку чыңалуу тарабындагы бир фаза үзүлгөндө. Мындай учурда төмөнкү чыңалуу тарабындагы обчолонууну көзөмөлдөө алеттери бурмаланган көрсөтмөлөргө ээ болот: чыңалуунун бир фазасында чыңалуу башка экөөсүнө караганда эки эсе чоң болот;
— сигнализация түзмөгү катары минималдуу чыңалуу релесин пайдаланган учурда жогорку же төмөнкү чыңалуу тарабындагы эригич сактагычтар күйүп кеткен учурда.
3) Эгерде жерге туташуунун пайда болушу убактысы боюнча кандайдыр бир бирикменин өчүргүчүн туташтыруу менен дал келсе, ыкчам ишкерсан бул өчүргүчтү ошол замат өчүрүүгө жана жер жоголгондугун текшерүүгө милдеттүү.
Ийгиликтүү АКК менен кандайдыр бир чубалгыны автоматтык өчүрүү жана ошол учурда жерге туташуунун пайда болушу көпчүлүк учурларда ушул чубалгыда ушундай тийишүүнүн бар экендигинин белгиси болуп саналат.
4) Жабык тармакта жерге туташууну издөө, эгерде кайсы чубалгыда жерге туташуу бар экендигин көрсөтүүчү атайы алеттер жок болсо, эреже катары ырааттуу бөлүштүрүү ыкмасы менен жүргүзүлөт:
а) жабык тармак өз ара электр жагынан байланышпаган эки бөлүккө бөлүнөт: обочолонууну көзөмөлдөө алеттери боюнча жерге туташуу сакталган бөлүгү аныкталат, андан кийин электр тармагынын эки бөлүгү паралеллдүү жумушка бириктирилет;
б) жерге тийишүү менен электр тармагынын бир бөлүгү кайрадан электр жагынан өз ара байланышпаган эки бөлүккө бөлүнөт;
в) тармактагы бөлүнүү чектелген тилкеде, б.а. азыктандыруучу көмөкчордондун (электр станциясынын) өткөргүчтөрүнөн турган, алардан паралеллдүү жана жалгыз туюк чубалгылар менен кетүүчү жердеги тийишүү табылгычакты жүргүзүлөт. Андан кийин паралеллдүү туюк чубалгылар кезектешип эки тарабынан өчүрүлөт: эгерде жерге өткөрүү жоголбосо, анда азыктандыруучу көмөкчордондун жана туюк көмөкчордондордун БТсына текшерүү жүргүзүлөт;
г) эгерде көмөкчордондордун БТсында жерге өткөрүү табылбаса, анда пайдалануучулар менен макулдашуу боюнча, обочолонууну көзөмөлдөө алеттеринин көрсөткүчтөрүнө байкоо жүргүзүү аркылуу туюк көмөкчордондорду кезектештирип кыска мөөнөттө (1-2 с) өчүрүүлөрдү жүргүзүү керек. Жерге туташуунун жоголушу бул туюк чубалгыда бузулуу бар экендигин билдирет.
Пайдалануучулар менен кыска мөөнөттүк агынсыз калтырууга (1-2 с) макулдашуу алдын ала жүргүзүлөт жана жазуу жүзүндө толтурулат. Кыска мөөнөткө өчүрүүгө боло турган бирикмелердин тизмеси тиешелүү нөөмөтчүдө болушу керек. Жерге туташууну издөөдө нөөмөтчү биринчи категориядагы гана пайдалануучулар менен, ошондой эле жазуу жүзүндөгү макулдашуулары жок пайдалануучулар менен макулдашуусу керек;
д) пайдалануучулар менен агынсыз калтырууну макулдашуу мүмкүн болбогон учурда жана электр чордонунда (көмөкчордондо) эркин БТ, бир канча трансформатор жана ӨБӨ бар болсо, ыкчам ишкерсан трансформатордун камдык БТсына жана ушул БТга туюк чубалгыларды кезектештирип которуу, ӨБӨнү ар бир которуудан кийин өчүрүү аркылуу обочолонууну көзөмөлдөө алеттеринин көрсөткүчтөрү боюнча бузулган элементти аныктоого тийиш;
е) эгерде операцияларды ушул Калыптык нускаманын 25.4, г пункттары боюнча аткаруу мүмкүн болбой тургандай сезилсе, ыкчам кызматкер эгерде андан биринчи категориядагы пайдалануучулар азыктанбаса абонентке эскертип, чубалгыны кыска мөөнөткө өчүрүүгө тийиш; жерге туташуунун жоголушу ушул чубалгыда бузулуу бар экендигин көрсөтөт.
Биринчи категориядагы пайдалануучуну кыска мөөнөткө (1-2 с) өчүрүү абоненттин макулдугун алгандан кийин гана жүргүзүлөт.
5) Тармакты бөлүктөргө бөлүүнүн алдында ар бир бөлүктө азыктануу булактарынын бар экендигин, тармактын транзиттик элементтеринин ашыкча жүгүнүн болушун, чыңалуунун күтүлгөн деңгээлдерин жана ар бир бөлүктө жебе өчүрүүчү түрмөктөрдүн жөнгө салынуу маанисин текшериши керек.
Андан тышкары көмөкчордондо ишкерсандын бар экендигин же аны чакыруу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле байланыштын болушун текшерүү керек.
Тармакты бөлүктөргө ырааттуу бөлүү ыкмасы ар бир тармак, электр чордону жана көмөкчордон үчүн жекече иштелип чыгууга тийиш. Бөлүктөргө бөлүү боюнча көрсөтмөлөр жергиликтүү нускамаларга жазылышы керек. Ошол эле жерде тармактарды бөлүүнүн болжолдуу тармактары көрсөтүлүүгө тийиш.
Тармактарды бөлүү өчүргүчтү кыска мөөнөттүк өчүрүү, андан кийин аны туташтыруу менен жүргүзүлөт.
Тармактын түзмөгү, жебе өчүрүүчү түрмөктөрдүн жана азыктандыруу булактарырын болушуна жараша, тармакты бөлүктөргө бөлүүдө айрым учурларда паралеллдүү ишке бөлүнгөн бөлүктөрдү бириктирбөөгө жол берилет.
Эгерде чубалгыларды кезек-кезеги менен ажыратууда жерге кийирүү табылбаса, жерге кийирилген орун электр чордондордун (көмөкчордондордун) БТсы текшерүү аркылуу аныкталат.
6) Электр чордондорунун генератордук чыңалуу (6-10 кВ) тармагындагы жерге туташуу пайда болгондогу ыкчам ишкерсандын аракеттеринин ырааттуулугу төмөндөгүдөй:
а) нөөмөтчү жерге туташуудан коргонуу панелдерин, эгерде андайлар бар болсо карап чыгууга тийиш же бир фазалуу тийишүүлөрдү издөө боюнча стационардык (көчүрмө) алеттерди пайдаланууга жана тиешелүү тескемерге, электр цехинин башчысына же анын орун басарына жерге туташуулардын пайда болушу жана коргонууну текшерүүнүн жыйынтыктары же алеттин көрсөткүчтөрү жөнүндө билдирүүгө тийиш;
б) эгерде коргонуу ишин же алеттин көрсөткүчтөрүн анализдөөнүн негизинде кайсы бир чубалгыда жерге туташуунун бар экендиги аныкталса, ыкчам ишкерсан тиешелүү тескемерден (пайдалануучунун жооптуу адамы) бул чубалгыдагы ашыкча жүктү башкасына, жерге туташуу пайда болгондон 2 сааттан кеч эмес убакытта (тийиштүү уруксат алгандан кийин эч болбогондо 6 сааттан кийин) которууну талап кылууга милдеттүү.
Бузулбаган чубалгыга ашыкча жүктү которгондон кийин бузулган чубалгы тиешелүү тескемердин буйругу боюнча же жооптуу адамдын уруксаты менен өчүрүлөт жана оңдоого чыгарылат.
Секциялык өткөргүчтөр менен БТдан чыгуучу чубалгыдан ашыкча жүктү которууда же алып салууда кечигүүдө, жерге өткөрүлгөн чубалгы менен секция (БТ) электр чордонунун калган бөлүгүнөн электр жактан бөлүнөт. Бөлүү учурунда жабдуунун ашыкча жүккө жүктөлүшүнө жана чыңалуунун төмөндөшүнө жол берилбеши керек; бөлүнгөн секцияда азыктануу булагы (трансформатор) жана ага ылайык жөнгө салынган догоөчүрүүчү түрмөк болууга тийиш. Жерге кийирилген чубалгынын жана БЖнын электрлик бөлүнгөн секциясынын туташтырылышы нөөмөтчү ишкерсан тарабынан текшерилет.
Эгерде мүмкүн болсо (электр чордонунун иштөө тартиби жана түзмөгү боюнча), жердеги тийишүү орун алган чубалгы резервдеги БТдан бөлүнгөн трансформатордон азыктанууга которулат.
Мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда жерге кийирилген чубалгыны ажыратканга чейин жерге кийирилген чубалгынын секциясынан азыктанган электр чордондорун ӨК азыктануунун камдык булагына азыктанууга которгон жакшы.
в) эгерде чубалгыларда жерге агындын киришинен коргонуу жана секцияланган өткөргүчтөрдө жердеги бир фазалуу тийишүүлөрдү издөө боюнча алеттер жок болгондо генератордук чыңалуу тармагында жерге туташуу пайда болсо, секцияларды бөлүү аркылуу алардын кайсынысында жерге туташуу пайда болгондугун аныктоо керек.
Андан кийин жерге кийирилген агын секциясы менен (ӨТ) электр чордонунун ӨК азыктануусун азыктануунун камдык булагына которуу керек.
Ыкчам ишкерсан жерге туташуу пайда болгон секцияны (ӨТ), аппаратуранын сырткы абалына, жараңкасына, жабдуунун башка гүүлдөшүнө, кабелдик оюктары разряддарга (жабуулар) көңүл буруу менен ошол замат текшерип чыгууга тийиш.
Эгерде жерге туташуу өткөргүчтөрдө, өткөргүч ажыраткычтарынын эңкейиштеринде ж.б. табылса,камдык ӨТга өтүү жана бузулганды өчүрүү зарыл. Эгерде БЖда жерге туташуу аныкталбаса, чубалгыларды трансформатор туташтырылган резервдик ӨТга ырааттуу түрдө которууга киришүү керек. Ошол эле учурда чубалгыны камдык ӨТга ар бир которуудан кийин ШБӨ өчүрүү зарыл.
Камдык ӨТ жок болсо, ыкчам ишкерсан чубалгыларды кезек-кезеги менен кыска мөөнөттүү (1-2 с) өчүрүү аркылуу бузулган чубалгыны аныкташы керек.
Мындай өчүрүү электр энергиясын пайдалануучуга толук бербегендик катары каралбайт. Бул ыкчам радиалдуу тармакта гана натыйжалуу.
Саналып өткөн операциялар тиешелүү тескемердин буйругу боюнча же пайдалануучунун жооптуу адамынын уруксаты менен ушул Калыптык нускаманын 25.4, г пункттарынын көрсөтмөлөрүн сактоо менен жүргүзүлөт.
Бузулган чубалгы табылгандан кийин, эгерде бул чубалгынын жүгү пайдалануучулар үчүн зыянсыз ошол замат алынышы мүмкүн эмес болсо, бузулган чубалгы мүмкүнчүлүккө жараша негизги тармактан обочолондурулат.
Ишкерсан кабелдик чубалгылардагы же ӨКнын жогорку вольттук кыймылдаткычтардын оромдорундагы же пайдалануучудагы жерге туташуу бир канча убакыттан кийин фазалар ортосуна өтө тургандыгын эске алышы керек, ошондуктан тез аракеттенүү керек.
Эгерде жердеги тийишүү генератордун бирикмелеринен табылса, акыркынын жүгү алынып жана ажыратылышы керек;
г) Жерге туташуу өткөргүч ажыраткычтарынын өчүргүчү жана губкаларынын ортосунан табылса, туташтыруу резервдик ӨТга которулат, андан кийин өзүнүн өчүргүчү, андан соң өткөргүчтү кошуучу өчүргүч ажыратылат.
26. Электр чордондордун жана көмөкчордондордун туруктуу агын тармагындагы жерге туташууларды издөө
1) Туруктуу агындын ар бир орнотуусунда электр тармагындагы обочолонуу каршылыгы төмөндөгөндүгү жөнүндө белги берүүчү жана ушул каршылыктын маанисин аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган түзмөк болууга тийиш.
2) Туруктуу агын тармагында жерге туташуу келип чыкканда аны издөөгө ошол замат киришүү керек.
3) Жерге туташуу издөөнүн негизги ыкмасы туруктуу агындын тармактын ар кайсы булактардан (батарея, кыймылдаткыч-генератор, түзөткүчтөр) азыктанган бөлүктөргө бөлүү менен, андан ары чыгуучу чубалгыларды кезек-кезеги менен кыска мөөнөттүү өчүрүү болуп саналат.
Издөөлөр эки адам тарабынан жүргүзүлүшү керек. Бир адам ажыратат, экинчиси көзөмөлдөө түзмөгүнүн көрсөткүчтөрүнө байкоо жүргүзөт.
Операциялардын тартиби төмөндөгү жоболорду сактоо менен жергиликтүү нускамаларда сүрөттөлүүгө тийиш:
а) эгерде жерге туташуу кандайдыр бир чынжыр туташтырылган учурда пайда болсо, анда ушул чынжырды өчүрүп, тийишүү жоголдубу же жокпу текшерүү керек;
б) шакек жана параллелдүү чынжырлар алдын ала ачылат;
в) туруктуу агындын эки ӨТ болгондо камдык ӨТга азыктануунун камдык булагы туташтырылат жана ушул ӨТга бирикмелерди кезектештирип которуу менен жерге туташуу орун алган бирикме аныкталат;
г) өз алдынча батареялардан азыктана ала турган туруктуу агындын эки секциясы болгондо, аларды секциялык ажыраткычтар менен ажыратуу жана жерге туташуу табылган секцияда бирикмелерди кыска мөөнөткө өчүрүү менен издөө жүргүзүү керек;
д) жерге туташуу орду табылган бирикме камдык булактан азыктанууга которулат, эгерде мындай мүмкүнчүлүк бар болсо. Андан кийинки жерге туташуу орундарын издөөлөрдү топтомдордон же калкандардан ушул топтомдорго кошулган чубалгыларды кыска мөөнөткө өчүрүү ыкмасы менен улантуу керек;
е) эгерде жерге туташуу орду туруктуу агындын чубалгыларынын биринен дагы табылбаса, анда ал азыктануунун булагында же туруктуу агындын өткөргүчтөрүндө жайгашкан. Мындай учурда өткөргүчтөргө азыктануунун камдык булагы кошулат, ал эми негизгиси ажыратылат.
4) Чаңды азыктандыруучу туруктуу агын тармагындагы жерге туташууну издөө электр кыймылдаткычтарын азыктандырган чубалгыларды кыска мөөнөттүү өчүрүү, андан кийин жерге туташуу орун алган чубалгыны тапкандан кийин ушул чубалгыга кошулган ар бир электр кыймылдаткычын кезектештирип өчүрүү менен жүргүзүлөт.
Электр чордондордун башкы түзүмүндөгү бүлүнүүлөрдү жоюу
27. Күч трансформаторлорундагы (автотрансформаторлор менен) бүлүнүүлөр
1) Эгерде трансформатордун өчүшү пайдалануучулардын, ӨК же алардын бөлүктөрүнүн азыктануусунун токтоп калышына алып келсе, нөөмөттөгү ишкерсан ушул Калыптык нускаманын 21.1 жана 21.2 пункттары боюнча, синхрондуу эмес туташтырууга бөгөт коюу үчүн өткөргүчтөрдөгү чыңалуунун жоктугун алдын ала текшерүү менен аракеттенүүгө тийиш.
2) Пайдалануучуларды электр менен жабдууну же ӨК азыктануусунун токтоп калышы менен байланышкан камдыктык коргонуулардын таасири астында трансформатордун жана генератордун өчүп калуусунда жана трансформаторду кайталап кол менен туташтыруу оңунан чыкпаса, БТ агынсыз калган секциясын (ӨТ) карап чыгуу зарыл. Эгерде БТда көрүнүп турган бузулуулар жок болсо, чыккан чубалгылардын жана ӨК бирикмелеринин коргонуу көрсөткүчтөрүн карап чыгуу зарыл.
Эгерде бирикмеде коргонуу көрсөткүчү иштеп кетсе, ал эми өчүргүч туташтырылган боюнча калса, ажырабай калган өчүргүчтү ажыратуу, трансформаторду туташтыруу, агынсыз калган өткөргүчтөргө чыңалуу берүү жана өчүп калган генераторду синхрондоштуруу керек.
3) Эгерде ар кандай чыңалууларды байланыштырып турган трансформатор пайдалануучуларды агынсыз калтырбастан же ӨК азыктануусун токтотпостон, бирок кубаттуулукту чектөө менен резервдик коргонуунун таасири астында өчүп калса, нөөмөтчү ишкерсан трансформаторду чыңалуу менен сынап жана синхронизмди текшергенден кийин аны транзитке кошууга тийиш. Трансформатор тарабынан байланыштырылган чыңалуулар синхрондуу болбогон учурда синхрондоштуруу, андан кийин жүктү баштапкы маанисине чейин жогорулатуу жүргүзүлөт.
4) Трансформатор ички бузулуулардан коргонуулардан (газ, дифференциалдык, бөлүп салуу) өчүп калганда, электр чордонунун ишкерсаны ӨК азыктануусун камдыктык булактан калыбына келтирүүгө жана электр чордонунун агрегаттарынын иштөө тартибин жөнгө салууга милдеттүү.
Өчүп калган трансформаторду туташтыруу текшерип жана газ менен майдын үлгүсүн сынап жана аныкталган бузулууларды оңдогондон кийин жүргүзүлөт.
5) Бардык көрсөтүлгөн операцияларды электр чордонунун нөөмөттөгү инженери өчүп калган жабдуунун өндүрүштүк баш ийүүсүнө жараша өз алдынча же жогорку деңгээлдеги тескемеринин уруксаты (же жетекчилиги астында) менен жүргүзөт.
Транзиттик трансформаторду кайра жүктөө тууралуу нөөмөттөгү инженер жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга билдирүүгө жана анын буйругу боюнча аракеттенүүгө (анын уруксаты менен) тийиш.
Трансформатордун жүгүн азайтуу тиешелүү тескемердин уруксаты менен электр чордонунун активдүү жана реактивдүү жүгүн өзгөртүү, трансформация коэффицентин жөнгө салуу ж.б. аркылуу жүргүзүлөт.
Эгерде белгиленген иш-чаралар трансформатордун жүгүн азайтууну камсыздабаса, тескемер тармактын түзмөгүн өзгөртүү же ар кандай иштоо тартибиндеги иш-чараларды өндүрүү менен (пайдалануучуларды өчүрүүгө чейин) ашыкча жүктөлгөн трансформатордун жүгүн азайтууга милдеттүү.
28. Башкы өткөргүчтөрдүн агынсыз калышы
1) Эгерде пайдалануучуларды агынсыз калтырууга жана ӨК (же алардын бөлүктөрүнүн) азыктануусун токтоп калышына алып келбеген КӨК аракеттеринин жыйынтыгында өткөргүчтөр агынсыз калса, ал эми өндүрүүчү кубаттуулукту жоготууга энерготутумдун иштөө тартиби боюнча жол берилсе, ыкчам ишкерсан өчүп калган агрегаттардын токтоп калышына бөгөт коюу жана алардын синхрондоштурууга жана жүктөөгө чейинки туруктуу ишин камсыздоого чараларды шашылыш көрүүгө, тескемердин уруксаты менен агынсыз өткөргүчтөргө текшерүү жүргүзүүгө жана ушул Типтүү нускаманын 21.4 пункту боюнча аракеттенүүгө милдеттүү.
2) Эгерде КӨК аракеттеринин жыйынтыгында пайдалануучуларды, ӨК (же алардын бөлүмдөрүн) агынсыз калтырууга же энерготутумдун иштөө тартиби боюнча жол бергис болгон өндүрүлгөн кубаттуулуктун көп жоготууларына алып келген өткөргүчтөрдүн агынсыз калуусу келип чыкса, агынсыз калган өткөргүчтөрдү текшербестен же КЗ иштеген энергоблоктун жүгүн нөлдөн көтөрүү аркылуу “силкинүү” менен чыңалуу аркылуу сынап көрүү керек.
Чыңалуу кайсы гана болбосун транзиттик чубалгыдан (тарам аркылуу кошулбаган көмөкчордонсуз болгону жакшы) же ар кандай чыңалуулардын электр тармактарын байланыштырып турган трансформатордон берилет. Сыноо жүргүзүлүп жаткан бирикмелер коргонуу менен камсыздалышы керек.
Өткөргүчтөрдү ийгиликтүү сынагандан кийин ӨКдан ажыраган же КЗдагы генераторлорду синхрондоштуруу, ошондой эле ар кандай себептердин (генераторлорду туташтырууга тоскоол болбой турган) жыйынтыгында токтотулган генераторлорду кайра туташтырууга киришүү керек.
Бул көрсөтмөлөр агынсыз калган БТда адамдар иштеген же ыкчам которуулар жүргүзүлгөн учурга жайылтылбайт.
Эки ӨТ (секциялар) агынсыз калганда өткөргүч кошуучу (секциялык) өчүргүчтү алдын ала ажыратуу жана ар бир ӨТ (секцияларга) кезек-кезеги менен сыноо жүргүзүү керек. Эгерде өткөргүчтөр КӨКтүн таасири астында агынсыз калганда генераторлордун өчүп калуусу менен катар пайдаланучулар агынсыз калып жана ӨК азыктануусун жоготсо, анда өткөргүчтөрдү ийгиликтүү сынагандан кийин биринчи кезекте ӨКга, андан кийин пайдалануучуларга чыңалуу берүү керек.
3) Эгерде КӨК таасиринин астында пайдалануучуларды, ӨК (же алардын бөлүмдөрүн) агынсыз калтырууга же энерготутумдун иштөө тартиби боюнча жол бергис болгон өндүрүлгөн кубаттуулуктун көп жоготууларына алып келген өткөргүчтөрдүн агынсыз калуусу келип чыкса, ал эми өткөргүчтөрдүн АКК же өткөргүчтөрдү кол менен сынап көрүү ийгиликсиз болсо, ыкчам ишкерсан тескемер менен макулдашуу аркылуу КӨК таасиринин аймагына кирген (өткөргүч ажыраткычтары, өчүргүчтөр, агын трансформаторлору жана чыңалуу, дүрмөтсүздөгүч ж.б.) өткөргүчтөрдү жана бирикмелердин жабдууларына текшерүү жүргүзүүгө жана ушул Калыптык нускаманын 21.4 пункту боюнча аракеттенүүгө милдеттүү.
4) Азыктандыруучу бирикмелердин (чубалгылар, трансформаторлор, генераторлор) өчүргүчтөрү өткөргүчтөрдүн коргонуусунун таасири астында өчүп калганда же генераторлор камдык коргонуулардын таасири астында пайдалануучуларды электр менен жабдууну бузуу же ӨК азыктануусун бузуу менен өчүп калганда, агынсыз өткөргүчтөргө чыңалууну чыгуучу чубалгылардын өчүргүчтөрүн туташтырбастан, текшербестен “силкинүү” менен берүү керек. Чыңалуу байланыш трансформаторунан, коңшу секциядан (ӨТ) же өчүп калган генератордун жүгүн нөлдөн көтөрүү менен берилет. Чыңалуу бергенден кийин генераторлорго синхрондоштуруу жүргүзүп жана жүктү жогорулатуу керек.
Бул көрсөтмө БТда оңдоо иштери же которуулар жүргүзүлгөн учурга жайылтылбайт.
5) Өткөргүчтөр ОИЖЖ же КӨК таасири астында, пайдалануучуларды жана ӨКны азыктандырууну бузуу менен бирөөнөн башка бардык өчүргүчтөр өчүп калганда агынсыз калса, ажырабай калган өчүргүчтү ажыратуу жана андан ары ушул Калыптык нускаманын 27.2 пункту боюнча аракеттенүү керек.
6) Өткөргүчтөр ОИЖЖ таасири астында бирикмелердин биринин өчүргүчү ажыраган учурда иштебей калгандыктан агынсыз калса аны өчүрүүгө аракеттенүү керек. Эгерде өчүргүч ажырабай жатса, анда тескемердин уруксаты менен коопсуздуктун блокировкасын бузуу менен ажыратуусу иштебей калган өчүргүчтөрдүн чубалгы жана өткөргүч ажыраткычтарын өчүрүү, андан кийин өткөргүчтөргө, туюк чубалгылар боюнча азыктанган пайдалануучуларга жана ӨКга чыңалуу берүү зарыл. Андан ары синхронизмди текшерүү менен өчүп калган чубалгыларды жана трансформаторлорду транзитке туташтыруу, өчүп калган, КЗ жайгашкан генераторлорду синхрондоштуруу жана ӨК азыктануусун жоготуунун жыйынтыгында токтоп калган турбогенераторду туташтырууга даярдануу керек.
Электр чордонун нөөмөттөгү ишкерсаны өткөргүчтөрдүн агынсыз калышы ОИЖЖ аракетинин жыйынтыгында жана КЧ болуп өткөн бирикменин өчүргүчүн ажыратуу кечиккенде, ошондой эле өчүргүчтүн уячасында КЧ болгон учурда, анын жана трансформатордун ортосунда болушу мүмкүн экендигин, ошол эле учурда ушул ӨТ (секциялардын) бардык бирикмелери ажыратыла тургандыгын билүүгө тийиш.
Мындай учурда ушул Калыптык нускаманын 27.2 пункту боюнча аракеттенүү керек.
7) Эгерде ӨТ (секциялар) же эки ӨТ (секциялар) агынсыз калуу КӨК жана ОИЖЖ жоктугунан (иштебей калганда), ал эми байланыш трансформаторлорунун, генератор-трансформатордун блокторунун өчүргүчтөрү резервдик коргонуулардын таасири астында өчүп калса, коргонуу панелдерин карап чыгуу зарыл.
Эгерде коргонуулардын иши жана башка белгилер боюнча бирикмелердин бириндеги өчпөгөн КЧ аныкталса, иштебей калган өчүргүчтү өчүрүүгө аракеттенүү жана андан ары тиешелүү тескемердин көрсөтмөсү боюнча аракеттенүү зарыл.
Өчүргүч өчүп калгандан кийин тескемер агынсыз калган өткөргүчтөргө чыңалуу берүүгө жана өчүрүлгөн чубалгыларды транзитке туташтырууга тийиш.
Электр чордондун нөөмөтчү ишкерсан өчүп калган туюк чубалгыларын туташтырууга, ӨКга чыңалуу берүүгө жана өчүп калган генераторлорду синхрондоштурууга милдеттүү.
Иштебей калган өчүргүчтү ажыратуу мүмкүн болбогон учурда тескемердин көрсөтмөсү боюнча агынсыз калган ӨТ (секцияларын) бардык өчүргүчтөрүн өчүрүү, ажыраткычтын кемчиликтүү өчүргүчүнүн схемасын ажыратуу (блокировканы бузуу менен) керек.
Эгерде коргонуулардын ишин анализдөө боюнча бузулуунун мүнөзү түшүнүксүз болсо, тескемердин көрсөтмөсү боюнча агынсыз ӨТ (секциялар) өчүргүчтөрүн ажыратуу керек. Пайдалануучулар, ӨК агынсыз калганда же өндүрүлгөн кубаттуулукту көп жоготууларда агынсыз өткөргүчтөргө чыңалууну “силкинүү” же чыңалууну нөлдөн көтөрүү менен берүү зарыл.
8) Көмөкчордон тараптан (электр чордонунда өчүргүч жок) генератор - трансформатор – чубалгы блогу ӨК күч келтирүү менен КӨК таасири астында өчкөндө, электр чордонунун нөөмөтчү ишкерсаны тескемер менен макулдашуу аркылуу ККАнын жардамы менен синхрондуу иштеген блоктон ӨК азыктануусун азыктануунун камдык булагына которууга, андан кийин генераторду өзүнүн өчүргүчү менен ажыратуу керек. Мындан соң тескемер генераторду андан ары синхрондоштуруу үчүн электр өткөргүч чубалгысына жана трансформаторуна чыңалуу берүүгө тийиш.
29. Өчүргүчтөрдүн бузулушу
Эгерде ар кандай чыңалуулардын тармактарын байланыштырып турган электр өткөргүч чубалгыларында жана трансформаторлордо нормалдуу ыкчам которууларды өндүрүүдө өчүргүчтүн бир же эки фазасы өчүрүүдө иштебей калса, ал эми ошол учурда келип чыккан генераторлордун фазасындагы агындардын симметриясынын жоктугуна жол берилген мааниден ашыкча болсо, анда нөөмөттөгү ишкерсан мурда ажыратылган бирикменин экинчи өчүргүчүн туташтыруусу керек.
Эгерде экинчи өчүргүч жок болсо, өчүрүүдө иштебей калган өчүргүчкө кайталап импульс берүү керек.
Эгерде өчүргүч өчпөй жатса, анда генераторду ошол замат активдүү кубаттуулук боюнча нөлгө чейин жана ротордун агыны боюнча КЗга чейин түшүрүү керек.
Кемчиликтүү өчүргүчтү ажыратууга болгон аракет ийгиликсиз болгондо бирикмени карама-каршы тарабынан өчүрүү жана ушул Калыптык нускаманын 23.1 пункту боюнча аракеттенүү керек.
30. Өлчөөчү трансформаторлордогу бүлүнүүлөр
1) Бузулуунун баштапкы баскычтары аныкталган өлчөөчү трансформатор ошол замат иштөөдөн чыгарылышы керек.
Чыңалууну өлчөө трансформаторунун бузулуу белгилери төмөндөгүлөр болуп саналат:
— жогорку чыңалуу тарабындагы эригич койгучтун эки-үч жолу катары менен күйүп кетиши. Эригич койгучтарды күчөтүүгө жол берилбейт – бул трансформатордун бузулушунун өөрчүшүнө алып келиши мүмкүн;
—трансформатордун жол берилбей турган ысып кетүүсү;
—трансформатордун ичиндеги чартылдоо жана гүүлдөө;
—трансформатордон же сыртка чыгаруучу түтүктөрдөн агып чыгуулардын болушу;
— трансформатордон чыккан күйүк жыты же түтүндүн пайда болушу;
— сыртка чыгуучу түтүк жана корпустун ортосунда учкун жана дүрмөттүн болушу.
Агынды жана чыңалууну өлчөөчү трансформаторлордун жана алардын чынжырларынын бузулушу бирикмелердин жана ӨТнын РКА жана АК түзмөктөрү жалган иштегендигинин жыйынтыгында өчүп калышына алып келиши мүмкүн. РКА жана АК чынжырларынын азыктануусун калыбына келтирүү боюнча зарыл болгон иш-чараларды аткарбоо акыркылардын аракетке келбей коюшуна алып келиши мүмкүн. Андан тышкары өлчөө алеттеринин туура эмес көрсөткүчтөрү ыкчам ишкерсандын ката аракеттерине, жабдуунун иштөө тартибинин бузулушуна жана зыян тартышына алып келиши ыктымал.
2) Чыңалуу трансформаторунда бузулуу белгилери болгон учурда аны ажыраткыч менен өчүрүү, андан сактагычтарды алып салуу жана оңдоочу ишкерсанды чакыруу керек.
Чыңалуу трансформаторун өчүрүүнүн алдында чыңалуу чынжырларын тейлөө боюнча нускаманын талаптарына ылайык коргонуу жана автоматика чынжырларында операцияларды жүргүзүү, ошондой эле бузулуулар табылгандыгы жөнүндө, жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсанга, эгерде бул жабдуу анын ыкчам кароосунда турса, билдирүү керек.
3) РКА, АК түзмөктөрүнүн аракеттеринин жана алеттердин көрсөткүчтөрүнүн иштебей калышына же бузулушуна алып келген агын трансформатору бузулган учурда, ыкчам ишкерсан тескемерге эскертүү берүү менен бирикмелерди (чубалгы, генератор, трансформатор) жүктөн бошотуп жана аны ажыратышы керек. Эгерде бирикмеде эки өчүргүч бар болсо жана кайсы өчүргүчтүн чынжырындагы агын трансформаторунун бузуктугу бар экендигин текшерүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда ошол өчүргүчтү өчүрүү керек. Операцияларды жүргүзгөндөн кийин РКА ишкерсанын түзмөктү текшерүү үчүн чакыруу керек.
31. Ажыраткычтардагы бүлүнүүлөр
1) Эгерде БТны кезектеги текшерүүдө ажыраткычтардын тийимдеринде күңүрт түс же кызарган ысуу табылса, анда ишкерсан ошол замат тескемерге жана электр цехинин (көмөкчордондун) жетекчилигине билдирүүгө, агын боюнча ажыраткычтын жүгүн азайтууга жана ысууга туруктуу көзөмөл орнотууга тийиш.
Чоң агындарга (бир миң ампер) ички орнотмолордогу ажыраткычтардын жол бергис болгон кызарууга чейин ысып кетиши фазалар ортосундагы КЧга алып келиши мүмкүн экендигин эске алуу керек, ошондуктан бирикмелер (генератор, трансформатор) өчүрүлүп жана оңдоого чыгарылышы керек.
2) Ажыратуучуларды туташтыруу жана ажыратуу боюнча операцияларды өндүрүүдөгү алардын бузулуусунан улам келип чыккан бүлүнүүлөр башкысы зымчынынын сынып калуусунун жыйынтыгында болот.
Ажыраткычтар менен операцияларды өндүрүүнүн алдында зымчынылардын бүтүндүгүнө (жараңкалардын жоктугуна), тийимдердин абалдарына жана иштетки механизмине тышкы кароо жүргүзүү керек. Ажыраткычтар менен операцияларды өндүрүүчү ишкерсан жергиликтүү нускамага ылайык коргоочу темир калканыч астында болууга тийиш. Эгерде ажыраткычтар менен операцияларды өндүрүүнүн жүрүшүндө зымчыныда кемчилик табылса, андан аркы операцияларды токтотуу зарыл.
32. Генератордун синхронизмден чыгышы
1) Генераторлордун бири синхронимзден чыккан учурда СНБ аны тармактан ажыратууга тийиш.
ДАЖ түзмөгү менен генератордун синхронизмден чыгышы тышкы КЧ же ыкчам ишкерсандын туура эмес аракеттери тарабынан пайда болушу мүмкүн.
Генератордун ДАЖ түзмөктөрүн ажыратуу зарылчылыгында дүүлүгүүнү жөндөгүчтөн шунт реостатына алдын ала которуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Генератордун синхронизмден чыгышы агын, чыңалуу, активдүү жана реактивдүү кубаттуулуктун маанилеринин өзгөрүүсү (термелүүлөрү) менен коштолот. Тегиз эмес тездетүү жана магнит талаасынын өзгөрүүсүнөн улам синхронизмден чыккан генератор гүүлдөгөн үн чыгарат. Тармактагы электр агынынын жыштыгы дээрлик өзгөрбөгөн боюнча калат.
Электр чордонунун ыкчам ишкерсаны синхронимзден чыккан генератор өчүп калгандан кийин бул тууралуу тескемерге маалымат берип, электр чордонунун иштөө тартибин жөнгө салып, синхронизмдин бузулуу себептерин аныктоого жана жоюуга милдеттүү. Жабдуунун жана автоматика түзмөктөрүнүн бузулган абалында генератор синхрондошот, тармакка туташтырылат жана жүктү (кубаттуулукту) жогорулатуу жүргүзүлөт.
Электр чордонунун бардык генераторлорунда агындын, кубаттуулуктун жана чыңалуунун термелүүсү пайда болгондо жана жыштык кескин өзгөргөндө (жогорулаганда, төмөндөгөндө) ыкчам ишкерсан ушул Калыптык нускаманын 12. бөлүмүнүн талаптарына ылайык аракеттенүүгө милдеттүү.
2) Дүүлүгүү жоголгондо генераторду иштөөгө калтырууга болот жана активдүү жүк көтөрө алат.
БДКнын тескемерлеринде жана ар бир электр чордондо дүүлүгүүсүз иштөөгө жол берилген бардык генераторлордун жол берилген активдүү кубаттуулугу жана дүүлүгүүсүз иштөөнүн узактыгы көрсөтүлгөн тизмеси болууга тийиш.
Генератордогу дүүлүгүүнүн жоголушунун тышкы белгилери төмөндөгүлөр болуп саналат:
— генератор электр тармактагы мааниси генератордун активдүү кубаттуулугунан жана энерготутумдагы чыңалуудан көз каранды болгон чоң реактивдүү кубаттуулукту пайдаланышы;
— электр чордондорунун өткөргүчтөрүндөгү чыңалуунун төмөндөшү;
— активдүү кубаттуулукту жарым-жартылай силкүү жана анын термелүүлөрү;
— ротордун тездеши жана анын озунуп жылмышуу менен айланышы. Ротордун агыны мындайда жоголот же ротордо жылмышуу жыштыгы менен өзгөрүлмө агын пайда болот;
— генераторду статор агыны боюнча ашыкча жүктөө.
3) Электр чордонунун ыкчам ишкерсаны дүүлүгүүнү калыбына келтирүү чаралары менен бир эле учурда дүүлүгүүнү калыбына келтирүүгө же аны резервдеги дүүлүктүргүчкө которууга төмөндөгү чараларды көрүүгө милдеттүү:
— генератордун активдүү кубаттуулугун статордун нормалдуу агыны орногонго чейин төмөндөтүү;
— башка иштеп жаткан генераторлордун реактивдүү кубаттуулугун көбөйтүүнүн эсебинен чыңалууну жогорулатууну, жол берилген ашыкча жүккө жетишүү аркылуу камсыз кылуу;
— генератор-трансформатор блогунан тармактар менен кошулган ӨК азыктандырууда анын өткөргүчтөрүндө ӨК трансформаторлорундагы чыңалууну жөнгө салууну пайдалануу же азыктанууну резервдик трансформаторго ККА түзмөгүнүн жардамы менен которуу аркылуу нормалдуу чыңалууну камсыздоо.
4) Эгерде жергиликтүү нускамаларда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде дүүлүгүү калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, генератордун жүгү алынып жана тармактан ажыратылышы керек.
33. Статор жана ротор оромдорун түздөн-түз муздатуу ири энергоблоктордун жабдууларындагы бүлүнүүлөрдү жоюу
1) Эгерде энерготутумдагы бүлүнүүлөрдүн жыйынтыгында энергоблоктор өчүрүлсө, СНБ энергоблоктун өчүп калган генераторлордун тармакка тез туташтыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш.
Электр тармагынан энергоблок ажырагандан кийин, эгерде мүмкүнчүлүк болсо генератор иште ӨКнын жүгү менен калууга тийиш же токтоо процессинде ысык абалдан кайтарууга даярданышы керек.
2) Энерготутумдагы чыңалуу кескин төмөндөө менен коштолгон бүлүнүүдө генератордун роторунун агыны дүүлүгүүнү тездетүү түзмөктөрү менен ротордун номиналдуу агынынын кош маанисине чейин көбөйүшү мүмкүн.
Тездетүү түзмөгүнүн иштөөсүнүн жол берилген убактысы өткөндөн кийин, эгерде ротордун коргонуусу анын аракеттерин чектебесе, ротордун ашыкча жүгүн алып салууга, биринчи кезекте дүүлүгүүнү тездетүү түзмөгүн өчүрүү менен шашылыш чаралар көрүлүшү керек.
Ашыкча жүктү алып салуу кичине эле кечиге турган болсо генератор тармактан ротордун ашыкча жүгүнөн коргонуу менен өчүп калышы мүмкүн.
3) Эгерде КЧ өчүрүүдө энергоблоктун же чубалгынын өчүргүчү бардык фазалар менен өчпөсө, ал эми ОИЖЖ жок болсо же иштебей калса, нөөмөттөгү ишкерсан энергоблоктун генераторун кубаттуулук боюнча нөлгө чейин жана ротордун агыны боюнча КЗга чейин жүгүн азайтууга, симметриялык эмес иштоо тартибинде калган энергоблоктун же чубалгынын генераторлору туташтырылган ӨТ (секцияларын) агынсыз калтыруу үчүн бардык чектеш өчүргүчтөрдү ажыратууга тийиш.
Өчүргүчтөрдү ажыратуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда нөөмөттөгү ишкерсан бул тууралуу тиешелүү тескемерге кабарлашы керек, ал каршы тараптагы бирикмелерди өчүрүшү керек.
Бардык чектеш өчүргүчтөрдү өчүрүүнүн алдында бардык фазалар менен өчүрүлгөн өчүргүчтү аралыктан ажыратуу аракети жасалышы керек.
4) Энергоблоктун генераторунун пландуу токтоо учурунда анын өчүргүчүн ажыратууда өчүргүчтү толук эмес фазалуу ажыратуунун негизинде генератордун симметриялуу эмес иштоо тартиби келип чыгышы мүмкүн. Атайын коргонуу түзмөктөрү мындай иштоо тартибин сезбеши мүмкүн. Мындай учурда фазаларды которбоо жөнүндө белги алган нөөөмтчү ишкерсан генератордун өчүргүчүн ажыратууга симметриялуу эмес импульс берүү менен жоюуга аракеттениши керек. Эгерде мындай аракет оңунан чыкпай калса, ал эми казан ажыратыла элек болсо, турбинага буу берүүнү калыбына келтирүү жана генераторду кыймылдаткыч режиминен КЗ иштоо тартибине которуу керек. Турбинанын айлануу жыштыгын тармактын жыштыгынын деңгээлинде, ал эми ротордун агынын КЗ деңгээлде кармоо зарыл.
Мындай иштоо тартибинде түзмөктү даярдоо жана энерготутум тарабынан кемчиликтүү өчүргүчтөгү чыңалууну айланма же өткөргүчтү кошуучу өчүргүчтүн жардамы менен, ал эми алар жок болсо – ушул Калыптык нускаманын 23.1 пункту боюнча чектеш өчүргүчтөрдү ажыратуу аркылуу алып салуу керек.
5) Эгерде энергоблокту пландуу токтотууда толук фазалуу эмес иштоо тартиби келип чыкса, казан турбинага буу бере албай калса, симметриялуу эмес иштоо тартиби энергоблоктун генераторун тиешелүү ӨТны агынсыз калтыруу жолу менен ажыратуу аркылуу жоюлушу керек.
6) Электр чордону тарабынан (генератор чубалгыдан кеткен тарам аркылуу туташтырылган) кемчиликтүү өчүргүчтөн чыңалууну алып салуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо нөөмөтчү ишкерсан бул тууралуу тиешелүү тескемерге кабарлоого милдеттүү, ал бул чубалгыны эки тарабынан өчүрүүгө тийиш.
Энергоблоктун генераторунда өзүнөн өзү дүүлүгүү пайда болгон учурда турбинанын айлануу жыштыгы генератор өзүнөн өзү дүүлүгүүдө болбой турган мааниге чейин азайтылышы керек.
7) Эгерде генераторду синхрондоштурууда өчүргүч бардык фазалары менен туташтырылбаса, ыкчам ишкерсан генератордун өчүргүчүнүн ажырашына имупульсту симметриялык эмес түрдө берүү аркылуу жоюуга аракеттениши керек; аракет оңунан чыкпай калган учурда түзмөктү кемчиликтүү өчүргүчтү айланма өчүргүч (ӨБӨ) же чектеш өчүргүчтөр менен ажыратуу үчүн түзмөк даярдоо керек.
8) Симметриялуу эмес иштоо тартиптерин жоюуда кыймылдаткычтын иштоо тартибинде жайгашкан турбогенератор заводдук нускамаларга ылайык 2-4 мүнөттөн, көп иштей албайт. ТӨАны генераторду тармактан бардык үч фаза менен өчүргөндөн кийин гана ажыратуу керек.
9) Энергоблоктун генератору, жогорулатуучу трансформатор же ӨКнын жумушчу трансформаторунун ички бузулуулардан коргонуусунун аракеттенүүсүндө, энергоблоктун өчүргүчүнүн өчүп калышы менен катар ТӨА жана 6 кВ өткөргүчтөр тарабындагы ӨКнын жумушчу трансформаторунун өчүргүчтөрү өчүп калат. Ошол эле учурда энергоблоктун технологиялык коргонуулары иштейт, алардын таасири астында казан өчөт жана турбина токтойт (абал бекиткич сарпбашкаргыч жана ББТ жабылат).
Ыкчам ишкерсан мындай учурда ӨКнын кыймылдаткычтарынын жана 6/0,4 кВ трансформаторлорунун азыктануусун камдык трансформаторго которууга тийиш болгон 6 кВ өткөргүчККА түзмөгү иштедиби же жокпу текшерүүгө милдеттүү. Эгерде ККА аракети жасалбаса, ыкчам ишкерсан автоматиканын аракеттерин кайталаган операцияны колу менен ошол замат жасашы керек.
6 кВ өткөргүчтө чыңалуунун болушун мындай шарттарда генератордун нормалдуу токтоо тартиби же релелик коргонуу түзмөгү жалган иштеген учурда аракетке келтирүүгө ошол замат даярдоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Технологиялык коргонуулар, алеттер жана энергоблоктун негизги жабдуусунун (турбоагрегаттардын май соркыскычтары, түтүн соргучтар, толгомду буруучу түзмөктөр ж.б.) сакталышын камсыздаган жумушчу механизмдердин электр кыймылдаткычтары азыктанган 0,4 кВ өткөргүчтөрдө чыңалуунун болушуна өзгөчө көңүл буруу керек. 0,4 кВ өткөргүчтөрдө чыңалуу жоголгондо, ККА түзмөгү иштедиби же жокпу текшерүү керек.
Эгерде иштебесе, анда анын аракетин кайталоо керек.
Нөөмөттөгү ишкерсан энергоблоктун өчүп калуу себебин аныктоого жана буга жараша аны оңдоого чыгарууга же туташтырууга даярдоого тийиш.
10) Эгерде КӨК же ОИЖЖ аракети астында, ошондой эле ӨК резервдеги трансформаторлору кошулган ӨТ агынсыз калса, анда төмөндөгүлөрдү аткаруу зарыл:
— биринчи кезекте машина залынын башкаруу калкандарынын өткөргүчтөрүнө жана энергоблоктордун 6/0,4 кВ резервдик трансформаторлорунан энергоблоктун ар бир өчүп калган, булунуу таасирин тийгизбеген казандарына чыңалууну берүүнү камсыз кылуу, эгерде бул чыңалуу 0,4 кВ өткөргүчтөрүнүн ККА түзмөгү тарабынан автоматтык түрдө берилбесе;
— 0,4 кВ өткөргүчтөрүндө чыңалуу пайда болгондугун текшерүү жана топтогуч батареялардын дүрмөтсүздөнүүсүн алдын алуу үчүн турбиналардын газмай тутумунун соркыскычтарынын бүлүнүү абалдан жумушчуга которулушуна байкоо жүргүзүү. Эгерде тескери агындын коргонуусу менен өчүп калган болсо, топтомдук батареялардын дүрмөттөлүүчү агрегаттарынын 0,4 кВ электр кыймылдаткычтары тарабынан туташтыруу;
— бузулган жабдууну бөлүү жана өткөргүчтөргө энерготутумдан же электр чордонунун башка чыңалуусунун өткөргүчүнөн байланыш трансформатору аркылуу чыңалуу берүү, ӨКнын резервдик трансформаторлорун туташтыруу жана энергоблоктордун агынсыз калган жумушчу секцияларына чыңалуу берүү;
— энергоблокторду электр тармагына туташтыруу үчүн электр түзмөгүн даярдоо.
11) Ротордун агыны КЗ агынынан аз болгондо ТӨА-1 талааны өчүрүү автоматтары менен өчүрүүгө алар бузулуп калбашы үчүн тыюу салынат.
Электр чордондордун ӨК түзмөгүндөгү бүлүнүүлөрдү жоюу
34. ӨК нын азыктандыруу булактарынын өчүшү
1) ӨКнын жумушчу трансформатору өчүп калган учурда биринчи кезекте ККА түзмөгүнүн таасиринин жыйынтыгында секцияга (жарым секцияларга) чыңалуунун калыбына келишин текшерүү керек.
Эгерде секцияда (жарым секцияда) чыңалуу жок болсо, ККА түзмөгүнүн аракетинин иштебей калышы жөнүндө божомолдоого болот. Мындай учурда нөөмөттөгү ишкерсан камдыктагы трансформаторду туташтырууга жана ошону менен секцияга (жарым секцияга) чыңалуу берүүгө милдеттүү.
Эгерде чыңалуу бир жарым секцияда жок болсо (ККА түзмөгүнүн секциялык өчүргүчү туташтыруу учурунда иштебей калышы мүмкүн), өчүргүчтү башкаруу ачкычы менен туташтыруу керек.
Эгерде агынсыз калган секцияда (жарым секцияда) 6/0,4 кВ трансформатор бар болсо, ал эми 0,4 кВ БТ ККА түзмөгү иштебей калса, камдык трансформатордон же секциядан ошол замат чыңалуу берүү керек.
ӨКнын секциясында чыңалуу калыбына келгенден кийин нөөмөттөгү ишкерсан трансформатор кайсы коргонуунун таасири астында өчүп калгандыгын аныктоого, трансформаторго жана анын бирикмелерине кароо жүргүзүүгө жана электр цехинин башчысына жана анын орун басарына өчүп калгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү.
2) Эгерде текшерүү өчүү ички бузулуулардан эмес, ашыкча жүк, сырткы КЧ, тең салмактагы эмес агын же коргонуу чынжырларындагы бузулуулардан болгондугун көрсөтсө, камдык жок болгондо трансформаторду тышкы текшерүүсүз кайтадан туташтырууга болот.
Дифференциалдык коргонуудагы кемчиликтер табылганда жана аларды ошол замат жоюу мүмкүн болбогон учурда трансформатор өчүрүлгөн дифференциалдык коргонуу менен 24 сааттан көп эмес мөөнөткө туташтырылышы мүмкүн.
3) Эгерде буга электр кыймылдаткычтарынын өзү ишке кирүүсүнүн түзмөгү жана шарттары боюнча жол берилсе, өчүп калган жумушчу трансформаторду туташтыруу мүмкүн болбогон учурда жана камдык жок болсо нөөмөтчү ишкерсан башка энергоблоктордун (генераторлордун) жумушчу трансформаторлорунан агынсыз калган секцияларга (жарым секцияларга) чыңалуу берүүгө тийиш. Зарылчылыкка жараша ӨКнын жооптуу эмес механизмдеринин электр кыймылдаткычтарын өчүрүү керек.
35. ӨК секциясындагы (жарым секциядагы) кыска туташуу же анын кошулган жериндеги өчпөгөн КЧ
Жарым секциянын (секциянын) жана ийгиликсиз ККАнын жумушчу азыктануусунун өчүргүчү өчүп калган учурда (резервдик трансформатордун жогорку тарабындагы өчүргүч туташтырылган боюнча калган, ал эми ушул жарым секцияга секциялык өчүргүч ажыратылган жана сигнализациянын тиешелүү таблосу жанып турат) жарым секциянын (секциялардын) өчүргүчтөрүнөн КЧдан шектенүүгө же ушул жарым секциядагы (секциялардагы) бирикмелердеги өчпөй калган КЧ бар деп божомолдоого болот.
Нөөмөттөгү ишкерсан мындай учурда милдеттүү:
— өчүп калган жарым секцияны (секцияларды) текшерүү;
— жумушчу азыктануунун өчүргүчүнүн жана секциялык өчүргүчтүн өчүшүнө коргонуулардын аракетин көрсөткүчтөр боюнча текшерүү;
— эгерде көрүнүп турган бузулуулар, күйүк, түтүндүн жыты жана башка белгилер жарым секцияда жок болсо, бардык бирикмелердеги коргонуу көрсөткүчтөрүн карап чыгуу жана иштеп кеткен коргонууну тапкан учурда ушул бирикменин өчүргүчүн оңдоого алып чыгуу;
— иштеп кеткен коргонуу көрсөткүчтөрү жок болгон учурда бирикмелердин өчүргүчтөрүн коргонуу релесинин тийимдерин тосмолоп ажыратуу;
— өчпөй калган өчүргүчтү кол менен ажыратып жана оңдоого чыгаруу.
Эгерде кемчиликти аныктоо мүмкүн болбой жатса, жарым секциянын бардык бирикмелерин өчүрүү керек, аны резервдик трансформатордон чыңалуу берүү менен сынап жана бирикмелерди обочолонууну текшергенден кийин туташтыруу.
36. 0,4 кВ калканынын өткөргүчтөрүндөгү кыска чабыш(КЧ)
Жумушчу трансформатор өчкөндө жана ККА ийгиликсиз болгондо секцияларда КЧны же ушул секциянын бирикмесинде өчпөй калган тийишүүнү болжолдоо керек.
Нөөмөтчү ишкерсан мындай учурда милдеттүү:
— трансформатордун коргонууларын жана өчүп калган секцияларын карап чыгуу;
— кемчиликти тапканда бузулган жарым секцияны секциялык шап жана ушул секциянын шабы менен ажыратуу керек жана башка жарым секцияга чыңалуу берүү зарыл. Бузулууну жоюу үчүн оңдоочу ишкерсанды чакыруу керек;
— эгерде кемчилик табылбаса, анда автоматтар менен өчүрүү, ал эми алар жок болгон бирикмелерде шаптар менен калкандын бардык бирикмелерин ажыратып жана чыгуучу чубалгылардын кабелдеринин обчолонууларын “чалып” чыгуу керек.
Кемчиликтүү бирикмелерди тапкан учурда аны оңдоого чыгаруу, калган бирикмелердин автоматтарын жана шаптарын туташтыруу, калканга жумушчу трансформатордон чыңалуу берүү жана казан жана турбина цехтеринин ишкерсанына электр кыймылдаткычтарынын, өлчөөчү алеттер жана ушул секциянын технологиялык коргонууларын туташтыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирүү зарыл.
37. Чийки көмүрдү азыктандыруу (ЧКА) калкандын секцияларынын бириндеги туруктуу агындын чыңалуусунун жоголушу
ЧКА калканынын секцияларынын биринде туруктуу агындын чыңалуусу жоголгондо чаң даярдоо механизмдеринин жарымынын иши токтойт, жалынды кармап калуучу автоматтар автоматтык түрдө туташтырылат жана энергоблокто номиналдык 50 — 60%га барабар мааниге чейин жүктү таштоо жүрөт.
ЧКА калканында чыңалуунун жоголушу калканынын секциясын азыктандыруучу кыймылдаткыч-генератор өчүп калганда же өткөргүчтөрөгү КЧда ККА түзмөгү иштебей калганда болушу мүмкүн. Мындай учурда нөөмөттөгү ишкерсан ЧКА калканынын карап чыгууга жана чыңалуунун жоголуу себебин аныктоого милдеттүү; бул секцияда бузулуу бар экендиги аныкталса нөөмөтчү ишкерсан кемчиликти жоюу үчүн оңдоочу ишкерсанды чакырууга тийиш.
ЧКА калканында бузулуу жок болсо кыймылдаткыч-генератор автоматы өчкөн жокпу жана топтомдук батареядан чыңалуу берилип жатабы же жокпу алдын ала текшерип алып, топтомдук батареянын автоматы ошол замат туташтыруу керек.
ЧКА калканынын секцияларынын биринде кыймылдаткыч-генератор өчүп калганда жана ККА түзмөгү топтомдук батареядан ийгиликтүү таасир бергенде казандын иштоо тартиби автоматтык түрдө калыбына келтирилет; мындай учурда кыймылдаткыч-генератордун өчүп калуу себебин аныктоо жана аны жоюуга чараларды көрүү зарыл.
ЧКА электр кыймылдаткычтарынын ылдамдыгын баскычтарсыз жөнгө салуу системасын киргизүүлөрдү панелдерди азыктандыруучу 0,4 кВ чыгуучу чубалгылардын бири өчүп калганда жана ККА түзмөгүнүн таасири иштебей калганда киргизүүлөр панелиндеги азыктандыруучу чубалгынын кошоорун өчүрүү, обочолонууну текшерүү жана жыйынтыгы канааттандыраарлык болсо кошоорду туташтыруу, андан кийин дросселдик кайра түзүүчүнүн топтук контакторун туташтыруу керек, анткени чыңалуу жоголгондо алар өчүп калат.
Нөөмөтчү ишкерсан дросселдик кайра түзүүчүнүн топтук контакторун туташтыруунун алдында тиешелүү ЧКАны ажыратуу керектигин эстен чыгарбашы керек, анткени топтук контакторду туташтырууда алар өзүнөн өзү туташып кетиши мүмкүн.
Дросселдик кайра түзүүчүлөрдүн ичинен бирөөсү бузулган учурда же башкаруу панелинин туруктуу агын өткөргүчтөрүндө КЧга орун алганда бузулган кайра түзүүчүлөрдү иштөөдөн чыгаруу керек.
38. Топтомдук батареядагы туруктуу агын калканындагы чыңалуунун жоголушу
Топтомдук батареянын туруктуу агын калканында чыңалуунун жоголушу автоматтык селективдик эмес таасири же өткөргүчтөрдөгү КЧнын жыйынтыгында келип чыгышы мүмкүн. Нөөмөтчү ишкерсан мындай учурда төмөндөгүлөрдү аткарууга милдеттүү:
— туруктуу агындын ӨТ бирөөндө бузулуу орун алганда бүт жүктү бузулбаган ӨТга которуу;
— топтом батарея бузулганда туруктуу агын калканын атайы автоматтын жардамы менен өз ара резервдөө түзмөгү боюнча башка топтомдук батареядан азыктанууга которуу. Эгерде башка топтомдук батарея жок болсо же ал оңдоодо турса, өткөргүчтөргө дүрмөттөөчү кыймылдаткыч-генераторду туташтырып, андан кийин батареянын өчүп калуу себебин аныктоо жана ушул себепти жоюуга чараларды көрүү.
Дүрмөттөөчү кыймылдаткыч-генератор жок болсо (оңдоодо турса) дүрмөттөгүч агрегатты туташтырып жана энергоблокту андан ары токтотуу менен, топтомдук батарея жана дүрмөттөөчү кыймылдаткыч-генераторду оңдоону тездетүүгө бардык чараларды көрүү аркылуу жүгүн алуу керек.
39. Көмөкчү механизмдердеги бүлүнүү иштоо тартибиндеги нөөмөтчү ишкерсандын аракеттери
1) Жогорулатуучу трансформаторду муздатуу тутумунун электр кыймылдаткычтарына азыктанууну жумушка киргизүүдө, чыңалуу жоголгондо камдык азыктанууну киргизүү автоматтык түрдө туташтырылат; ККА түзмөктөрү ийгиликсиз аракеттенгенде бул киргизүүнү кол менен туташтыруу керек. Жогорулатуучу трансформаторду муздатууну азыктандыруу бузулганда, трансформатордун майынын температурасына көзөмөл орнотуу жана трансформаторлорду пайдалануу боюнча нускамага ылайык аракеттенүү зарыл.
2) Электр кыймылдаткычтарынын муздатуу желдеткичтери (тегирмен, түтүн соргуч, үйлөөчү желдеткичтер, тегирмен желдеткичтери, баштапкы абаны желдеткичтер ж.б.) иштен чыкканда, аларды заводдогу нускамада жол берилген убакыт аралыгынан кийин ажыратуу зарыл. Мисалы, эки ылдамдык ДАЗО электр кыймылдаткычтары үчүн бир желдеткич өчүп калганда 1 сааттан көп эмес убакыттын ичинде иштөөгө уруксат берилет.
Мындай учурда нөөмөтчү ишкерсан электр кыймылдаткычынын статорунун оромунун температурасына катуу көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү жана ал жол берилген мааниден жогорулап кеткенде аны ошол замат ажыратышы керек.
40. ӨК электр түйүнүндөгү жерге туташууну издөө
1) ӨК электр түйүнүндө жерге туташууда, борбордук сигнализация панелинде үн белгиси иштейт, ал эми тиешелүү ӨК трансформатордун башкаруу панелинде “Жер жарым секцияда” таблосу жанат.
Белгини алгандан кийин нөөмөтчү ишкерсан обочолонууну көзөмөлдөө алеттерин бузулган секцияга кошууга жана тийишүүнүн бар экендигин текшерүүгө тийиш. Жерге толук тийишүүдө бузулган фазанын вольтметринин көрсөткүчү нөлгө чейин азаят, ал эми башка эки фазада 1,73 фазалык чыңалууга чейин өсөт.
Туташуунун бар экендигин аныктагандан кийин, нөөмөтчү ишкерсан блоктордун машинисттеринен, казан, турбина жана отун-транспорт цехтеринин смен башчыларынан, түздөн-түз жер пайда болоордун алдында бузулган секцияга туташтырылган кандайдыр бир жогорку вольттук электр кыймылдаткычын кошуу жүргзүлгөнбү же жокпу сурашы керек.
Мындай текшерүүнү жүргүзүү зарыл, анткени ВМГ-133 өчүргүчтөрүн пайдаланууда өчүргүчтү ажыратуу жана туташтырууда жана алардын туташтырылган абалда жерге туташуусунда ийкемдүү байланыш элементтеринин үзгүлтүккө учурашы бир канча жолу байкалган. Эгерде бузулган секциянын кандайдыр бир жогорку вольттук кыймылдаткычы туташып калса, аны ажыратып жана оңдоого чыгаруу керек. Ийкемдүү байланыштын үзүлүп калган элементтерин тапкан учурда аларды кесип жана электр кыймылдаткычын ишке туташтыруу керек.
2) Эгерде түздөн-түз жер пайда болоордун алдында бузулган секцияга туташтыруулар жүргүзүлбөсө же эгерде өчүргүчтөрдү өчүрүү жана аларды оңдоого чыгаруу жыйынтык бербесе, резервдик азыктанууга өтүү керек.
Алгач камдык азыктанууну А жарым секциясынын бирикмесине которуу керек. Эгерде мындай кылууда Б жарым секциясындагы жер жоголсо, анда ага ылайык тийишүү А жарым секциясында орун алган. Эгерде жер Б жарым секциясында калса, жумушчуну ажыратып, Б жарым секциясын камдык азыктанууга которуу керек. Эгерде жер жоголуп кетсе, демек ал жумушчу трансформатордун бириктирүү чынжырында, эгерде калып калса — анда Б жарым секциясында.
Жарым секциядагы жерге туташууну издеп табууну ушул жарым секциянын бардык бирикмелерин кезектештирип өчүрүү аркылуу жүргүзүү керек. Жарым секцияны азыктандырууну камдык трансформаторго которуу керек.
Жердеги бир фазалуу туташууну издеп табууну тез жүргүзүү керек, анткени кабелдеги же электр кыймылдаткычынын оромундагы мындай тийишүү фазалар ортосундагы КЧга өтүп кетет.
Акыркы болуп чыңалуу трансформатору өчөт, ошол эле учурда тийишүү чыңалуу индикатору менен көзөмөлдөнөт; чыңалуу трансформаторун өчүрүүнүн алдында электр кыймылдаткычтарынын жана иштеп жаткан трансформатордун минималдуу чыңалуу коргонуусун ажыратуу керек.
Эгерде бузулуу кала берсе, жарым секцияны оңдоого чыгаруу жана бул тууралуу электр цехинин башчысына же анын орун басарына кабарлоо керек.
Жердин пайда болгондугуна сигнализациянын иштеши тууралуу атайы жана ыкчам журналдарга жазуу керек.
41. Жарыктын жоголушу
Ар бир энергоблоктун жумушчу жарык берүүсүн азыктандыруу блоктук электр чордондорунда 0,4 кВ калкандарынан ишке ашырылат, ошондуктан 0,4 кВ өткөргүчтөрүндө чыңалуу жоголгондо жарык берүү азыктандыруусуна топтомдук батареяга (бүлүнүү жарык берүү) которулат.
Нөөмөтчү ишкерсан жумушчу жарык берүүнүн өчүп калуу себебин ошол замат аныкташы, бузуктукту жоюшу жана аны ишке туташтыруусу керек.
Жарык бардык энергоблоктор толук токтогондо жана топтомдук батареялар керектен чыкканда гана толук жоголуп кетиши мүмкүн.
Мындай учурда топтомдук чырактарды пайдалануу менен чыңалууну биринчи кезекте бүлүнүүлүк жарык берүү өткөргүчтөрүнө берүүгө тийиш. Мындан соң убактылуу түзмөк боюнча адамдар өтүүчү жерлердеги жумушчу жарыктын өткөргүчтөрүнө азыктануу берүү, андан кийин жабдууга жарык берүүнү туташтыруу керек.
Жарыкты азыктандырган атайы трансформаторлордун бири өчүп калганда,ККАтын кызуу камдыкта турган башка трансформатор туташтырылууга тийиш.
Эгерде ККА түзмөгү иштебей калса же жумушчу жарык берүү калканында туруктуу КЧ орун алса, нөөмөтчү ишкерсан калканды карап чыгууга жана бузулууну жоюуга чараларды көрүүгө тийш, ушундан кийин ал трансформаторду туташтырат.
Топтомдук батареянын дүрмөтүнүн түгөнүүсүн алдын алуу үчүн нөөмөтчү туруктуу дүрмөттөө түзмөгү боюнча дүрмөттөгүч кыймылдаткыч-генераторду туташтыруусу керек.
Эгерде муну аткаруу мүмкүн болбосо, жарык толук жоголгондогудай аракеттенүү керек.
Ыкчам ишкерсандын өз алдынча аракеттери
42. Тескемер менен байланыш жок болгон учурдагы бүлүнүүлөрдү жоюу
1) Байланыш жоктугу катары байланыштын бардык түрлөрүнүн жоктугу эле эмес, ошондой эле жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсан менен начар угулгандыктан жана байланыш ишиндеги үзгүлтүккө учуроолордон улам узак убакытка чейин байланышуунун мүмкүн эместигин түшүнүүгө болот.
2) Байланыш жок болгон учурда электр чордондордун (көмөкчордондордун) ыкчам ишкерсаны, энерготутумдардын тескемерлери ушул бөлүмдө жана жергиликтүү бөлүмдө көрсөтүлгөн операцияларды өндүрүү менен катар жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсан менен байланышты калыбына келтирүүгө бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ошол эле учурда байланыштын кайсы гана болбосун түрлөрү (шаар аралык, ведомстволук, телетайптык, телефакс ж.б.) колдонулушу, ошондой эле билдирүүлөрдү энерготутумдун башка объектилеринин ишкерсандары аркылуу жана зарылчылык болсо жогорку ыкчам ишкерсан менен байланышы бар болгон башка ведомстволордун ыкчам ишкерсаны аркылуу берип жиберилиши керек.
Байланыш калыбына келген учурда карамагындагы ыкчам ишкерсан өз алдынча жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат бериши жана андан ары жогорку деңгээлдеги ыкчам ишкерсандын көрсөтмөсү боюнча аракеттениши керек.
Ушул Калыптык нускамадагы жергиликтүү шарттардын ар түрдүү экендигинен улам энерготутумдагы (бирикмедеги) ыкчам ишкерсандын ортосунда байланыш бузулган учурда бүлүнүүнү жоюунун негизги ыкмалары жана багыттары гана берилет.
Ушул Калыптык нускаманын талаптарына ылайык ар бир энеротутумда ыкчам кызматкер байланыш жоголгон учурда өз алдынча жүргүзүүгө тийиш болгон операцияларды, ошондой эле өз алдынча жүргүзүүгө тыюу салына турган операцияларды көрсөтүү менен жергиликтүү нускамалар түзүлүшү керек.
Электр чордондордун (көмөкчордондун) ишкерсанына өз алдынча жасоого тыюу салынат:
— синхрондуу эмес туташтырууга жол берилбей турган транзиттик чубалгыларды жана трансформаторлорду синхронизмди текшербестен туташтырууга,
— өткөргүчтөр, жабдуулар бузулганда, өчүргүчтөр иштебей калган учурлардан тышкары, өткөргүчтөрдө чыңалуу жоголгон учурда тутумдук же тутумдар аралык маанидеги транзиттик чубалгыларды жана трансформаторлорду өчүрүүгө;
— ыкчам ишкерсан үчүн нускамаларда жол берилген учурлардан тышкары, өткөргүчтөрдө агын жок болгондо жана жабдууда бузулуулар жок болсо чыгуучу чубалгылардын өчүргүчтөрүн ажыратууга;
— бүлүнүүлүк өчүрүүлөрдүн графиктери боюнча өчүрүлгөн пайдалануучуларды азыктандыруучу чубалгыларды, ошондой эле ЖАКК мерчендеринен төмөн жыштыктагы АЖБ түзмөктөрүнүн таасири менен кубаттуулуктун таңсыктыгына байланыштуу өчүрүлгөн пайдалануучуларды туташтырууга.
4) Туюк чубалгы автоматтык түрдө өчкөндө жана АКК аракети ийгиликсиз болгондо, ыкчам ишкерсан өчүп калган чубалгыны дагы бир жолу кол менен туташтырууга милдеттүү.
5) Синхрондуу эмес туташтырууга жол берилбей турган 110 кВ чейинки чыңалуудагы транзиттик чубалгы өчүп калганда, анын ичинде АКК түзмөгүнүн аракети ийгиликсиз болгондо электр чордондун (көмөкчордондун) ыкчам ишкерсаны мындай чубалгыны бир жолу кол менен синхронизмди текшербестен кайталап туташтыруу жүргүзүүгө тийиш. Өчүргүчтү туташтыруунун алдында АКК түзмөгү аракеттен автоматтык түрдө чыкпаса, анда ал ажыратылат.
Айрым учурларда мындай синхрондуу эмес туташтыруудан кийин узакка созулган асинхрондуу режим келип чыгышы мүмкүн.
Электр чордонунун ыкчам ишкерсан мындай учурда синхронизмди калыбына келтирүүгө чараларды көрүүгө милдеттүү.
110-220 кВ тармактарда 2-3 мүн., ичинде синхронизмди калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурда электр чордонунун (көмөкчордондун) ыкчам ишкерсаны, эгерде буга жергиликтүү нускамада уруксат берилген болсо туташтырылган чубалгынын өчүргүчүн ажыратууга тийиш, ал эми 500 кВ чыңалуудагы тармактарда — ошол замат ажыратуу керек.
6) Синхрондуу эмес туташтырууга жол берилбей турган транзиттик чубалгыларды өчүрүү менен бүлүнүүлөрдү жоюу, аларга экинчи тараптан чыңалуунун жоктугун алдын ала текшерүү менен бир гана тарабынан чыңалуу берүү жолу менен жүргүзүлөт. Карама-каршы учундагы чубалгыны туташтыруу сөзсүз текшерүү же синхронизмди кармап калуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
7) Электр чордонунун (көмөкчордондун) ыкчам ишкерсанына жергиликтүү нускамалар боюнча чыңалуу карама-каршы көмөкчордондон бериле турган өчүп калган транзиттик чубалгыларга өзүнүн көмөкчордонунан чыңалуу берүүгө тыюу салынат.
Мында башка объектилердин ыкчам ишкерсаны менен байланышты сакталышында кайсы бир объектиде чыңалуунун толук жоголгон учурлары өзгөчөлүккө ээ.
Мындай учурда чыңалуу жоголгон объектинин ыкчам ишкерсандын өтүнүчү боюнча анын өткөргүчтөрүнө азыктануунун башка булагынан чыңалуу берилиши мүмкүн.
Электр чордондорунун жана көмөкчордондордун ыкчам ишкерсанына, эгерде бул жергиликтүү нускамаларда каралбаган болсо БДКнын тескемеринин буйругусуз, өз алдынча 500 кВ чубалгыларга чыңалуу берүүсүнө тыюу салынат.
8) Синхрондуу эмес туташтыруу каралбаган, өчүп калган транзиттик чубалгыларды транзитке туташтырууну, электр чордондорунун жана көмөкчордондордун ыкчам ишкерсаны алар боюнча көрсөтмө алгандан кийин, синхронизмди текшерген соң гана жүргүзүүгө тийиш.
Тарам аркулуу кошулган транзиттик чубалгы боюнча жүк жоголгондо (карама-каршы тараптан бир жактуу өчүрүү) СНБ жүктүн жоголгондугун текшерип көрүп, эгерде буга технологиялык нускамада жол берилген болсо, чубалгынын өчүргүчүн ажыратууга жана иштоо тартиби жана түзмөк эгерде буга жол берилген болсо, ушул чубалгыны өчүргүч менен андан ары синхрондоштуруу менен чыңалууну кабыл алууга даярдоого тийиш.
9) Эгерде синхрондуу эмес туташтырууга жол берилбеген тарам аркылуу кошулбаган бир же бир канча транзиттик чубалгылар боюнча жүк жоголгондо (карама-каршы тараптардан өчүрүлгөндөн улам), электр чордонун синхрондуу эмес иштөөгө, башка чубалгылар боюнча жүктүн сакталуу мүмкүнчүлүгү менен бөлүү жүрсө, анда СНБ кубаттуулукту бир аз өзгөртүү жолу менен электр чордонунун энерготутум менен синхрондуулугун текшериши керек.
Генераторлордун жүгү өзгөргөн учурдагы жыштыктын өзгөрүшү электр чордонун синхрондуу эмес ишин көрсөтөт.
Мындай учурда СНБ тармактарсыз кошулган транзиттик чубалгылар боюнча жүктүн берилиши толук жоктугуна көзү жеткен соң алардын өчүргүчтөрүн ажыратууга тийиш.
Бул операцияларды аткаргандан кийин электр чордонун синхрондоштуруу түзмөгүн даярдоо керек.
Эгерде электр чордонунда жүктүн өзгөрүшү жыштыктын өзгөрүүсүнө алып келбесе, анда көпчүлүк учурда бул электр станциясынын тутум менен байланышты сактап калгандыгына күбө болот. Мындай учурда жүксүз калган транзиттик чубалгыларды туташтыруу чубалгылардын карама-каршы учундагы көмөкчордондордогу синхронизмди текшерүү менен жүргүзүлүүгө тийиш.
10) Өчүргүчтөрү туташтырылган боюнча калган бир же бир канча транзиттик чубалгылар боюнча жүк жоголгондо, электр чордондунун (көмөкчордондун) нөөмөтчүсү жүктүн пайда болушуна гана көзөмөл жүргүзүү менен эч кандай операцияларды жүргүзбөйт.
11) Эгерде бүлүнүүнүн жыйынтыгында электр чордону (көмөкчордон) ар кандай жыштык жана чыңалуу менен синхрондуу эмес иштеген бөлүктөргө бөлүнсө, ыкчам ишкерсан, эгерде жыштыкты башка ыкмалар менен жогорулатуу мүмкүн эместей сезилсе, жол берилбеген төмөнкү жыштыкта иштеп жаткан өткөргүчтөрдөн жүктүн бир бөлүгүн кыска мөөнөттүк жоюу менен, нормалдуу жыштыктагы өткөргүчтөргө которо алат.
12) Электр чордондорунун (көмөкчордондордун) өткөргүчтөрүндө чыңалуу жоголгон учурда транзиттик чубалгылардын өчүргүчтөрүн ажыратуу, өчүргүчтөр, жабдуу бузулганда же бирикмелердин биринин өчүргүчү иштебей калганда (бузулганда) жүргүзүлөт.
Мындай учурда нөөмөтчү ишкерсан зарылчылык болгондо бардык бирикмелерди өчүрүү жолу менен жапа чеккен тилкени тез арада бөлүүгө жана түзмөктү чыңалууну кабыл алууга даярдоого тийиш.
13) Өздүк пайдалануучулары жок электр чордондордун жайгашкан электр тармактарындагы жүк менен синхрондуу эмес иштөөгө бөлүнгөн, СНБ үчүн жергиликтүү нускамалар тарабынан ӨК менен иштешүү боюнча жыштыкты коркунучтуу деңгээлге чейин азайтуу, ошондой эле генераторлордун жол берилбеген ашыкча жүгүндө туюк чубалгыларды өчүрүү же пайдалануучуларды байланыш сакталып калган көмөк чордондун нөөмөттөгү ишкерсандары аркылуу ажыратуу менен электр станцияларынын генераторлорунун жыштыгын жогорулатуу жана жүгүн алуу укугу каралышы керек.
Өз кезегинде кубаттуулук камдыгы бар болгон учурда электр чордонунун ыкчам ишкерсаны ЭТИнин тескемеринин талап кылуусу боюнча пайдалануучуларды азыктандыруу үчүн, туташтыруу жол берилгис синхрондуу эмес туташтырууга алып келбей турган кайсы гана болбосун чубалгы боюнча чыңалуу берүүгө милдеттүү.
14) Энерготутумдун тескемери менен байланыш жоголгон бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча жергиликтүү нускамаларда энерготутумдун тескемеринин функцияларынын айрым бөлүктөрүн негизги (тармактык) электр чордондордун смен башчыларына, ЖЧЭТИнин тескемерлерине өткөрүп берүү каралышы, ошондой эле алардын өз ара аракеттенишүү тартиби аныкталышы керек.
Тескемердин милдеттерин өзүнө кабыл алган ыкчам ишкерсан бул тууралуу электр чордондордун (көмөкчордондордун) тиешелүү ишкерсанына кабарлоого, ал эми акыркы анын бардык буйруктарын так аткарууга милдеттүү.
Бүлүнүүлөрдү жоюу процессинде тескемердин милдеттерин өзүнө кабыл алган ыкчам ишкерсан ар бир бөлүнгөн бөлүктө, өзүнүн бөлүнгөн бөлүктөрдү синхрондоштуруу боюнча аракеттерин башка өзүнчө иштеп жаткан энерготутумдун ишкерсандары менен макулдашууга, ошол эле учурда энерготутумдун тескемери менен байланышты калыбына келтирүүгө чараларды көрүшү керек.
15) Жыштык, чыңалуунун төмөндөшү, асинхрондуу жүрүштүн болушу жана энерготутумдун бөлүнүүсү менен байланышкан бүлүнүүлөрдү жоюуда, тескемердин милдеттерин өзүнө кабыл алган ыкчам ишкерсан ушул Калыптык нускаманын талаптарына ылайык, энерготутумдун тескемери катары аракеттенүүгө тийиш.
Энерготутумдун тескемеринин анын айрым бөлүктөрүндөгү функциялары жүктөлгөн ыкчам ишкерсан бул функцияларды аткарууга талаптагыдай даярдалган болууга тийиш.
16). Энерготутумдардын жергиликтүү нускамаларында электр чордондорунун, көмөкчордондордун, ЭТИнин карамагындагы ишкерсандын энерготутумдун тескемери менен байланыш жок болгон учурдагы энерготутумдагы бүлүнүүлөрдү
жоюу тартиби ушул Калыптык нускамага ылайык каралышы жана транзиттик жана туюк АЧга электр чордондорунун жана көмөкчордондордон чыңалуу берүү түзмөктөрү туташтыруу убактысын көрсөтүү менен түзүлүшү керек.
Мазмуну
Жалпы бөлүм
1. Арналышы жана колдонуу тармагы
2. Жетектөөчү техникалык кызматкердин бүлүнүүлөрдү жоюудагы укуктары жана милдеттери
3. Электр чордондоруну, ЭТИ, энерготутумдардын, БДКнын ыкчам кызматкерлеринин бүлүнүүлөрдү жоюудагы милдеттери, өз ара мамилелери жана жоопкерчиликтери
4. Тезгемердикк башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ыкчам ишкерсандарынын ортосунда бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча функцияларды бөлүштүрүү
5. Бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча ыкчам ищкерсандарга жалпы көрсөтмөлөр
Борбордук азиянын бириктирилген энергетика тутумундагы (ба бэт) бүлүнүүгө бөгөт коюу жана жоюу боюнча ыкчам ишкерсандардын аракеттери
6. Жыштык төмөндөгөндө, электр өткөрүү чубалгыларына күч келгенде, синхронизм бузулганда жана чыңалуу төмөндөгөн учурдагы бүлүнүүлөргө бөгөт коюу жана жоюу боюнча техникалык жана уюштуруучу чаралар.
7. Кубаттуулук же энергоресурстарын жетишсиздигинен улам электр агынынын жыштыгы төмөндөгөн учурдагы ыкчам ишкерсандардын аракеттери
8. Электр агын жыштыгынын жогорулашынан улам болгон бүлүнүүлөрдүн алдын алуу жана жоюу
9. Электр өткөргүч чубалгылары же башка жабдуу өчкөн учурдагы бүлүнүүлөргө бөгөт коюу
10. Энерготутумдун негизги түйүндүк пункттарында чыңалуу төмөндөгөндөгү ыкчам ишкерсандын аракеттери
11. Жабдуулардагы чыңалуу деңгээлдеринин жол берилген маанилерден ашыкча жогорулашына бөгөт коюу
12. Биргелешкен энергетика тутумдагы, Бириктирилген энергетика тутумдагы, энерготутумдагы жана электр чордондорунун өзүнчө бөлүктөрүнүн асинхрондуу иштөө иш тартибин жоюу
13. Биргелешкен энергетика тутумунун, Бириктирилген энергетика тутумунун, энерготутумунун бөлүнүшү менен байланышкан бүлүнүүлөрдү жоюу
14. Тутумдар аралык жана тутумдардын ичиндеги транзиттик байланыштарга оордук келген учурдагы бүлүнүүлөргө бөгөт коюу
Электр өткөргүч чубалгыларындагы бүлүнүүлөрду жоюу
15. 110-500 кВ АЧ бүлүнүүлөордү жоюу
16. Бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы АЧдагы бүлүнүүлорду жоюу
17. Кабель чубалгыларындагы бүлүнүүлөрдү жоюу
18. Пайдалануучулар тармактар аркылуу кошулган АЧ өчүрүү
19. Өндүрүүчү булактар тармактар аркылуу кошулган АЧ өчүрүү
20. Тутумдар аралык жана тутумдун ички электр өткөргүч чубалгыларынын коргонуулары толук жоголгон учурдагы ыкчам ишкерсандардын аракеттери
Көмөкчордондун башкы түзмогүндөгү бүлүнүүлөрдү жоюу
21. Күч трансформаторлорундагы (автотрансформаторлордогу) бүлүнүүлөр.
22. Башкы өткөргүчтөрдүн өчүшү
23. Өчүргүчтөрдүн жана ажыраткычтардын бузулушу
24. СКлардын автоматтык түрдө өчүшү
Электр чордондордун жана көмөкчордондордун ишкерсандарынын жерге туташуудагы аракеттери
25. Обочолонгон нейтрал же агын сыйымдуулугун толуктоочу электр түйүндөрүндөгү жерге туташуу учурундагы ишкерсандын аракеттери
26. Электр чордондордун жана көмөкчордондордун туруктуу агын тармагындагы жерге туташууларды издөө
Электр чордондордун башкы түзмөгүндөгү бүлүнүүлөрдү жоюу
27. Күч трансформаторлорундагы (автотрансформаторлордогу) бүлүнүүлөр
28. Башкы өткөргүчтөрдүн агынсыз калышы
29. Өчүргүчтөрдүн бузулушу
30. Өлчөөчү трансформаторлордогу бүлүнүүлөр
31. Ажыраткычтардагы бүлүнүүлөр
32. Генератордун синхронизмден чыгышы
33. Статор жана ротор оромдорун түздөн-түз муздатуу аркылуу ири энергоблоктордун жабдууларындагы бүлүнүүлөрдү жоюу
Электр чордондордун ӨК тузмөгүндөгү бүлүнүүлөрдү жоюу
34. ӨК азыктандыруу булактарын өчүрүү
35. ӨК секциясындагы (жарым секциясында) кыска чабыш же анын кошулган жериндеги өчпөгөн КЧ (кыска чабыш)
36. 0,4 кВ калканынын өчүргүчтөрүндөгү кыска чабышуу
37. Чаң азыктандыруучу калкандын секцияларынын бириндеги туруктуу агындын чыңалуусунун жоголушу
38. Топтомдук батареянын калканындагы туруктуу агындын чыңалуусунун жоголушу
39. Көмөкчү механизмдердеги булүнүүлүк иш тартибининдеги нөөмөтчү ишкерсандын аракеттери
40. ӨК электр түйүнүндөгү жерге туташууну издөө
41. Жарыктын жоголушу
Ыкчам ишкерсандардын өз алдынча аракеттери
42.Тескемер менен байланыштын жоктугунда бүлүнүүнү жок кылуу